п»ї

  Атактуунун арзуусу

Анапия Райымбекова:
"Эң негизгиси,
артында туяк калды…"
"Раймаалы менен Бегимайдын" ырын эстегенде, залкар талант У. Полотовдун жанында обон созгон кыпкызыл көйнөк менен кара чыптама кийген Анапия Райымбекова көз алдымда. Айтылуу Үч-Теректин үч кызынын бири ашыктыкка кабылган арзыганы туурасында азыноолак кеп салды.


"Алгачкы
ашыктык оту"
- Мен деле башкалар сыяктуу алгачкы махабатымды жолуктургам. Эгер мен ал адамга турмушка чыкканымда кадимкидей үй кожойкеси болмокмун. Жан дүйнөмдү жалгыз музыка гана ээлеп алган соң, жүрөгүмдө тынчтык бербеген махабаттын сепилин да бузууга туура келди. Эгер мен ички туйгумду жара тээп чыккан ыр кереметин тандабасам, анда ошондо кезиккен махабатым менен турмуш куруп, кадимки үй кожойкеси болмокмун.

"Биринчи жолдошум музыкант эле"
- Мен филармонияга 1986-жылы келгем. "Камбаркан" тобундагы Басынбек Жакыпов деген музыкант бала менен таанышып калдым. Ошентип экөөбүз бири-бирибизди бир көз-караштан түшүнгөн сыяктуу, турмуш кечиребиз го деп ойлоп, көпкө создуктурбай үйлөнүп алдык. Жыл айланбай Азат аттуу уулдуу болдук. Басынбектин көз боёмочулук да өнөрү бар эле. Музыкант болбостон, иллюзиялык өнөрүнүн артынан түшүп, биротоло ага берилип иштеп калды. Экөөбүздүн оюбуз бир болбой, анын жашоого болгон көз-карашы такыр башка, меники да бөлөк дегендей, бир-бирибизди жакшы түшүнүшө албай жүрдүк. Азат бир жарым жашка чыкканда, урушпай-талашпай жакшынакай эле айрылыштык. Ал тууралуу такыр кабарым жок, Россия тарапка биротоло кетип калгандыр.

"Тоскоолдукка карабай үйлөнгөнбүз"
- Экинчи ирет жакшы адамга жолугуп, ошол бойдон аялзаттык бакыттын даамын татып, агарып-көгөрөйүн деген тилек менен жүрсөм, тагдыр экен, Аллахым Алмазыма туш кылды. Биздин чыгармачыл топ 2001-жылы Суусамырга концерт коюп бардык. Уюштуруучусу-режиссёр Алмаз Сарлыбеков, ал эми алып баруучусу-актёр Темирлан Сманбеков экен. Алмаз экөөбүздү официалдуу түрдө тааныштырган Темирлан агай болду. Алмазды ага чейин өңүнөн тааныбасам да, ысымын гана угуп, атактуу инсан деп жүрчүмүн. Ошентип жакындан таанышып калдык. Баарынан кызыгы Алмаздын чоң энесинин аты да Анапия экен. Ал дароо эле маселени кабыргасынан коюп: "Мен да бойдокмун, Анапия, сен да жалгыз бой экенсиң, экөөбүз турмуш отун бирге тутандыралы",-деп калды. Мен: "Алмаз агай, бир аз убакыт бериңиз, ойлонуп туруп чеччү нерсе экен",-дедим. Ошол биз бирге болгонго чейин ар кандай ушактар жүрдү. Мени Алмазга тең эмес дегендер да болду. Эч кимдин сөзүнө ишенбестен, жалгыз гана жүрөгүмдүн согушун тыңшасам: "Алмаз менен бактылуу боло аласың"-деп туруп алды, ошентип, эки ай өтпөй экөөбүз турмуштун бакыт тартуулаган жолуна бирге аттандык.

"Уулдуу болгонуна сүйүнүп..."
- Биринчи жубайынан кызы бар экен. Уулдуу болсом экен деп тилеп жүрүп уулдуу болуп, атын Эмир койду. Алмаз абдан баласаак болчу, Эмир кызыл эт болгондон баштап өзү жуундуруп жүрдү. Баласын урмак мындай турсун, үнүн катуу да чыгарчу эмес. Азыр уулубуз 7 жашта. Кээде уулумдун атасына окшош жактарын байкап калып, Алмаздын өзүн көргөндөй болом.

"Гүлмиранын
талантын баалайм"
- Мен, негизи, театр дүйнөсүн сыртынан тааныйт болчумун. 2002-жылдары азыркы Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрына "Саргарган күндөр" аттуу спектаклдин премьерасына катыштым. Баш каармандар: актёр Марат Алышбаев, актриса Гүлмира Турсунбаева ойноду. Абдан мыкты чеберчиликте аткарышты. Мага Күлүпа Керимбаева "Ишенич" аттуу ырдын обонун белекке берген эле. Ошону ырдап жүрсөм, Алмаз менин спектаклиме бап келе турган ыр экен деп жактырып калды. Ал ырды Гүлмира спектаклде ырдап чыкты. Айрымдары: "Гүлмира менен Алмаз дагы эле ээрчишип жүрүшөт, ырыңды эмнеге бересиң?"-деп да айтып жүрүштү. Себеби, Алмаздын мага жолукканга чейин Гүлмира менен мамилеси бар болчу. Мен Алмаздын койгон спектакли жогорку деңгээлде болуш үчүн бардык нерсеге даяр элем. Эч кимдин сөзүнө ишенбедим. Гүлмиранын талантын баалайм, ал дагы өзүнчө личность катары көп ийгиликтерди багынтты.

"Акыл-насаатын айтып, күйүп-бышкан адам эле"
- Алмаз агайыңар менден 13 жаш улуу болчу. Мага акыл-насаатын айтып, чыгармачылыгымды колдоп, көп жардам берди. Мага минтип айтар эле: "Анапия,сен көлөкөдө жүрө бересиң, эч алдыга умтулбайсың, эбак эле КРнын Эмгек сиңирген артисти наамын алышың керек болчу. Элиң сага наамды эрте эле берип койгону менен мамлекет тарабынан да бааланышың керек",-деп мен жөнүндө көп ойлонот эле. Ошентип ,менин чыгармачылыгыма күйүп-бышып жүрүп, "Маданияттын мыкты кызматкери" деген төш белгини алдырып берген.

Кылымга тете
бир күнчөлүк
- Кол жеткис бакытты Алмазым менен жашап жүргөнүмдө сезип, ал ажайып кооз гүлгө оронгон бакыт кушума жеттим. Жети жыл жашасак да, ал таалайлуу учурлар мага жети күндөй эле сезилип калды. Көрсө, жалаң жакшылык ыроологон жылдарың, кылымга тете бир күнчөлүк болот тура. Мына эми көзү өткөндө кайрылгыс караанын кайсалактап таппай калдым.Кечээ Алмаздын эжеси менен сүйлөшүп отурганда, аны эскерип, мен билбеген мыкты сапаттарын ал кайтыш болгондон кийин билип жатпайымбы. Жакын адамымды жоготкондо, мага катуу сокку болду. Өзүм да абдан жашыкмын, эми-эми өзүмө келе баштадым. Болбосо Алмазым азыр келип калчудай сезилип, аны эшиктен күткөн учурларым да болду. Жалаң гана анын жакшы сапаттары көз-алдымда, кээде тамашалап күлүп калар эле: "Оо, Эмирим мен 70 жашка чыкканда үйлөнөт экен",-деп. Ал тилегине жеткирбей шум ажал колубуздан жулуп кетпедиби. Арман дүйнө…Эң негизгиси, артында туяк калды.
РS. КРнын Эл артисти Алмаз Сарлыкбеков театрда эбегейсиз зор пьесаларды сахналаштырган кыраакы режиссёр катары элдин эcинде калды. Чыгаан талант катары тарыхта аты калганын эч ким тана албайт. Бири дасыккан акылга бай кеменгер режиссёр болсо, бири тоонун мөлтүр булагындай тунук, кубулжуган үнү менен эл оозуна алынган ырчы кызыбыздын ортосундагы махабат дастанын баяндап бердик.

Динара Асылбекова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??