п»ї

  Шыр маек

Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министри Нурланбек Шакиев өлкөбүздүн маданияты жана министрдин маданиятка болгон көз карашы боюнча кенен маек куруу менен бирге кээ бир "имиш" сөздөргө жооп берип өттү.

Нурланбек Шакиев:
"Менин досторум "чоңдор" эмес, карапайым адамдар"

- Кесибиңиз экономист болуп туруп, журналистикага кандайча аралашып, "Обон" гезитине кандайча келип калдыңыз эле?
- Мен биринчи курсуман баштап гезиттерге турмушта болуп жаткан жагдайлар боюнча ой-толгоолорумду жазып жүрчүмүн. Гезиттерге чыккан макалаларыман улам, журналистикага кызыгып кеттим. Журналистикадагы алгачкы иш кадамымды "Обон" гезитинен баштагам. 19 жашымда "Обонго" редактордун орун басары болуп барып, редакторлукка жеттим. Мен барганда гезиттин нускасы 7-8 миң болчу, барып нускасын 25 миңге чыгаргам. Кийин "Учкун" деген гезитти негиздеп, редактор болуп иштедим. Ал жакта бир канча убакыт иштегенден кийин, 22 жашымда "Эркин-Тоого" барып, башкы редактор болуп 5 жыл эмгектендим. Ал жактан оппозицияга кетип, 2005-жылкы революциядан кийин "Эркин-Тоого" кайра келдим. "Эркин-Тоону" оңдодук. Андан кийин Президенттин биринчи жардамчысы, пресс-катчысы, кеңешчиси болдум. Ортодогу пикир келишпестиктерден улам Президенттин уулу Максим менен урушуп кетип, ал жактан кетип калдым. Ал жактан чыгып, бир жарым ай жумушсуз жүрдүм. Андан кийин ЭлТРге гендиректор болдум. Каналды спутникке чейин чыгарып, бир топ жакшы иштерди жасап, 7-апрелдеги окуялардан кийин ал жактан да кетип, сегиз жарым ай ишсиз жүрдүм. Анан кудайдын буйругу министр болдум.
- Кайсы гезиттин такай окурманысыз?
- Мен телевизор көрбөйм, бир да гезит окубайм. Кабинеттеги телевизорду иштетпегениме бери дегенде эле эки ай болду. А мага керектүү маалыматтын баарын интернет булактарынан алам.
- Эмне үчүн гезит окубайсыз?
- Гезиттердин он пайызы гана чын болбосо, дээрлик 90 пайызы ушак. Ошондуктан, окугум келбейт.
- Анда убагында сиз да ушактарды жазып жүрчү экенсиз да?
- Жок, биз жалаң гана тастыкталган маалыматтарды кетирчүбүз. Анткени, биз иштеп жүргөндө ар бир ушакка жооп берчүбүз. Ал убак башка. Акыркы төрт-беш жылдын аралыгында журналисттерде жоопкерчилик деген жоголду.
- Буга ким күнөөлүү деп ойлойсуз?
- Буга, биринчиден, журналисттер өздөрү күнөөлүү. Себеби, алар жазып атканда жоопкерчиликти сезбестен, билип-билбей жаза беришет. Мен жаңы Маданият министрлигине келгенде бир гезит: "Алыкул Осмонов ким экенин билбеген адам министр болуп келди",- деп жазып чыккан. Мени түшүмөн ойготсо, бери эле дегенде Алыкул Осмоновдун төрт ырынан экиден куплет айтып берем. Ушундай маалыматтарды окугандан кийин кантип гезит беттерин барактагың келет? Мурда гезиттин агартуучулук милдети жакшы болгон. Коомдогу бир топ нерселерди ашкерелеген. Гезитке жазардан мурун он жолу текшерип туруп жазган.
- Эң акыркы жолу кайсы театрда болдуңуз?
- Акыркы жолу 24-март күнү "Тунгуч" театрында "Ханышанын көз жашы" деген спектаклди көрдүм. Кечээ Кореяга барганда, Сеулда эки чоң концертке бардык. Андан кийин келип Бек Борбиевдин концертине барып көңүлүмдү ачып келдим. Кызматта жүрөмбү, кызматта болбоймунбу, өзүм каалаган учурда концерттерге барып турам. Мунун менин министрлигиме эч кандай тиешеси жок.
- Бексултан Жакиев, Мар Байжиевге окшогон улуу драматургдардын кайсы драмасы сиздин жүрөгүңүздөн түнөк тапкан?
- Бексултан Жакиевдин "Атанын тагдыры" деген драмасындагы Жеңишбектин образы бизди бала кезден бир топ чыйралтты. Жеңишбектин образы аркылуу Ата Мекенге, эл журтка болгон сүйүүлөр күч алып, патриоттук сезим ойгонгон. Мен 4-5-класста окуп жүргөндө "чыйрак бала" деп мектептин мугалимдери мени Жеңишбектин ролун ойноткон. Өткөндө Бексултан Жакиевге жолугуп:"Мен "Атанын тагдырында" Жеңишбектин ролун ойногон элем" - десем,ал: "Маданиятка болгон шыгың ошондо эле башталган турбайбы", - деп күлүп калды.
- Ырчылардын: "Театрлардын акустикасы начар, жандуу үн менен ырдаганга таптакыр мүмкүнчүлүк жок", - деп даттангандарын угуп жүрөбүз.
- Биринчиден, театрда концерт койбош керек. Театр эч кандай музыкасы жок, жандуу үн менен спектаклдерди коё турган жай болуп эсептелет. Ал спектакль үчүн театрдын акустикасына ылайыкталып жазылган музыкалары бар. Анан, албетте, ошондой театрларга концерт койсо, үндөрү башкача угулат. Алардын үнү тунук угулуш үчүн эстрадага атайын ылайыкталган, кубаттуулугу абдан мыкты аппаратуралар керек. Ал үчүн атайын концерттик залдар болушу шарт. А биздин мамлекетте азырынча концерттик залдар курула элек. Филармония деле бир тармактуу.
- Жан дүйнөңүздү байытуу үчүн кандай адабий чыгармаларга көз жүгүртөсүз?
- Менин жан дүйнөм эч качан жарды эмес. Кудайга шүгүр, китеп, гезит окубай деле өзүмдүн ички жан дүйнөмдү байытуунун азыктары бар. Мисалы, мен ыр жазбасам да жакшы ырдайм, анча-мынча музыкалык аспаптарда ойной алам. Мен жакшы адамдар, улуу муун, жаштар менен баарлашып, пикир алышкым келет. Мен министр болгончо 8 ай жумушсуз жүрдүм. Ошондо дүйнөлүк тарыхый тасмалардын бир тобун көрүп чыктым. Ч.Айтматовдун "Тоолор кулаганда" деген чыгармасын бир жолу окуп түшүнгөн жокмун. Экинчи жолу окуганда бир аз түшүнгөндөй болдум.
- А дүйнөлүк адабиятчылардан кимдин чыгармасын баалайсыз?
- Шекспирдин чыгармаларынан тартып, Толстой, Шолоховдун китептерине чейин окудум. Дүйнөлүк жана кыргыз адабиятындагы бир топ чыгармаларды мектепте, студент кезде эле окуп койгом.
- Акыркы тартылып жаткан кинолордун сапаты, сюжети начар болуп жатат. Мурун, Совет доорунда, Маданият министрине жаккан тасмалар гана кинотеатрларда көрсөтүлчү экен. Сурайын дегеним, азыркы кинолор сиздин сыныңыздан өтүп жатабы?
- Бизден эч кандай өткөрүлбөйт, лицензия да алышпайт. Кино бөлөк тармак. Өкмөттүн алдында атайын кино агенттиги бар. Бүгүнкү күндө "Свет акеге" окшогон кинолорду айга-күнгө теңеп жатышпайбы. Кыргыздын жалаң жаман жактарын, сөзсүз эски тамдарды чагылдырып, суунун жоктугун, таштектерге жуунган учурларды, аркада калган эл кылып көрсөткөн эмне деген жорук? Мен буга баш отум менен каршымын. Мындайга жол бербешибиз керек. Эмне үчүн кыргыздын жакшы жагын көрсөтпөшүбүз керек? Ошол эле, "Беш кемпирди", "Боз салкынды" алсак, качан эле кыргыздын аялы "Боз салкындагыдай" күйөөсүн баса калып, калпагы менен сабачу эле?
- Мен көңүлүм жайдары кезде А.Иманалиеванын "Кызыл гүлүн" кыңылдап ырдап калам. Өзүңүз да жакшы ырдайм деп кетпедиңизби. Көңүлүңүз жайдары кезде кимдин ырларын кыңылдап ырдап каласыз?
- Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев, Болот Токтобаев, Бек Борбиев, Айбек Карымовдун ырларын ырдап жүрөм.
- Өзүңүздүн чыгарган обондоруңуз да болсо керек?
- Жок, кудай сактасын, мен обон чыгарбайм.
- Өткөндө бир саясий гезитте сизди "чиновниктер менен жүргөндү жакшы көрөт, чоңчул адам" деп жүрдү эле. Ушундан улам, карапайым адамдар сизге жакпайбы деген суроо пайда болуп отурат?
- Биринчиден, ким мени жакындан тааныган болсо, ошондон сурагыла. Мен өзүм карапайым үй-бүлөдө чоңойгондуктан, өзүмдү карапайыммын деп эле эсептейм. Жети бир туугандын бешинчисимин, айылда эле чоңойгом, ата-энем кара жумушчулар. Анан мен кантип чоңдор менен жүрөм? Туура, кызмат абалыңа байланыштуу, чөйрөңө жараша чоңдор менен да достошосуң, чоңдор менен да мамиле кыласың. А журналисттер менин карапайым адамдар менен достошконумду көрбөйт да. Менин чоңдорго караганда, карапайым адамдардан досторум да, туугандарым да көп. Себеби, мен ак сөөктүн баласы эмесмин.
- Сиз Маданият министрлигине жаңы келгенде маданият кызматкерлери "Нурлан Шакиев кетсин" деп кыйкырып чыгышты деп угуп калдык эле. Алардын оозун кантип жаптыңыз?
- Ушул жерден тактоо иретинде айтып коёюн, "Нурлан Шакиев кетсин!" - деп бир да маданият кызматкери чыккан эмес. Тескерисинче, "Садык Шер-Нияз калсын" деп чыгышкан. Алар "Министрликке маданиятты түшүнбөгөн коррупционер келет", - деп угушкан экен. Ошондо кыйкырып чыккан адамдар кийин мага келип: "Биз сени келет деп билген да эмеспиз, 4-5 адамдын атын атап, ушулар келет дегенден кийин, биз: "Садык Шер-Нияз калсын, жакшы иштеп жатат", - деп кыйкырганбыз дешти. Мен Маданият министрлигине келеримди эки саат калганда билгем.
- Ырдагандан тышкары куудулдук жайыңыз да бар деп уктум эле. Куудулдук өнөр сизге кимден берилген?
- Таекелерим адамдарды туурап, күлдүргөн кишилер болгон. Апам өзү деле кишилерди жакшы туурачу. Апам карапайым тамекичи болгону менен, китептерди көп окуп, башынан "Ала-Тоо" журналы түшчү эмес. Куудулдук өнөр мага апаман, таекелеримен берилсе керек. Мен мактанбайын, бирок эркек жигиттин колунан эмне иш келсе, ошонун баарын кылам. Комуз, кашык, ээр чабам, чач тегиздейм, дыйканчылык кылам, сүрөт тартам, ырдайм, аспаптарда ойнойм, сууда сүзөм, мушташам. Бардыгы колуман келет.
- Сиз пресс-катчы болуп жүргөндө Курманбек Бакиевге келген адамдарды туурап берсеңиз, анын боору эзилип калчу дешет.
- Мен антип кирип-чыккан кишилердин баарын туурап берип отургандай, Бакиевдин жеке артисти болгон эмесмин. Бирок иш сапарлары менен сыртка чыгып калганда, чай ичип отурганда, анча-мынча күлдүрүп, анекдот айтышып калчубуз. Жумуштан сырткары бардык эле жерде андай учурлар болот да. Ошондой учурларда айтып калчумун. Бакиев гана эмес, ошол жерде отургандардын баары күлүп калышчу.
- Курманбек Бакиев маанайы түшүп турган кезде, Нурлан Шакиевди чакырчу деп жүрүшөт. Бакиевдин маанайын кантип жазчу элеңиз?
- Бакиевдин маанайы чөккөндө, анын маанайын көтөрө турган "клоуну" болгон эмесмин. Кантип эле бир адам, өзүнүн көңүлүн көтөрүш үчүн бир адамды чакырат?
- "Сөзгө чебер, адамдар менен жакшы тил табышат. Бакиев менен да жакшы тил табышып кетип, С. Жапаров, К. Ташиев, А.Келдибековдор ишсиз калып:"Бакиевден иш сурап бербейсиңби?" - деп кайрылганда, аларды Бакиевге сүйлөшүп, жумуш таап берген. Эми алар бийликке келгенде ыраазычылык иретинде ага Маданият министрлигин бериптир", - деген сөзгө да тактоо алгым келип жатат?
- Мен аларга жумуш таап бергидей "отдел кадр" же администрациянын жетекчиси болгон эмесмин. Сиз айткан үч жигит: "Сен Президенттин жанындасың, пресс-катчы болуп кирип-чыгып жүрөсүң. Мүмкүн болсо бизди кабыл алдырып койбойсуңбу?" - дешкенинен, жөн гана макул деп, Президентке айткам. Президент үчөөнү кабыл алган, болгону ушул .
Төлөбүбү
Касымалиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??