п»ї

  Театр-жашоонун күзгүсү

Темирлан Сманбеков:
"Сулуулугуна ишенип, акылын жоготуп коюшат…"
Театр, сезимдерди тазартчу, эс ала турган жай. Ал жерден жан дүйнөңдү байытып, турмуштагы болуп жаткан бардык чындыктарды алса болот. Куурчактарды кол менен ойнотуп гана койбостон, аларга кадимкидей жан киргизип, жаш балдардын көңүлүн тапкан, улуулардын жүрөгүнөн орун алган 70 жылдык тарыхы бар Муса Жангазиев атындагы Куурчак театрынын директору, КРнын Эмгек сиңирген артисти Темирлан Сманбеков бизде мейманда.

- Актёрдук дараметиңиз качан байкалган?
- Мен 4-классымда ыр жазгам. Мектепте Т. Абдумомуновдун "Ашырбайын" ойногом. Баатырдыкты даңазалап, бала кезимде актёрдукка байланып калгам. Ч. Айтматовдун "Жамийла" тасмасын көрүп калдым. Азоо атты үйрөтөм деп, анын астында калып, буту-колу тикенекке сыйрылып, кайра-кайра жыгылып, денесинин баары көгала болсо да аттын тизгинин коё бербей, акыры атты жеңип, анан үстүнө минди да. Турмуш өзү ошондой турбайбы, эгер адам болуп бутка турам десең, тоскоолдуктарды жеңе билишиң керек. Адам оор турмуштан курчуп, түйшүктү утса, көздөгөн максатка жетет экен. Мен баштан өткөн жашоомду ушундай нерсеге салыштырам.
- Ошентип, чыгармачылыкка баш-отум менен кирдим деңиз?
- Мектепти бүткөндөн кийин бир жыл айылда сугатчы болуп иштедим. Оштогу Педагогикалык Институтка тапшырып, музыкалык-педагогикалык факультетинде окугандан кийин, Москвадагы театралдык академияга тапшырдым. Институттун алдында элдик театрга катышып, башкы ролду ойноо менен катар, ошол мезгилде Д.Байдөбөтов, Т.Аманов деген актёрлор менен иштешүү менин бактыма туш келди.
Муканбек Токтобаевдин "Издешпей табышкандар" спектаклинде Упчубекти аткарып, Бишкекте өткөн "Студенттик жаз-1976" фестивалында биринчи орунга ээ болдук. Бир күнү Сарыков деген деканыбыз бар эле, ошол чакырып калды. Драма театрдын директору Искен Рыскулов отурган экен. Ошол конкурста мага диплом ыйгарышкан эле, Искен ага калыстар тобунун төрагасы экен. Искен Рыскулов:"Темирлан, сенде тубаса талант бар экен, быйыл Москвадагы театралдык окуу жайга тандоо болот, ошого тапшыр",-деди. Ошто Гуляш эжемдин үйүндө жашачумун, ошол окууга өтүпсүң деп айтып калды. Ошол убакта Маданият министрлигинде Зарема Мадеминова эже иштечү, ошол 27 баланы алып, Москвага окууга поезд менен бардык.
- Студенттик күндөрдө кызыктуу окуяга туш болгонсузбу?
- 1978-жылы Азим, Кыргызбай аттуу курсташтарым менен Москвага поезд менен жол тарттык. Барып орун-очок алгандан кийин, Азим айылдан алып барган сүрсүгөн эт, керчөөдөн келиштире аш басты. Ошол күнү эртеден-кечке аш жейбиз деп ачка олтурганбыз. Столдун үстүн жасалгалап, шакарап салатын жасап, "мына эми жейбиз" деп жатканда, көзү алайып, үнү каргылданып, сүйлөөгө сөз таба албай, аштын уурдалганын араң айтты. Ал сөздү уккандан кийин эмне кылар айлабызды таппай, ыйлагыбыз келип, шалдайып олтуруп калдык. Биздин жаныбызда жашаган казак студенттер тамак ичүүгө чакырышты. Ачка олтурган жаныбыз сүйүнүп барсак, кызык окуя ошол жерден башталбадыбы.
Барсак, өзүбүздүн ашыбыз менен өзүбүздү коноктоп жатпайбы. Бир маалда кылган кылыктары жөнүндө болушунча мактанып киришсе болобу. Аны уккан Азимдин ачуусу келип, кол көтөрүйүн дегенде, Кыргызбай экөөбүз токтотуп калдык. "Болду, болор иш болгондон кийин",-деп. Көрсө, алардын ашын 2-3 күн мурда түркмөн балдар уурдаган экен, аларга жооп иретинде түркмөндөрдүн ашы деп, биздикин алып баса бербейби?
Бардык болгон окуяны айткандан кийин, көпкө чейин биздин бетибизди карай албай уялып жүрүштү.
- "Чыңгыз жана Бүбүсара" тасмасында Айтматовдун ролуна сизден башка кандидаттар бар беле?
- ТЮЗда иштеп жүргөндө "Чыңгыз менен Бүбүсара" спектаклинде Чыңгыз аганын образын жараттым. Кийин Жаныш Кулманбетов өзү жазган "Чыңгыз жана Бүбүсара" тасмасында да аткарып калдым. Режиссёрлор көрөгөч келет эмеспи, Жаныш байке мени көргөндө эле Чыкеме окшоштурду да. Бир күнү Чыңгыз агабыз чакырыптыр, барып калдым. Жаныш байке: "Мына, сиздин образыңызды жараткан бала"-десе, Чыкем: "Аа, Бостонду ойногон бала тура",-деп таанып койду. 1989-жылы "Кыямат" спектаклинде Бостонду аткаргам, ошол эсинде калыптыр да. Бүбүсара эженин баласы менен Россияга жол тартышыптыр. Чыңгыз коштошордо көпкө чейин колумду коё бербей кыса кармап турду, балким, ошондо кайтып келбесин сезсе керек. Ага чейин Казат Акматовго Чыкем: "Мени кандай актёр ойноду экен?"-деп сураса, Казат ага: "Чыке, мыкты актёр аткарыптыр, келгениңизде көрөсүз",-деген экен.
- Москвада окуп жүргөндө сиз- ди бөтөн элдин кызына ашык болуп, баш кошкон дешет. Ошондогу сезимдериңиз тууралуу кеп салсаңыз?
- Менин биринчи келинчегим калмак кызы болчу. Людмила менен Москвада ГИТИСте окуп жүрүп таанышып, 1980-жылы май айында никеге тургам. Калмак кызы Людмила өз курсундагы студенттердин эң сулуусу, активисти, отличниги эле. Бир жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, мен 1-курсту, ал эми Людмила айым 3-курсту аяктаганда, Москвадагы жаңы ачылган "Олимпийское" кафесинде үйлөнүү тоюн өткөрдүк. Тойго калмак, кыргыз студиясындагы жаштар, студенттер, окуу жайдын мугалимдери болуп жүзгө жакын конок келген. Тойго жумшалган 500-600 рублди мен кечкисин короо шыпыргыч болуп иштеп чогулткан элем. Үйлөнүү тоюна түшкөн белектердин ичинен Людмиланын агасы менен жеңеси алып келген идиштердин сервиси бизге көп кызмат кылган. Бирок экөөбүздүн турмушубуздун оту тутанбай, тез эле жолубуз эки айрылыш болуп калды.
- Чыгармачыл инсандын азыркы жеке жашоосу кандай болду экен?
- Азыркы жубайым Майрам, кесиби-бухгалтер. Чыңгыз, Данияр жана Абай аттуу балдарыбыз бар. Ат коюу дагы адамдын жашоосунда чоң роль ойнойт. Ушул улуу адамдардан таасирленип, уулдарымдын аттарын койгом. Кенже уулум Абай бир жашка чыкканда, келинчегим экөөбүз филармонияга баратсак, алдыбыздан улуу залкарлар Эстебес Турсуналиев менен Уркаш Мамбеталиев чыгып калып, Эстебес ага: "Балаңа көрүндүк берейин",-деп чөнтөгүнөн акча сууруп чыкса эле, Абайдын сүрөтү менен казактын теңгеси чыгып калса болобу. "Аты ким?"-деди. "Абай"-десем, "Ошончо сомдун арасынан Абайдын теңгесинин чыкканын карачы",-деп таң калды Уркаш байке. "Кой, айланайын, оозуна түкүрүп коёюн, биздей адам болсо жаман болбос",-деп Эстекем Абайдын оозуна түкүрүп койду.
- Ыр жазып калат экенсиз. "Айжан" деген ырды кимге арнагансыз?
- Бул ыр тек гана Айжан аттуу эмес, ай жандуу деген аталыштагы философиялык чыгарма. Назик жанга ай шооласы төгүп турса деп элестете жазылган ыр.
- Сулуу айымдар, же жакшынакай мырзалар жашоодо бактысыз болот дегенге көз-карашыңыз?
- Негизинен, ушинтип айтып коюшат, себеби, адамдын сулуулугу да өзүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Эми ар бир адамдын тагдырына жараша болот. Сулуу айымдар жеңил ойлуулук менен туура эмес жолдорго барып алышына өздөрү гана күнөөлүү деп ойлойм. Сулуулугуна ишенип, акылын жоготуп коюшат да. Сулуулук дүйнөнү сактайт деп коёт го. Негизи, сулуулук ал айымдын мөлтүрөгөн көзүндө эмес, ички таза жан дүйнөсүндө. Алганың сулуу болгон соң, аркырап беттен алган соң, сулуулугу не пайда? Эң негизгиси, сулуулар акыл калчап иш алып барышы абзел. Сулуу деп мен жаратылыштын сулуулугун түшүнөм. Ошого жараша адамдар да сулуу болушу керек.
- Нарын шаарына барып, кайсы чыгарманы коюп келдиңиздер?
- Башка мүдүрлөргө окшоп сырттан гана көзөмөлдөп койбостон, өзүм да чыгармачыл топ менен аралашып жүрөм. Себеби, алардын иштешине эң оболу дегенде шарт түзүп беришим ыктымал. Биз жакында Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романынын негизинде атактуу драматург Бакы Өмүралиев жазган "Томого" спектаклин коюп келдик. Бул пьеса убагында Татарстандын Казань шаарында өткөн конкурска катышып, баш байгенин ээси болду. Дүйнөлүк сынчылардын купулуна толгон Шырайман деген дүйнөгө атагы чыккан сынчынын айтканы бар: "Бул театр өзүнүн ордун таап, дүйнөлүк деңгээлге аттанып чыгып жатканы бизди кубандырат. Ч.Айтматов Найман эне, маңкурт тууралуу айтканда, маңкурт эмне экенин бүт дүйнө билди". Куурчак театрын жападан-жалгыз профессионал, таланттуу режиссёр Жалил Мидинов койгон. Абдан күчтүү, терең ойлонгон жигит. Бүгүнкү күндө мыкты педагог катары таанылган режиссёр деп баалайбыз. Ал жактагы конкурста Жыпариса Көчөрбаева жетектеген театр "Карагул ботомдун" негизинде пьеса коюшса, "Учур" театры С.Раевдин "Меккеге карай кеткен жол" спектаклин коюшуп, анда Кыргызстандан барган 3 театр тең бардык жанрлар боюнча алдыга чыккан.
- Окуучуларга түшүнүктүү болуш үчүн "Томогону" жеңилдеттирип бердиңиздерби?
- Биздин максат акча табуу эмес. 4-10-класстын окуучуларына улуттук руханий дөөлөттөрдү көрсөтүү. Ошол окуучуларга таасир берип, адамдык сапатка кайрый турган чакырык. Жан дүйнөлөрүн маңкурттуктан арылтуу. Келечекке багыт берип, патриоттуулукка тарбиялоо. Ошондо 3-класстын окуучусу сахнага чыгып алып: "Маңкурт болбогулачы, энелерди атпагылачы!"-дегени, аларга таасир бергени мына ушунда. "Томогону" көргөндө, кайсы улуттун жараны болбосун, улутун сүйүп калат. Бул улуу чыгармага дагы боёк берүү, жуан-жуандарды дагы чүмбөткө айлантып жатат. Адам чекесинен нур тамган жүзүн жоготуп, коркунучтуу чүмбөткө айланып баратат. Сүрөтчүсү КРнын Эмгек сиңирген артисти Каныбек Ибрагимов. Режиссёрдун дагы бир күчтүүлүгү- маңкурт энесин атып, кийин өзү да өлөт. Жолоочу өтүп баратып: "Кокуй, ай, бул эмне болгон жашоо?"-дейт. Маңкурттун башын чокулап таз жору чыгат, бир буту менен анын башын көтөрүп турганын бул жашоону адамдар эмес, таз жорулар башкарып турат дегенин чагылдырып берген.

Динара Асылбекова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??