п»ї

  Обон почта

Урматтуу окурман, эч тартынбай жүрөгүңүздөн сызылып чыккан сагыныч саламбы, көкөй кескен көкүрөктөгү ойбу, боорду эзген күлкүбү, мүмкүн анекдотпу, казан какшыткан какшыкпы, арналган арзуу сүйүүбү, уюган нарктуу сөзбү, кумирге болгон каалообу, жолугушуубу, таанышуубу, алдануубу, бекем ишенүүбү же саргартып санаага батырган издөөбү, айтор, жашообуздун бүткүл кыймылын камтыган ойлоруңуздар болсо бизге SMS жөнөтүңүздөр!..

ОП-170-01. Менин сүйүктүү келинчегим К……! Мен сени менен бир болгонума абдан кубанам, мен сени менен бир болуп өмүр сүрүүгө даярмын, мен сен үчүн жашап келем. Сен жанымда барыңда мен эч качан коркпойм, мен сени менен бирге аябай бактылуумун. Күйөөң
ОП-170-02. Сүйүүнү таттуу дешет даамы барбы? Сүйүүнү күчтүү дешет алы барбы? Сүйүүдөн жаш жүрөгүм жараланат, ал үчүн себеп болчу адам барбы? Айткылачы, жигиттер. Зуля 94
ОП-170-03. Мен бардык эле Кыргызстандыктарга салам айтмакчымын. Бар болгула ар дайым. 0778797xxx
ОП-170-04. Түндүн караңгылыгында, күндүн жарыгында, суунун тамчысында, кээде жанымдасың,кээде түшүмдөсүң,бирок ар дайым "оюмдасың",эч качан унутпа! Жамгыр жаап жатат. Эмне болду дейсиңби? Эч нерсе. Болгону ар бир тамчы сени гана сагынганымды айтып жатат. Сени эмне деш керек? Сени "Жан" деп аташ керек. Себеби, "Жан" сени менен, мени менен жашайт! 0773181ххх
ОП-170-05. Биз кичинебизден калтырбай көргөн "Клон" сериалындагы Жади жана Латиффа жөнүндө билгим келет. Ошол учурда алар жөнүндө так маалымат билбесек дагы кызыгып көрчү элек.
Джованна Антонелли (Жади )
Джованна Антонелли таанымал актёр Хилтон Прадо жана балерина Суэйлли Антонеллинин кызы. Ата-энеси чыгармачыл адамдар болгондуктан, Джованна кичинесинен баштап сахна менен аралашып чоңойду десек болот. Апасы балерина болгондуктан, кээ бир кездери сьемкаларга кызын ала барып, бир жерге отургузуп койчу экен. Апасын көрүп чоңойгон кыз балерина болууну самай баштайт. Бирок энеси каршы болуп актрисалык жол менен кетет. Эң биринчи ролун Джованна 11 жашында ойногон. Андан 3 жыл өткөндөн кийин балдар оюн-зоок программасынын башчысы болот. Ата-энеси кызын журналистика бөлүмүнө тапшыр деп суранышат. Алардын сөзүн четке кага албай жарым жылдай окуйт дагы таштап, актрисалык кесипсиз өзүнүн жашоосун элестете албасын билет. Ал эми жеке жашоосунда "Клон" сериалындагы сүйүктүүсү болуп аткарган Мурило Бенисио (Лукас) экөө чыныгы жашоодо дагы бири-бирин сүйүшөт. Учурда экөөнүн Пьетру аттуу уулу бар.
Летисия Сабателла (Латиффа)
Летисия Сабателла 1972-жылы 8-мартта туулган. Балалык чагында ырчылык кесип менен алек болуп,балет бийин бийлеп жана театрда рол жараткан. Бирок актёрдук кесипти эки жыл гана окуп, окуусун таштап, Рио-де-Жанейрого көчүп кеткен. 21 жашка чыкканда "Teresa Batista" деген аталыштагы тасмага роль жаратып көргөн, бирок аны албай коюшкан. Айтканынан кайтпаган өжөр кыз болгондуктан, талыкпай эмгектенип жүрүп, ошол эле жашында "Клон" тасмасына сунуш түшүп тилегине жеткен. "Клон" тасмасына тартылып жүргөн учурунда келечектеги жолдошу Анжело Антонио менен таанышат. Азыркы убакта Клара аттуу назик кыздын жароокер энеси.
ОП-170-06. Бабник 94кө: Калемиңден жаралган ар бир ырлар, жүрөгүңдөгү ачылбаган терең сырлар, бир мага арналгандай сезилет, сени сүйүп калганымды ……0779390xxx
ОП-170-07. Кемел, кандайсың, иштериң жакшыбы? Ж.
ОП-170-08. Жаратканым жараткан жалгызымды, жанымда жашоом жоктой жалгызымсыз, жалынамын жаратканга жанымдагы жанымды жоготпо! Сулуу пери! 0778041xxx
ОП-170-09. Дүйнө тарып бараткансыйт мен үчүн, чиркин турмуш ичим күйөт бул үчүн. Эгерде токтотууга мүмкүн болсо, жанымды аябасмын ал үчүн. Кыйналсам да сактаармын башкаларды, каалабаймын кабылышын башкалардын, ар бир пенде бул дүйнөдө кенен жашап, сезе билмек акыреттин чексиз баркын! 0778041xxx
ОП-170-10. Сен бирөөнү издегендей туямын. Сен бирөөнү эңсегендей туямын. Кел анда таанышалы, жакшы кыз. Кеп куралы, балким, бирге бактыбыз. Балким, сен да мага окшогон кездесиң, билем анда менин сөзүм сезбессиң. Андай болсо камчылангын, карындаш, кокус бир күн сүйүүң учуп кетпесин. Азирет
ОП-170-11. Салам, "ОБОН". Асман ачык, түн ортосу, жылдыз сансыз. Ойго батып жүрөк сыздап турам жалгыз. Сени ойлоп таң атырам, күн батырам, көз жашымды күнү -түнү төгүп ыйлайм. 0778022xxx
ОП-170-12. Бардык кыргыз калкыма салам айтам. 0779039ххх
ОП-170-13. Бишкек шаарындагы А. Каниметов атындагы №1 гимназия-интернатынын 5-г классынын сулуу, адептүү кыздары: Азиза, Айзада, Акылай, Айтурган, Алия, Бермет, Венера, Диана, Зарина, Карачач, Нагима, Назима,Сангүл, Сезим,Таттыбүбү, Керез - силерге салам. Сабактарыңарды "4", "5" деген бааларга окугула, ата-энеңердин үмүтүн актап, ден соолугуңар чың, өмүрүңөр узун болсун,силерди жалаң гана жакшылык коштосун, биз силердей сулуу классташтарыбыз менен сыймыктанабыз,- деп 5"г"-класстын балдары: Алмамбет, Бекназар, Бексултан, Кадырбек,Темирмамат, Төрөбек, Марклен, Сыймык.
ОП-170-14. Нэля, сенин өзүңдү жасалма алып жүргөнүң кыжырды келтирет. Б. Бакуля эже, сиз кыргыздын сыймыгысыз, чүрөксүз. Биз сиз менен сыймыктанабыз. Айза, Нури.
ОП-170-15. Салам, "Обон". Гүлчөдөгү досторума чоң салам. Классташтарым Маха,Канат, Бекит, Самат, Б. А. А. И. М. К. Б. 11-класс болушуңар менен куттуктайм. Жази
ОП-170-16. Кел, жаным, ааламды бөлүшөбүз: Көл-сеники, толкуну- меники, асман-сеники, жылдыз-меники. А болуптур баары-сеники, бирок сен-меники. 0773181xxx.
ОП-170-17. "Обон". Жүрөгүм, жалгызым, жакшынакайым, Болотум менин, мени кечир. 07735637xxx
ОП-170-18. Бул жашоодо ар бир адамдын жетиден окшош түгөйү болот деп коюшат эмеспи. Мени дагы Индия актрисасы Бипаша Басуга окшоштурушат. Ал жөнүндө маалымат билгим келет. Камила
Бипаша Басу
Бипаша Басу 1980-жылы 7-январда Делиде жарык дүйнөгө келген. Мектепте окуп жүргөндө баскетбол менен машыгып, догдур болууну кыялданчу. 16 жашында Америкадагы моделдик сынактарга катышып, жеңиштерге жетише баштайт. Ошондон тарта моделдик кесип менен аралашып, Америкада жашап калган. Бирок көп жыл өткөндөн кийин өз өлкөсүн сагынып, Индияга көчүп келет. Келери менен анын сулуулугуна суктанышып, тасмада роль жаратууну сунушташат. Биринчи тартылган тасмасы "Ajnabee" деген аталышта. Ошол күндөн ушул күнгө чейин Индиянын таанымал актёру Амитабх Баччан менен бир сахнада роль жаратууну кыялданып келет. Учурда бойдок.
ОП-170-19. Б. Бадыева, бар болуңуз, сизди ушактагандар жөн гана сизди көрө алышпайт. Биз сиздин чыныгы күйөрманыңызбыз. Айза, Нури, Аголя.
ОП-170-20. Анекдот: Бир апенди кетип бара жатып, аңга түшүп кетет экен да. Анан тырмышып чыга албай жатып ойлонот: "Азыр дагы бир аз тырмышып көрөм, болбосо үйдөн тепкич алып келип анан чыгам". К.
ОП-170-21. Саламатсыздарбы, "Обон" гезитинин жалпы жамааты! Роза Аманова эжебизден качан интервью аласыздар? 0778022xxx
"Обондон" жооп: Урматтуу окурман, кийинки сандарыбызда сиз кумир туткан адамдан алганга аракет кылабыз.
ОП-170-22. Адам жок жалгыздыктан эрикпеген, өмүрү жалгыздыкты жерип келген, жашоодо кол кармашып жүргөн жакшы, көңүлүң каалап тапкан шерик менен. Зуля 94
ОП-170-23. Ооналактап ары-бери түн ортосу,кээде чыгам уйку көрбөй таң атканча. Кетпейсиң түнү менен сен оюмдан, адам жоктой бул дүйнөдө сенден башка. Үмүт өлдү, тилегим тийди ташка, үшкүрүнөм арга жок да мындан башка. Сүйбөдүң деп күнөөлөбөйм жолукканда, көздөрүңдү көздөрүмдөн алып качпа. Erke kuz.
ОП-170-24. Эске түшсө элестесе жамалың, элес болгон ошол күнгө барамын. Эч бир адам унута албаса керек, эң алгачкы арзып сүйгөн адамын. Зуля 94
ОП-170-25. Сүйүү жолун билесиңби, чындап сүйөм сезесиңби? Жүрөгүмдү сага берсем, түбөлүккө сактап жүрөсүңбү? Зуля 94
ОП-170-26. Окшош күндөр бир-бирине эгиздей, өтүп жатат из калтырып сезилбей. Жараар бекем мен элимдин ишине, Рустамбектин кызы жаман дегизбей. Бешик-Жон айылы, Зули
ОП-170-27. Мен Тогуз-Торо районунун Арал aйылында жашап жаткан атам Жумадил, апам Жаңылды чын жүрөктөн куттуктайм . Бaaрына ден соолук жана ошондой эле "Бейше" орто мектебинин окуучуларына салам, өзгөчө 8-б классына ийгилик!!! 0778531ххх
ОП-170-28. Досям Айжамалга ысык салам. Досуң Бегимай
ОП-170-29. Ата,апа, мен силерди өмүр бою сыйлап жаныңарда болом. Силер дагы менин жанымда өмүр бою бирге жакшылыктарымды көрүп, жадырап-жайнап жүрө бергиле. 0778093ххх
ОП-170-30. Араван районунун Кызыр-Абад айылында жашаган бөлөм Элнураны 1-июнь туулган күнү менен куттуктайм. Жакшы өткөр. Какырдагы бөлөңөр Гүлкайыр, Урмат, Айжамал, Жумагүл 93
ОП-170-31. Биздин чоң энебиз 84 жашта, эки уулу бар, ал эми С. Бейшекеевди үчүнчү уулу катары көрөт, сыйлайт урматтайт. . . Небересинин атын да Сыймык деп койгон. Караңыздарчы, С. Бейшекеев кандай гана бактылуу инсан, анткени, анын биздин чоң энебиздей күйөрманы бар. 0770195ххх
ОП-170-32. Атам Текин, апам Бурул, иним Тилекке чоң салам,- деп Миржан.
ОП-170-33. Убакыт өтүп жатат сызган куштай, агып жатат шар аккан тунук суудай. Кечээ эле бала элек оюнкараак, бүгүн болсо жүрөбүз биз кесип тандап дегендей, 95тер, экзаменди ийгиликтүү тапшырып алгыла,- деп Апал 95. 0770270ххх
ОП-170-34. Эрмек Нурбаев, сизди абдан жакшы көрөм! Дайым бар болуңуз! Нурзида
ОП-170-35. Салам менин досторума, Айжана, Айза, Айдай, Жанара, Лиза, Жумакан, Адинай, Перизат, Жанат. 0700568ххх
ОП-170-36. Салам, "Обон", мага Сон Вубин жөнүндө маалымат бересиздерби? 0700568ххх
"Обондон" жооп: Урматтуу окурман, өткөн саныбызда сиз суранган адам жөнүндө маалымат бергенбиз.
ОП-170-37. Менин алтын апам Гулбарага жана Нуржан атама салам жолдойм. Сиздерди жакшы көрөм. Айгерим
ОП-170-38. Салам, "Обондун" жалпы жааматы. Нестан
ОП-170-39. Айгерим, салам, бул сенби, чынбы? Мен Астанадан жазып жатам, атым Анара, сени жакшы көрөм. 0770237ххх
ОП-170-40. "Евровидение-2011дин" жеңүүчүлөрү, Азербайжандан барган Эльдар жана Нигяр жөнүндө маалымат берип коёсуздарбы?
Нигяр Джамал 1980-жылы 7-сентябрда Бакуда жарык дүйнөгө келген. 1985-жылы наристелер ансамблинде ырдай баштаган. 1988-жылдан 1995-жылга чейин музыкалык окуу жайда окуган. Окуп жаткан учурда өзүнүн репертуарына жаңы ырларды жаздырып, өзү дагы ыр,обон чыгара баштайт. 1997-жылы мектепти аяктап, 2001-жылга чейин "Хазар" университетинен экономика бөлүмүнөн жогорку билим ала баштайт. 2005-жылы турмушка чыгып, Лондонго көчүп кетишет.
Эльдар Гасымов 1989-жылы Бакуда төрөлгөн. 1995-жылдан 2006-жылга чейин №169 мектепте окуган. Ал эми 2001-жылдан 2005-жылга чейин музыкалык мектептен фортепьяно боюнча билим алган. 2008-жылы актёрдук чеберчиликти немец тилинде үйрөнүп сабак алган. 2006-жылдан 2010-жылга чейин Бакудагы Славян университетинин эл аралык бөлүмүн кызыл диплом менен аяктаган.
ОП-170-41. СМСчи досторума салам. Кыргыздар, ар дайым бар болгула. Мен силерди сүйөм. Babu 96
ОП-170-42. Санаркап,сагынычтан чыга албай, самаймын элесиңе өзүм жандай. Сагынып жан дүйнөм эзилгенден, санаанын сормо сазы болду терең. Жабыркатып жүрөгүмдү жаралап, жебе тарттың сенден чыккыс кылчудай. Жашайсың жалындаган жүрөгүмдө, жанып-күйгөн жымыңдаган жылдыздай. Канжар
ОП-170-43. Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Учук айылынын быйылкы 9-классына ысык салам. Аскатик.
ОП-170-44. Карындаштар, ачылсын дайым бактыңар. Жигиттерге күлкү менен жактыңар. Бул дүйнөдө бакыт берсин Аллахым. Мен силерге ыйман тилеп каламын. Ырысбек 91
ОП-170-45. Мен сүйүктүү классташтарымды өтүп кеткен 25-май майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бар болгула, бай болгула. Силер бар үчүн менин мектептеги күндөрүм кызыктуу өткөн. 0773907ххх
ОП-170-46. Тереземде жаап турду жаз жамгыры, эске түштү ак сүйүүм алыстагы. Сени канча унутам деп ойлосом да, өчүрө албадым сага болгон махабатты. Тереземде жаз жамгыры жаап турду, асмандан ылдый көздөй жамгыр куйду. Экөөбүз жаз мезгилде жолукканбыз, ошону эстеп жүрөгүм уйгу -туйгу. Бабник 94
ОП-170-47. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айылынын тургундары, менин досторум Айжаркын, Алинага ысык салам, бар болгула, алтындарым. Даткайым.
ОП-170-48. Жалгыз айлуу бул түндүн кучагында, сейилдейли жылдыз саны азайганча. Сүйгүм келет, жүргүм келет түбөлүккө сени менен. Мен сени жакшы көрөм, жактырам, мен сени ыйык тутам баарынан. Эгерде экөөбүздү бирге кылса, бир мен гана кадырыңа жете алам. Бабник 94
ОП-170-49. "Обон"-супер гезит!
ОП-170-50. Салам, "Обонушка!" 0777274ххх
ОП-170-51. Башында сүйөмүн деп неге алдадың, ички дүйнөң жалтылдап мени арбапсың. Эми сенсиң өмүрүм кантип өтөт, а балким, убакыт өтсө сени дагы унутармын. Бабник 94
ОП-170-52. Менин эмес башка адамдын жары болдуң, макул, жаным, узак болсун бул ак жолдоруң. Жүрөгүм ачышып ыйлап турат, бул дүйнөдө эң бактысыз адам болдум. Бабник 94
ОП-170-53. Өкүнбөйм сен башкага кеткениңе, ишене албайм сен кайрылып келериңе, билем, жаным, карегиңе карабадым, мага болгон ак сүйүүңдү баалабадым! Бабник 94
ОП-170-54. Салам, "Обонтай". Мен жалпы эле 94-жылкыларга чоң салам айтмакчымын, дагы Алманбет деген сырдуу жигитке өзгөчө салам. Зуля 94
ОП-170-55. Салам, "Обонушка!" Саламым дүйнөдөгү эң акылдуу, сулуу, жөнөкөй, билимдүү, деги эле эң жакшы сапаттардын ээси, айдай сулуу Айгерим Расул кызына! Нурайым
ОП-170-56. Салам, достор, келгиле табышмактын жандырмагын чогуу табалы! Бир жигит менен кыз сүйлөшүп жүрүп, бир күнү кызды жигит жолугушууга чакырат. П деп жазып кетип калат, ал эмне дегенди түшүндүрөт? Нури
ОП-170-57. Менин саламым Казарманда жашап жаткан сүйүктүү ата-энеме, туугандарыма, кошуналарыма. Айжан
ОП-170-58. Салам, "Обон!" Мен силерди абдан катуу жакшы көрөм, силер-супер гезитсиңер. Мека
ОП-170-59. Айгерим Расул кызы, бактылуу болуңуз! Сизди менин чоң апам да жакшы көрүп сыйлайт. Нурай
ОП-170-60. Айгерим Расул кызын такыр эле көрө албай койдук го. . . Ал мээримдүү, камкор жана боорукер айым! Нурайым
ОП-170-61. СМСчилер, мага кеңеш бериңиздерчи, жигитим авария болгондон бери күнүгө жакшы болуп кетсе экен деп кудайдан тилейм, ыйлайм. Айтыңыздарчы эми не кылам, жалгыз каламбы эми айткылачы? 0779891ххх
"Обондон" жооп: Урматтуу биздин активдүү СМСчилер, бул окурманыбызга жардам иретинде кеңеш берип коюңуздар.
ОП-170-62. Рустам жаным, батыраак айыгып, жакшы болуп кетчи. Табигат сырдуу Алтынай 90
ОП-170-63. Карааның издейм алыстасың, таба албайм, жаным, сени. Мынча неге сагынам? Алтынай 90
ОП-170-64. Кеңешиңиздерди 0779-89-14-61 номерине жазыңыздар. Табигат сырдуу Алтынай
ОП-170-65. Оо, жараткан, неге адамды аябайсың, неге дайым кайгы- муңду жаратасың? Сен ажал неге мынча таш боорсуң, жүрөктөн сыздап ыйлап жаткан жамгырдаймын арман. Жигитим, жакшы болуп кетсеңчи, иншаллах. Алтынай 90
ОП-170-66. Алтындай көргөн, Талас областынын Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында жашаган чоң апам Алыбаева Шайымбүбүнү келе жаткан Орозо Айт майрамы менен куттуктайм! Сиз бар үчүн биз барбыз. Сиз бар үчүн биз бактылуубуз. Сиздин мээримиңизге чөмүлүп, жашоонун ырахатын сезип жүрөбүз. Ар дайым биздин кашыбызда бар болуп, ден соолугуңуз чың болсун. Эч качан кейибеңиз жана оорубаңыз, бардыгы жакшы болот. Көп жашап неберелериңиз, чөбөрөлөрүңүздүн ийгиликтерине күбө болуп, аман-эсен болуңуз. Небереңиз Ыскак
ОП-170-67. Мен Индия кинолорун сүйүп, кызыгып көрөм. Мага актриса Приянка Чопра жөнүндө маалымат бере аласыздарбы? Камила
Приянка Чопра
Приянка Чопра 1982-жылы 8-июлда Джамшедпур деген жерде догдурлардын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы Ашок жана апасы Мадху аскер догдурлары болгондуктан, бир жерден экинчи жерге көчүп жашап калышат. Өзүнөн 8 жаш кичүү бир иниси бар. Мектепти Бостондо аяктаган. Бала кезинде инженер же психолог болсом деп кыялданчу. Андан тышкары, бий,ыр менен алек болуп, ансыз жашоосун элестете албачу экен. Убакыт өтүп чоңойгондо таанымал актрисалардын тасмаларын көрүп актриса болууну самап калат. Ошол учурда кимдир бирөөлөрдүн түрткүсү менен 2000-жылы "Мисс Индия" сулуулар сынагына катышып калат. 2002-жылы актрисалык карьерасы башталып, 9 жыл ичинде таанымал актриса болгонго жетишип, андан тышкары, Индиянын белгилүү каналдарынын биринде алып баруучу болуп иштейт. Дагы 10 жылдан кийин турмуш курам деген тилегин айтып карьераны тандаган.
ОП-170-68. Бул жерде ар бир адам укуктуу. 0778903ххх
ОП-170-69. Жүрөгүмдүн ээси Эламан, ар дайым бар бол, аман бол, мен сени жакшы көрөм. Сен деп жүргөн кыз 0778530ххх номеринде.
ОП-170-70. Арал айылында жашагандарга чоң салам жана алтындай болгон досторум Алтынайга, Аидага бул дүйнөдүгү бардык жакшылыктарды каалайм,- деп Аралдан Каныкей 95.
ОП-170-71. Арман болуп, бирге өткөргөн күндөрүбүз, сүйгөнүм, бир өзүңө мен жетпедим. Сапфира.
ОП-170-72. Жакыныңды жек көрсөң, күнөөгө батасың! Кембагалга кайрым кылсаң, батасын аласың! Кудайды сыйлап жашасаң, келечегиң кең болот! Балдарыңа жараткан баш калкалаар жай болот! Накуля.
ОП-170-73. Жүрөгүм, мен бактылуумун, бактылуумун, бактылуумун, бактылуумун. Сүйгөнүң
ОП-170-74. Жашоодон үмүтүбүз эч качан үзүлбөсүн, ар дайым алга, алга жана да алга умтулалы. Алдыдагы жашообузду өз колубуз менен курабыз. Башка түшкөн кыйынчылык бул тагдырдын сыноосу, сыноодон чыдамкайлык менен, татыктуу жеңиш менен өтүү абзел. Сапфира
ОП-170-75. Кара-Көл шаарында жашаган жолдошум Айдарга, балам Ариетке, кызым Аэлитага салам. Ар дайым бар болгула, алтындарым. Апаңар Айзат .
ОП-170-76. Өйдөдө-өбөк, ылдыйда-жөлөк болгон досторум "Миң кыял Fm" радиосунан чыккан Супер достор командасына сагынычтуу салам. Атын атаса куту сүйүнөт демекчи Муса, Асель, Мээримбек, Зуби, Бермет, Гүлзат эже, Данияр, Айсулуу, Айзат, Кадыраалы, Мимо, Жазайка,Орозбек ж. б. ар дайым бар болгула. Ата -сыйлаган ыймандуу кыздар-балдардан болгула. Урматтап сыйлаган досуңар Супер СМСчи Жануська
ОП-170-77. "Обондо" иштеп жаткандардын ишине ийгилик,-деп сулуу пери Феля.
ОП-170-78. Жиниме тийбечи. Менин эмнемди жактырып калдың деп айткан сайын менин жиним келе берет. Сүйүүнүн көзү сокур деп коёт. Мен сени сүйүп жүрөмбү, анда неге деп сураба. Анткени, сенин жакшы жактарың көп болгону үчүн сүйөм жана сени менен өмүр бою бирге болгум келет. Ал эми жаман жактарың менин көзүмө көрүнбөйт. Сүйгөнүң
ОП-170-79. Бардык кыргыз калкымды келе жаткан Орозо Айт майрамы менен куттуктайм! 0778038ххх
ОП-170-80. Урматтуу ОП-168-15 абонентиндеги Нурай, сизге чоң рахмат! Нурайым
ОП-170-81. Канча жолу сүйөм дедим тажабай, сен билбедиң мени такыр карабай. Сени көрүп жүрөк ыйлап жатканын түшүнбөдүң баарын менден сурабай. Сенсиз күндөр өтө берет кызыксыз, асман дагы жок тургансыйт жылдызсыз. Асман менен күн да бир күн биригип, жүрөгүмө жарык нурун чачкансыйт. Бирок күн да коркуп такыр барган жок, өз сүйүүсүн эч такыр айталган жок. Себеби, бул болгон чын махабат. Ал махабат өз сезимин алдаган жок. Айлар өттү, ичке дартты калтырып. Жылдар өттү күндө ыйлатып, сыздатып. Тагдыр деген ушул болот турбайбы, кетип калдың арманга мени калтырып. Чынын айтсам дагы деле түшүнбөдүм. 0779014ххх
ОП-170-82. Салам ФК ДОРДОЙ-96 курама командасына, өзгөчө: Абайга, Азимге, Дастанга, Элдарга, Иманга, Кубага, Куттубекке, Кайратка, Эрболго,Белекке, Бекзатка, Бахтиярга, Давранга, Артурга, Алинурга, Тимага, Максимге ысык салам, ийгилик жана ар дайым 1-болуп жүрө беришсин,-деп Семетей.
ОП-170-83. Азабы ашыктыктын эмне болот, айрылуу жүрөгүңө кайгы толот. Жыргалы ашыктыктын эмне деги, жолугуу, сүйгөнүңдүн назик кеби. Зуля 94.
ОП-170-84. Алтыным, келинчегим, мен сени гана сүйөм! Мен сен үчүн бардыгына даярмын, ар дайым жаныңда болуп, сага жөлөк болуп, жаныңдан эч качан чыкпайм. Күйөөң
ОП-170-85. Менин сүйүктүү апам, өмүр бою бактылуу болуңуз. Атам экөөңүздөр бирге биздин мандайыбызда жаркырап жүрө бериңиздер. Биз силер бар бактылуубуз. Уулуңуз
ОП-170-86. Менин саламым Казармандагы жашап жаткан сүйүктүү ата-энеме, туугандарыма, кошуналарыма. Айжан
ОП-170-87. Мен, буйруса, Талас элиме эрке күйөө бала болом. Бир буйруган күнү мен келинчегимдин жанында болом. Күйөөң
ОП-170-88. Девид Бекхем жөнүндө жазып койгулачы. Месси
Дэвид Бекхем 1975-жылы 2-майда Лейтонстаунда (Лондон) жарык дүйнөгө келген. Атасы Дэвид Эдвард Алан апасы Сандра Джоржин Уэст. Бала чагында Бекхем чанда футбол ойногонго кызыкчу. Анан таяатасы еврей болгондуктан өзүн таятасынын жолун улай еврей деп эсептечүү. Ата-энеси "Манчестер Юнайтед" футболдук командасынын күйөрманы болушкан. Ошол себептен ал "Манчестер Юнайтед" командасын тандап алып 14 жашында ушул команданын жетекчилери менен келишим түзүп экинчи оюнчу болуп ойноп үйрөнө баштайт. Буга чейин Лондондо майда таанымал эмес футбол командаларында ойноп келген. Бою 180 сантиметр, 67 киллограмм. Оюн талаасына кийген спорттук кийиминин тактап айтканда футболкасынын саны 23.
ОП-170-89. Менин саламым Тогуз-Торо районундагы туугандарыма. Жанболот
ОП-170-90. Алтышка, мен сени аябай сагындым. Күндө жаныңда болуп жолукканга аябай зармын. Жүрөгүң
ОП-170-91. Сагынамын, сагынамын, а бирок сен келбейсиң. Зарыгамын, зарыгамын, а бирок сен сезбейсиң. Акын
ОП-170-92. Жаным, Улан, мени кечирчи, менде күнөө, мага чалып койчу? 0700589ххх
ОП-170-93. Нарын шаарындагы байкеме жана жеңеме ысык салам. Эч качан урушпагыла. Батек
ОП-170-94. Келе жаткан 5-июнь досум Азаматтын туулган күнү менен куттуктайм. Үй - бүлөң менен бактылуу бол. Досуң
ОП-170-95. "Обонушка", силерге салам, бар болгула, бай болгула, силер- суперсиңер. Айко
ОП-170-96. Мен дагы сени гана сүйөм, жүрөгүм. Келинчегиң
ОП-170-97. Гүлзат эже, тезирээк айыгып кетиңиз. Эч качан оорубаңыз. 0558148ххх
ОП-170-98. Дүйнөдө сендей жан барбы, ааламда сендей сулуу кыз барбы, жанымда жүрчү менин келинчегим барбы? Мен сени сагындым, алтыным. К. К. Б
ОП-170-99. Сүйүктүү карындашым Даяна, биздин эрке эрмегибиз го. Даяна, жакшы кыз бол. Байкең
ОП-170-100. Сен менин башыма конгон бактымсың, агарып аткан таңымсың. Менин алтыным, жарым, келинчегим, ханзаадам, эркем, уйкучум, тултугум, сүйгөнүм, жүрөгүм, берекем, асманым, эң кымбат сүйүктүү адамым. Мен сени сүйөм. Күйөөң
ОП-170-101. Дордойдо иштеген Саламат жеңеме салам жолдойм. Саламат жеңе, эч качан оорубаңыз, балдарыңыздын урмат-сыйын көрүңүз,- деп Жазгүл.
ОП-170-102. Кой-Ташта аскердик кызматта жүргөн Тима жана Экуга салам. Кызматыңар ийгиликтүү өтсүн. Ар дайым кыргыз элимди коргоп жүрө бергиле. 0556481ххх
ОП-170-103. Урматтуу "Обон" гезити, силерге чоң рахмат, силер-мыкты гезитсиңер, силердин жалпы жааматыңарга ак жол. "АЛГА, ОБОН!" Нурислам 96
ОП-170-104. Самат, мен сени сүйөм! Жанымдан карыш чыксаң эле кызганам. Мени таштабачы мышыгым, сени карап эле олтурсам ыраазы элем. Мышыгың Айнура
ОП-170-105. Мирбек Атабеков, кайсыл арыңа кыйын болуп жатасың? Жылдыз болсоң дагы адамдык сапатыңды жоготпо. Оштон 0555428ххх
ОП-170-106. Россияда иштеп жүргөн атама салам. Ата, качан келесиз, биз сизди сагындык. Уулжан
ОП-170-107. Максат, мен сени сүйбөйм, менин башка жигитим бар, мага чалбачы суранам. 0772438ххх
ОП-170-108. Девид Бекхем жөнүндө жазып койгулачы. Месси
ОП-170-109. Айпери, Айгерим, Каныкей, бактылуу болгула. Окууңарда ийгилик болсун, жолуңар ачык болсун. Ата-энеңер менен бир болуп, бай болгула. К. Ж. К
ОП-170-110. Оттук айылына салам. Болот К. у
ОП-170-111. Мен биринчи кыргыз элиме жана "Обонго" салам айтам, андан кийин "Обондун" окурмандарына салам. Өзгөчө Айнурага анын СМСтери жакты. 0779951ххх
ОП-170-112. Салам "Обон", түшүңдө бирөөнү сүйүп калсаң эмне болот?
ОП-170-113. Сүйбөгөнгө сүйкөнбө дейт экен, болду эми Азамат, мен сага жабышпайм, чалбайм, жазбайм, менин жашоом башкача болот. 0779285ххх
ОП-170-114. Кыргыз элим, жакында Президенттик шайлоо болот, Аскар Акаевди кайра алып келбейлиби? Чынболот
ОП-170-115. Дүйнөдө эмне жаман, сүйгөн жаман, сүйүү отуна түшкөн жаман, сүйүп жүрүп сүйгөнүңө жетпеген жаман. Мен качан сүйүүмө жетем? Айдай 94
ОП-170-116. Мен сырымды кимге айтам, ким менен оюмду бөлүшүп, кимге күлкүмдү арнайм, ким менен жетелешип, ким менен бир болуп калам? Айдай 94
ОП-170-117. Кыргыз-Түрк Манас Университетинде талыкпай эмгектенген алтын апам Рахат Таштемировага, сиңдилерим Венера, Эля, Чынара, кичинекей кызгалдактар Назбийке, Нурай, Медина, Асияларга салам. Баскан кадамыңар гүлгө оронуп, бар болгула,- деп Динара.
ОП-170-118. Кыргыз элим, Талас, ОШ, Нарын, Ысык-Көл, Чүй деп бөлүнбөйлүчү, бөлүнгөндү бөрү жейт дейт кыргызда, ынтымактуу бололучу, ушинтип жүрсөк жок болуп кетебиз. Кыргыз бала
ОП-170-119. Сули менен Руслан шефке салам. Ишиңер илгери болсун. Жакшы иштегиле. Билимбек
ОП-170-120. Алтыным, эч качан жаман ойлобо, мен сен үчүн бардыгын аткарам, менин жанымда сенден башка эч ким болбойт, менин колдоочум сенсиң. Биз бирге бактылуу болобуз. Биз эгиз журөкпүз. Ар бир сени менен өтүп жаткан күндөрүм эч унутулгус. Биз экөөбүз эң кооз, эң ынтымактуу, бактылуу, бай үй-бүлөдөн болобуз. Буйруса, бардык жакшы күндөр алдыда. Мен сени сүйөм, уйкучу келинчегим. Күйөөң
"Обондон" кызыктуу маалымат
ОП-170-121. Эң узун бийиктикке уча алган канаттуу бул-Сип. 1973-жылы 29-ноябрда абада учуп бара жаткан самолёттун астынан 11277 метр аралыкта учуп көтөрүлүп чыккан. Аны бардык самолёттогу адамдар байкашып, ошондо "Гиннес" китебине кирген. Азыркы убакта мындан ашкан рекорд көрүнүш байкала элек болгондуктан, бул чымчык "Гиннес" китебинде дагы деле катталуу.
ОП-170-122. Салам! "Обонушка" менин саламым сүйүктүү сиңдилерим Арапат менен Үмүтайга, ар дайым ден соолукта болушсун. 0778797xxx
ОП-170-123. Кандайсыңар менин эски досторум. Эски дос эстен кетпейт демекчи, мен силерди сагындым. Окуп калсаңар 0554342404 номерине байланышып койгула, силерди аябай сагынган досуңар супер СМСчи Жанусь Роза.
ОП-170-124. "Обон", саламатсыздарбы. "Обон" гезитинин жалпы жамааты, "Кумир менен баарлашууга" Кубаныч Сатаевди качан чакырасыздар? Аябай чыдамсыздык менен күтүп жатам. Супер СМСчи Жануська
"Обондон" жооп: Албетте, сиздин өтүнүчүңүздү орундатабыз.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??