п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Адистин көзү менен

Турдубек Чокиев, КРнын композиторлор союзунун төрагасы:
"Айдан түшүп алган НЛО сыяктуу сүйлөгөн"
"Адистин көзү менен" аттуу рубрикабызга учурда хит болуп жаткан ырларды алып чыгабыз. Бул жолкусунда Каныкейдин "Кара чаң" аттуу ырына ырчы, композитор жана акындар сын- пикирлерин айтышты.

Бул ырчы кызыбыздын бир телеберүүдө акындарыбыз ырдын сөзүнө бир топ сын айтса, талашып- тартышып, болбой эле өзүнүкүн далилдеп турганын көргөм. Ошондой болсо дагы ырдын маанисине көңүл бөлүш керек да. Анан мен жаңы форматтагы адаммын, мен башкача ой жүгүртөм, мен башкача көз караштамын деп айдан түшүп алган НЛО сыяктуу сүйлөгөн. Бирок мунун бир кызык жери бар. Мисалы, биз, бир башкача, жаңы, саркеч кийим кийген бирөөнү көрсөк, ии, ушул башкача кийинип алыптыр деп кызыккан сыяктуу. Бул ыр дагы ошондой жаңы саркеч сыяктуу, бүгүн кызыгып угасың, а эртең тажап калат. Ал эми түбөлүк чыгармалар саркеч эмес, ал түбөлүк кала турган ырлар. Бул түбөлүк кала турган ыр эмес, түбөлүк кала турган ырлар башка. Обону дагы эртең үйдө отуруп алып, жан дүйнөм жыргап уга турган обон эмес. Ырдоо манерасы болсо, бир Бурятиядан келгенби, же чукчаданбы, эми көмөкөй менен ырдап жатат, айдан түшпөй эле, ошол жактан түшүп калса керек бул кыз. Менин жан дүйнөм мындай ырларды, обондорду кабыл кыла албайт. Өзүбүздүн ата-бабаларыбыз ырдаган кайрыктардан ырдаса, көрүнгөндүн кайрыктарын издебей.


Каныкей
Сөзү, обону: К.Алымбекованыкы
"Кара чаң"

Каргалар кара нанга,
Кол шилтеп конбойт.
Кара чаң конгон жайга,
Кимдер гана корголобойт.

Айрылышка жол калган,
Аргасызга арналган.
Жаралар көп, жаралар көп,
Айыпсыз армандар төп.

Кайырмасы:
Жаралар көп, жаргычтан көп,
Жер эне сыздаган.
Жаралар көп, жаргычтан көп,
Айыпсыз армандар төп.

Куурчактар билбейт жанды,
Кара жыгач сезет аны.
Картайган эч бир түн жок,
Кайрылган күн көзү чок.

Айрылышка жол калган,
Аргасыз арналган.
Жаралар көп, жаралар көп,
Айыпсыз армандар төп.

Каныкей Эралиева , КРнын эл артисти: "Кандайдыр бир философиялык маани бар"
Каныкейдин бул ырында кандайдыр бир философиялык маани бар. Эгер жакшылап көңүл бөлүп угуп көрсө, бул ырда башкалардыкындай болуп сүйүү жөнүндө эмес, башка бир түшүнүктү берген. Элим тынч, согуш болбосун, жакшы жашайлы деген мааниде ырдаган. Бирок көптөр түшүнүшпөйт экен. Бул ырында ырчы кыз көмөкөй менен ырдаган, обону үнүн басып кеткен. Каныкей өзү абдан аракетчил кыз, ар бир ырын туюп, сезип ырдайт. Мисалы, эски ырларды ырдаса да, жакшынакай ырдап жатпайбы. Башка ырчылардай эмес. Башкалардын бардыгы бири-бирине окшош. А Каныкей болсо өзгөчө бир ырдоо манерасы, стили менен айырмаланып турат. Элге ырларыңды жеткиргиң келсе, акындарыбызга кайрыл, үйрөн деп айткам.


Жыргалбек Касаболотов, акын, журналист:
"Сөздөр бири-бирине таптакыр дал келбейт"
Сөздөр бири-бирине таптакыр төп келбейт. Мааниси жагынан да, грамматикалык жагынан да. Кыргыздын ата-бабасы муну укканда, көрүндө үч оодарылып кеткидей. Анан бир нерсе десең эле: "Бул менин чыгармачылыгым, түшүнсө түшүнсүн, түшүнбөсө койсун",-дешет экен. Чыгармачылык элге арналат. Эл түшүнбөсө, андай чыгармачылыкты элге алып чыгып кереги жок. Өзүнчө жазып, өзүнчө ырдап жүрө беришсин. Бул эч нерсе эмес, "Жан элим, ишенем сага, Жан жерим, ишенем сага" деген саптар бар. Ишенген жериң менен кара жерге кир! Каныкей менин колдонмомду алып окусун, балким, кичине оңолгусу бардыр.


Ырга
комментарийлер:
Каргалар кара нанга,
Кол шилтеп конбойт.(Түшүнүксүз)
Кара чаң конгон (Кара чаң кантип конот, учпаса?) жайга,
Кимдер гана корголобойт.
Айрылышка жол калган, (Бул эмне деген сүйлөм?)
Аргасызга арналган. (Эмне арналган?)
Жаралар көп, жаралар көп,
Айыпсыз армандар төп. (Жинди го?)
Кайырмасы:
Жаралар көп, жаргычтан көп,
Жер эне сыздаган.(Сүйлөм минтип түзүлбөйт)
Жаралар көп, жаргычтан көп,
Айыпсыз армандар төп.
Куурчактар билбейт жанды,
Кара жыгач сезет аны.
Картайган эч бир түн, (Түн да картаймак беле?) жок
Кайрылган күн көзү чок (сүйлөм түшүнүксүз).




  Ата жолун улаган кыз

Бурул Стамкулова:
"Мугалим болуп жүрүп, 150 сомго үй алгам"
Белгилүү ырчы, обончу Ысак Стамкуловдун кызы Бурул Стамкулова бизде конокто.

"Атамдын ырлары Нарында көбүрөөк ырдалып…"
- Атамдын "Жүзүңө күлкү жарашып" сыяктуу ырлары 1950-60-жылдары популярдуулукка ээ болгон. Көбүнчө К. Карасартова, С. Андабеков, К. Абылов, Т. Актановдор Нарын драма театрынын артисттери менен байланышып жүргөн экен, биз жакка келген сайын куран окуп жүрүшөт. Ошондуктан, атамдын ырлары Нарында көбүрөөк ырдалып калса керек. "Алты кызым-алты шаарым", - деп көп айтчу экен.

"Мугалим болуп жүрүп, 150 сомго
үй алдым"
Башында мугалим болуп жүрүп, кийин Жалал-Абад драмтеатрында администратор болуп иштеп калдым. Өзүм батирде жашап жатып, театрдын казынасына миллион сом түшүрдүм. Анан мен түшүргөн акчадан ал театрда иштеген мыкты кызматкерлер үй алышты. Кийин Дене тарбия Институтуна маданий кызматкер болуп орноштум. Анан Курманбектин 500 жылдыгына арналган салтанат болуп, менин студенттерим Курманбектин ролун аткарышты. Мугалимдерге жана медицина кызматкерлерине бекер үй берилип жатыптыр. Облкеңешке кирип, үй берип жатыпсыздар го десем, ооба деди. 150 сомго документтерди ыраста деп калды. Жакшы эмгектенгендерге берилет экен. Ошентип, үйлүү да болуп калдым.

"Роза Аманова менен иштешип калдым"
Роза Аманова менен 1998-2003-жылдары байланышта болгом. Ырларыңызды көрбөйүнбү дегенинен, Төлөгөн Касымбековдун "Келкелин", "Адамзатты" ырдай берейинби дегенинен, "Ырдын тагдыры силердин колуңарда, ырдай бер", - дегем. Эки жылдан кийин Бишкекке келип калсам, Роза: "Төлөгөн атаныкына барбайсызбы, сизди келди деп айтып койдум"- дегенинен, Төлөгөн атаныкына бардым. "Атаң жөнүндө жакшы көрсөтүүлөрдү жасап жатасың. Жыйынтыгың, мээнетиң кайтсын", - деп жакшы сөздөрдү айтып бүткөндөн кийин, Жеңижоктун "Бир Алла" деген ырын ырдап бердим. Андан кийин Арстанбектин "Керээзин" ырдадым. Жакшынакай эле отурган аксакал, бир маалда эле ыйлай баштады. Ал киши ыйлап киргенде, менин да үнүм өчүп калды. Көрсө, а кишилер ырга кирип, сөздүн маанисин терең түшүнүү менен угушат экен.

"Жаштардан Айпери Кулубаева менин ырларымды ырдап жүрөт"
Жаш ырчы кыздардан Айпери Кулубаева мага кайрылганда:"Мен сени улуу муундардын ырын гана ырда деп кыйнабайм. Бирок сөзсүз түрдө улуу муундагы ырчыларыбыздын ырларын, дастандарын да унутпашыбыз керек", - дегем. "Эстрадага кайрыла бер, бирок улуттук колоритти эч качан калтырба",- деп калам. "Ооматтын келип-кетип турары чын" деген ыр бар болчу, ошону бир ырдап көр, анан айтып келесиң дегем. Аны ырдаса эле, элдер ойлонуп калышат экен. Ырчыларга жакшы жол көрсөтүп койсоң, кийинкисине жакшы болот.

"Ош-Бишкек
жолуна атамдын
аты берилди"
Ош-Бишкек жолу атамдын атынан Ысак Стамкулов атындагы көчө аталды. Анан музей ачтык. Ар жыл сайын атамдын чыгармаларына сынак жарыялап, мыкты аткаруучуларга сыйлыктарды ыйгарып келебиз. 0шондой сынактардын биринде Гүлжигит Сатыбеков деген ырчы жигит биздин сынактан чыккан. "Бул жерде жүрсөң атың чыкпай калат, шаарга кет", - деген элем.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??