обон пресс
Макелек Өмүрбай Жаныбек Жанызакка "Манас" эпосунун чоң топтомун белек кылды
Кытай Шинжаңдан чыгуучу "Тил жана котормо" журналынын башкы редактору, профессор, филология илимдеринин доктору, "Манас" эпосун изилдөөчүлөрдүн бири Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу Жаныбек Жанызакка салмагы сайдын ташындай болгон "Манас" эпосунун чоң топтомун салып жибериптир. Андай китеп жөнөкөй адамдарга бериле бербесе керек, Жаныбек мырзаны кыргыздын мыкты калемгери катары баалаганы үчүнбү,айтор, тээ алыскы Кытай өлкөсүнөн салып жиберген экен, Жаныбек мырза Таластык эмеспи, биздин гезитке мактанып көтөрүп келиптир. Жаныбек Жанызакты алыскы Кытай өлкөсүнөн барктап атса, көңүлүң жылыбай койбойт экен. Кыргыздар Кыргызстанда эле болбосун дүйнөнүн төрт бурчунда туруп алып, "Манасты" даңктаганы, албетте, эң мыкты көрүнүш деп эсептейбиз.


Болот Шердин "Ата Мекен" партиясынан чыгуусуна эмне себеп болду?
Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Болот Шер эмне үчүн генерал-лейтенанттык наамдан баш тартканын негиздеп, кайрылуу таратты. "Мезгил - сот, эл - күбө" деп атаган кайрылуусу аркылуу ал июнь коогасын иликтөөгө алган депутаттык комиссия Отунбаевага аны генерал-лейтенанттык наамын кайтарып алууну сунуштаганын билдирет. Шер комиссия курамына кирген кээ бир депутаттар бул маселеде соодалашууга чейин даяр экендиктерин ачыктады. Шердин айтымында, айрым депутаттар ал мүчөлүктө турган "Ата Мекен" партиясынан "Ак Жол" партиясына байланыштуу жоопкерчилик тууралуу сөз кылбоону сунушташкан. "Мен партиялаштарымдын колун байлагым келбейт, бул себептен генералдык наамдан баш тартып, партиядагы мүчөлүгүмдү токтоттум"- деп жазат Болот Шер.




Коом
Кыргызстанга 100 миң тонна күйүүчү жана майлоочу май келет
" Кыргызстан Нефтитрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеев билдирди. Анын айтымында, бул былтыр ташылып келинген көлөмдөн 25% көп. Маалыматка ылайык, 3-5 айдан кийин гана күйүүчү жана майлоочу майга болгон баа түшүшү ыктымал. Ассоциация баалардын өсүшүн Орусиядан бензин кымбат келип жатканы менен түшүндүрүүдө. Акенеев майлоочу май Кыргызстанда 1-1,5 сомго кымбаттаарын, бирок таңсыктык болбой турганын кабарлады. Жакында Орусиядан дагы 10-15 миң тоннага жакын май келиши күтүлүүдө. Монополияга каршы мамлекеттик агенттик бир аптада Аи-80 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 30 тыйынга, Аи-92 үлгүсүнүкү 40 тыйынга чейин көтөрүлгөнүн билдирүүдө. Ал эми дизелдик отундун баасы 20 тыйынга чейин жогорулаган.

Ири ишканаларга электр кубаты үчүн баа жогорулашы мүмкүн
Кирешеси чоң ири ишканалар, сауна жана казинолорго электр кубаты үчүн тариф жогорулашы мүмкүн. Буга байланыштуу Энергетика министрлиги иштеп чыккан мыйзам долбоору парламентте жактырылып, Президенттин кароосуна жөнөтүлгөнүн Энергетика министринин орун басары Автандил Калмамбетов билдирди.
Америкалык Tetra Tech компаниясы Кыргызстанда өзүнүн изилдөөсүн жүргүзүп, электр энергиянын өздүк баасы 1 сомдон 2,3 сомго чейин өсүшү мүмкүн экенин айткан.


  крим

Камчы Көлбаев АКШнын кара тизмесине кирди
Көлбаевди АКШ Президенти Барак Обама дүйнөдөгү эң ири "Маңзат королдору" аттуу кара тизмеге кошту. "Мыйзамдагы ууру" деген криминалдык наамы бар бул жаран Кыргыз мамлекетинде да издөөдө жүрөт. АКШнын Президенти Барак Обама дүйнөдөгү эң кооптуу делген "маңзат королдорунун" тизмесине жети адамды кошту. Бул ирет дүйнөлүк деңгээлдеги "маңзат королдорунун" катарына жетөөнүн бири болуп кыргыз жараны Камчыбек Көлбаев да кирди. Берки алтоонун экөө Мексика, дагы экөө Кения, бирөө Ооганстан, дагы бирөө Колумбия жараны.
АКШ мыйзамдарына ылайык, эгер Америкадагы банктарда бул тизмедеги жарандардын эсептери пайда болсо, алар дароо тоңдурулат. АКШ жарандарына жана компанияларына бул тизмедеги адамдар менен кызматташууга, алыш-бериш жасоого тыюу салынат. Эски совет чөлкөмүндө Камчы Көлбаев бул кара тизмеге кирген алгачкы адам. Кыргызстанда болсо ал "кримчөйрөнүн ана башы", "мыйзамдагы ууру" катары таанымал.


  спорт

Эрежесиз күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы 7 медаль менен кайтышты
Эрежесиз күрөш боюнча Эл аралык мелдеште Кыргызстандын балбандары 7 медаль менен кайтышты. Бул боюнча Күрөш Федерациясынын президенти Эмил Токтогонов билдирди. Анын айтуусуна караганда аталган эл аралык турнир Казакстандын Алматы шаарында болгон. Кыргыздын балбандары 1 алтын, 4 күмүш, 2 коло медалга ээ болушту. Алтын медалды Актилек Жумабек уулу алса, күмүш медалдар А.Жолдошбай уулу, А Үмөталиев, А.Бецков жана Г.Шерматовдорго буюрду. Ал эми коло медалды С.Аширов алды.


Президент Роза Отунбаева Венгрияда
6-июнда, Кыргызстандын Президенти Роза Отунбаева Венгрия Республикасына болгон расмий иш сапарын баштады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрүп, бизнес-форумдун ишине катышып, Кыргыз-Венгр достук коомунда болушу күтүлүүдө. Ошондой эле, Венгриянын көрүнүктүү илим жана маданият ишмерлери, Венгриянын парламентинин Борбордук Азия жана Европарламент депутаттары менен достугу тобуна мүчө депутаттар менен жолугушуусу пландаштырылууда. 7-июнда, түштөн кийин Р.Отунбаева Австрияга Европа жана Борбордук Азия боюнча Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумга катышуу үчүн жумушчу сапары менен келүүсү күтүлүүдө.


  Дүйнө

Салех өлкөдөн чыгып кеткенине каршылаштары курсант
Йемен бийлигине каршы тараптар Сана шаарында Президент Салехтин өлкөдөн чыгып кетишин майрамдашты 3-июнда Йемен бийлигине каршы күчтөр хансарайга ракеталык сокку уруп, анда Президент Али Абдулла Салех жараат алган. 4-июнда ал жараатын айыктыруу үчүн Эл-Риадга жол тартканы кабарланган. Бийликтин каршылаштары муну дароо эле жакшылыкка жоруп, Сана шаарынын борбордук аянтына майрам уюштурушту.
Мындай маанайды коштогон жергиликтүү тургундардын бири Рейтер агенттигине буларды айтты: "Апаат болуп атат. Анын кетип атканына мен өзүмдү бактылуу сезип атам. Ал Таизди каршылаштырып койду, ошон үчүн кетип атаn. Ал - киши өлтүргүч, ошон үчүн жазасын алып атат. Анын кеткени өлкөгө жакшы болот".
Айрым маалыматтарга караганда Йемен Президенти менен Эл-Риядга үй-бүлөсүнүн 30дан ашык мүчөсү, парламент төрагасы, премьер-министр кошо кеткен. Ал эми Санада уулу Ахмад менен эки жээни коопсуздукту көзөмөлдөп жатышат. Президент бир нече күндө кайра кызмат ордуна кайтып келет деген божомол бар. Рейтер агенттиги болсо Салехке операция жасалып, төшүнөн снаряддын сыныгы чыгарылганын жазды. Marib Press агенттигинин жекшембидеги кабарына караганда, Йемен Президентинин ахыбалы оор.
Ооганстандан америкалык аскерлер акырындык менен чыгарылат
АКШнын Коргонуу катчысы Робертс Гейтс аскер чыгаруу акырындык жана жоопкерчилик менен чыгарылышы керек деди. Гейтс Ооганстандын түштүгүндөгү Хелманд дубанындагы аскер турагына келгенде сүйлөдү. Анын айтымында, АКШнын администрациясы ишти Ооганстанда аскер кармаган союздаштар карбаластап, шашылып калбагыдай таризде жүргүзүлүшү зарыл. Президент Барак Обама аскер чыгаруу тууралуу чечимин келерки айда жарыялашы керек.
Йемендиктер Президентинин өлкөдөн чыгышын майрамдашты
Йемендиктер Сана шаарындагы Тахрир аянтында Президент Али-Абдулла Салехтин өлкөдөн чыгып кетишин майрамдашты.
Кечээ Йемен Президенти Али Абдулла Салех дарыланганы Сауд Аравиясына кеткен. Салех 3-июнда хансарайга урулган ракеталык соккуда жараат алган. Салех Эн жарды өлкө саналган Йеменди 30 жылдан бери башкарып келатат.
Ушул эле күнү АКШ Президенти Барак Обаманын терроризмге каршы күрөшүү иштери боюнча жардамчысы башкы командачылык милдетти убактылуу алган Йемендин вице-президенти Абд-Раббу Мансур Хад менен жолугушканы кабарланды.

Бир бүркүм маалымат
Нарын шаарындагы мектеп мугалимдери бүгүн облустук акимчиликтин алдына нааразылыкка чыкты. Мугалимдер категория алынып калып, маяна аз чыгып калганына нааразылык билдиришти. Болжол менен нааразылыкка шаардагы ар кайсы мектептерден жалпысынан 500 чакты мугалим чыкты.
Кыргызстан элдеринин ассамблеясы курултай өткөрөт
Курултайды колдоо тууралуу буйрукка өлкө башчысы Роза Отунбаева кол койду. Буйрук менен курултайды уюштуруу комитетинин курамы бекип, комитетке кезексиз VII Курултайдын иш-чара планын иштеп чыгуу милдети жүктөлдү. Курултайды уюштуруу иштерине Президенттик Аппараттын Этника, диний саясат жана жарандык коом менен алака түзүү бөлүмү көзөмөл кылмакчы. Курултай 17-июнга белгиленүүдө.
Нарында Жапон борбору ачылды. Бул тууралуу Сагын Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштар бөлүмүнөн "Азаттыкка" кабарлашты. Маалыматка ылайык, жаңы ачылган бул борбордо каалоочулар жапон тилин үйрөнүшмөкчү. Андан сырткары, борбор аркылуу облуска долбоорлор тартылат. Борбордун ачылыш аземине Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Маруо Син, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана университеттин мугалимдери, студенттери катышты.

P.S. Маалымат интернет булактарынан алынды