Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Айгерим Расул кызы:
"Жигит үчүн өкүнбөйм"
Бул жолку "Кумир менен баарлашуу" рубрикабыз башка баарлашуу-ларыбыздан өзгөчөлөнүп, Тарых музейинин астында өттү. Ал жакка суйкайган сулуу, боорукер, таланттуу ырчы, бийчи, актриса Айгерим бардык күйөрмандарын чакырып, өзүнүн жакында эле чыккан "Мен сага ишенем"аттуу тасмасына киргизди. Кинону көрүп чыккандан кийин күйөрмандары менен баарлашып, жылмаюу менен коштошту. Анда эмесе, баарыңыздар Айгерим менен окурмандарыбыздын баарлашуусуна күбө болуңуздар.

Жибек: - Азыр эле сиз тартылган кинону көрүп чыктым. Талантыңызга таазим. Аябай жакшы аткарыптырсыз. Алдыда дагы кандай пландарыңыз бар?
- Рахмат. Азыркы учурда жаңы кино тартайын деп, ошого даярданып жатабыз. Ал кино кыргыз киносуна жана шоу-бизнеске абдан чоң жаңылык киргизет деп ойлойм. Анда мен образыма карама-каршы ролду аткарам.
Жылдыз: - Каныкейдей кайраттуу,
Курманжан даткадай айбаттуу.
Болгум келет мен дагы,
Айгеримдей ардактуу-
демекчи, мен дагы сиздей татынакай, мээримдүү, назик болгум келет. Сулуулугуңузга кантип кам көрөсүз?
- Аябай жакшы ыр саптары экен. Мага аябай жакты, азаматсыз. Мен кадимкидей эле кыздардай болуп боёнуп, жасанып жүрөм. Эң башкысы айтат го, жан дүйнөңдө бактылуу болсоң, ошондо сулуу көрүнөсүң деп. Ошого ишенем. Ар бир аялзаты бактылуу болсо сулуу көрүнөт.
- Кечээги, эртеңки жана бүгүнкү күндүн айырмасы эмнеде деп ойлойсуз?
- Мен үчүн кечээги күндөн бүгүнкү күн жакшы. Бүгүнкү күндөн эртеңки күн жакшы.
Жылдыз: Мен дагы кичине кошумчалап коёюн. Мен ойлойм, кечээ сиз адам болчусуз. Бүгүн сиз-жылдызсыз. Эртең сиз тарыхка кыргызымдын белгилүү инсаны катары каласыз.
Гүлжамал: - Чачыңыздын узундугу канча сантиметр?
- Аны атайын ченеп көргөн эмесмин. Жамбашымдан ылдый. Чачымды кичинемден бери өстүрүп жатам. Бирок учтарын бат-баттан кыркып турам.
Айкөкүл: - Сиздин чыгармачылыкка келүүңүзгө атаңыздын ролу чоңбу, же өзүңүздүн талантыңызбы?
- Өзүмдүн ролум чоң деп ойлойм. Анткени, мен ырчылык кесипти каалабасам, атам мени ырда деп кыйнабайт болчу. Өзүмдүн каалоом менен, анан албетте, атамдын жардамы менен ырчы болуп чыктым.
Үмүтай: - Өзүңүздү бактылуу адаммын деп эсептейсизби жана азыркы убакта сиз сүйгөн, сизди сүйгөн адам барбы?
- Өзүмдү бактылуумун деп эсептеймин. Анткени, сиздердей болгон татынакай айымдар, алтындай болгон убакыттарын бөлүп, мени сыйлап келди. Мен ошол үчүн бактылуумун. Андан тышкары, жакшы көргөн ата-энем, мени колдоп турган кыргыз элим бар. Ал эми учурда сүйгөн жигитим жок.
- Сиз кинодо абдан боорукер жана жагымдуу кыз болуп катышкансыз. Жеке жашооңузда дагы ушундай адамсызбы?
- Чынын айтсам, жашоодо кандай болсом, бул кинодо дагы ушундай адаммын. Бирок жашоодо көбүрөөк чечкиндүүмүн. Кинодо болсо чечим чыгара албай эле кыйнала бергем.
Жылдызай: - Кинонун аягында жигитиңизге эмне үчүн жетпей калдыңыз?
- Эми жеке, чыныгы жашоомдо деле жигитим жок жүрбөйүнбү. Кинодо деле акыры жигитим жок болуп бүтүп калат. Аягында менин жашоом менен бүтөт деп айтсам болот. Чыныгы жашоодо жигит үчүн өкүнбөймүн. Андай адам эмесмин.
Гүлжамал: - Бул кино болгон окуябы жана идеясы кимге таандык?
- Чынын айтсам, тасмадагы окуялар менин башымдан өткөн. Мен жөнүндө кандай гана ушактар чыкпады. Ошол эле убакта Жаныш Кулманбетов кинонун режиссёру, автору. "Жараланган турналар" деген тасманы Жаныш Кулманбетов бир ай тартты. Ошол бир айдын ичинде менин жүргөн-турганымды байкап, изилдеп, анан менин бала кыял экениме таң калган экен. Мурда мен жөнүндө айтылган ушактарга такыр дал келбеген мүнөзүмө таң калып, апама: "Бул ушактар кайдан чыккан? Ким таркатып жүрөт?"-деп сураган экен. Ошол тасма тартылып бүткөндөн кийин, мени тааныгандардан сураштырып, кыялымды, жүрүм-турумумду билип, анан ушул кинонун идеясы пайда болгон экен.. Анан апама чалып: "Окуп көрбөйсүңөрбү, менде Айгерим тууралуу ушундай бир идея бар. Жакса тарталы",- деп сунуш киргизиптир. Анан атам менен апам окуп чыгып макул болушкан.
- Сиздин атаңызды ырчы катары тааныйбыз. Апаңыз жана бир туугандарыңыз жөнүндө айтып кетпейсизби?
- Апам-менин менеджерим. Апам бизди кармаган кайраттуу, күчтүү аял. Апамды Курманжан даткадан кем калышпаган эрктүү, акылдуу аял деп эсептейм. Кичинемден бери апамдай болсом деп кыялданам. Буйруса, жаңы тартылайын деп жаткан киномдо дагы апамдын образын жаратам. Ал эми бир туугандарыма кайрылсам, эжем Жанна турмушка чыккан. Анан мен. Менден кийин Руслан деген иним бар. Анан кичинекей 5 жаштагы сиңдим Аяна. Аяна менен Руслан жакында ырдап чыгышат. Бирок иним көбүрөөк кино жаатына кызыгат. Учурда актёрдук чеберчиликтен билим алып жатат.
Жылдыз: - Сиздин сулуулугуңузга суктанган кыргызымдын балбан билек жигиттери аттиң ай деп оор үшкүрүп, сизге жетпей келишет. Сиздин мээримге балкыган жүрөгүңүздү кыргыздын кандай жигити багынта алат?
- Биринчиден, энесин барктаган балдарды сыйлайм. Ушунчалык аялзатына аяр мамилени жасап, алар үчүн баарына даяр болгон мырзаларды баалайм. Бирок кандай бала жагарын так айта албайм.
Гүлжамал: - Чет өлкөлөргө көп барасыз? Кайсыл өлкөдө жүргөнүңүз көбүрөөк эсиңизде калды?
- Иранга барганым аябай эсимде калды. Ал жакта күнүгө бетибиздин баарын жаап, жоолук салынып жүрдүк. Анан кетерге жакын текшерүүдөн өткөндөн кийин, жоолуктарыбызды чечип, ыргытып кыйкырдык. Кыйкырсак тигилер бизди карап таң калышты. Ошол жери аябай эсте калды. Аны видеого дагы тартып алышыптыр.
Клара: - "Мен сага ишенемде" атаңыз менен чогуу ойноптурсуз. Ыйлап аткарып жатканда атаңыздан тартынып уялдыңызбы?
- Жок, мен тартынган жокмун. Атам менден тартынды.(Күлдү) Анткени, тартылып жатканда:"Ата, мындай ойносоңуз",- деп айтып жаттым. Негизи, мен такыр тартынбайм. Кичинемден баштап улуу муундагы ырчылар менен чогуу ырдап жүрүп көнүп калгам. Ошол үчүн менде тартынуу жок.
Камила: - Кинодон кайсыл учурду аткарыш кыйын болду. Мисалы, ыйлай албай кыйналдыңызбы?
- Ыйлагандан мен такшалып калдым. Жакында эле менин эң кымбат көргөн чоң энем Ибадат каза болгон. Чоң энемдин элеси көз алдыма келгенде көзүмдөн аккан жашты өзүм дагы байкабай калам. Негизи эле кинодо көп ыйлагам. Бул дагы кыскартылып берилгендегиси. Кээде өзүмдү өзүм эстеп ыйлап жаттым.
- Кайсыл учурларды көп дубль менен аткардыңыз?
- Менин сүйгөнүм болуп тартылган Улан менен аткарган жерлер кыйын болду. Анткени, экөөбүз такыр эле карама-каршы экенбиз. Жөн эле бир жигитти сүйүп аткарган кыйын экен. Эгер менин сүйгөн жигитим болсо, анда башкача болмок беле.
- Жатып алып асманды карап кыялданган учуруңузда, чындап эле кыялдандыңызбы?
- Ар бир эле адам кыял менен жашайт. Бирок ар бир эле адам асманды карап кыялдана бербейт. Мен ошол учурда асмандын чексиздигине, ушунчалык тунуктугуна баа берип кыялдандым.
Баарыңардын келгениңерге, киномду көрүп кеткениңерге абдан ыраазымын. "Обон" гезити аркылуу силер менен жолукканыма абдан кубанычтамын. Бул-менин эң сүйүктүү гезитим. Мен ойлойм, бул биздин акыркы жолугушуубуз эмес деп. Жаңы кино тартсам, дагы "Обон" аркылуу чакырам . Эң башкысы сиздерге аялдык бакытты каалайм . Жакшы мырзага турмушка чыгып, бактылуу болгула.
Келсин Мурадил кызы




ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования