п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Болот кантип курчуду?

Болсоң "Болоттой" бол!
Байыртадан кыргыз эли болоттой бекем мырзаларды баалап келишкен. Кыргыздан айкөл, кеңпейил, чыдамкай мырзалар, деги койчу, сыпаттай берсең түгөнгүс касиетке ээ. Мына ошол Болот аттуу таанымал инсандарыбыз көп чыгып, алар элге талбай кызмат кылышкан.


Чыныгы тагдырды
чагылдырган
Башкалардан суурулуп чыккан, өзүнүн стилин тапкан белгилүү журналист Болот Макетаев эмеспи. Бир кездерде калың катмарды түзгөн элдин көпчүлүгү "Тагдыр" долбоорун берилүү менен көрүшчү эле. Ар бир чыгарылышында биринен өтүп бири кызыгууну туудурчу. Элдин баамында, эч кандай боёгу жок, чыныгы тагдырды чагылдырган адилеттүү долбоордун бири эле. А азырчы? Азыр заман такыр башка. Чындыкты чыркыратып бергени үчүн коомчулукка жакпай калгандыр, азыр Болот Макетаевдин экрандагы караанын таппай келебиз.


Армандуу ырга - мукамдуу обон
Бир кездерде Токтобүбү Черикчиева "Мен сени ушунчалык сүйүп жүрдүм, назданып сүйүү ырын ырдап жүрдүм. Кечигип көп көрүнбөй калганыңда, кусама чыдай албай ыйлап жүрдүм" деп обон созсо, залдагы отурган эл кошо ыр кайрыктарга кирип кетер эле. Мына ушундай армандуу ырга мукамдуу обон жараткан Болот Токтобаевди кимдер билбейт? Муса Жангазиевдин калемине таандык "Күттүм сени" аталыштагы ырга да обон чыгарып, ал ыр элдин купулуна толду. 1984-жылы алгачкы "Эне жөнүндө өкүнүү" деген ырга обон чыгарган. Болот мырзанын атасы да обончу болгон экен. Атасынан түрткү алып, айтылуу Рыспай, Асанкалый, Түгөлбай агаларыбызга окшогон залкар инсандардан таасирленип, сыйкыр авазга сүңгүп кирген. Учурда Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда эмгектенет.


Италияда-Паваротти, Кыргызстанда-Миңжылкиев
Болот Миңжылкиев Опера жана балет театрында эбегейсиз из калтырды. Ошол театрдын алдындагы студиядан билим алып, Болот мырза баритон үндүн эгедери болду. Дүйнөнүн тендери болгон Лучиано Паваротти, Пласидо Доминго менен италиялыктар сыймыктанса, биз Болот Миңжылкиев менен сыймыктанып калдык. Ал иштин көзүн билген эр жүрөк, кээде тобокелге сала койгон улуу инсан эле. Ш. Гунонун "Фауст"-Медисфотель, Д. Вердинин "Дон Карлос"-Дон Карлос, А. Петровдун "Пётр Биринчи" -Пётр Биринчи аттуу жалаң башкы ролдорду аткарган Б. Миңжылкиев зор ийгиликке жетип, ушул спектаклдер Советтер Союзу убагында биздин театрдын сахнасында биринчи болуп коюлду. Болот мырзанын мындай далалаты арзый турган иш. Кыргызстандагы опера жана балет искусствосун өнүктүрүүдө сиңирген баа жеткис эмгеги үчүн Болот Миңжылкиевге СССРдин эл артисти деген ардактуу наам берилген. Бул чыгаан талант тууралуу "Алтын күз" тасмасында кеңири чагылдырылган. Болот Миңжылкиев артына өлбөс-өчпөс из калтырып, түбөлүк эсте калган, "арабызда болсочу, бири кем дүйнө ай" деп, жүрөк сызылта үшкүрүп алчу, арманга арман кошкон, табылгыс инсан эле жарыктык.


"Көздүн карегинде"
өзүнүн жашоосу тууралуу
Бул ысымды укканда көз алдыма дароо эле "Биринчи мугалимдеги" сабатсыздыкты жоюуга бүт дитин жумшаган Дүйшөндүн элеси тартылат. "Отко таазимде"-Азизов, "Көздүн карегинде"-Эркин, "Ак-Мөөрдө"-Болот жана да толуп жаткан боордош элдин тасмаларында 100гө чамалаш ролдорду ойногон. Өз замандашы тууралуу КРнын эл артисти Чоро Думанаев мындайча эскерет:"Бул табылгыс таланттын бири Болот Бейшеналиевди мен алгачкы жолу 1972-жылдары кезиктирдим. Г. Базаровдун "Көчө" тасмасы тартылып жаткан, ал Жалинин образын аткармак. Москвага шашылыш чакыруулар аркылуу тартылбай калып, ордуна Н. Борбиев ойногон. Сафроновдун "Мурас" пьесасын сахналаштырган Афелия Эркинбаева болчу. Мен Саша Шумовду ойносом, ал менин атамды аткарган". Тагдыр буйруп, менин кайнатам болуп калды. Ушунчалык баласаак болчу. Биздин балабызды өмүрү өткүчө бапестеп баккан. Бир адамга да катуу сүйлөбөгөн, бир сырдуу инсан эле".Анын хоббиси түн бир оокумда туруп алып ыр жазуу экен. Өтсө да далай мезгил унута албайм, азыр да сени эстөөдөн такыр талбайм. Жашоомдо жалгыз сени сүйгөнүмдү, жараткан алдында да жашыра албайм,-деген ыр саптары бар "Кызгалдагым" аттуу ыры, албетте, Болот аганын трагедиясы болгон Таттыбүбүгө арналганы жалпы элге маалым. "Көздүн кареги" тасмасындагы Эркиндин образы өз тагдырынан чагылдырылган деп да айтып калышат. Анткени, тасмадагы тагдыр өзүнүн персонажына өтө жакын.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??