Чимириле бийлеген бийкеч
Cахнада ырчылардын көркүн ачкан -кымча белдүү бийчилер. Ырчылар ырын үч мүнөт аткарышса, ошол үч мүнөттүк ырга жумалап, айлап даярданышкан бийчилердин эмгеги чоң жана баалуу эмеспи. Ошентип, сегиз жылдан бери талыкпай эмгектенип келе жаткан "Назик" бийчилер тобунун башкы курамындагы бийчи кыз Айгүл сахна артындагы сырлары менен бөлүштү.

"Назик эжеден кийин турмушка чыгам"

- Кандай стилде кийинесиз?
- Классика абдан жагат. Негизи эле биздеги кыздардын баары классикалык стилди жактырабыз.
- Кандай өңдөр жагат?
- Мен кара кийимдерди жакшы көрөм. Ачык өңдөрдү көп жактыра бербейм.
- Жигитиңиздин сиз баалаган сапаты кайсы?
- Чечкиндүү, бардык жагы жагат. Мен ойлогондой адам.
- Өзүңүздү үч сөз менен мактап бериңизчи?
- Жоопкерчиликтүүмүн,ишенчээкмин, боорукермин.
- Өзүңүздү үч сөз менен жамандап бериңизчи?
- Уйкучумун, жиним бат келет, жалкоомун.
- Үй-бүлөңүз тууралуу кепти баштасак.
- Менин экиз түгөйүм бар. Ал менден 15 мүнөткө улуураак. Аты Нургүл. Экөөбүз мектепте чогуу окуганбыз. Бирок окууну бүткөндө ал Юр. академияга, мен болсо Кыргыз улуттук университетине тапшырдым. Апам жеке ишкер, атам болсо суу каналында иштейт. Эки эле бир тууганбыз.
- Эгиз түгөйүңүз бийге кызыкпайбы?
- Башында мектепте окуп жүргөндө кызыкчу. Ал эми азыр болсо шыгы жок. Өзү токтоо мүнөз жана сүрдүү кыз. Так илимдерге көп көңүл бурат. Ошону үчүн юрист да. Экөөбүз эки башкабыз.
- Бий чөйрөсүнө кантип аралашып калдыңыз?
- Назик" бийчилер тобуна келгениме быйыл 8 жылдын жүзү болду. 8-класста келдим. Мектепте окуп жүргөндө Назгүл эжекебиз барып, хореографиядан сабак өтүп калды. Биринчи жолу мектепте окуп жаткан учурда: "Жаңы эжекелер келди бийден, барып көрбөйсүңөрбү?"- деп калышты. Анан ойлонуп беш кыз болуп барсак, чын эле жаш кыз экен. Мурда карыган мугалимдер берчү. Барып артына отуруп, сынадык. Элүүдөй кызга сабак өтүп жатыптыр. Сабак бүткөндөн кийин кетип бара жатсак, Назик эже: "Кыздар, эмне болду, кайра келесиңерби, жактыбы?"- деп сурап, аябай сылык мамиле кылды. Анан аны жактырып, барып бийлеп калдык. Кастинггден тандалып алынгандан кийин, 2 ай кечигип баргам. Бирок кыздардан калбай, кошулуп бийлеп кеткем.
- Биринчи жолу бийлеп сахнага чыкканыңыз эсиңиздеби?
- Эң биринчи мектептен чыкканбыз. Бир майрамда бийлеп чыгып, ошого аябай кубанычта болгонбуз. Экинчи жолу БГУда бир майрам болуп ага бийлегенбиз. Ошондо жакшы сөздөрдү угуп кубанып, бир чоң сахнаны багындыргандай сезилген. Ал эми чоң сахнага Кожомкул атындагы Спорт ордосунда чыгып бийлегенбиз.
- Кимдин артынан бийлеп чыктыңар эле?
- Мирбек Иманбековдун концертинде, анын артынан бийлеп чыкканбыз. Ошондо бири-бирибизди карап бийлейли, адашып кетпесек экен деп коркуу сезимдери болгон. Бирок элдин коштоосу менен билинбей, адашкан жокпуз. Көпчүлүк элдин алдында бийлеп көрбөгөндөн кийин башында бийлеген жаман турбайбы, болду бийлебейбиз деп айтканбыз. Ал учурда Мирбек Иманбеков продюсери Асыл Апасова менен иштешип жүргөн. Анан бийлеп бүткөндөн кийин, Асыл эже бизди аябай мактап, кыздарыңдын келечеги кең болот, аябай жакшы бийлешти дегенде толкунданганбыз. Азыр болсо сахнанын үстүндө жашап калдык.
- Өзүңүз Назик эженин жолун улап, сабак берип жүрөт экенсиз. Канча жылдан бери сабак берип жатасыз?
- Мен 3 жылдан бери бий үйрөтүп жатам. Назик эже өзү жетишпей, биз такшалып бүткөндөн кийин, бизге көзү жетип ишене баштагандан кийин гана, өзүмдүн окуучуларым эле окуткула деп айтты. Кыздар аябай көбөйүп кетти. Башында кыздарды тарбиялап үйрөткөн кыйын экен. Назик эжени убагында түшүнчү эмес экенбиз, көрсө. Ар бир кыз ар бир үй-бүлөнүн эркеси болот экен. Ар бирине өз алдынча мамиле кылышың керек. Азыр болсо жакшы, көнүп калдым.
- Бий менен кошо окуп жатасыз. Университетке кантип жетишесиз?
- Башында жакшы окудум. Аягында бийге көп убактымды коротуп, барбай калып жаттым. Бирок бийимдин жардамы тийип, 1 жылда бир факультеттин туулган күнүндө бийлеп коём. Анан мугалимдер жакшы таанып калышыптыр. Мага жөн эле коюп берип коюшат.
- Сахнада кулап калып, же жаңылып калган учурлар көп эле болсо керек. Кайсыл учуру эсиңизде калды?
- Бир жолу бир ырчынын артынан бийлеп калдык. Анан ал ырга аз даярданып калганбыз. Анан чыгып эле бийлейли десек, анын башка ыры башталып, ага бийлеш керек болуп калды. Чыккандан кийин айла жок, эптеп аягына чейин бийледик. Анан экинчи биз даярданган ыры болуп жатпайбы. Ошондо бир бийди эки жолу бийлегенбиз. Элдер байкаган деле жок. Бирок аракет кылдык, ыкмаларын окшоштурбаганга. Дагы бир жолу шашып, чешкамды чала-була кийип алыптырмын. Анан бийлеп жатып аябай берилип кетиптирмин, бир чешкам түшүп калыптыр. Аны деле байкаган эмесмин. Бийлеп жатабыз, анан ортосунда айланган жери бар болчу, баарыбыз тоголоктошуп айланабыз. Карасак ортодо чешка турат, кимдики, кимдики деп жатабыз, мен бутумду карасам, чешкам жок, анан билгизбей чыгып кеттик дагы, алып баруучудан алып берип коюңузчу деп сурандык. Башында бир ката кетирип алсак, аябай жаман болуп, Назик эжеге: "Элге уят болдук",- деп ыйлачыбыз. Анан Назик эже ал абалдан күлүп чыгып кетиш керек деп айтып калчу. Азыр ошондой бир нерсе болуп калса, күлүп гана билгизбей чыгып кетебиз.
- Бийдин башындагы, ортосундагы же аягындагы, кайсыл кыймылдарды жаттаган оңой?
- Башынан баштап үйрөнгөн,албетте, оңоюраак. Тез жаттап кабыл аласың. Бирок бул ар бир кыздын өзүнөн дагы болот. Кээ бирлери бир көрүп туруп эле жаттап алышат, кээ бирлери 5-6 жолу көргөндөн кийин дагы үйрөнө алышпайт. Ал эми мен бир көрүп эле жаттап алам. Ошонумду көпчүлүгү жактырат. Кээ бир кыздар түшүнбөй, жаттай албай калышат. Анан шашылыш даярданып чыгып калганда алдыга мен турам, анан алар мени карап бийлешет. Назик эже экөөбүз бат жаттайбыз.
- Кайсыл элдин бийин бийлеген жагат жана көбүрөөк басым жасап бийлейсиз?
- Мага кыргыз болгондон кийин кыргыз бийлери жагат. Чет өлкөлөргө барганда кыргыз бийи менен барабыз да. Ал бийди бийлеп жатканда толкунданып, кадимкидей патриоттук сезимдер козголот. Сөзсүз кыргыз бийи баарыбызга жагат жана баарыбыз берилип бийлейбиз. Ал эми башка бийлерди болсо, өз ыкмалары менен гана бийлеп коёбуз.
Келсин Мурадил кызы