п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Достум, билгениңен биле элегиң көп!

АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ
(АДАБИЙ ЧАЛЫШ МАЕК-РОМАН)

Жанызак басма
(Башы өткөн санда)
"- Эженин сырдуу өлүмү жөнүндө эмне демекчисиз?
- Аны бир айтабызбы, миң айтабызбы - киши колдуу болуп калды...
- Мүмкүн сиздин шек санаган адамдарыңыз бардыр?
- Алар мени көргөндө кайпактап турушат. Бирок ким экенин элге айтпайм... Анан Таттыбүбүнүн сөөгүн койгондо аларды атайын комиссияга мүчө кылып коюшуптур...
- Ичинде кыргызга белгилүү адамдар бар беле?
- Ошон үчүн мен аттарын айтпай жатпайымбы...
- Убагында эжени колдогондор да болду беле?
- Болгон, бирок өтө аз. Далайлар Таттыбүбү спектаклге чыгаарда өзүлөрү ичимиш болуп, аны алдап ичиришип, эрди-катын болуп үйүнө досторчо жатып калып, душмандык кылгандарды мен жашырсам да кудай жашырбайт го...
... - Эмне, ала качып үйлөндү беле? (Сөз күйөөсү жөнүндө - Ж.)
- Болот Бейшеналиев үчөө чогуу дос катары жүрүшчү. Өзү Болотту жактыраарын билчү элем. Анын да атайын арнаган "Кызгалдагым" деген ыры бар. Бирок тагдыр ошондой болду, күйөө балага баш кошуп калды..."
Жогоруда Жаныш Кулманбетовдун, Кубат Оторбаевдин жана Каныбек Иманалиевдин материалдарынан алынган үзүндүлөрдөн улам ушул китептин кийинки беттериндеги маектерде кездешүүчү аша чаап кеткендей көрүнгөн маалыматтарга урматтуу окурмандар түшүнүү жана жогоруда айтылгандарга салыштыруу менен карашат деген ойдобуз, айып этпеңиз.
"БИРОГУ БАР ЭЛЕ..."
(СССРдин Эл артисти, кыргыз сахнасынын саналуу чеберлеринин бири, ошо кездеги Кыргыз мамлекеттик академиялык театрынын парторгу Даркүл Күйүкова эже Таттыбүбү Турсунбаева жөнүндө)
- Мен бир имиш боюнча келдим эле: оо баягы жылдары Таттыбүбү рахматыга айткан экенсиз го: кызым, бир ооматы келип турат, бу киши да тегин жерден гүл тандабайт,-деп. Оңолсоң ушуерден оңолдуң, деп кеңеш берген экенсиз го, жанагы, Чыңгыз Айтматов келип-кетип жүргөндө...
- Чыңгыз Айтматов жөнүндө айтыптырмынбы?..
- Жо-ок, а киши Таттыбүбү эжеге мамилеси жакындай баштаган бир моментте, Таттыбүбү эже как раз ошондо бир аз чөгүп бараткан кези экен да, мисалы...
- ... Ичкиликке...
- ... Ооба, ичкиликке. Ошондо: "бир ооматы келип турат, чыксаң чыктың, чыкпасаң калдың" дегендей сөз болду беле?
- Мен билбейм аны. Чыңгыз Айтматов менен сүйлөшүп жүргөнүн да билбейм...
- Ушундай бир кеңеш берген экенсиз го?..
- Эми аны, калп эле айта берсе да болот, мен аны менен байланышканын да билбейм. Ошо, Чыңгыз Айтматов баарыбызга тегиз да.
- Тегиз го...
- Тегиз. Анан мен Чыңгыз Айтматов сага ушундай сөз айтып атыптыр, анан сен ушундан оңолсоң оңолдуң деп кантип айтып атыптырмын?! Мен айткан эмесмин антип.
- Кеңеш берген деп айтты эле бирөө. Демек, анда бу калп экен да?
- Калп.
- Мен сизге ошонун эле чоо-жайын билейин деп...
- Ошентип айтып мен жиндиминби?! Чыңгыз деген Чыңгыз да.
- А болуптур анда. Бирок биз айтып атпайбызбы азыр: Таттыбүбү залкар,.. ушундай-ушундай,.. боорукер,.. тилеги таза,.. анан өзү да абдан таптаза (?) болчу! деп айтып жатышпайбы...
- Таптаза болчу деп?!?..
- Ии-и. Эми мен ошенткенибизге бир аз көңүлүм толбой жатпайбы: мисалы, кыргыздын таланттуу кыздарынан эле! деп мактаса мактап, бирок ушуерден ары кетпей чекит коюп койсок дейм да. Себеби ар кандай окуяларды билип-көрүп туруп: таптаза! деп айтканыбыз кандай болоор экен?..
- Эми өлгөндөн кийин...
- Аныңыз ырас, бирок тарых өлбөйт да. Акыры бир күнү сурайт да бизден, биерде калгандардан.. Анан, таптаза болчу!-дебей эле, кыргыздын жаркын таланттуу кыздарынан болчу, деп эле чекит койгонубуз ошо кишинин арбагын астейдил сыйлаганыбыз болуп жүрбөсүн? Антпесе, таптаза! дей берсек, кайра шылдыңдагандай эмеспи?
- Ооба, чындыгында эле талант болчу. Талант эле. Аны окуп келгенден бери билем мен. Окуп келип бизде иштеп, менин жолдошум командировкаларга алып чыгып... Анын ичинде кири жок, жаркылдаган мүнөзү бар, эркектерди тилдегенде "атаңын оозун урайын!" деп тилдечү. Эми ал эркелик. Мындай, задный мыслы жок, мындай, көмүскө немелери жок да, ачык-айрым. .. Эми Турсунбаева жөнүндө айтсак сөз эң эле көп. Толуп атат. Бул өзү кенедейинде окууга барган. Аяктан агасы экөө бүтүрүп келди. Бүтүрүп келгенде абдан сүйүндүк. Бир жакшынакай, мойну койкойгон сулуу кыз келди. Буюрса, бул Дездемона. Бул... Джульетта. Бообшум, эмне ойногонго жакшы болсо, биз ошого ыйгарып сүйлөчү элек. Эмне жакшы болсо. Анткени өзүнүн жагдайы, турган-турпаты ушундай болчу. Жаркылдаган, кишиге жаман айтпаган. Бирок... Бирогу бар анын. Кийин-кийин анын жолдоштору көбөйдү. Теңтуштары көбөйдү. Ошо бизде иштеген аялдар дагы, кыздар дагы. Эми баягы, теңтуштук жөнүндө сүйлөшөт да, мени менен сүйлөшмөк беле? Анан бир жолу, мен анда парторгмун, көп акыл айтчумун ага: ай Таттыбүбү, сенин атың да таттуу, өзүң да таттуу кызсың, жылуусуң, сулуусуң, сенин колуңан эмне келбейт?! Иштеш керек сага. Иштесең баары сеники. Чындыгын айтам да... Анан мен Ак-Мөөргө анын энеси болуп түшүп калдым. Ал Ак Мөөр болчу. Ошондо мойну койкоюп, чачын бир өрүп... Эми, адамдан адам туулат дегендей, жанагы кызы да Таттыбүбүнүн өзү. Бир-эки киного да тартылып калды, эми жанагы башка жакка кетпей...
- Андай да коркунуч бар да. Ансыз да имиш-имиштер жүрөт...
- ... Аякка бурулбай, түз жол менен жүрсө... Мен азырынча анысын укканым жок. Сулууну сулуу дейт. Сүйлөгөнү, күлгөнү, адамдарды караганы... тобо, ошо Таттыбүбүнүн өзү. Өзүндөй.
- Эми, жана айтып келатып токтоп калдыңыз да: жолдош-жоролору пайда болду, деп. Кайсы моменттен, мындай бир, зор ийгиликтен кийинби, айтор качантан баштап тая баштады? Кайсы моменттен дейсиз?
- Бул, раматылык болуп кетти, Эшимбеков менен ажырашты. Турмушу келишкен жок. Ал да: үйдү карабайсың, балдарды карабайсың, кетип каласың, деген иштери болду. Эми жер жамандап барбасын да, анын баарын угуп жүрдүк. Мен көзүм менен көргөнүм жок, мине кереги бар?.. Улуу киши акаарат кылбаш керек адамга. Ии-и, менде да балдар бар дегендей. Имне кереги бар? Мен өзүмдүн баламдай көрчүмүн, өзүмдүн кызымдай көрчүмүн...
- Бирок азыр ошо кездеги парторгдун көз карашы менен айтсаңыз, качан, кайсы моментте...
- Эми ал... айтып келатпаймбы. Ошол,.. үйүнө келбей калып, машине менен кетип калып... Анан Эшимбеков кичине кыстоого алып... Уруп, мындайча айтканда. Ачык айтканда, урду да. Эти көгөрбөйт деп ваннага салып уруп... Ошону уктум мен. Атүгүл Нуркан Турсунбаев келип: бул киши эмес, бул зверь! - деп ыйлаган күнү болгон мага. Анан мен ошолорду уккандан кийин айттым ага: ай, Таттыбүбү, кой! Бу жүрүшүң жакпайт. Сен эки баланын энесисиң. Эне деген атың бар. Анан кийин актриса деген атың бар. Актриса! Еще кандай актриса! "Ромео менен Джульеттада" Джульетта, "Отеллодо" Дездемона боло турган актрисасың. Сен Айганышсың, сен тигисиң, сен бусуң... Эми менин айтаар сөзүм ушу да. Деп ошентсем, ыйлады. Ыйлады: "Мен эчтеке деле кылган жокмун", - деп. Мойнуна алчы эмес. "Эчтеке деле кылган жокмун". Кылбасаң эмне, каяктан чыгып атат бул сөздөр? Сен кичине, басыгың да бузулуп кетти... Мен бир жолу командировкада жүрүп, ролго киши жетпей чакырып калдык. Ошондо мо-омындайынан отуруп алып: ай, атаңын оозун урайындар, апкелгиле! Бул сөзүң эмне сөз? - дедим. Эмне сөз?!..
- Жанагы "желмогуздан" апкел деп атат да?.
- Ооба. Карысы бар, жашы бар. Аялдар бар, колхозчулар бар... Командировка! Мен бригадирмин. Ошондой сөздөрүң бар. Тышта муну! Мына, ай караңгы, жылдыздар жамырайт.
(Уландысы кийинки санда)




Айгүл ШАРШЕН
Жанызак басма
Бакыттын жылмайышы
(Башы өткөн санда)
- Кеңеш, карасаң кызыңды, жөрмөлөп калды, апа-апа дегенин көрчү.
- Кызым алды менен ата дейт, көрөсүң го?
- Жо-ок, апа деди, кана-кана, кызым, апа деп койчу? - деп наристени колтугунан алып кармаганда Калыс талпына: "ат-та, ат-та", - деп култуңдай күлдү эле Кеңешбай ала койду.
- Көрдүңбү, ата дегенин уктуңбу? - деп эбедейи эзиле өпкүлөп жатты.
- Кызым, апа деп койчу, кана-кана, апа деп койчу? - деп Сайра ого бетер наристеге жалынды. Кыз Кеңешбайдын төшүнө жабышып, башын ката: "буф-буф, ап-па, буф-фуф ата-ап-па-а", - деп талпына бергенде Сайра күйөөсүнүн колунан ала койду. - Берекем, көлөкөм десе, эркетайым менин.
- Жакшы болбодубу ээ, Калыс болбосо жаман болмок экенбиз, эрмек болуп калбадыбы?
- Ананчы, эрмегим-эркем кызым чоңоюп, күйөөгө чыкса, күйөө балам экөөнө өзүнчө үй сатып берип, өзүбүз карайбыз.
- Буйруса, кызыбызга күйөөнү сатып беребиз, - деп бактылуу үй-бүлө наристени ортого алып, бири чайын берсе, бири шымын которуп, ынтымактуу жашап жатышты.
Эрмекбай жайлоодон мал уурдап айылга түшүп, Казакстандын жашыруун сатып алуучуларына шериктери менен түндөп жөнөп кетет. Зейнеп Калыстан кийин дагы төрт бала төрөгөн. Кенже кызы боюнда бар кезде абдан кыйналып ооруканага жатып калып, Калысты алып келишкен. Ата-энесин ага-жеңе деп бөлөк өсүп калганга кыз аларга анча боор бербейт. Өзүнөн кийинки төрт баланы багыш он төрт-он беш жаштагы кыз үчүн өтө оор болду, тамагын жасап, нан бышырып, кир-когун жууп, керээлден кечке жаны тынбайт. Бул убакта Эрмекбай экинчи жолу түрмөгө отуруп келген, өтө ачуулуу, айрыкча Калысты көргөндө жини келип турат. Короо койду Эрмекбай менен бирге сербеңдеп айдашып кышы-жайы дебей кошо жүрөт. Жаны тынбай кой артында жүрсө дагы Эрмекбай аны сөгүнүп-сөздөп, уу тилин агытып, убакыт өтө берди. Сегизинчи класста окуп жүргөндө Калыс Сайра апасына ыйлап жатты.
- Кызым, же сени багып албай койсок болмок экен, баккандан кийин бербей койбой, эми кантейин? - деди Сайра кызы менен кошо буркурай. - Өз атаң болуп туруп, анын мындай залим болоорун ким билди.
- Барбайм алардыкына.
- Кой, кызым, жок дегенде апаң төрөгүчө тура тур, чиедей балдар куурап кетпейби?
- Эмне болсо ошол болсун, - деп Калыс ыйлап жатып кечке маал кетти. Келсе ини-сиңдилери ботала болуп, карды ачканынан кургак нан жеп, ыйлап отурушуптур. Келээри менен тамак жасап, аларды тойгузуп, кийимдерин которуп, анан орун салып жаткырып койду да, камыр жууруп, нан салды. Түнү бою уктабай нан бышырып, таңга маал уктап кеткен экен Эрмекбай кирип келип:
- Калыс! - деп бакырды оозгу бөлмөдөн. Катарлаша жаткан инилеринин четине эмеле кыйшайып жата калган кыз ыргып турду. - Калыс дейм!
- Ата, эмне болду?
- Көзүң кашайып уктай бересиңби, чабыр койлорго чөп салып койбойсуңбу?
- Ата, түндөп нан бышырдым, - деген Калыс көздөрүн ушалай чыгып келди.
- Чай бер, тамагың барбы?
- Ооба, - деп эптеп от жагып, тамак ысытып берди да, кайра чай кайнатты. Зейнеп ооруканада көпкө жатып калды. Калыс аябай жүдөдү. Кир жууп бүткөнчө кеч кирип, тамактын артынан нан жасайт, чабырларга чөп салат, мектепке да кээде бара албай калчу болду. Бой жетип калган кыз өзүн кароого да чолосу тийбей, чачы-башы биттеп кыйналды. Бир күнү сабакка барганда директорго кирди.
- Кел, Кадыркулова, эмне болду? - деди директор ага карап.
- Агай, мени интернатка жибериңизчи.
- Эмнеге, эки ата, эки энең бар го, интернатка багаар-көрөөрү жокторду жөнөтөбүз.
- Мени интернатка жөнөтсөңүз жакшы болот эле…
- Жок, жибере албайбыз, сен сабакты да жакшы окуйсуң, бар, бара гой, - деп Сейдалы Абдрахманов кала берди. Көз жашы куюлган Калыс мектептен чыгып баратты. Ага кийинки кездери атасынын кылыгы жакпай баратат, балалык жан дүйнөсү ооруп, жүрөгү сыздай ишке киришти. Балакатка жеткени билинип, этек кири да келип калган. Бир күнү күн ысыкта жука ич кийимчен, кыска көйнөкчөн эңкейип-тоңкоюп иш кылып жатканда жаңы эле эшиктен кирген Эрмекбай бутун чечип жатып, ары караган Калыстын этегин өйдө түрүп:
- Эмне болуп калган? - деди үңүрөйө.
- Ата, - деп кыз коркуп кетти. Дароо ички бөлмөгө кирип шым кийип чыкты. - Ата, тамак ичип койго кетесиңби? - деди анын тез эле кетишин каалап.
- Сен чоңоюп калгансың го? - деп корулдады Эрмекбай.
- Апама айтам, - деп кызы ыйлап ийди эле:
- Эмнени айтасың, атам көйнөгүмдү түрдү деппи? - деди ырсалактап.
- Анан эмнеге өзүң…
- Болду, бырылдабай тамак бер! - деп Эрмекбай кабагын карыш түйүп, отуруп калды. Калыс тамак-чайын берип, Эрмекбай чыгып кетээри менен эс ала түштү.
Кайрадан илбиңдеп үй тиричилигине киришти, керээлден кечке жаны тынган жок. Бир күнү түндөсү Эрмекбай Калысты ээрчитип барып, казактарга мал өткөрдү. Калтырап, түнкү муздак абага чыйрыккан кыз койду кайтарып турганда калдайган караандар чек ара жактан келип, Эрмекбай менен соодалашып, анан койлорду айдап кетишти. Бул анын көп уурулугунун бири эле. Зейнеп аңгыча төрөп келди, эң кичүү кызын карап, жумуш жасай албай дагы көпкө төшөктө жатты. Такыр тыңый албай койгондо кайрадан ооруканага жаткырышты. Калыс түйшүккө бышып да бүткөн. Ошентип кыйналып жүрүп арадан бир жыл өтүп кетти.
Ошол күнү Зейнеп төркүнүнө кеткен. Нан бышырып кеч жаткан Калыс денесин сыйпалап келе жаткан колдон улам чочуп ойгонуп, өзүнүн атасы экенин көргөндө бакырып тура калды.
- Бас үнүңдү, өлтүрүп коё электе, - деди дагы Эрмекбай ошол эле жерден кийимин чечип, тыбырчылаган кызды ой-боюна койбой зордуктап койду.
- Бети жок акмак, ата деген сөздөн айлан! - деп ыйлап жатты кыз, бир түндө куураган чөптөй тебеленип, гүлдөй соолуп, солкулдап ыйлай берди. Эрмекбай болсо эч нерседен капарсыз жеңиштен утуп чыгып, мөөрөй алгансып, чырпыктай кызын чыркыратып коюп басып кетти. Түнү бою көзүнүн жашын көлдөткөн Калыс эртең менен бүткөн бою ооруксунганына карабай кыбырап көнүмүш жумушун жасап жүрдү. Ошондон тартып Эрмекбай аны менчиктеп алган аялындай эле түндөсү коркутуп койнуна кирип жүрдү. Акыры тажаган кыз өз атасына кордолгонун жашырганга алы келбей, участвокыйга барып, болгонун болгондой айтып берип отурду. Ошол эле күнү Эрмекбайды милиция кармап кетти. Зейнеп эмне дээрин билбей дел болуп отуруп калды. Калысты интернатка которуп ийишти. Аерде малчылардын балдары менен бир жыл окуду. Интернатта жүргөндө сот болду, агайлары, мектептин директору сотто көрсөтмө берип, мындай тири укмуш окуя болуп кетерин ойлошпогонун жана алдын ала алышпаганына өкүнгөндөрүн билдиришти.

(Уландысы кийинки санда)







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??