п»ї

  Чак түштөгү тамаша

Нурлан Насип
кайырчы болгондо...
Күндүн ысыгына карабай аз убакыттын ичинде көптөгөн күйөрмандарын топтой алган жаш ырчы Нурлан Насип шаарыбызды аралап, күйөрмандарынын башында жиндерин келтирип, аягында маанайын көтөрүп тамашага салды. Тамаша учурунда чыныгы күйөрмандары болгон акчаларын аябай колдорунан келген жардамдарын көрсөтүп жатышты. Кээ бирлери сүрөткө түшүп, автограф алганга дагы жетишишти. Анда эмесе, баарыңыздар күбө болуп, бир жылмайып коюңуздар.


Нурлан: Саламатсыздарбы!
Мага кичине акча берип турасыздарбы? Анткени, жаңы эле машинамдын майы ушул жерден түгөнүп токтоп калдым. Жол киреге акча керек болуп жатат. Жанымда ашыкча акча жок эле.
Кыздар: Иий, бизде акча жок эле да. Болгону ашыкча 10 сомум эле бар. Мынакей. Биз дагы студентпиз. Бар болсо бермекпиз.
Нурлан: Анда машинамды түртүшүп койбосуңарбы.
Кыздар: Жок, ай.
Нурлан: Машинамды СТОдон оңдотуп алып жүрүп кетсе, кайра силерди үйүңөргө чейин жеткизип коймокмун.
Кыздар: Жок, рахмат. Биз жакын эле жашайбыз.
Кайра бир айланып келип, ал кыздардын 10 сомун тапшырдык. Бул "Обон" газетасынын "Чак түштөгү тамашасы" болчу. 2-күнү гезитти алып окуп коюңуздар десек, боору ооруган кыздар каткырышты.

№260 маршруткага түшүп
Нурлан: Саламатсызбы, байке. Ош базарына чейин ала кетесизби, акчам жок эле?
Айдоочу: Акчаңар жок болсо эмнеге түштүңөр?! Түшкүлө же төлөгүлө!
Нурлан: Болгону майда тыйындар бар экен. Ошону берип турайынчы?..
Айдоочу: Жок, анда түшкүлө дейм!
Нурлан: Бир жолу ала кетиңизчи, байке?..
Айдоочу: (токтоп) Түшкүлө дедим го!
Нурлан: Мына байке, болгон акчам. (Нурлан тыйындарды айдоочуга сунду)
Айдоочу: Мейли, жок дегенде ушул акча болсо дагы ала кетейин эми.
Нурлан: Рахмат байке, бул "Обон" гезитинин тамашасы болчу.
"Анда менин жиним келип жаткандагы сүрөтүмдү эмес, жакшы, күлүп турган сүрөтүмдү тартып алгыла",- деп айдоочу тамашалады.
Андан түшүп, Ош базарынын ичине кирдик.


Нурлан: Саламатсызбы, эже. Мен балмуздак алайын дедим эле, үчтү бересизби? Бирок акчам жок, концертке билет берем.
Балмуздак саткан эжелер: Кайсыл концерт экен?
Нурлан: Бир Нурлан Насип деген ырчы концерт коюп жатыптыр.
Балмуздак саткан эжелер: Качан болот экен? Канчаны аласың?
Нурлан: Карызга бере аласызбы? Мага көп керек эле. 3-4 күндө таштап кетем. Бүгүн концертим болот. Ошого кичинекей балдарга таркатам. Канча болсо дагы, баарын бериңиздер.Бул жерде канча бар?
Балмуздак саткан эжелер: 250дөй балмуздак бар.
Нурлан: Канчадан?
Балмуздак саткан эжелер: 15 сомдон
Нурлан: Баарын карызга берип тура аласыздарбы?
Балмуздак саткан эжелер: Жок, анан силерди кайсыл жактан табабыз? "Залогго" бир нерсе таштагыла.
Нурлан: Бул телефонумду таштайын, бирок иштебейт, боло береби?
Балмуздак саткан эжелер: Кой ай, бизге аныңдын кереги жок. Кечинде концерт канчада башталат? Филармониядасыңарбы?
Нурлан: Жок, Спорт сарайында.
Балмуздак саткан эжелер: Анда мындай кылалы. Биз силер менен барып, анан ошол жактан балмуздакты балдарга таркатып беребиз. Концерт бүткөндө акчасын алабыз.
Нурлан: Бизге азыр 3 штук берип турбайсыздарбы. Жеп көрүп, анан алабыз. Кыргызбыз го эже, бериңиз жеп көрөлү.
Балмуздак саткан эжелер: Акчага эле алып жегиле.
Нурлан: Эже, акчабыз жок.
Балмуздак саткан эжелер: Ушул артисттерде акча жокпу, ээ? Биз деле бир жерден алып келип сатып, балдарыбызды багып жатабыз. Өзүбүздүн заводубуздан чыкпайт да.
Нурлан: Мейлиңиз анда, сатып эле алып жейли. Бул "Обон" гезитинин тамашасы болчу. Соодаңыздар боло берсин.

Нурлан: Жакшы-жакшы көйнөктөрүңүздөн көрсөтөсүзбү?
Сатуучу: Булар бар.
Нурлан: Буларыңыз канчадан, канчага бересиз? Биз оптом алалы дедик эле.
Сатуучу: Мейли.
Нурлан: Бирок арзан, 50% түшүрүп бересизби?Арзан берсеңиз, баарын алат элем. Карызга берип турасың да ээ?
Сатуучу: Ооба.
Нурлан: Мен чын эле айтып жатам. Бул көйнөктү карызга алдым. Анан мени кайсыл жактан табасың?
Сатуучу: Күйөрманыңызмын. Бир көйнөктү сизге белекке берем.
Нурлан: Мына, жарашат бекен? Күзгү менен көрсөм болобу?
Сатуучу: Көрүнүңүз.
Нурлан: Анда алдым. Салып бересизби? Белек болду да, ээ? Рахмат, анда алып кеттим.
Сатуучу: Жок, кичине арзандатып берейин. (Коркуп кетти)
Нурлан: Тамаша. Бул "Обон" газетасынын тамашасы болду.


Нурлан: Салам алейкум, брат. Биз футболка издеп жүрдүк эле. Булар канчадан?
Сатуучу: 550 сомдон жогору.
Нурлан: Кийип көрсө болобу?
Сатуучу: Сен Нурлан Насип деген ырчысыңбы?
Нурлан: Жок, ошого аябай окшоштура беришет. Мындай жарашат бекен?
Сатуучу: Ооба, аябай жарашат экен.
Нурлан: Канчага бересиң?
Сатуучу: Сен тандап ал, анан сүйлөшөбүз.
Нурлан: Бирок менде азыр акча жок болуп жатат. Карызга берип тура аласыңбы? "Залогго" бир нерсе таштайын.
Бул жакты, канча болот?
Сатуучу: "Окончательно" 450 сомго берем.
Нурлан: Баасы канча?
Сатуучу: 550 сом.
Нурлан: 350гө бер?
Сатуучу: Жок, болбойт. Өзүм 390дон алгам.
Нурлан: Концертке билет таштап кетем. Карызга берип тур. Мен көп алам.
Сатуучу: Анда көп алсаң, баарынан "скидка" кылып берем. Бирок карызга бере албайм.
Нурлан: Бул "Обон" газетасынын тамашасы болду. 2-күнү алып өзүңүздү бир көрүп коюңуз.
Сатуучу: (Күлүп ) Анда кел, сүрөткө түшүп коёлу. Балдар, тартып койгулачы.

P.S. Ошентип, Нурлан Насипти тердегенче кайырчы кылдык. Азамат экен, биз берген тапшырманын баарын өз деңгээлинде аткарды.
Келсин Мурадил кызы








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??