п»ї
 Таанышуу жарыясы


"Жигитим мени колдоп турат"
Эки жылдай тыныгууда жүрүп, азыркы убакта чыгармачылыгына толугу менен киришкен, мукамдуу өзгөчө үнү менен көптөгөн күйөрмандарын жоготпой келе жаткан таланттуу ырчы Фарида Карбосова жан дүйнөсүнүн сырларын ачып, акыркы жаңылыктарын бөлүшүп, бизде конокто.


- Акыркы убакта көп эс алууда жүрүп, чыгармачылыктан алыстап кеттиңиз. Анын себеби эмнеде?
- Мен, негизи, эки жылдай такыр иштеген жокмун. Ага себеп тамагым ооруп, үн байламталарымды үзүп алдым. Үнүм жок болуп шыбырап сүйлөп калгам. Анан фонеатрларга барып жүрдүм. Алар: "Көп сүйлөбө, көп сүйлөй берсең үнүң кырылдаган бойдон калып калат",- деп тыюу салышты. Негизи, менин өзүмдө күнөө болуп калды, тамагым ооруса дагы көп көңүл бурбай койдум. Үн менен оокат таап жүргөндөн кийин, менин негизги аспабым да. Анан атайын дарыланып, чөп дарыларды ичип жүрдүм. Көп уктап эс ал деп дагы айтышкан. Анан көп уктай берип, жалкоолукка берилип кеттим. Ошо менен бирге эле арыктайын деп дагы диета кармап жатам. Азыр, кудайга шүгүр, үнүм өзүнүн калыбына келип жатат. Кудай буйруса, билек түрө чыгармачылыкка кириштим десем болот. Андан тышкары, мен газета, теледен түшпөй кечке чыга берип, элди тажатып жибергим келбейт. Элдин артында калбай, алдына чыкпай ортодо эле жүргүм келет. Жанталашканды аябай жаман көрөм.
- Эмне болуп үнүңүздү жоготуп алдыңыз эле?
- Эки жыл мурда жаңы жылдын алдында Назгүл Насиева эже менен чогуу кайрымдуулук 8-9 концертке барып ырдаганбыз. Ошол убакта мен аябай сасык тумоо менен ооруп жүргөн болчумун. Ырдап жатканда оозума муздак аба кирип, ого бетер күчөтүп алдым. Жаңы жыл күнү үнүм чыкпай, сүйлөбөй калдым. Ошондо үн байламтамдан жарака кеткен экен. Ошол убакта эле өзүмдү карашым керек эле. Бирок мен оюма алган эмесмин. Эми бул жерден мен Назгүл эжеге ошол жакка барганда болду деп милдет кылып айтпайм. Суук тийгенден болду деп айтам.
- Бая күнү биз, "Обон" гезити, бойдоктор парадын уюштуруп, сизге: "Эмне үчүн бойдокчулук менен коштошпой жүрөсүз?"- деп суроо узаттык эле. Ошондо мал багып колум бошобой жүрөт деп жооп бергенсиз. Чындап эле мал багып жатасызбы?
- Бул менин жадаган акыркы жоопторумдун бири. "Качан күйөөгө тиесиң?"- деген сөздөн тажагам. Анан мен азыр жашмын деп, же картайдым деп деле айткым келбейт. Кыздын барар жери күйөө дейт, буйруган бир күнү турмуш курам. Ал эми мал багып, жер иштетем дегеним чын. Малды өзүм бакпайм, аны акчасын төлөп бактыртам. Жерди иштеткенге дагы акчасын берем. Алар калганын өзүлөрү бүтүрүшөт. Күзүндө баарын жыйнап алам. Эми аны күйөөгө тийбей жүргөнүмдүн себеби деп айтпайм. Күйөөгө тийип алып деле аны аткарып жүрө берсем болот. Быйыл тием деп айтып, калпычы болгум келбейт.
- Учурда жигитиңиз барбы?
- Жигитим бар. Ал менин чыгармачылыгымды колдойт. Ысык-Көлдүн кулуну болот. Менин продюсерим деп айтсам дагы болот. Кээ бир кыздардын жигиттери кызганчаак болушат го. Мисалы, кыска кийбе деп тыюу салат. Ал эми меники, тескерисинче, сен сахна адамы болгондон кийин арыкташың керек дейт. Жигитимдин жардамы менен арыктап жатам. Учурда бажы кызматкери.
- Малыңыз көбөйүп жатабы?
- Жылына жайлоого барып малымды көрүп, түгөлдөп, ырымдап, бир кой союп эс алып келем . Буйруса, жакында сүт ичкени жайлоого кетип жатам. Малым көбөйүп жатат.
- Кандай мал бактырып жатасыз?
- Кой, уй, торпок бактырып жатам. Каймак сүттөр көп. (Күлүп)
- Эч кимде жок жеке иш менен алек болот турбайсызбы?
- Муну айтпайын дедим эле, мейли эми бир сырымды ачтым. Өзүм негизи, малдан тышкары косметика саткан дүкөн ачсамбы, же кийим тигүүчү цех ачсамбы деп ойлогом. Бирок аны ойлонуп көрсөм, мага жарашпайт экен. Ойлоп көрсөм анын проблемалары дагы толтура экен. Ошону үчүн аларды баштаган жокмун.
- Продюсериңиз жок иштөөгө кыйын болбойбу?
- Продюсерим жок. Бирок экинчи энем болуп калган Алина Жетигенова эженин жардамы менен көп нерсеге жетиштим. Ал мени 17 жашымда өзүнө кошуп, ошол күндөн ушул күнгө чейин көптөгөн чыйыр жолдорду ачып берди. Ал эже менен чогуу жүрүп, кайсыл жерде эмне кылышты, барды-жокту, жаман-жакшынын баарын ылгап калдым. Алина эже менен иштешкениме быйыл 13 жыл болуп жатат.
- Алина эже менен азыр кандай мамиледесиз?
- Алина эже менен дагы деле иштешем. Мен көп жыл анын үйүндө жашадым. Алина эжени мен сыйлаган энем десем дагы болот. Андай аялдар Кыргызстанда чанда кездешет. Анткени, мен Алина эжеден сабырдуулукту, кийингенди, ыр тандашты үйрөндүм. Жакында Алина эже концерт берейин деп жатат. Ошол концертинде Алина эженин колуна кол, бутуна бут болуп, колумдан келген жардамымды бергенге аракет кылам. Алина эженин ушунчалык жүрөгү таза адам. Бирөөгө бир катуу айтпайт, бирөөнү бир ушактабайт. Бир дагы жаман жерин көргөн жокмун.Ошол үчүн ушул убакка чейин Алина деген аты булганбай сакталып турат. Учурдан пайдаланып экинчи энеме ыраазычылык билдирип кетким келет. Өмүр бою салам берип, алдында кызмат кылганга ар дайым даярмын.
- Бир убакта Мирлан Жетигенов экөө үйлөнөт экен деген сөздөр чыгып кетти эле. Ошол сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Бул ушак эмес. "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" дейт. Мен Мирлан байке дебей, Таластыктарча аке дечүмүн. Анан Мирлан акенин үйүндө дагы жашап калдым. Ошол жашап жүргөн күндөрдүн биринде Мирлан акеге бир журналист кыз чалса, телефонду мен алдым. "Сен кимсиң?"- дейт, анан мен эч нерсе билбей эле "Фаридамын",- дедим. Анан коюп салган. Кайра чалганда Мирлан аке өзү алса: " Жанагы ким?"- деп сурап жатпайбы. "Фарида" десе, "Чогуу жашап жатасыңарбы?"- дептир. "Ооба, биз үйлөнгөнү жатабыз",- деп тамашалап айтып койгон. Ошо менен эле ал сөз таркап кетпедиби. Анан Мирлан аке тамашалап: "Кел, экөөбүз үйлөнүп алабыз",- деп жүрдү. Ошо менен ушул сөз дайыма айтылып, токтобой койду. Мирлан аке менин бир туугандай байкем. Дайыма сыйлайм, урматтайм.
- Сиз бизге, бойдоктор бурчуна чыкканда Мирлан Жетигенов дагы чыгып, мен сүйлөшкөн кызым менен жашап жүрөм деп айтты эле. Ошол сизди айткан жокпу?
- Мен дагы окуп, анан мына мени айтып жатат деп жигитиме көрсөтүп тамашалагам. Ал болсо: "Эй, эмне дейсиң?"- дейт. Тамаша дедим. Ачыгын айтканда, тийсем тийип эле алам, анын эмнеси бар экен. Тамаша. (Күлдү) Тамаша түрүндө ушул газета аркылуу айтып коёюн. Мирлан байке, мени алыңызчы деп. Тамаша.
- Шоу чөйрөсүндөгү адамдардан көңүлүңүз калып, таарынган учуруңуз болду беле?
- Жакында эле көңүлүм калып азыркыга чейин нааразы болуп жатам. Рустам деген бир бала "Сени катып алмакмын жүрөгүмө" деген менин ырымды ырдап алыптыр. Ал негизи менин деле ырым эмес болчу. Бирок автору мага ырда деп берген. Анан биринчи менин "Жүрөгүмдүн өтүнүчү" деген ырымды ырдап чыкканда, мейли эми жакса ырдай берсин десем клип тарттырып салды. Анда дагы мейли дедим. Анан чалып айттым: "Ай, сен ырдап, ага кошуп клип тарттырып салгансың го"- десем,ал: "Эмне болуптур, мен дагы сиздин "Кайда элең" деген ырыңызды ырдайын деп жатам",- дейт. "А эмнеге сен мен ырдаган ырларды ырдайсың?"- десем, кайра: "Мага жагып, автор берип жатса ырдайм да",- дейт. Көрсө, ошол менин ырымдын авторунун баласы Рустамга сөз берип койгон экен. Анан мен авторго чалсам, ал айтат: "Балам айтып коюптур, эми аны ырдай берсин, башка ырларыңа тийишпейт",- деп. Биринчи ырымды ырдаганы аз келгенсип, экинчи ырымды ырдап жатат. Ырдаса дагы кичине жеткире ырдаса болмок. Өзү ырчы болгондон кийин өзүнүн ырлары жокпу? Менин ырдаган ырларым менен популярдуу болуп жатат. Ушунчалык ырчы болгусу келсе, башка ырларды жаратып популярдуу болбойбу? Бирөөдөн кийин бирөө ырдаганда эч качан ийгилик жаралбайт. Мен бул сөз менен аны жаман айтып шыбагым келбейт. Мен жакшы ырдадым деп дагы айткым келбейт. Болгону башка ыр калбай калгансып ырдаганы мени өкүндүрөт. Мен бул жерден ыр талашып жаткан жокмун, ыр толтура. Жакшы ыр жаздырып, эч качан бирөөнүн ырларын талашпагыла деп айткым келет.


Келсин Мурадил кызы







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??