п»ї

  Обон почта

ОП-171-01. Эски дос эстен кетпейт, жаңы дос баркка жетпейт. Чынында эле ушундай экен да. Менин бир кездеги супер СМСчи досторум, силерди абдан сагындым. Өзгөчө Саламат 93, Назика, Канжар, Нурзат 88, Макуся, Эрке кыз, Эля , Мемо, Астанада иштеп жаткан Дамир, кайдасыңар? Табигат сырдуу Алтынай 90
ОП-171-02. Арман кылба кыргыз тилин унутуп, жок кылбайлы кыргыз тилин курутуп. Бар бололу бир бололу кыргыздар, көз жумду го кыргыз бойдон Чыңгыз да. Ырысбек 91
ОП-171-03. Кемин районундагы Кызыл-Суу айылына чоң салам. 9-класстын сулуу, адептүү кыздары: Асель, Аида, Алия, Айгүль, Жаркынай, Каныкей, Нургиза, Наргиза, Толгонай, Миржан-силерге салам. Ата-энеңердин үмүтүн актап, ден-соолугуңар чың, өмүрүңөр узун болсун,- деп Каныкей.
ОП-171-04. Оо, жараткан, неге мени аябадың? Неге сүйгөнүмдөн мени айрыдың? Жүрөгүм кыйналып сыздаймын. Неге сен ажал, менин сүйгөнүмдү алып кеттиң? Неге таш боорсуң, айтчы неге таш боорсуң? Табигат сырдуу Алтынай 90
ОП-171-05. Акыл байке, неге мени алдап жатасыз. Мен сизге ишенбей калдым. Айткан сөздөрүңүздүн баары жалган. 0779864ххх
ОП-171-06. Араван районунун Какыр айылында жашаган классташтарыма салам. Жумагүл
ОП-171-07. Жүрөгүмдүн ээси Эламан, ар дайым бар бол, аман бол, мен сени жакшы көрөм. Сен деп жүргөн кыз 0778530667 номеринде.
ОП-171-08. Арал айылында жашагандарга чоң салам жана алтындай болгон досторум Алтынайга, Аидага бул дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм,- деп Аралдан Каныкей 95.
ОП-171-09. Айлуу түндө сансыз мүнөт өтүп барат, сени ойлосом жалгыз жүрөк сагынат. Түштөрүмдө сени көрсөм кубанамын, сен келгенсип түнүм дагы узап барат. Акыл Ж. уулуна арналат. Гүлжигитова Айгүл
ОП-171-10. Сени сүйдүм гүл сыяктуу назик сезим менен. Сени сүйдүм мөлтүр булак таза көңүл менен. Арман ай, сен сезбесең кантейин. Жүрөк сыздап кала берем эми мен. Акыл Ж. уулуна арналат. Гүлжигитова Айгүл
ОП-171-11. Издедим илебиңди таңкы кечтен, сезимге ток ургандай таасир берген. Эрте-кеч эстеп сенин элесиңди, бир оору таптым сенден жүрөк эзген. Акыл Ж. уулуна арналат. Гүлжигитова Айгүл
ОП-171-12. Ар бир адамдын кумир туткан адамы болот экен. Мен беш жыл мурда Бритни Спирсти кумир тутчумун. Ал жөнүндө билгим келет? Айпери
Бритни Джин Спирс 1981-жылы 2-декабрда кичинекей 1200 адам жашаган шаарча Кентвудда кембагалдын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Апасы мектеп мугалими болсо, атасы куруучу болуп эмгектенишкен. Бритни 4 жашынан баштап ырга кызыгуусу күчөп, ата-энесине концерт коюп бергенден тажачу эмес. Аны ата-энеси байкап, 4 жашында чиркөөдөгү хор группасына кошуп коюшкан. Ал эми ырчылык карьерасын 8 жашында баштаган. Атлантада өткөн "Жаш таланттар" сынагына катышканда, калыстар тобундагылар муну аябай кичинекейсиң деп кабыл албай коюшкан. Бирок анын ичинен бир киши талантын баалап, Нью-Йоркко алып кетет. Ал жактан бий кружогуна окутуп, андан тышкары, искусство мектебине тапшыртат. Ошентип, 13 жашка чыкканда гана чоң сахнага аралаша баштаган. 2004-жылы Джейсон Александрга турмушка чыгып, 2005-жылга чейин бактылуу жашашып, анан ажырашып кетишкен. Бирок көп узабай эле Кевин Федерлайн менен таанышып, 2007-жылы ажырашышкан. Учурда эки баланын энеси.
ОП-171-13. "Обонушка", сиздерге чоң рахмат. Айгерим Расул кызы "Кумир менен баарлашууга" келгенде абдан кубандым. Нурайым
ОП-171-14. Жүрөк сыздап өткөн күндү эстегенде, элестеп көз алдыма эч кетпедиң. Арман болуп бирге өткөргөн күндөрүбүз, сүйгөнүм бир өзүңө мен жетпедим. Сапфира
ОП-171-15. Гүл өстүрдүм махабаттын бакчасына, гүлдү карап элесиң эске келет дайыма. Жан дүйнөмө кубат берип ан сайын, рахат алам ошол гүлдөн дагы да. Акыл Ж. уулуна арналат. Гүлжигитова Айгүл
ОП-171-16. Салам, "Обонушка". Мен Араван районунун Какыр айылынын жашоочуларына салам демекчимин. Бар болгула, бай болгула. Шымкенттен Жумагүл 93
ОП-171-17. Анекдот: Эки арак ичкен адам жашаптыр. Алардын жардамчысы таш бака болуптур. Бир күнү экөө аракка таш баканы жиберет. Бир-эки саат күтүшөт, жок. Бир убакта эшик акырын ачылат. Экөө: "Эй, таш бака келдиңби?"- десе, таш бака: "Жок, эми чыгып бара жатам",- дейт экен. Айка
ОП-171-18. "Обондун" №169 санында Султан Досалиев: "Мен тарткан сүрөткө эч ким нааразы болгон эмес",- деген экен. Мен сурайын дегеним, фотосессия жасайбы! Билип, жооп бериңиздерчи? Султан, өзүңүз чалып койсоңуз жакшы болмок. Зака
ОП-171-19. Саламатсыздарбы, "Обон". Мен Со Джон жөнүндө маалымат берип коёсуздарбы деп сурангам. Эмки санда толук маалымат берип коёсуздарбы, сураныч? Айка
"Обондон" жооп: Урматтуу Айка, сиздин өтүнүчүңүздү мурунку сандарыбызда орундатканбыз. Сиз окубай калсаңыз керек.
ОП-171-20. Бразилия сериалындагы актриса Наталия Орейро жөнүндө маалымат берип коёсуздарбы? Камила
Наталия Мариса Орейро Иглесиас Поххио Бурие
Наталия Мариса Орейро Иглесиас Поххио Бурие 1977-жылы 19-майда Монтевидеодо (Уругвай) төрөлгөн. Атасы Карлос Орейро жеке ишкер, апасы Мабель Орейро чач тарач болуп эмгектенет. Бир тууган эжеси Адриана-кийим сатуучу дүкөндүн башчысы. Наталия 8 жашка толгондо актёрдук чеберчиликтен билим алып, 12 жашка чыкканда Уругвайдан жарнама роликтерге тартылып, актрисалык карьерасын баштаган. 14 жашка толгондо таанымал алып баруучунун жардамчысы болуп, ал берген тапшырмаларды аткарып, жардам берип теледе иштей баштайт. 16 жашка чыкканда Буэнос-Айреске келип атайын кастингге катышып, анын биринчи турунан өтпөй калат. Кайра экинчи турунда талантын режиссёрлор байкап, роль сунушташкан. Эң таанымал, популярдуулукту алып келген тасмасы "Байлар жана белгилүүлөр" ("Богатые и знаменитые") деген Бразилия сериалы болгон. Андан кийин эле "Жапайы периште" ("Дикий ангел") сериалына тартылып, андан дагы таанымал, бай болуп чыга келет. 2001-жылы 44 жаштагы рок- группада ырдаган Рикардо Мольо менен таанышып, 2002-жылы үйлөнүү тоюн өткөзүшкөн. Учурда бактылуу өмүр сүрүп жатышкан чагы.
ОП-171-21. Байлыкты менден дагы бийик койдуң, балаңдын сыздаганын ойлободуң. Эгерде куран окуп, келме кылсаң, эң бактылуу дүйнөдө мен болмокмун. Кан тамырды ачуу нерсе аралап, жүрөгүм барат улам жараланып. Бактысыз болсом мейли башты ием, оо, жараткан, бирге кылчы энем менен. 0779736ххх
ОП-171-22. "Бекжан" базарында иштеген кыргыздарга чоң салам. Ишиңерге ийгилик. Айбек
ОП-171-23. Салют, "Обонушка". Супер гезиттин гипер СМСчилери, мен силерди ар дайым сыйлайм. Нази 95
ОП-171-24. Урматтуу "Обон" гезитинин жамааты! Бактыгүл Бадыеваны, менин кумиримди, гезит бетине чыгарып коюңуздарчы, сураныч. Мен аны сүйөм. Нази 95
"Обондон" жооп: Нази, албетте, эмки сандарыбызга чыгарганга аракет кылабыз.
ОП-171-25. Салам, "Обон". Мен СМСчилер менен достошом. СМС жазгыла, 0779482113, атым Айко.
ОП-171-26. Чыгыш ырчылары Зара жана Согдиананын сулуулугун баалайм. Алар жөнүндө кыскача айтып бересиздерби? Айпери
Зара (Зарифа) Мгоян 1983-жылы 26-июлда Санкт-Петербург шаарында туулган. Бирок балалык чагы Арменияда өтөт. Ошондуктан, ага Армениянын салты, ырлары, абасы ыйык. Бирок Заранын ата-энеси күрддөр болгондуктан, каны аралашып, салттарды бекем тутпайт. Кичинесинен тарта ага ата-энеси боштондукту берип, каалаганын жасап, өсүп жетилген. Зара 5 жашка чыкканда гимнастикага катышып, бирок ал жактан ырдап, гимнастика бийине такыр көңүл бурбаганын мугалими ата-энесине айткан. Ата-энеси кызынын талантын баалабай жүргөнүн билишип, искусство жаатына тапшыртат. 1997-жылы "Таңкы жылдыз" аттуу сынакка катышып жеңип, ошондон тарта ырчылык карьерасы башталган. Ушул убакка чейин көптөгөн Гран-прилерди багынтып келет. 2006-жылы "Фабрика звёзд-6" сынагына катышып, ал жактан таанымал продюсер, ырчылар менен таанышып, ырчылык кесибин жогорулаткан.
Согдиана
Согдиана (Оксана Нечитайло) 1984-жылы 17-февралда Ташкентте жарык дүйнөгө келген. 1991-жылы В.Успенский атындагы музыкалык окуу жайынын фортепьяно бөлүмүнө тапшырат. 1999-жылы Согдиана ырчылыкка берилип, вокал жагынан дагы сабак ала баштайт. Ошол эле жылы "Менин жаным" деген аталыштагы биринчи жеке альбомун чыгарат. Андан тышкары, эл аралык сынактарга катышып, Өзбекстандын намысын коргоп келген. Согдиананын репертуарында өзбек, чет элдик ырлар, орус чыгармалары басымдуулук кылат. Өзүнө таандык ырларын дагы берилүү менен аткарып, популярдуулукка жеткизип келүүдө. Азыркы убакта Өзбек улуттук университетинин эстрадалык вокал бөлүмүнүн экинчи курсун аяктап жаткан чагы. 2007-жылы "Мыкты солистка" деген наам алды.
ОП-171-27. Салам айтам кыргыз калкыма, тынчтык тилейм, элим, жалпыңа. Тима
ОП-171-28. Жан дүйнөм кубанычка толкуганда, же кайгырып санааркап отурганда, айтылып ичте сырым чер жазылат, классташ кыздарым менен бирге отуруп сырдашканда. Калдыбай орто мектебинин окуучуларына салам,- деп Уулбү 96.
ОП-171-29. Аппак гүлдөй аруусуң, жаз гүлүндөй сулуусуң. Кызыл гүлдөй аромат, жаным, сага арналат. Бусурман, бир сени гана сүйөм. 0778421ххх
ОП-171-30. Корей актёру Ли Бенг Хун жөнүндө кыскача айтып бересиздерби?
Ли Бенг Хун
Кесиби - Актёр жана ырчы
Туулган жылы, күнү - 12 -июль, 1970-жыл
Туулган жери - Сеул ,Түштүк Корея
Бою - 178 cантиметр
Салмагы - 68 килограмм
Жылдыз белгиси -Бөйөн
Канынын тобу- 0
Үй-бүлөсү- Апасы жана карындашы
Билими -Университет "Hanyang" (француз адабият бөлүмү жана "Chung Ang University" (киноматография бөлүмү).
Англис, корей, француз жана мандарин тилинде эркин сүйлөйт.
Туткан дини - Буддизм
Актёр, модель жана ырчы Ли Бён Хон "Ва-банк" сериалынан кийин белгилүү болгон. Голливудда "Кобранын секириги" деген тасмасы менен дебютун баштаган. Ли Бён Хон алгачкы жолу 1991-жылы кино чөйрөсүнө кадам таштап, башка тармактарда да ийгиликтерди жарата алган. Алсак, ал спорттун таэквондо түрү менен машыгып, мактанарлык натыйжаларга жетишкен.
ОП-171-31. Тогуз -Торо районунун Арал айылында жашап жаткан менин жаным Бусурман, эч качан ооруба. 0778421ххх
ОП-171-32. Унута албайм бир өзүңдү, эми кантип жашаймын? Жүрөгүмө түбөлүк кайгы-муң жаралды. Кантейин эми, айла жок жалгыз калдым сенсиз. Супер СМСчи Табигат сырдуу Алтынай 90
ОП-171-33. Ар бир кесип ардактуу демекчи, ырчы болуу ырчылар үчүн сыймык болсо, мен үчүн дарыгер болуу өтө чоң күч. Мен өз кесибимди жакшы көрөм жана ал үчүн колумдан келген жардамымды көрсөтөм. Каныкей
ОП-171-34. Калдыбай орто мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө ак жол каалайм,- деп Уулбү 96.
ОП-171-35. Кирпигиңе карегиңди жашырып, уктадыңбы жуурканды жамынып. Байкатпастан жаздыгыңды аралап, ужас болуп барам сага шашылып. (Тамаша) 0779149ххх
ОП-171-36. Кандай жакшы адам элең. Жан дүйнөң таза, токтоо мүнөз элең. Келечекке койгон ой-максатың кандай жакшы эле, мага айткан ар бир асыл, кооз сөздөрүң эсимден кетпейт. Мен унута албаймын, эскеремин, сени эстеп көзүм жашка толот, сенин элесиң ар дайым менин жүрөгүмдө. Алтынай 90
ОП-171-37. Урматтуу СМСчилер, окурмандар, сиздерден кечирим сурайм. Анткени, таанышуу бурчуна чыккан досум Маха азыр ооруканада жатат. Жанында уюлдук телефону жок. Ошондуктан, убактылуу сиздер менен байланыша албайт. Кечирип коюңуздар. Досу Табигат сырдуу Алтынай 90.
ОП-171-38. "Обондон" тапкан досум Маха, жакшы болуп айыгып кетчи, оо, жараткан, менин досум СМСчи Маханын айыгып кетишине жардам берчи. Бир өзүңдөң суранайын. Досу Табигат сырдуу Алтынай 90.
ОП-171-39. Бардык кыргыз калкымды жай майрамдары менен куттуктайм. Камила
ОП-171-40. Ырчы Кумар Асанов канчанчы жылкы? Наргиза
Кумар Асанов
Толук аты-жөнү - Асанов Кумар Акимжанович
Туулган жылы - 15-декабрь, 1988-жыл
Туулган жери - Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Сакалды айылы
Бою - 184 сантиметр
Салмагы - 63 килограмм
Тамшана жеген тамагы - Кытай ашканасынын даамдары
Хоббиси - Сууда сүзүү
Фобиясы - Бийиктик
Учурда - Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын вокал бөлүмүнүн студенти
ОП-171-41. Айгерим Расул кызы - супер. 0557328ххх
ОП-171-42. Мен сени сүйөм, Калбү. Талас
ОП-171-43. Магдырап мас боломун махабатка, атыңды атап кайра-кайра. Аттиң ай, акын болуп жаралганда, чеп курмакмын ыр сап менен айланаңа. 0771403ххх
ОП-171-44. Додомолдо жашап жаткан атам Эрмендиров Базарга чоң салам. Ата, эч качан оорубаңыз. Мен сизди жакшы көрөм. 0778421ххх
ОП-171-45. Тогуз-Торолуктарга чоң салам. 0778421ххх
ОП-171-46. Ким Тай Хи кайсыл жактан болот. Бул кыз көптөгөн таанымал кинолордо аткарат. Айпери
Аты- Ким Тай Хи
Кесиби-Актриса жана модель
Туулган жылы,күнү - 29-март, 1980-жыл
Туулган жери- Улсан, Түштүк Корея
Бою- 165 cантиметр
Салмагы-45 килограмм
Жылдыз белгиси- Кой
Үй-бүлөсү - Эжеси жана иниси
Туткан дини- Христиан

ОП-171-47. Мен сени сагынып кеттим. Качан келесиң? Эрте келчи. Сүйгөнүң
ОП-171-48. Зарина Хасанова деген ырчы канча бир тууган экенин билип бересиздерби? Айпери
- Үй-бүлөдө жалгыз кызмын. Тилекке каршы, эжелерим да, агаларым да жок. Мен көп бир тууган болсом деп аябай тиленчүмүн. Атам Марат Хасановдун үч жогорку билими бар, азырынча эч жерде иштебейт. Апам Неля М. Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатта музыкадан сабак берет. Менин ырчы болушума апамдын салымы чоң. Дагы эки мышыгым бар, бирөөсүнүн аты - Белка, экинчисиники Фасолка. Үй-бүлөбүз ушундай чакан.
ОП-171-49. Башкалардай кол кармашсак болбойт беле. Жүрөгүмдү кыйнап, жаным, "сүйөм" дебе. Ак сүйүүмдү, тун сүйүүмдү сага арнагам, алданыпмын сени гана сүйөм десең. Келчи, жаным, сени мендик кылайын, сүйөм деген ыйык сөзүңдү угайын. Сүйүүбүздү эми эч ким өчүрө албайт, ак сүйүүмдү таазим этип сунайын. Эх, жаным, байлыкка алдандыңбы, азап үчүн бул өмүргө жаралдыңбы? Бабник 94
ОП-171-50. Салам, Лейлектиктер. А…..л
ОП-171-51 . Бишкектеги досторума салам. Силерсиз айылда зериктим, жакында барам. Алик
ОП-171-52. Ойлонсом ойлорумду бөлүп жарган, сен белең түн уйкумду ала качкан. Бастырып кирип барып капысынан, сен белең жүрөгүмдү ээлеп алган. Сездирбей найза сайып жүрөгүмө, сен белең жаш жүрөктү жаралаган. Күткүн деп буйрук берип жүрөгүмө, сен белең сезимимди ыйга салган. Ушунчалык медер туткан жүрөгүмө, сен белең жашоомдогу ыйык адам. 0773181899
ОП-171-53. Мен Баткендик 1989-жылкы Кадыров Жыргал Жапарбековичти издейм. Эгер окусаң 0771163948 номерине чал. Тааныгандар болсо чалып коюңуздарчы. Аида
ОП-171-54. Жан сырым ачылбаган бойдон калды. Бул өмүрдө өкүнбөгөн пенде барбы? Бир сен деп өмүр өтүп барат, аттиң арман, дагы сага жолугушчу күнүм барбы? Алоолонгон сезимге кабылганмын, бир өзүңдөн башкага арбалбадым, жан дүйнөм эзилип күн-түнү, бир сен деп картайгансып баратамын. 0773181899
ОП-171-55. Жашоодо көрө албастык неге болот? Бир кезде биз да чогуу болгонбуз. Ал кездеги ачуу чындыкты эки жылдан кийин билдим. Көрсө, бизди эң жакын курбум ажыраткан экен да. А сен ага ишенип кете бердиң. Балким, ал да сени сүйүп калгандыр. Арадан 5 жыл өтсө да, мен сени баштагыдай жакшы көрөм. Гуля
ОП-171-56. Тагдыр мени ары үйлөп, бери үйлөп чайпады. Бышыгыман сынбай калдым мен дагы. Жаратканым жаратыптыр бышыктап, оо, жараткан, ошонуңа ырахмат. 0779638ххх
ОП-171-57. Сүйүүсүнө жооп ала албай, "Жоопсуз сүйүү" ырдаган. Унутушка жол койбоду, "Унута албайм" деп кыйналган. Сүйүүсүнөн көңүл калып, "Алданба" деп сыздаган Нурлан Насип, сен азаматсың, суперсиң, кыргыздын эң алдыңкы ырчы жигитисиң. Талантыңа талант кошулсун, алга! Темирлан
ОП-171-58. Бардык нерсе жаңырсын, бакыт-таалай табышсын, ай сымал болуп жанышсын, урушкандар элдешсин, убакыт зымырык куш, убакытты пайдалана билишсин. Ш.
ОП-171-59. Мен сүйгөн адамымды сагындым. Ал жакында эле Суусамырга кымыз ичкени кеткен. Дагы 15 күндөн кийин келет. Ал жакта телефон тартпагандыктан, бир жумадан бери сүйлөшө элекпиз. Жок дегенде үнүн уксам, сагынычым тарап калар эле. Мейли эми, эң башкысы жакшы эс алып келишин каалайм. Абайлап жакшы жүр, жүрөгүм. Мен сенин жүрөгүңдөмүн, сени ар дайым сүйөм. Эрте келчи. Сүйгөнүң
ОП-171-60. Ким Сан Бом жөнүндө дагы билгим келет. Камила
Ким Сан Бом
Туулган жылы - 7-июль, 1989-жыл
Бою - 181 см, салмагы 63 кг
Хоббиси - Футбол, бейсбол ойноо
Үй-бүлөлүк абалы - Бойдок
Тартылган тасмалары -"Мыкты жигиттер", "Турмушка чыккысы келген айым", "Түш", "Бейиштен Чыгышка карай", "Олуттуу айымдар" ж.б.
Ким Сан Бом башка актёрлордон сырдуу жылмаюусу менен айырмаланат. Бала бакчага барганда Ким Сан Бомдун тобундагы кыздар дайыма аны айланып-тегеренип, жанынан чыгышчу эмес. Эгерде ал актёр болбой калса, сөзсүз футболчу болмок. Анткени, мектеп курагында футболду жакшы ойноп, өз тобунда "бомбардир" атка конгон. Тасмага тартылардан мурун ал телешоу программасына катышып калып, ал аркылуу элге таанылган. Ким Сан Бом 18 жашка чыкканга чейин 6 кыз менен мамиле курган.
ОП-171-61. Алтыным, ашыга, алыстан алдастап, аярлап, араң алдыңдамын. Апакайым, аярым, амансыңбы? Арзыганым ашыктырдың, ардактуумсуң, алдаба. Алыстардан ар азапта асылыма ашыктым. Ажарлуум, арзуумду армандабай арнайын. Ардактуум, ашыгыңдын арзуусун азаптантпай, армандатпай ааламыңа ал! Эрке кызОП-171-62. "Обон", салам. Ак-Кудук айылыма чоң салам. Күмүш
ОП-171-63. Мен Тогуз-Торо районунун Арал айылында жашап жаткан атам Жумадилди, апам Жаңылды чын жүрөктөн куттуктайм. Баарына ден соолук жана ошондой эле "Бейше" орто мектебинин окуучуларына салам. Өзгөчө 8-б классына ийгилик. 0778531ххх
ОП-171-64. Кара-Көл шаарында жашаган жолдошум Айдарга, балам Ариетке, кызым Аэлитага салам. Ар дайым бар болгула, алтындарым. Апаңар Айзат
ОП-171-65. "Обондо" иштеп жаткандардын ишине ийгилик,- деп сулуу пери Феля.
ОП-171-66. "Обондун" СМСчилерине салам. Дайыма бар болгула, силерге ийгилик. Феля
ОП-171-67. Досям Айжамалга ысык салам. Досуң Бегимай
ОП-171-68. Атам Текин, апам Бурул, иним Тилекке чоң салам,- деп Миржан.
ОП-171-69. Убакыт өтүп жатат сызган куштай, агып жатат шар аккан тунук суудай. Кечээ эле бала элек оюнкараак, бүгүн болсо жүрөбүз биз кесип тандап- дегендей, 95тер экзаменди ийгиликтүү тапшырып алгыла,- деп Апал 95.
ОП-171-70. Эрмек Нурбаев, сизди абдан жакшы көрөм. Дайым бар болуңуз. Нуриза
ОП-171-71. Салам менин досторум: Айжана, Айза, Айдай, Жанара, Лиза, Адинай, Жумакан, Перизат, Жанат. 0700568ххх
ОП-171-72. Менин алтын апам Гүлбарага жана Нуржан атама салам жолдойм. Сиздерди жакшы көрөм. Айгерим
ОП-171-73. Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Учук айылына, быйылкы 9-классына ысык салам. Аскатик
ОП-171-74. Бишкектин Беш- Күнгөй айылында 1994-жылы май айында туулган Гуля же Гүлназ, сени 2 айдан бери издейм, кайдасың, бир дайыныңды билгизчи, болбосо beka.abdibekuulu ушул менин почтам. Казакстандан Бека. Сени сагындым, үнүңдү угайынчы. "Обон", силерден сураныч, ушуну гезитке чыгарып койгулачы. +77754174941
ОП-171-75. Тереземде жаап турду жаз жамгыры, эске түштү ак сүйүүм алыстагы. Сени канча унутам деп ойлосом да, өчүрө албадым сага болгон махабатты. Тереземде жаз жамгыры жаап турду, асмандан ылдый көздөй жамгыр кууду. Экөөбүз жаз мезгилде жолукканбыз, ошону эстеп жүрөгүм уйгу-туйгу. Бабник 94
ОП-171-76. Башында сүйөмүн деп неге алдадың? Ички дүйнөң жалтылдап мени арбапсың. Эми сенсиз өмүрүм кантип өтөт, а балким, убакыт өтсө сени дагы унутармын. Бабник 94
ОП-171-77. СМСчи досторума салам. Кыргыздар, ар дайым бар болгула. Мен силерди сүйөм. Babu 96
ОП-171-78. Менин эмес башка адамдын жары болдуң. Макул, жаным, узак болсун ак жолдоруң. Жүрөгүм ачышып ыйлап турат.
ОП-171-79. Урматтуу ОП-168-15 абонентиндеги Нурай, сизге чоң рахмат. Нурайым
ОП-171-80. Айгерим Расул кызы, бактылуу болуңуз. Сизди менин чоң апам да жакшы көрүп, сыйлайт. Нурай
ОП-171-81. Супер ырчы Айгерим эжеге жана супер бийчи Айпери эжеге салам. Мен силерди абдан жакшы көрөм. Нурай
ОП-171-82. Менин саламым Казарманда жашап жаткан сүйүктүү ата-энеме, туугандарыма, кошуналарыма. Айжан
ОП-171-83. Жалал-Абад областына караштуу Чаткал районундагы Кызыл-Токой айылына чоң салам. Ар дайым бар болгула, элим. Каныкей
ОП-171-84. Жаным Эламан, мен сизди аябай-аябай сүйөм жана сагындым. Сизге болгон сүйүүм чексиз болот. Сүйгөнүңүз Н…..а
ОП-171-85. Сени мендей эч бир адам сүйө албайт. Сүйсө да убактылуу сүйүү сөзүн сага арнайт. Алданып жок сүйүүгө башты ийип, өкүнөрсүң эстеп мени, кайгынын кийимин кийип. Эх, жаным, неге кеттиң алыстап, а мен калдым сени эңсеп жүрөк сыздап. Эстесем бүткүл аалам тар сезилип, каным жылбай дене боюм алсырап. Бабник 94
ОП-171-86. Жаачы жамгыр, ак жааныңды аябачы, билесиңби жолуккан күн жазындагы. Бак- дарактар суу болуп турган кезде, арнаганмын жүрөктөгү махабатты. Саамайыңдан сыдырылган ак жаанды, колум менен сүрткөнүм эсиңде барбы? Эми мен жалгызмын, эми сездим, жаным, сени сагынганымды. Акыркы жолу көзүңдөн жаш тамганда, жараган жокмун тике карап турганга. Сен анда башка адамдын болочоктогу жары элең, а мени магдыраттың махабатка. Бабник 94
ОП-171-87. Айгерим, өмүрүң узун, ден соолугуң чың болсун. Наргиза
ОП-171-88. Салам, "Обон". Мага Кирилл Плетнёв жөнүндө билип бергилечи. Айс
Плетнев Кирилл Владимирович
1979-жылы 30-декабрда Харьковдо төрөлгөн. Бала чагынан баштап Ленинградда жашап, ошол жактан мектепти аяктаган. 2000-жылы Петербургдагы театралдык академияны бүтүргөн. 2000-жылдан 2003-жылга чейин Москвадагы драма театрда актёр болуп эмгектенген. Ошол жылдан баштап чоң-чоң тасмаларга сунуштар түшүп, тартыла баштаган. Учурда жубайы актриса Лидия Милюзина менен түтүн булатып жаткан чагы. Экөө быйыл уулдуу болушту.
ОП-171-89. Мына бүгүн жан дүйнөнү жарык кылган, сезимди көкөлөткөн "Алмаз" радиосу талыкпаган аракети, тынымсыз изденүүсү, угармандарга болгон аяр, сый мамилеси менен бир топ ийгиликке жетип отурат. Кыргызстандын маалымат таркатуу тарыхындагы алгачкы көз карандысыз, өз жолу, өз нугу, өз угармандары бар радио 19 жаш кырчындай учуруна жетип келди. 19 жаш! Бул жылдар ичинде кандай гана жаңылыктар, окуялар өттү. Жүрөк толкуткан сезимдер, кесиптик жетишкендиктер, ачылыштар, алгалоолор! "Алмаз" радиосунун тарыхында да угармандардын бирине үмүт шамын жаккан, алысты жакын, жакшыны мыкты, салкынды жылуу кылган радио берүүлөр болду! 15-июнь, 1992-жылы өз жолун баштаган бул радиоканал 5 сааттык түз эфир менен чыгып, угармандарга орчундуу жаңылыктарга, уккулуктуу музыкага, коомдогу көйгөйлүү , бүйүр кызыткан программаларга, оюн-зоокторго бай болуп, жакшы сөздөр үчүн СМС-портал кызмат кылып келүүдө. Мына ушуга улай "Алмаз" радиосу дагы бир жаңылык тартуулаганы турат. Ал Чолпон-Ата шаарында үчүнчү студиянын ачылышы! Көл тарапта да "Алмаз радиосунун журналисттери угармандарына учурдагы жаңылык, жарык маанай, жылуу сөз, шаңдуу музыка тартууламакчы! Ошондой эле, ушул толкундан ретрансляция аркылуу "Азаттык", "Свобода", "Голос Америки" каналдары берилет.Урматтуу угармандар! Сиздер эсен болуңуздар, сиздерге кызмат кылган,102.1 жыштыгынан жаңырган "Алмаз" радиосунун 19 жылдык мааракеси кут болсун!
ОП-171-90. Мен жашоодо өзүмдү аябай бактылуу сезем. Анткени, сүйгөн адамым жанымда. Ал мени ар дайым колдоп, сыйлап, түшүнүп, мен үчүн баарына даяр. Мен дагы ал адам үчүн баарына даярмын, сүйөмүн, эч нерсеге алмаштыргым келбейт. Ар бир күнүмдү аны менен өткөргүм келет. Бири-бирибизди бат-бат эле сагынып кетебиз. Кичине көрүшпөй калсак сагынышып, бири-бирибизсиз жашообузду элестете албайбыз. Анткени, биз бир эгиз жүрөк болуп калганбыз. Бири-бирибизди алдын ала сезип, эч качан алдабай, баарын төкпөй-чачпай айтып берип турабыз. Биз бактылуубуз. 0700086ххх
ОП-171-91. Эмне үчүн кыздар менен балдардын ортосунда достук болбошун эми түшүндүм. Анткени, жакында эле менин эң жакын досум мени сүйүп калганын билдирди. Бирок мен аны ушул убакка чейин дос катары эсептеп келчүмүн. Башында ал айтса, мен аябай жаман болдум. Анткени, менин сүйлөшкөн жигитим бар. Мен аны сүйөм. Анан азыр эмне кыларымды билбей жатам. Бирок бул убактылуу гана нерсе. Мен аны сүйө албасымды билем. Анын жүрөгүн оорутпастан, жөн гана чалып, сүйлөшпөй эле коюуну чечип жатам. Наргиза
ОП-171-92. Айгерим, сиздей сулуу кызды жараткан ата-энеңизге ырахмат. Ар дайым ушундай ак көңүл, сулуу болуп жүрө бериңиз. Биз сиздин талантыңызды баалайбыз. 0776293ххх
ОП-171-93. Кубаныч Сатаев, сиз атаңыздын жолун улап, ар дайым жашы-карысы дебей, ырларыңыз менен жүрөктөн орун алып келесиз. 0776293ххх
ОП-171-94. Дайыма бактылуу болуп, чыгармачылык ийгиликтерди багынтып жүрө бериңиз. Мындан дагы угарман-күйөрмандарыңыз көбөйсүн. Чубак Сатаевдин улуу деп жалаң гана жакшы сөздөргө татып жүрө бериңиз. Мен сиздин талантыңызды баалайм жана сыйлайм.
ОП-171-95. Айгерим, сулуулугуңдун сыры эмнеде? Жылдыз, Марат
ОП-171-96. Сүйүүгө ишенесиңби жана сүйгөнүң барбы? Жылдыз, Марат
"Обондон" жооп: Бул сурооңуздарга 2-беттен жооп ала аласыздар.
ОП-171-97. Ай-ий, жашоо керемет экен. Айперижан
ОП-171-98. Досторум Гүлзина, Гүлзара,Гүлнара, Гүлнур, Тамара, Назгүл, Айпери - баарына ийгиликтерди каалайм. 0778940ххх
ОП-171-99. Келе жаткан Элиза Кененбаеванын туулган күнү менен куттуктайм. 0778302ххх
ОП-171-100. "Обондон" эскертүү: Урматтуу окурмандар, сиздерден сураныч, латын тамгасы менен жазбастан, кадимки эле орус тамгалары менен жазыңыздар. Анткени, биз кээ бир сөздөрүңүздөргө түшүнбөй, жазганга тоскоол болуп жатат. Мисалы, атыңар туура эмес кетип калышы мүмкүн. Андан тышкары, СМСиңиздер толугу менен келбей жатат. Мүмкүн, бирдигиңиздер аз калганда СМС кетиргенсиздер, ошондуктан, аягы жок келип жаткандыр. Эгерде аягы жок келсе, чыкпай калат."Меникин эмнеге чыгарбай койдуңар?" деген таарыныч СМСтериңиздерге жооп иретинде айттык.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??