Рахат
Сулайманов:
Өткөн саныбызда белгилүү актёр Аскат Сулайманов "төшөк" жаатындагы бир нече суроолорго жооп берген эле. Бул жолу ЭлТРдин башкы продюсери Рахат Сулайманов "төшөк" боюнча төмөнкүлөрдү божурап берди.

"Шефи менен интимдик катнашка баргандар толтура"
- Өзүңүздүн өнөктөшүңүздүн алдында уялбай эле чечине бересизби?
- Кандайдыр бир деңгээлде маданияттуу болуш керек. Кээде эркелеп чечинип алышым мүмкүн. Бирок жылаңач жүрө албайм.
- Жетекчиңиз аял болсо, аны менен интимдик катнашка бармак белеңиз?
- "Жакшы айгыр үйүрүнө тийишпейт".(Тамашалап) Анда иш жүрүшпөйт. Азыр андай шефи менен интимдик катнашка баргандар толтура эле, бирок мен алардын катарына кирбейм. Андайга барууга абийирим жол бербейт.
- Көчөдө аялыңыз менен кетип баратсаңыз, алдыңыздарда кыска юбка кийген сексуалдуу кыздар кетип баратса, сиз аларды карап койсоңуз, аялыңыз кызганабы?
- Менден биринчи аялым аларды карап:"Мобу кыздарды карачы, аябай сонун экен", - деп калат. Мен көчөдө кетип баратканда эки жакты карабайм. Өзүмдүн ишиме кирип, ойго чөмүлүп алып кете берем. Тааныштарымды да көрбөй өтүп кетип калганыман, кээде таарынып калышат.
- Мурун кийин билбеген жаңы таанышыңыз менен төшөктө бир болуу сиз үчүн оңой элеби?
- Андай окуялар деле болбосо керек. Андайга барбайм. Бойдокчулук кезде болушу мүмкүн. Үйлөнгөндөн бери андай боло элек.
- Канча жашыңызда өбүштүңүз эле?
- Эсимде жок. Мектепте окуп жүргөндө болчу.
- Канча жашыңызда төшөк жашоосуна аралаштыңыз эле?
- Элдин астында эмес, аягында эмес, эл катары эле аралашкам.
- Төшөктө кандай атырдын жыты сизди дүүлүктүрөт?
- Билбейм, мага атырлардын жыты жакпайт.
- Кандай кыздарды сексуалдуу дейсиз?
- Аялымды сексуалдуу деп эсептейм. Анткени, анын буттары узун, арык, татынакай, фигурасы жакшы, узун бойлуу, көзү бакырайган.
- Досторуңуз менен барган түнкү клубда мас болуп алып, стриптиз бийлейт белеңиз?
- Досторго кантип стриптиз бийлемек элем? Өзүм да ашыкча ичпейм.
- Жеңенин бир саны кайниники деп коёт го, жеңелериңиз менен кандайсыз?
- Биз башка заманда жашап жатпайбызбы. Албетте, илгеркилердин андай салты болгон. Аны баарыбыз билебиз. Азыр андай болгонун эч кимден уга элекмин. Жеңелерим менен тамашалашып жүрөм.
- Эгерде аялыңызды бирөө менен кармап алсаңыз, кармаган кишини эмне кылмак элеңиз?
- Ушул нерсени ойлонбоптурмун. Андай нерсени эч ким кечире албайт да. Ал кишини өлтүрүп коймокмун.
- А эгер сизди аялыңыз кармап алса, эмне деп жооп берет элеңиз?
- Кудай сактасын.
- Көзү ойноок кызды көргөндө, оюңузга эң биринчи эмне келет?
- Аягы суюк неме го деген ой келет.
- А жарым жылаңач кыздарды көргөндөчү?
- Жарашса кие берсин. Менталитетке туура эмес деген ойдон алысмын. Өзүн рекламалап, күйөөгө сатсын дегендей. (Күлдү)
- "Бирөөнүн аялы бирөөнө кыз көрүнөт" дейт, кайсы досуңуздун аялы сизге кыз көрүнөт?
- Досторумдун аялдары мага кыз көрүнбөй эле, аяш көрүнүшөт. Тамашалап сүйлөшөбүз.
- Досу жок жашасаң болот, а аялы жокчу?
- Мен ушул боюнча бир икаяны жакшы көрөм. Бир жигиттин баласы, аялы, досу болгон экен. Бир күнү баласы өлөт. Баласын ыйлабай эле көөмп коёт. Андан бир жыл өтпөй эле аялы өлөт. Аялын да ыйлабай өз жайына тапшырат. Кийинки жылы досу өлсө, өңгүрөп ыйлайт. Кошуналары таң калып:"Балаң, аялың өлдү, ыйлаган жоксуң, досуңа эмнеге мынча ыйлап жатасың?" - деп сурап калышат. "Бала өлсө, белден табылат, аял өлсө, элден табылат. А дос өлсө кайдан табылат?"- дептир. Үй-бүлөсү жок адам бүтүн адам эмес. Достукту биринчи орунга коюш керек. Достук менен үй-бүлөнү такыр аралаштырбаш керек.
- Кандай кызга тартыласыз? Сулуугабы же чачы узунгабы?
- Мен кыздарга көңүл буруп, кыздарга тартыла турган деле шартта эмесмин. Кудайга шүгүр, үй-бүлөм бар. Эң биринчи сырткы келбетин карайсың. Эң биринчи көзүн, жүзүн, анан бутун карайт.
- Сиз окуган эң биринчи эротикалык гезит, журналыңыз?
- Мен ошо эротикалык гезиттерди окубаптырмын деле. "Жагалмай деген жапан куш, жар ташка барып конгон жок" деген саптарды деле кыргыздардын эротикалык маанидеги ыры дешет. Ошонун азыркыга чейин маанисин көп түшүнө бербейм.
- Бирөө менен жыныстык катнашта болгондон кийин, аны элге жарыялаган эркектер бар го. Аларга көз карашыңыз кандай?
- "Ит үрө берет, кербен жүрө берет". Азыр жаман болуп калды. Канча кыз менен жатканын айтуу-өзүнчө эле мактануу. Бул моралдык жактан туура эмес деп ойлойм. Болбосо, жатса жатып койгондур да, анын эмнесин рекламалайт. Андай нерсеге көп маани бербейм. Ар ким өз деңгээлине жараша жүрөт.
- Төшөк кумарына кандай аныктама бересиз?
- Кимгедир төшөк кумары-секс болушу мүмкүн. Ал деле жашоонун өзөгү да. Жашоо ошону менен уланып, ал нерсе менен кызык. Барктап, баалай билишибиз керек. Азыр балдарыбыз да, кыздарыбыз да жеңил ойлуулукка берилип, көрүнгөн жерде, көрүнгөн менен жатып, конуп жүрүшпөйбү. Биз андай тарбияланган эмеспиз.
- Сойкуларга барып көрдүңүз беле?
- Жок, кудай сактасын, сойкуларга бир да жолу барган эмесмин. Бишкекте театралдык окуу жайда окуп жатканда Цирктин жатаканасында жашачубуз. Ал жерде кимдер жүрөт, менден жакшы билсең керек. Кыштын күнү комнатаңарга жатып алалычы деп кыздар келишет. Такыр жолотчу эмеспиз. Алматы шаарында Саяна деген көчөдө жашап калдым. Ал көчөдө да жеңил ойлуу кыздар көп турушар эле. Анда да жолотчу эмеспиз. Айбанчылык инстинктин талабы болбосо, башка нерсеге жооп бербейт.





  Чыр дөбө

Рустам Сагыналиев: "Фарида Карбосова туура эмес маалымат берип коюптур"
Өткөн саныбызда ырчы Фарида Карбосова өзүнүн эки ырын Рустам Сагыналиев сурабастан эле ырдап алганы тууралуу нааразычылыгын айткан эле. Аны окуган Рустам Сагыналиев редакцияга келип, Фарида Карбосованын туура эмес маалымат бергендигин айтты.

- Фарида Карбосова туура эмес маалымат берип коюптур. Бул, биринчиден, Фариданын ыры эмес, Сабатар Исаков дегендин ыры. Сабатар байке ырда деп берген болчу. "Өтүнүчтүн" да, "Кайда элең" деген ырдын да автору ушу киши. 29-майда концерт бердим, ырдын автору концертке өзү келип катышты. Анан ырдын автору:"Ырды жеткире албапсың", - деп өзү айтса болмок. Фариданын талантын сыйлайм, бир жерденбиз. Анан анын минтип айтканы туура эмес болуш керек.
- Ал ырды канчадан бери ырдап жүрөсүз?
- "Өтүнүч" деген ырдын авторун билчү эмесмин. Анан Фаридадан автору ким, мага ушул ыр жагат, ырдай берсем болобу деп сурасам, ал: "Жок, болбойт, ырдабайсың!"- деген. Той-топурларда ырдап калам. Анан авторун издеп барып, ушул ырды сурадым. Сабатар байке:"Эгер ырдай ала турган болсоң, ырда. Эгер ырдай аларыңа көзүң жетпесе, тим эле кой", - деп мага ырын берген. 2-3 айдан кийин ырды ырдап чыктым. Аккордеон, комуз менен ырдайм.
- Анда Фарида Карбосованын таарына турган жөнү жок экен да?
- Чынын айтканда, Фариданын таарына турган жөнү жок. Бул менин ырларымды ырдап популярдуу болуп жүрөт дейт. Обончулар деле ырды эл ырдасын деп чыгарат да. Начар ырдап коюптур дегени туура эмес болуш керек. Ар бир ырчынын өзүнүн угармандары, күйөрмандары болот. Фариданын өзүнүн деңгээли бар. Фарида туура эмес сөз айтып койгон. Мен өзүмдүн оюм боюнча ырды өтө жакшы ырдадым, элге уккулуктуу.