Ар бир үй кожойкеси өзүнүн үйүнө кам көрүүдө ар кандай тажрыйбаларды жүргүзүп келишет. Гардеробду кантип күтүү керек, кышкы кийимдерди кантип сактоо керек жана пластикалык операцияга кандай даярдыктар керектиги тууралуу кээ бир маалыматтардан кабардар кылмакчыбыз.
Шуба
Шубадагы такты кантип кетирем деп айласын таппай жүргөн болсоңуз, кездеменин кесиндисин алып, ага баш жууган шампунду сиңирип алып туруп, шубанын түгү кеткен жагын карай сүртүңүз. Андан кийин нымдалган кебез менен сүртүп койгонуңуз дурус. Ал эми шубанын суу болуп калган түктөрүн чач кургаткыч менен кургатып, тарак менен акырын тарап койсоңуз, билинбей калат. Шубаны атайын чехолго кийгизип сактаганыңыз жакшы. Анан дагы гардеробго илгенде, анын жанында ачык жер болуш керек. Эгер жанына кийимдерди тыгып илип салсаңыз, шубаңыздын түктөрү жалпайып, мурункудай барпайбай калат. А эгер боёлгон шуба болсо, аны ачык түстөгү кийимдердин жанына илбегениңиз жакшы. Күн тийип турган жерден шубанын өңү өчүп кетет. Ошондуктан, күн тийбеген нымсыз жерге сактаңыз.


Булгаарыдан тигилген кийимдер
Булгаары кийимдерин булгап алган болсоңуз, кездемеге балдардын шампунунан сиңирип алып сүртүп, андан кийин кебезди нымдап анын үстүнөн сүртсөңүз, эч нерсе билинбей калат. Жеңдерин жана жакасын жалтыратыш үчүн тазалап бүткөндөн кийин ал жерлерге глицерин сүйкөп койсоңуз болот. Эгерде булгаары курткаңызды боёй турган болсоңуз, эң биринчи билинбей турган жерине боёкту сүртүп алышыңыз керек. Аны пластикалык пакеттерге сактабай, аба кирип турган баштыктарга салып сактаңыз. Антпесе, булгаарынын өңү бузулуп кетет.


Жумуртканы туура сактоо
Жумуртканы таза, жыт-жыбыры тийбеген идишке салып, температурасы 1 градус муздактыктагы жерде кармаса, жакшы сакталат. Мындай шартта жумуртка 4-5 айга чеийн бузулбай тура берет. Бирок үй шартында такай мындай температураны кармоого мүмкүн болбогондуктан, жумуртканы вазелин менен майлап, кагазга, болбосо кумга ороп койсо болот. Мында жумуртка 6 айга чейин бузулбай сакталат. Жумуртканы өчүрүлгөн акиташтын эритмесинде да сактоого болот. Бул микро организмдердин таасири астында бузулуп калууга мүмкүндүк бербейт.


Гардеробго кеңештер
Кышында сизди сууктан сактап жүргөн кийимиңизди кантип сактаарды билбей жаткан болсоңуз, анын сактоо жолун оңой эле тапса болот. Эгерде жакшы сактаган болсоңуз, эмки жылы да куду жаңы кийимдей кие аласыз.


Мончо аркылуу организмди тазалоо
Учурда организмди тазалоо журт арасында популярдуулукка ээ болуп келе жатат. Көп медициналык борборлордо боорду же ичегилерди шлактардан тазалоо жана канды тазалоону көп колдонуп жүрүшөт. Биздин организмибизде зыян келтире турган нерселер болот. Жаман нерселердин баары чогулуп алып, тирүү клеткалардын иштөө механизмин начарлатат. Кээ бир учурларда мындай көрүнүштөр шишикти пайда кылат. Ошондуктан, организмди дайыма шлактардан тазалап туруу абзел. Байыркы убактан бери эле организмдеги шлактардан арылуунун эң оңой жолу болуп, мончонун буусу эсептелинип келет. Адам ооруй баштаганда эле мончого киргизип жиберишчү. Мончого киргенде денедеги клеткалар ачылып, жаман туздун баары чыгат дагы, адам өзүн жеңил сезип калат. Жүрөгү ооруган адамдар мындай процедуралардан сак болгону жакшы. Биринчи физикалык көнүгүүлөрдү жасап, андан кийин мончого кирсе, абдан сонун профилактика болот.


Эмне үчүн эркек менен кыздардын кийимдеринин топчулары эки башка топчуланат?
Биз билгендей эле эркектердин топчулары солдон оңду карай топчуланса, кыздардыкы теңирден тескери болуп, сол жагынан топчуланат. Бизге жеткен маалыматтарга таяна турган болсок, кыздардын топчусунун тескери болуп тигилип калганынын да өзүнчө бир тарыхы бар экен. Байыркы мезгилде бай аялдардын топчулары ар кандай кымбат баалуу таштар менен кооздолуп, оор болгондуктан, алар өздөрү топчулабай, алардын кызматкерлери топчулап беришкен. Кызматкерлер топчулаганга ыңгайлуу кылып тескери каратып алышкан деген пикир да бар. Ошондон улам, кыздардын топчулуктары тескери карап калыптыр.


Пластикалык операция жасатуучу кыздарга кеп-кеңештер
Учурда пластикалык хирургиянын өнүгүп турган маалы. Кимге муруну, бети, көзү жакпай калса, барып операция кылдырып, өзү каалагандай кебетесин оңдотуп алууга мүмкүнчүлүк бар. Кээ бир кыздар көкүрөгүнүн кичинекейлигинен улам бир же эки көлөмгө чоңойтушса, кээ бирлери көздөрүн бакырайтып сулуу көрүнгүсү келет. Пластикалык операциянын эч кандай зыяны жок деши мүмкүн. Бирок пластикалык операцияга кирерден мурун төмөнкү кеңештерди билип алууңуз абдан жакшы пайдасын тийгизет деп ойлойбуз.
Эң мыкты делген гана клиниканы тандаңыз. Эң жакшы дегенибиз, мурун-кийин ал жерден операция болгондор барбы, кандай операция кылат деген суроолорго толук жооп алып алыңыз. Андан кийин ал адамдардын абалы кандай экенин билип алганыңыз жакшы.
Аталган операция боюнча адис, эң мыкты доктурду табыңыз. Операцияга барып эле кирип кетпестен, ал жактагы доктурлардан кеп-кеңеш алыңыз. А эгер сизди абдан эле супсулуу кылып коёбуз десе, андай ооруканадан алыс болгонуңуз жакшы. Мыкты адис эч качан: "Мен баарын жасай алам, колуман баары келет", - деп айтпайт. Ал болгону өзү операция жасаган адамдарды операцияга чейин кандай болгон, андан кийин кандай абалда болгонун көрсөтөт.
Ооруканада канча убакыт болосуз, кандай наркоз берилеринен бери тактап сурап алыңыз. Анан алар сиздин ооруларыңыз тууралуу сурашы керек. Кандай дарыларды көтөрө аласыз, кандай дарыларды ичкенде же сайганда аллергияңыз бар. Эгер антип сурабаса, ал ооруканада операция кылдыруунун кажети жок. Анткени, алар сапатына эмес, акча кууган адистер экени билинип калат.
Ал операцияга кирүүдөн мурун психологго барып, анын да кеңешин укканыңыз жакшы. Чындыгында эле сиз алмаштырган кебете сизди бактылуу кыла алабы, андан жапа чегип калсаңыз, сиздин психикаңызга терс таасирин тийгизбейби, баарын сураңыз.