п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Төшөк маек

Аскат
Сулайманов:
"Анын канча "ойношу" бар, изилдеш керек…"
Бул актёрду көргөндө "Троя" тасмасындагы Голливуд актёру Эрик Бана экөөнүн окшош жактарын байкайсың. Кыргыз киносу болобу, же спектакли болобу, өз орду бар актёр Аскат Сулайманов менен маек.

- "Кара жолтой" тасмасынын элдин психикасына күчтүү таасир бергенинин себеби, актёр Назым Меңдибаиров маньяктын образын жеткиликтүү аткаргандыгында. Ал эми "Күүгүм" тасмасын кыргызчалатып тартса, вампирдин образын аткарат белеңиз?
- Аткармакмын, эми актёр болгондон кийин баарына көнөсүң да. Биринчиден, ошол тасманын режиссёру ким кайсы ролго татыктуу өзү чечет. Актёр менен режиссёрдун ортосундагы ою шайкеш келгенде, бир роль жаралат. Эгер мага сунуштаса, вампирдин жашоосун чагылдырууга бүт дитимди жумшамакмын.
- "Айыл өкмөтү" тасмасында аял десе жантыгынан жата калган образды жараткансыз, сизге айтылуу Жакомонун образын берсе, кандай чагылдырат элеңиз?
- Трагедияга караганда "көйрөң" мырзанын ролун ачып бериш мага оңой. Эми жеңил ойлуулукту даңазалап, ал каарманды бүт жагынан ачып бериш актёрдун иши деңизчи, кантсе да ошол образды жеткире ача билиш керек. Ал үчүн Жакомонун тарых-таржымалынан кабардар болушум абзел. Анын канча "ойношу" болгонун изилдеш керек. Мисалы, азыркы жаш балдардын баары Жакомо болуп жатпайбы. Кыздар киндиги көрүнгөн өтө ачыктарды кийинип алса, кимдин болбосун көңүлүн эрксизден бурдурат да. Биз ошол образыбызды кадимки жашообуздан эле табабыз. Менин оюмча, Жакомо кыз-келиндерге тийишкен эмес. Тескерисинче, аларды өзүн сүйдүрө билүү касиети бар.
- "Айтпаңыз антип жүрөгүм ооруйт дебеңиз" аттуу ыр саптарындай, ашыклыкта жүрөгүңүздү ооруткандар көп болдубу?
- Мектепте окуп жүргөндө балалык сүйүү болгон. Алматыга тапшырып окуп калганымда курсташым Элмира Чокморова деген ай чырайлуу кызды көрөр замат ашык болгом. Анын кесиби да актриса, азыр Муса Жангазиев атындагы куурчак театрында эмгектенет. Ошол убакта мени жүрөк дарты кылып, биротоло сезимимди уурдап, ак кептердей кайкып учуп туруп алды. Тагдыр экен, азыр 5 баламдын асыл энеси, менин сүйүктүү жарым болуп калды.
- Мырзанын кара торусу, кыздардын жүрөк оорусу,- деп бекеринен айтылбаган чыгар. Азыркыга чейин сизди кумир туткан күйөрмандардан кур эместирсиз?
- Билбейм.(Күлдү) Эл оозуна алынып калган соң, кумир туткан күйөрмандар пайда болот экен. Кайдан-жайдан экенин билбейм, телефон номериңди жазып алганга үлгүрүшөт экен. "Жолугалы"-деп чалып калышат. "Кечиресиңер, биз андайга бара албайбыз",-деп кутуласың.
- Атагы таш жарган тарыхый баатырлар ажарлуу, кумар көз айымдарды көргөндө алсыз болушат деп коюшат, сиз азгырыкка оңой арбаласызбы, же эркиңиз күчтүүбү?
- Эми көп жерде андайга кабылбаганга аракет кылабыз. Менин 5 балам бар. Андай ойноп-күлгөн убактан өткөнбүз.
- Дүүлүккөн эркек жагымдуу жыттанат деп коюшат, сиз дүүлүккөндө өнөктөшүңүздөн кандай сөздөрдү эшитесиз?
- Менин жашоом деле элдикиндей эле. "Алтыным, жаным" деген жагымдуу сөздөрдүн шыбышын угам.
- Аялзатына көбүнчө эрининен эмес, алкымынан өпкөн майдай жагарын сексопатологдор далилдешиптир, сиз жубайыңызды кантип элжиретесиз?
- "Сүйгөнүм менин, балдарымдын апасы" деп элжиретем. Кишини уялтасыңар да.(Күлдү)
- Батышта мейли актриса болобу, мейли ырчыбы же модель кыздарбы, сексуалдуулугун көз жаздымда байкап коюшат экен. Биздин таанымал айымдардан кимди сексуалдуу деп баалайсыз?
- Сулуу айымдардын баарын сексуалдуу деп ойлойм. Эгер кимдир бирөөнү кызыгып карап калсаң, "астафураллах" деп кайра артка кылчайып өзүңдү карманасың да. Батыштын таанымал айымдарындай элик сымал узун буттуу, бой-мүчөсү 90-60-90 өлчөмдү көрсөткөн айымдар бизде сейрек кездешет. Себеби, дүйнөнүн жарымын аты тарыхта калган Чыңгызхан басып алгандан кийин, бою узун, чачы сары, көзү көк чыныгы кыргыздар, монголдорго окшошуп калган. Нукура кыргыздын чырайлуу жүзү болгон актрисаларыбыз көп. Жүзүндө бир да боёк жок чыныгы сулуулар: Динара Абдыкадырова, Таалайкан Абазова, Элина Абай кызы жана Элмира Чокморова.
- Азыр сиз элге таанымал актёрсуз. Режиссёрлук жаатта өзүмдү сынап көрсөм деген ой жокпу?
- "Кыйын актёр, мыкты режиссёр боло алат, ал эми кыйын режиссёр мыкты актёр боло албайт экен",-дептир бир даанышман ойчул. Биздеги чыгаан актёрлор Э. Бекболиев, З. Сооронбаев, Н. Меңдибаиров. М. Козукеевдер кыраакы режиссёр боло алышты. Анткени, булар актёрдук менен режиссёрдук кесипти тең тайлашып алып чыгышты. Буйруса, мен да режиссёрдук жактан өзүмдү сынап көрөйүн деп, бир комедияны сахналаштырайын деп турам. Марат Козукеевди көркөм жетекчи кылып чогуу уюштуралы деген оюм бар.
- Кыргыздар ата-бабалардан бери төшөк жаатында бирдей ыкманы колдонуп келет. А сиз фантазёрсузбу?
- Фантазёр болгонго аракет кылам. Күнүгө эле бир тамакты жей берсең, тажагандан шорпо ичкиң келет. Анын сыңарындай, тажатма болбош керек. Кыргыздар бирдей ыкма менен келе жатат дегенге кошула албайм. Себеби, Ат-Башыда 16-17-кылымда эле мончо болгон экен. Кыргыз ташка отту аябай жагып, кийизден жасалган боз үй тигип, ошонун ичинде аксакалдар ташка суу чачып коюп, парда отурчу экен. Кийинчерээк эле "орус мончосу" бизге келген деп жүрүшөт. Көрсө, эчак эле кыргыздарда мончо болгон экен. Ал убакта деле "чалмандар" болсо керек деп ойлойм.
- Жубайыңыздын ич кийимине маани бересизби, дегеним кандай түстөгү ич кийим делебеңизди козгой алат?
- Андай деле Дон Жуан эмесмин. Кызыл түстөгү ич кийим кийишин каалайм, себеби, сексуалдуу көрсөтөрү бышык.
Саюри




  Кат куржун

Аскат менен Назиктин
кандай жакындыгы бар
Саламатсыздарбы, "Обон" гезити. Мени түйшөлткөн нерсени айта кетсем: "Дем" театрынын актёру Асхат Сулайманов менен "Назик" бий тобунун жетекчиси Назик Исраилованын ортосунда кандай жакындык бар? Мындан бир нече жыл мурун экөөнүн ээрчишип жүргөнүн көп көрчүмүн.

Алина, Бишкек шаары
Бир туугандай мамилем бар
Биздин ортобузда эч кандай жакындык жок. Назикти мен дос катары гана тааныйм. Эми чыгармачыл инсан болгондон соң, сөзсүз түрдө артыңан ар кандай сөздөр ээрчиши толук мүмкүн экен. Менин жакын досум аны менен бир тууганым деп катташат. Алар менен кафеге чогуу барып калганда көрүп калып, тыянак чыгарышы мүмкүн. Кокусунан Назик жашаган райондон өтүп баратсам, алдыман таанышым чыгып: "Ии, каяктан?"-деп калат. Мен ошого таң калам, мен дагы башка элдердей шаарда кеңири басышым керекпи?"-деп таңданып коём. Андай ушактарды көп эшитип келем. Бирок мунун баары калп. Бир гана чыгармачыл жактан бири-бирибизди колдоп келебиз.





  Билгениң оң

Күн сайын окумуштуулардын ар кандай иликтөөлөрү, изилдөөлөрү бизди таң калтырып келет. Бул жолу да окумуштуулардын тарых барактарына калтырган кээ бир кызыктуу маалыматтарынан кабардар кылмакчыбыз.

Өлүм алып келген тогузунчу симфония
Музыканын тарыхын барактай турган болсок, андан тогузунчу симфония тууралуу кызыктуу факт тапсак болот. Көпчүлүк белгилүү композиторлор өзүнүн тогузунчу симфониясын жазгандан кийин каза болушкан. Бетховен, Брукнер, Шуберт сыяктуу композиторлор дал ушул тогузунчу симфониясынан кийин каза табышкан. Молер болсо, тогузунчу чыгармасын "Жер тууралуу ыр" деп койсо дагы, каардуу "тогуз" санын жеңүүгө жардам берген эмес. Андан көп убакыт өтпөй эле онунчу симфониясын эми-эми баштайм деп жаткан учурда каза болгон. Глазунов болсо 8 симфония жазып, тогузунчусуна келгенде аны аягына чейин толук бүтүрбөй койгон. Ошондуктан, андан кийин 25 жыл узак убакыт өмүр сүргөн. Ал эми кээ бир композиторлор каргашалуу сандан аман-эсен өтүп кетишкен. Мисалы, Моцарт 41, Гайдн 104 симфония жазышкан. Тогузунчу сандан кантип аман өткөндөрү алардын жеке сырлары боюнча кала берди.

Дирижёрлордун таякчасы кантип пайда болгон?
Биз көп деле маани бербеген дирижёр таякчасынын да өзүнүн басып өткөн тарыхы бар экен. Алгачкы 19 жүз жылдыкта дирижёрдун таякчасынын ордуна колго тийген нерселерди, пилдин сөөгүн колдонушкан. 1810-1820-жылдары гана дирижёрдун таякчасы өзүнүн стилин өзгөртүп, азыркы заманбап таякча пайда болгон. Немец композитору Людовиг Шпор концерт убагында таякчага ак кагазды ороп алып оркестрди башкарган. Андан кийин кагазын алып ыргытып, таякчанын өзүн эле пайдалана баштайт. Ошондон тарта азыркы дирижёрлор колдонуп жүргөн таякча пайда болгон.

Таң калыштуу Дегтя көлү
Венесуэладан анча алыс эмес жерде Тринидад деген арал бар. Ал аралда бир башкача көл бар. Ал жерге түшсө да, суусун колдонууга болбойт экен. Ал көлдүн аты "Дегтя көлү". Аталган көлдүн негизги курамы 30 пайыз топурак, 40 пайыз битум жана 30 пайыз туздуу суудан турат. Көл бери дегенде эле 45 гектар аянтка ээ. Ал эми анын тереңдиги 82 метрди түзөт. Эң кызыктуусу көлдүн үстү катуу болгондуктан, анын үстүнөн адамдар кадимкидей эле басып жүрө беришет. Бирок кээ бир кездерде анын ичинен газ шариктери чыгып калат. Эң кызыгы, убакыттын өтүшү менен аталган көл өзүнүн аянтын кеңейтип, жанындагы токойлорду да өзүнө сиңирип жатат.


Төлөбүбү Касымалиева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??