п»ї

  Тагдыр

Турмушта бизди таң калтырган көрүнүштөр көп эле болот. Кудай пендесин ар кандай жол менен сынайт эмеспи. Бирин ичимдикке муктаж кылса, экинчисин акчага кор же бай кылып, дагы башкасына ар кандай илдет берип сынап келет. Ал эми биздин каарманыбызга болсо эки жыныстык мүчө берип сынаптыр. Анда, сөз башынан болсун.

"Эки жыныстык мүчө менен төрөлүптүрмүн"
"Эки жыныстык мүчө менен төрөлүптүрмүн"
Мен 1985-жылы, 27-ноябрда Талас облусуна караштуу КараБуура районунда туулгам, - деп баштады сөзүн Чолпон. Мен төрөлгөндө менде эки жыныстык мүчө бар экенин көргөн доктурлар менин кыз же эркек болорумду билиш үчүн анализ тапшыртышат. Анализим Москвадан чыгып, мени "кыз болот" деп аныкташат. Чайналган ата-энем менин атымды Чолпон деп коюп, кыздын фамилиясын берген экен. Убакыт зымырык куштай болуп, күндөр айга алмашып отуруп, мектеп босогосун аттоого мезгил жетип, ак бантик байланып, катардагы окуучу кыздарга кошулдум. Эч ким мага сөөмөй кесеп шылдыңдабаса дагы, жан дүйнөм бир башкача болуп жүрчү. 8-классты бүтүп бойго жетип калганымды көрүп, мындан ары менде кандай жашоо болот деген ой жүрөгүмдү эзип жүрдү. "Эмне кылам? Эмне кылсам болот? Менде кандай жашоо болот?" - деген суроолорго жооп издеп нечен түндөрдү уйкусуз өткөрдүм.

"Ачыкка чыгып, кыз эмес, эркек болууну чечтим"
Жаш туруп ичимдикке берилдим, өзүмдүн чыныгы жүзүмдү көрсөткүм келди, баарына кол шилтеп өлгүм келди. Кимге эмне деп айтарымды билбей, буулугуп, кыйналып жүрдүм. Акыры жөн гана ачыкка чыгып, мен кыз эмес эркек болууну чечтим. Алгач ирет айланамды таң калтырсам, кийин мени бардыгы эркек бала катары кабыл алып калышты. Дос балдарды күттүм, алардын жардамы көп эле тийди.

"Бир кызга ашык болдум"
Бирок муну менен жан-дүйнөм тынчып калган жок. Бой жеткен сайын ой-санаам күч ала берди. Мен деле башкалардай үй-бүлө күтүп, балалуу болгум келди. Бир кызга ашык болдум, ал кызга эмне деп айтарымды билбей кыйналдым, оорудум. Ошол кыз үчүн бардык күчүмдү жумшагым келди. Операцияга көп каражат керек экенин билгеним менен, шартымдын жоктугу көкөйүмө көк таштай тийип жүрдү. Акыры Өмүрбек Бабановго операцияма акча каражаты жагынан жардам берүүсүн суранып кат жазууну чечтим. Ө.Бабановдон жооп келгенден кийин Республикалык оорукананын урология бөлүмүнө келип жаттым.

"Ө.Бабановдун жардамы менен операцияга кирдим"
Урология бөлүмүнүн башчысы, профессор А.Ч. Усупбаев өзү мени кароого өттү. Себеп дегенде, мендей болуп тубаса туулган балдар Кыргызстанда көп экенин жана мындай операция алгачкы жолу мага жасала тургандыгын айтып, мени үч ай бою операцияга даярдашты. Үч ай ичинде өзүмдү сабырдуу кармап, намаз окуп, Алла тааламан жардам сурадым. Ө. Бабановдун жана профессор А.Усупбаевдин жардамы менен үч ай дегенде мени операцияга киргизишти. Операция 24 саатта жасалып, кийинки күнү реанимациядан которулдум. Ооруканада баш аягы беш-алты ай жаттым. Операциядан кийин ойлоп көрсөм, ушул маалга чейин менде мынчалык кубаныч болгон эмес экен.

"Операция 24 саатка созулду"
Мен үчүн бул жашоо жаңы гана башталгандай сезилди. Алгач операцияга кирерде коркуп, кандай болот болду экен деген ой-санаа мээмде турду. Бирок, кудайга шүгүр, 24 саатка созулган операция ийгиликтүү жасалды. Биздин Кыргызстанда да Усупбаевге окшогон кыйын, өз ишин так аткара билген адистерибиз бар экенине сүйүнүп турам. Азыр ар эки ай сайын барып текшерилип, адистерибиздин көзөмөлүндөмүн. Гормондук дарыларды ичип жатам.

"Беш убак намаз окуйм"
Азырынча мага көп оор көтөргөнгө болбогонунан бош убактымды сүрөт тартуу, комуз чертүү, гитара ойноо менен өткөрөм. Буюрса, баары жакшы болуп кетет деген ойдомун. Беш убак намазымды окуп, өз оокатымды кылып жүргөн маалым. Буюрса, алдыга койгон максаттарым көп, акырындап ишке ашырып, жакшы көргөн кызымдын жанында болом деген үмүтүм чоң.

Гермафродит - бул эки жыныстык мүчө менен тубаса туулган потология ооруларынын бири. Бул оору эки бөлүктөн турат: чыныгы жана калп. Чыныгы гермафродит, ички жана сырткы мүчөсүнүн өнүгүүсү бирдей болуп жана мындай гермафродитти чанда гана кезиктирсе болот. Чыныгы гермафродит менен ооруган адамдын ден соолугу көп көйгөйдү туудурат. Себеп дегенде, оорулуунун организминде аялдын жана эркектин хромосомдорун жыйноо мезгили келип жана алардын эки мүчөсү тең толук калыбына келе баштайт. Мындай чыныгы гермафродиттерге операция гана жардам бере алат. Көпчүлүк чыныгы гермафродиттер балалуу боло албайт.Ал эми калп гермафродиттин өсүүсү ар кандай болуп жана жыныстык мүчөнүн бири өсүп-өөрчүсө, экинчиси тескерисинче ошол бойдон калат. Мындай гермафродиттин түрү көп жана булар көбүнчөсү психологиялык ооруларга көп чалдыгат. Бала гермафродит өзүнүн өзгөчөлүгүнөн тартынып, айлана-чөйрөсүнүн мазактоосунан улам өлүп алгандары да бар. Гермафродиттердин кебете жагынан эч кандай өзгөчөлүктөрү жок.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??