п»ї

Ырчы Нурлан Насип Таш-Рабатта концерт коюп келди
Ырчы,обончу, таланттуу мырза Нурлан Насип 23-майдан 27-майга чейин Нарын шаарындагы Таш- Рабатты көрүп , Ат-Башынын айылдарына концерт коюп, элдердин сый-урматына ээ болуп кайтты. Ал: "Таш-Рабатка биринчи жолу бардым. Ичине кирип биринчи санаганымда 41 бөлмө, экинчи санаганымда 42 болуп чыгып калды. Аябай таң калдым. Андан тышкары, мылтык атып, бийик-бийик Нарындын тоолоруна чыгып кымыздан ичтик. Жайлоодогу боз үйлөрдүн ар бирине конок болуп чыктык. Тааныбаган адамдар биринен-бири уланып чакырышып, кары чоң аталарыбыз баталарын берип жатышты. Дагы бир жаңы жаңылыгым: сөзү, обону өзүмө таандык " Эркелетсемби" деген ырым жарыкка чыкты. Жайдын алдыңкы күндөрүндө угармандарыма тартуулайм", -дейт сүйүнүчү коюнуна батпай эс алып келген Нурлан Насип.


Атай Өмүрзаков:
"Менин жалгыз демөөрчүм бар.
Ал-"Beeline", "MegaCom" эмес"
Өзгөчө стили, бийи менен айырмаланган таланттуу бийчи Атай Өмүрзаков "MegaCom" уюлдук компаниясына нааразы болуп жаткан чагы. "Жакында эле Киев шаарында жүрсөм, интернеттен өлкөбүзгө белгилүү "MegaCom" байланыш компаниясынын мен жөнүндөгү туура эмес, менин талантымды пайдаланып жазган маалыматын окуп нааразы болуп жатам. Ал маалыматта: "Биз Атай Өмүрзаковдун бүткүл дүйнөлүк бийчилер олимпиадасына барып катышып келишине көмөк көрсөтүп жардам бердик", -деп өзүлөрүн менин атым аркылуу жарнамалашкан. Бул маалыматты мен туура эмес деп четке кагам. Анткени, менин ал жакка барып катышып келгениме MegaCom байланыш компаниясы эмес, өзүм көп жылдан бери колдонуп жүргөн Beeline уюлдук байланыш компаниясы көмөк көрсөткөн. Андан тышкары, "Украина менин талантым-3" сынагына барышыма дагы "Beeline" компаниясынын тийгизген жардамы чоң. Учурдан пайдаланып "Beeline" компаниясына терең ыраазычылыгымды билдирем.


Иса Өмүркулов "Акыркы коңгуроону" какты
25-май күнү жаштайынан ырчылык кесипке аралашып, көптөгөн күйөрмандарын топтой алган жаш ырчы Иса №40 мектеп уясынан учту. Ошол күнү жөн эле мектеби менен коштошуп кетип калбастан, жаңы мектеп босогосун аттап жаткан кичинекей кызды көтөрүп, "Акыркы коңгуроону" какты. Ошо менен бирге келген конокторго өзүнүн репертуарындагы ырларын тартуулап, майрамды шаңга бөлөдү. Андан тышкары, 25-июнда туулган күнү жана акыркы коштошуу кечесин- кош майрамды майрамдайын деп жаткан учуру. Анда эмесе, Исаны келе жаткан туулган күнү жана бүтүрүү кечеси менен куттуктайбыз!


Сайкалды ала качты
Ар бир саныбызда кабарлап турабыз дегендей, "Алим Токторов продакшн" студиясынын режиссёру комедия жанрындагы тартылып жаткан тасмасындагы акыркы жаңылыктары менен бөлүшүп мындай дейт: " Кечээ эле Сайкал Садыбакасова менен көп каармандар катышкан сюжетти тартып бүттүк. Сайкал шаардан келген кыздын ролун аткарып, мына азыр үйүнө келин келет деп отурган үй-бүлөгө адашып туш болуп калат. Алар биз күткөн келин ушул экен деп жоолук салуу жөрөлгөсүн жасап, кызыктуу окуяга кабылышат. Ошол учурда Сайкал, роль жаратып жаткан тасмадагы аты- Аманда, босогого жатып алган чоң энени аттап чыгып кетет. Ошону менен кыздарга ала качып кетсе дагы чыгып кетүүгө боло тургандыгын тасмага баяндап түшүргүм келди",-дейт режиссёр Алим Токторов.


  Кайрымдуулук репортаж

Дайыр Исмадияров
28-май күнү таланттуу ырчы Дайыр Исмадияров жетектеген сахналаш достору Кайыргүл, Бегимай Бекбоева менен биргеликте майып балдар үйүнө кайрымдуулук иш жүргүзүштү. Бул кайрымдуулук иш жакында боло турган мүмкүнчүлүгү чектелген майып балдардын концертине түздөн-түз байланышы бар. Анткени, ошол балдар үйүндөгү майып балдар, 15-июнда өтө турган концертке ырчылар менен чогуу дуэт ырдап чыгышмак. Алардын ичинде бир таланттуу бала Дайырды кумир тутуп, аны менен ырдоону кыялданчу. Бирок ырчы Дайыр Исмадияров ошол 15-июнь күнү Кыргызстандан чет жакта болуп калгандыктан, концертке катыша албай кала турганын билдирди. Ошону үчүн алдын ала баланын шагын сындырбай кечирим суроо максатында таттуу белектери менен майып балдар үйүнө барып, балдар-кыздар менен маектешти. Ырчыларды көргөндө балдардын жүзүнөн жылмаюу гана байкалып турду. Ырдатып көрсөк биринен бири өткөн таланттуу балдар экен. Ырдап жатканда баары бири-бирин коштоп, бир туугандай жакын мамиледе болуп калышканы көргөн адамды кубантпай койбойт. Маек учурунда Роза Шакирова, Айгүл Чалова жана Аваз Акимовдор келишип, концертте ырдай турган таланттуу кыздар-балдары менен таанышып, даярданып кетишти.


Ырчылар балдарды майрамы менен куттуктап келишти
Балдар-биздин келечегибиз. Балалуу үй базар демекчи, ата-энеси баласы үчүн эмнелерге гана чыдабайт. Улуттук онкология бөлүмүндө баласы менен кошо ооруган энелерди көргөндө, жүрөгүң "зырп" дебей койбойт экен. Ошол энелердин, балдардын көңүлүн алуу максатында, бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата 26-май күнү кыргыз эстрада ырчылары Гүлнара Кахарова, Асель Турдалиева, Жамила Муратова, Гүлнара Тойгонбаева, Назми, Азат Болотбек, Мелис Абдрашитов, Иса Өмүркулов, Бактыгүл Бадыева, Кундуз Канатбек кызы, Назгүл Насиеванын демилгеси менен ал жакта жаткан балдарды майрамдары менен куттуктап, белек-бечкегин, таттууларын берип келишти. Барган ырчылар балдар тууралуу ырларын ырдаганда, баласын багып жаткан энелердин көздөрүнөн жаш тегеренсе дагы, ооруканада жаткан балдардын көңүлүн көтөргөн ырчыларга ыраазы боло шатырата кол чаап отурушту. Майрамдык салтанаттын демөөрчүсү Эл аралык Алыш белбоо федерациясынын президенти Алманбет Анапияев өзү алыста болсо да, Кыргызстандын келечеги болгон биздин кичинекей бөбөктөрүбүздүн тезирээк айыгып кетишин каалаганын Назгүл Насиева өз сөзүндө баса белгилеп кетти.


"Кеңеш" тобунун кызыктуу жоруктарынан кеп салган Гүлмира:
Тар келген костюм
- Кара-Балтага концерт коюп жатсак, эл аябай көп келди. Көшөгө артында ысык болуп кетип, Мүзүр костюмун чечип койду. Ырдап чыга турган убагы келип, костюмун кийип сахнага чыкса, курсагы көрүнүп турат."Ушунча толуп кеткенби?"-деп таң калдым. Артында турган балдар каткырып күлүп жатышат. Көрсө, концертти алып барган "Беш тапандагы" Союзбектин костюмун кийип алыптыр да. Элдин баары эле "дуу" этип күлүп жиберишти.


Жеңесине тийишкен кайнилер
- Мен бир жолу "Народныйдын" жанында Мүзүрдү күтүп тургам. Бир машине келип токтоп калып, эки бала тойго баратса керек, ичип алышыптыр:"Чоң кыз, таанышып албайлыбы?"-деп калышты. Эки жакты карап, алыстан Мүзүрдүн караанын көрүп, ага карай бет алдым. Кадамымды санап баратсам, алар мага келе жатат деген го сыягы, аябай кудуңдап сүйүнүп алышкан. Бирок алардын кубанычы көпкө узабады, мен жалт бурулуп, Мүзүрдү көздөй кетип калдым. Көрсө, алар Мүзүрдүн айылдаш инилери тура. Жеңесине тийишкенинен уялып, беттери кызара түштү.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??