п»ї

  Ой, булбул

Салттуу музыка жаатында жанга жагым үнү менен эл оозуна алынган ырчы кызыбыз бар. Бүгүнкү конокто комуздун коштоосунда жугумдуу ырларын калкыбызга тартуулап келген "Доор" эстрада-фольклордук топтун солисткасы Фарида Өмүрзакова:

"Бирөөгө кошоматтанганды такыр билбейм…"
- "Ааламга кеткен жол айылдан башталат" дегендей, кайсы жердин тунук булагынын суусун ичип чоңойдуңуз?
- Жалал-Абаддагы Октябрь айылында 1968-жылы 20-апрелде туулганмын. Балдар музыкалык мектебинин босогосун аттап, ал жерде 5 жыл окудум. Менин чоң атам-Өмүрзак комузчу болгон экен. Ал эми атам Көчкөнбай сологой комузчу болуптур. Анын муңдуу күүлөрүн укканда, эрксизден көзүңө жаш аласың. Апам Аманбү да жакшы ырдайт, эгерде атайын музыкалык билим алганда апамдын үнү-сопрано болмок экен. Ата-энемдин түрткүсү менен ырчылык кесипти аркалап келемин.
- Чыгармачылык чыйыр жолго кантип баш багып калдыңыз?
- Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга атайын музыкага жөндөмдүү окуучуларды тандоого Фрунзеден (Бишкек) Оморов деген агай барыптыр. Токтомурат Осмоналиев аттуу агайым менин фамилиямды ошол тандоого кошуп коюптур. Ал жактагы окууну бүткөн соң, Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык училищага барып тапшырарда ошол убактагы директор Анаркүл Машаева эже: "Сен бизде окуй аласыңбы?"-деп калды. Мен ошол сөзүнө күчтөнүп, өжөрлөнө окууга өтүп кеттим. Мен атайын комузга кызыгып барсам, мени кыякка бөлүп коюшту. Жүрөгү менен берилип комуз ойногондор үчүн жумасына бир жолу комуз ийрими бар эле, ошого катышып жүрдүм. Өзүм каалабасам да айла жок, айылга барыштан уялып прима кыякты үйрөнүп жүрдүм. Ошентип 4 жыл окугандан кийин, ыраматылык атам: "Кызым, ушул окуганың деле болот",-деп мени айылга алып кеткен. Ошондо жаш экенмин да, окуумду улантып, институтка тапшырайын деп калып калсам болмок эле.
- Сиз карьераны тандадыңызбы же…?
- Барганымдан кийин турмушка чыктым. Жолдошум Сузак районунун Ак-Тоок айылынан болот. Экөөбүз бири-бирибизге ашык болуп, үй-бүлө курдук. Мен ошондо сүйгөнүмө турмушка чыксам эле чексиз бактылуу болот экем деп ойлочу элем. Бирок турмушта өйдө-ылдый нерселер болот тура. Эки жылдан соң ыркыбыз келишпей, жолубуз эки башка болуп калды. Эгер мен карьераны тандасам, баары башкача болмок. Мен деле үй-бүлөмдү сактап калыштын аракетинде бүт дитим менен күрөштүм. Бирок мен ойлогондой болбоду. Уулум Азаматты өзүм багып чоңойттум. Азыр жолдошум башка үй-бүлө куруп, балалуу болгон.
- Жан үрөп иштегендердин катарындасызбы?
- Кайра өз айылыма келип, Жалал-Абаддын Барпы Алыкулов атындагы маданият техникумундагы оркестрди жетектеп иштеп калдым. Ошону менен катар комуз жана кыяктан сабак берип жүрдүм. Ошол техникумдун түптөөчүлөрү Дүйшөн Молдобаев, Дубанаев, Шахра Талипова болгон. Жалал-Абаддагы Токтосун Тыныбеков атындагы филармонияда 12 жыл иштедим. Бишкектеги "Акмарал" бийчилер тобунун оркестринде 5 жыл иштедим. Бир жылдан бери "Доор" эстрада-фольклордук топто иштеп жүрөм. Биринчилерден болуп заманбап стилдеги улуттук кийимдерди биздин топ кийип чыккан. Колунан көөрү төгүлгөн чебер дизайнерлер Мадина Тапаеванын жана Чынара эжелердин эмгегин айта кетпесем болбойт.
- "Билимдүүнүн сөзү-өткүр, мергенчинин көзү-өткүр" дегендей, музыкалык билимиңизди андан ары уланттыңызбы?
- Ошол убакта музыкалык билимимди дагы өөрчүтүш үчүн Улукмырза Полотовдон билим алгам. "Мен Улукмырза Полотовдун окуучусумун" деп сыймыктанып айткым келет. Билим алуу ийне менен кудук казгандай дегендей, билим менен дайым сугарылып жүрүшүбүз абзел. Атайын музыкалык сабатымды жогорулатып, сырттан окуп бүттүм. Быйыл "Маданият мыктысы" наамына татыктуу болдум.
- Акын Азада Бегимкулованын атынан топ кандайча түзүлүп калды?
- Кыргызстанда биринчи жолу эстрада-фольклордук "Азада бегим" тобун ачтык. Бишкекте 1998-99-жылдары келип, отчёттук концерт бергенбиз. Эл аябай жакшы кабыл алды. Ал эми бир жылдан кийин, Самаркандга барып "Шарк танолари" эл аралык музыкалык фестивалга катышып келдик. Азада эженин ырларын көпчүлүк өнөр адамдары аткарып жүрүштү, бирок тирүүсүндө баркталбаганы өкүнүчтүү нерсе. Ал акындын көзү өткөн соң, ырларына, чыгармачылыгына көңүл бурулуп калды. Кийинчерээк "Азада бегим" тобуна бут тосуулар болуп, аргасыздан таркап кеттик. Тарамыштай тартып турган көрө албастыктан качан арылабыз деп зээним кейийт.
- Фарида Өмүрзакованы тааныткан ыры?
- Мени Асанкалый Керимбаевдин "Энекем" аттуу ыры элге таанытты. Той-топурга барганда да ошол ырымды көп суранышат. Негизи, башка ырларым деле бар. Негедир радиолордо анча жаңыра бербейт. Ырлары дембе-дем берилип жаткан ырчыларга салыштырмалуу биз профессионал ырчыбыз да. Радиолордо ырларым бар, бирок ырды бергиси келбейт да. Акча бербегеним үчүн бербей жатабы деп да ойлоп кетем. Менден башка да фольклор ырдаган ырчылардын да ырлары жаңырбайт экен. Менин мүнөзүм олуттуу мүнөз, өзүм бирөөгө кошоматтанганды такыр билбейм.
- "Ушул сапатымдан арылсам болор эле" деп түйшөлтүп тажаткан сапатыңыз?
- Мага шашмалыгым жакпайт. Бир жумуш жасасам, ошонун аягына чыкмайынча шаштым кетет.
- Чыгармачыл жааттан досторуңузду атай кетсеңиз?
- Дилшат Кангелдиева, Айчүрөк Султанова, Каныкей Раймалиева, Анара Шайымкулова мага дайым тирөөч болуп, мени колдоп-сүйүп турган жакын курбуларым.
- Кайра -кайра тажабай окуп чыккан китебиңиз кайсы?
- Зуура Сооронбаеванын "Чоочун киши" чыгармасы.


Динара Асылбекова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??