п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Достум, билгениңен биле элегиң көп!

АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ
(АДАБИЙ ЧАЛЫШ МАЕК-РОМАН)

Жанызак басма
(Башы өткөн санда)
Ошо жылдыздын бирисиң сен. Бир жылдызсың. А жылдызың өчүп калса эмне болот? Кой, мунуңу тышта. Муну тышта дагы, жөнгө кел дагы, ишиңди дуруста. Сенден эч ким эч нерсе талаша албайт. "Болуптур, мен "атаңын оозун урайын! дегеним, жөн эле эркелеп айтып жүрөмүн аны"... Эркелей бер, айланайын. Эркелик сеники баары. Жакшы болсоң. Жаман болсоң - эркенин түбү серке! Серке болуп калат. Сен андайды кой! - деп айттым бир-эки жолу. Анан бир жолу уктум: бир келиндин үйүндө күлпөт кылып атышат,.. Турсунбаева бар экен,.. Шаира Абылаева деген,.. бир топ кыздар бар экен: Молдобаев... Анан Дыйканбаев, Жумадылов... мына ушулардын баары. Айттым: айланайын, бул эмне деген күлпөт? Мындай кылбай жашоого болобу же жокпу? Эл эмне дейт, журт эмне дейт? Баягы, Турсунбаеваны алып алып бузуп атышат дебейби?!
- Театрдын өзүндө болуп атканбы?
- Жо-ок, бир үйдө болуп атыптыр. Анан бир аял звонит этиптир бирөөгө: менин күйөөм ошоякта экен, деп... Ал аял айтып коюптур да: сенин күйөөң да бар, тиги да бар, бу да бар, деп... Эми ал ал болсун. Анан эми ошондойлорду тышта. Сен адам болом десең өзүңдү колго ал. Жакшынакай күйөөң турат керилген, кимден кем?! Балдарың турат. Ошолорду жетелеп алы-ып, созулуп жүрбөйсүңбү?! Бул адамга жагат, элге да, өзүңө да жагат...
- ... Элдин рахматын аласың...
- ... Ииэ, өзүң рахмат угасың, деген жаман акылымды айттым. Анан бир жолу "Ак боз атты" коюп келатабыз. Мен аерде Алтын таяк Канышаны ойнойм, ал Зулайканы ойнойт... Келатсак эле ресторандын жанына келгенде: эже, жүр ресторанга киребиз! - деди мени. Мен парторгмун: Ай, эмнеге?! Мага бир стопка арак болбосо болбойт! - дейт... Ай, кечээ эле сүйлөшпөдүк беле?! Мен ошол ресторанга кирип, сага арак алып беришим керекпи?! Ал менин жүзүмө туура келбейт...
- Өзүңүз парторг болсоңуз...
- ... Мен башка кишимин, айланайын.
Мен улуу кишимин. Сендей сулуу болбосом да, улуумун! Кой, аныңды кой. Мен алып бералбайм сага. Бас! Анан көрө тур үйүңө бар!.. Ээрчитип алып кетип калдым. Үйүнө кеттиби, же кайра келип кирип алдыбы, аны кайдан билем... Айтат экенсиң акылды, айтасың - бирок ошону аткарса!.. Аткарбаса кыйын экен. Эми-ии, эл айтып жүрөт, элдин оозунда элек барбы дейт. Сиз билесизби, деп менден көп сурашат: Таттыбүбүгө больницада жатканда айранга кошуп арак бериптир! Ай, айланайын, аны билбейм мен! Көрүп турган көзүм жок...
- Таттыбүбү эмне себептен жатты эле болницага? Эки жолу жаткан дейт го, себебин айтсаңыз?
- Ошо, ичкиликтин айынан, эми койдурабыз деп жаткырган да..
- Даркүл эже, баягы, алгач театрга келгенде сыпаа эле жүрдү да, туурабы? Анан кайсы моментте деп ойлойсуз? Балким, "Уркуядан" кийинби?
- Жо-о, тиги, "Ак-Мөөрдөн" кийин эле көөп кетти го бала...
- Көтөрө албай, дейсизби?
- ... Үйүнө келбей, көбүрөөк коноктоп...
- Ошондон башталды дейсизби?
- Ии-и, ошондон башталды. Мен... адам бузулам десе заматтын ортосунда бузулат...
- Жо, Таттыбүбү эженин бир жыгылуу моменти бар да. Баягы, биринчи жолу таюучу, баягы, эң алгачкы жолкусучу, мен ошону билейин дедим эле...
- Эми ал,... кайсы күнү тайды, кайсы күнү тайганы жок, кайсы күнү туруп кетти..., анысын мен билбейт экем. (Шашпай күлүп койду)
- Эми биз маселени башкачараак коёлу. Мына, Чыңгыз маселеси жөнүндөгү ушак-айыңдарга келсек...
- Мен ал экөөнүн байланышын билбейт экемин. Мине кереги бар!.. билбегенди айтып...
- А бирок эмне үчүн өзү тыштап кетти деп ойлойсуз?
- Ыя?
- Эмне үчүн өзү тыштап кетти деп ойлойсуз Чыңгыз?
- Эмне үчүн?!?
- Ийэ, себебине токтолсоңуз...
- Билбейм, башкаларын билгенби, эмне болгон... Ии-и, ичкенин билгенби... Иий, ал үйүнө келсе, мен ушундай уктум да, үйүнө барса ылжыган мас дейт. Мас жатыптыр. Анан ошондон көңүлү калыптыр да, кетип калыптыр. Ушундай го, билбейт экем аныгын.
- А жаңкы акыл айтканыңыз чынбы же чын эмеспи?
- Ии, акылды жанагындай деле айттым...
- Жо-о, жана башында биз айткан: "Ээ, балам, ушуерден оңолорсуң оңолсоң, бу киши жөн киши эмес..." дегендей сөздөрдү дейм да..
- Жок, антип айткан эмесмин. Айткан сөздү айттым дейм, айтпагандан кийин... Чыңгыз менен оңолсоң оңолдуң,-деп кантип.. Мен биерге Чыңгызды кошкум келбейт...
- А туура деңизчи, бирок....
- Жо, мен анысын билгеним жок, билсем айтат элем: ай, кой эми, уят. Ага да уят, сага да уят! - дейт элем да. А бирок оозума да алганым жок, билбейт экемин мен анысын. Билбейм аны, калп айткан менен болобу.
- А жанагы "иренжип кеткенин" кайдан уктуңуз эле?
- Ии, ошол,., эл эле айтты, общиттегилер айтты.
- Анда общитте турчу беле? Набережныйдабы?
- Ким?
- Кайсы общит?
- Азыр балдары турат, кызы турат., мынабу, театрдын үйүндө... Театрдын балдары да ушуерде турат: Арзыгулов, Дулатовалар...
- Ал каерде?
- Мынабу, Логвиненко көчөсүндө. Биягы Московская, анан биягы Токтогул, ортосунда...
- Аа, муногу бурчтагы үй турбайбы. Эми, эң жакын жүргөн курбулары ким болду эле? Таттыбүбү эженин...
- Балкыбаева, ошолор менен бирге окуп келген...
- Мындай, сырдашыраак, азыр барып сурасам жөн-жайын айта турган.
- Ошолор айтып берет, Балкыбаева айтып берет. Анткени, мен, ал көз жумганда ошол... аябай ыйлады да, Балкыбаева... Баарыбыз эле ыйладык эми; раматылык, жаш кетти, ыйладык баарыбыз...
- Бул эми, трагедия да. Анын трагедиясы. Коомубуздун трагедиясы да. Бирок ошентсе да ар бир нерсени, ар бир китепти өзүнүн ордуна коюш керек: залкар талант болчу! -деген китептин өзүнчө орду бар. Бирок... мындай болуп, моминтип чалынып жүргөн эле жарыктык... дегендин да орду болушу керек. Анан баарын жыйып келип эле: абдан таптаза, абдан аруу киши эле! - деп айтышка таптакыр болбосо керек дейм да. Антсек эле окурман алдында, тарых алдында ыйманыбызга балта чапкан болбойбузбу. Бүгүнкү кыргыз коомчулугу да өзүнүн итчилигин унутпаганы жөн. Мына, раматылык Сүймөнкул аке Чокморов Таттыбүбүгө топурак салганы барганда айтыптыр деген имиш бар: "Биз Таттыбүбүдөй залкар талантты, сахнанын белдүү инсанын көрүшүбүз керек эле, аны ошол жагынан жардамдаш болушубуз керек эле, антүүнүн ордуна айрым интеллигент сөрөйлөрүбүз Таттыбүбүдөн жалаң ургаачыны көрүп туруп алышпадыбы",-деп кейигени бар эле дешет. Көзү тирүү кезинде барктай албай, эми даңазаламыш болобуз калп эле. Эми, Таттыбүбүнүн түбүнө жеткен биринчи кезекте өзү деңизчи, бирок коомчулук да кашайып түртүп туруп албадыбы!
- Эми, сүттөн ак! дегенде болбойт дечи, анткени, анын ичинде аралаш: эрмени бар, чөбү бар... Бутактары сынып калган жерлери бар. Анын баарын оңдоп, сынган жерин кайра жамап жымсалдай албайсың..
- Жаныш Кулманбетов жазбадыбы..
- Ооба, жазды. Аны аябай жазды го тимеле. Анан эми, билгенин билгендей жазыш керек, көргөнүн көргөндөй жазыш керек. Эми өтүп кеткен ыраматылык болгондон кийин жазды да..
- А туура го, бирок биз бир нерсеге көз жумуп койсок, дагы бир нерсеге көз жумсак,.. ушинтип анан көз жумулуп кете берет да.





Жанызак басма
Айгүл ШАРШЕН
Бакыттын жылмайышы
(Башы өткөн санда)
- Өз баласын кордогон адам жарыйбы, адам эмей эле айбандан жаман тура, тилегиң каткырга бербей койсом эмине, - деп ботодой боздоду.
- Апа, өз атама кордолом деп мени ойлоду дейсиңби, айтпай коёюн, билдирбейин десем, мени аялындай көргүсү бар, - деди Калыс көз жашын аарчып.
- Ошол курусун, убалың жетсин, эми бул айылга тура албай калдың го, кызым.
- Эмне кылам, пешенемден көрдүм.
- Аман жүр, кудай багыңды ачсын, - деп коштошушту. Фрунзеге келгенден кийин Калыс №5 мектеп-интернатка кирип, окуп калды. Баштагыдай элдин сөзүнөн, көзүнөн корунбай, сабагын эт-бети менен берилип окуп, көзгө көрүнүп чыга келди. Математикадан сабак берген Толгонай деген мугалим аны бир күнү өзүнө чакырды.
- Эже, чакырдыңызбы? - деди Калыс кабинетке баш багып.
- Кир, кире гой, - деп маңдайындагы отургучту көрсөттү Толгонай. - Ата-энең барбы, Калыс?
- Жок, - деди кыз жер карап.
- Эч кимиң жокпу?
- Ооба, - деди Калыс полдон көзүн албай, көз алдына мээримин төгүп чоңойткон Кеңешбай менен Сайра тартылды. Эрмекбай менен Зейнепти элестеткенде, балалык жан дүйнөсү менен алардын баарын жек көрүп кетти. - Эч кимим жок!
- Кечир, билген эмесмин, - деген Толгонай бир аз ойлонуп турду да: - Калыс, менин кичинекей балдарым бар, кааласаң мен сени багып алайын, кандай дейсиң? - деди жылмая жанына келип.
- Билбейм.
- Сен макул болсоң үйгө алып кетем.
- Эжейлер жибереби?
- Мен сүйлөшүп чыгарып алам.
- Макул анда, - деди кыз шар эле. Ошол күнү ал Нурбайдын үй-бүлөсүнө кошулду. Бала бакчага барган эки баласы бар экен. Эжекесине жардамдашып тамак жасап, кир жууп, балдарын бакчага алпарып, кайра кечинде алып келип, карап жүргөндө ага дагы бир мугалим:
- Калыс, жумушка киргиң келеби? - деп калды.
- Иш болсо иштейт элем.
- Мен сени фабрикага орноштурам, жатаканада жашайсың.
- Жакшы болот эле, эже.
- Болду, сени орноштурам, - деп айткандай эле бир жумадан кийин комволдук нооту комбинатына киргизип койду. Калыс жатаканада жашап, сергий түштү. Айлык алганда тамак-ашына ченеп алып коёт да, калганына өзүнө кийим-кече сатып алат. Кенен басып тура баштады.
Күркүрөгөн күз келип, ишканалардагы жумушчулардын баарын чөпкө жөнөтүп жаткан учур. Калыс да чогуу иштешкендеринен калбай чөпкө кеткени жаткан. Автобуска түшүп атышканда бир жигит аны улам-улам карай берди. Коюу кара каштуу, кирпиктүү бажырайган кара көздөрү төптөгөрөк болгон, мурду кырдач, ак жуумал жигит экен. Калысты карай бергенинен улам кыздар тамашалап калды.
- Калыс, тээтиги жигит сени эле карап жатат да.
- Ошону айтсаң, көзү тешилип калмай болду.
- Сулуу жигит экен, тийишип көрбөйлүбү? - дешип каткырган кыздар бири-бирин нукуй автобуска отуруп жөнөп кетишти.
- Жанагы жигит дагы биз менен иштейт экен, ээ?
- Ошондой го, студент окшойт?
- Ооба, студент экен.
- Калыс, чындап эле жанагы жигит жактырып калса эмне кылат элең? - деди бири күлүп.
- Эмне кылмак элем, жактыра берсин.
- Сага жагып калсачы?
- Көрөм да?
- Карачы, сулуу жигит экен, баарыбыз сүйүп калбасак болду, ыя? - деп шыбыраша күлүп баратышты. Жеткенче тамашалашып баратышып, арттагы балдар-кыздар ырдай баштаганда кошулуп ырдап калышты. Ошентип, алар тоо боорундагы чөп жыюучуларга деп атайы тигилген чатырларга жайгашышты. Кечке маал суу жээгине барып, Нуржанат экөө жуунуп отурса, жанагы жигит алардын жанына басып келип:
- Салам, кыздар! - деп туруп калды.
- Салам, - деп күлүп койду Нуржанат. Калыс унчукпады.
- Таанышып албайлыбы, кыздар, менин атым Мирсаид, - деп жигит жылмая карап колун сунду.
- Менин атым Нуржанат, - деди курбусу күлө карап кол берип жатып.
- Сиздики?..
- Калыс.
- Оо, атыңыз жакшы экен.
- Өзгөчө бекен? - Калыс мисирейе карады.
- Калыс, анчалык катаал карабаңыз эми, ансыз деле сүрдөп араң келдим, - деп Мирсаид кызга тийише жылмайды. - Сиздейди көрбөгөн экем.
- Кантип эле, сулуу кыздар толуп жүрбөйбү?
- Менин көзүмө сиз башкача сулуу көрүндүңүз.
- Мындай жомогуңузду башкага айтыңыз, жүрү, Нуржанат, кеттик, - деп Калыс курбусун карады.
- Кеттик, - деп Нуржанат Мирсаидди жылмая карады да, тура жөнөдү.
- Кыздар, бирге баспайлыбы?
- Кереги жок, биз өзүбүз эле кетебиз, - деп Калыс ылдамдай басып жөнөй берди. Ошондон тартып Мирсаид Калыстын артынан калбады, кыз ага мүмкүндүк бербей качып кетет, алдынан чыкса бекинип калат. Арадан он күн өттү. Бир күнү түштөнүүдөн кийин кыздар үймөк чөптүн түбүндө эс алып кыркаларынан тизилип отурган. Мирсаид алардын жанына жыланды соймоңдото кармап келгенде кыздардын баары чуркурай качып кетишти. Калысты Мирсаид качырбай кармап калды.
- Кандай, сулуу кыз, бул оюнум жактыбы?
- Коё бериңизчи, жыландан корком! - Калыс көзүн жумуп алып, кыйкырып жулунуп жатат. - Коё бериңизчи!
- Жо-ок, коё бербейм, сен мага тийем десең коё берем, - деп жылмайып бир колу менен билектен бекем кармап алып, жыланды соймоңдотту.
- Коё бер дейм! - деп Калыс көзүн жумуп, бетин басып чыңырды.
- Мени сүйөм де.
- Жо-ок!
- Анда койнуңа салам.
- Жо-ок!
- Мына кара салдым, - деп жыланды мойнуна жакындатты. - Сүйөм де, мени сүйөсүңбү?
- Ооба, мен сени сүйөм.
- Чын айтасыңбы?
- Ооба дейм.
- Мына көрдүңөрбү? - деп ызы-чуу түшүп, бери жакта каткырып тургандарды карады. - Элдин көзүнчө дагы айтып койчу?
- Айтпадымбы, жыланыңды алчы!
- Албайм, элдин көзүнчө айт!
- Ооба, сени сүйөм, - деп элге угуза айтканда гана Мирсаид кызды коё берип, жыланды чөнтөгүнө салып койкоңдой басып кетти. Качып кеткен кыздар Калысты тегеректеп калышты, ал кызарып-татарып жер караган бойдон турган.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??