п»ї

  Маанилүү маек

Абдылда Иманкулов:
"Кайсы бийлик келбесин, биз гана "коомдун өгөй" балдары бойдон кала беребиз"
Көп жылдан бери сахнадан түшпөй кызмат кылып, бирок эч кандай наамга татыбаган куудулдардын атасы Абдылда Иманкуловду сөзгө тарттык.

- Кийинки кездерде куудулдар теледен көп көрүнбөй кеттиңиздер, ар бир айда болчу концертиңиздер да бул айда болбоду?
- Бизди теледен мурдатан эле жакшы көргөзбөйт, өзгөчө Коомдук канал. Эки жарым жылдан бери ЭлТР каналы менен "Ар бир айдын алтысы" деген долбоорубуз боюнча келишим түзүп иштешип жатабыз, алар да бир айда бир-эки жолу эле көрсөтүшөт. Анда да айрым жерлерин көрсөтпөй коюшат, биз бул жерин эмнеге көрсөтпөй койдуңар деп айта албайбыз. Маданият чөйрөсүнөн көңүл бурулбаган бир гана биз, куудулдар. Кайсы бийлик келбесин, биз гана "коомдун өгөй" балдары бойдон кала беребиз. Ал эми концертибиз үч айга токтойт, биз жайкы эс алууга кетебиз.
- Тамашаларыңыздар мурункуга салыштырмалуу кандай деңгээлде деп ойлойсуз?
- Азыркы убакта биз элге болгон чындыкты айтып жатабыз, алар элге DVD диск аркылуу жетип жатат.
- Ар бир айда концерт берип келесиздер, элди тажатып албайсыздарбы? Айрымдар кээде концертиңиздер супсак болуп калганын айтып калышат?
- Биз бир айда жакшы даярдансак, бир айда жакшы даярдана албай калышыбыз мүмкүн, себеби биздин дайыма олтуруп даярдана турган мекемебиз жок. Керек болсо ар кайсы жерде олтуруп даярданып, концерт берер күнү гана чогулуп, Спорт ордосунда концерт башталганча 2 саат гана даярданабыз. Ал жер дагы ижара болгондуктан, убакыт тар, ошондо да аппаратура, светин толук бербейт, акча деп. Негизи, эки күн концерт беребиз, анан былтыркы жылы концертибизде 8-март айымдардын майрамы болуп калып, 4 күн коёлу дедик. 6-7-март концертибизге эки күн улап, ошол эле концертти койсок, эртеси күнү бир газета "эскисин ойноду" деп жазып жатпайбы. Биз, кыргыздар, сын айтканды гана билебиз да, колдоо көрсөткөндүн ордуна үстүбүздөн басып турабыз. Көшөгөнүн артында эмне бар, ошол сатира кандай болуп жаралды, билишпейт. Бир концертти бүтүп, экинчисине даярданыш- тозоктун тозогу. Мисалы, ырчылар эски ырларды жакшы кылып аткарып коюшса, Мусаныкыбы, Атайдыкыбы, "Оо, азамат жакшы ырдаптыр" - дейт, ал эми сатиранын түйшүгү таптакыр башка.
- Сиздер аткарган сатиралардын сценарийин ким жазат, азыркы кезде сценарий жазчу сатирик барбы?
- "Сатира жазып келдим",-деп жеке бир адам көтөрүп келбейт, жеке сатираларды гана өз алдыбызча даярдайбыз, болбосо чоң интермедияларды чогуу олтуруп, ар кимибиз идеяларыбызды айтып, биргеликте даярдайбыз. Себеби, азыр коомго жараша сатира жазгандар жокко эсе.
- Кыргызстандагы сөз эркиндиги куудулдарга да жеткенсийт, сатираларыңыздарда саясатты көп чагылдырып, бийлик башындагыларды ачык эле сындап жатасыздар?
- Азыр саясатчылар бир нерсе болсо, Акаевдин, Бакиевдин заманында болгон деп жатышпайбы. Биз Акаевдин, Масалиевдин, Бакиевдин заманында да чындыкты айтып келгенбиз жана азыр да айтып жатабыз. Кышында ЭлТРден биздин концертти берип жатып, мен сүйлөп жатсам жарымына келгенде өчүрүп, кино коюп койду. Азыр Кыргызстандын бардык булуң-бурчунан телефон чалып жана биз барган жерлерде сурап жатышат:"Жакшы сүйлөп жаттың эле, эмнеге өчүрүп коюшту?"-деп. Мына Коомдук, Элдик болуп эле укмуш болуп кетпептирбизби, кимиси келсе да андай болуп кетпейбиз. Теледен аларга жага тургандай кылып сүйлөш керек. Андай сүйлөгүдөй мен Арзымат эмесмин.
- Бай өлкөдө жашагандар саякатчы болот, кедей өлкөнүкү саясатчы болот дегендей, азыр бардык жерде саясатты сүйлөшүп калдык, сатираларыңыздарды башка багытка бурсаңыздар кантет?
- Биздин ишибиз өзү саясат, коомдо, жогору жакта эмне болуп жатканын элге жеткирип туруу бул-милдетибиз. Бийликте эмне болуп, коомдо кайсыл нерсе кандай болуп жатканын эл бизден угушу керек. Мисалы, депутаттар көрүп билип турушса да көп нерсени айтышпайт, президент жакшы иштерди жасаган күндө дагы, депутаттар шайтан оюнга айлантып жиберишет, биз ошону элге ачык айтып турушубуз керек. Мисалы, Акаевдин кетиши, Бакиевдин келиши, кайра кетиши, азыркылардын келиши-булар бийлик талашып, элди курал катары колдонушуп, жыйынтыгы- 7-апрель, Ош коогалаңы болду, муну кантип жашырабыз? Ж.Жолдошова туптуура айтты: "Эмнеге ошондо бийлик талашып жаткандардын балдары, туугандары өлбөй, карапайым элдер өлөт?"-деп. Ош окуясында карапайым кыргыз эмне утуп, карапайым өзбек эмне утту? Ушул 500дөн ашык адамдын өлүмү, 1000ден ашык карапайым элдин ден соолугунан ажыраганы, ушулардын бийлигинен ылдый болбошу керек эле, бийлик, кызмат талашуунун азабын мына, былтыр тарттык. Азыр эми эки эл урушпайт, уруштан утуу жок экенин экөө тең түшүндү. Эми мындан кийин алар саясатчы, байлардын курмандыгы боло албайт. Телефонго 60 тыйын кошуп койду деп тополоң кылдык эле, мына унга 900 сом кошсо деле унчукпай жеп жатабыз го? Кана пайдасы? Мына ушул үчүн канча бала өлдү, канча эненин эмчеги сыздап ыйлап олтурат, канча келин жесир, канча бала жетим калды, анан ушунун баарын биз айтпаганда, ким айтат?
- Наам ала турган убагыңыз келип калгандай, өкмөт бербей жатабы, же өзүңүз аракет кылбай жатасызбы, бул тууралуу тамаша да аткарып жүрөсүз, өкмөт "намёгуңузду" түшүнбөй жатабы?
- Убактым келип калгандай эмес, өтүп бара жатат деп эле айтайынчы. Мисалы, бизде наам, орден, медаль ала тургандар абайлап, кайсы бийлик болсо дагы алардын көңүлүнө төп келгидей кылып сүйлөп жүрүшөт. Ошентип, балким, алып жатышкандыр. Мен наам үчүн аларды мактай албайм. Бере турган нерсени өзүлөрү эле чакырып берип коёт жана берип жүрүшөт. Акыркы учурларда убактылуу өкмөткө сын-пикирди ачык айтып жатам да, антсем кээ бирлери мени Акаевдин, Бакиевдин кошоматчысындай көрүшөт. Эгерде алардын кошоматчысы болсом, ошолордун убагында наам алып жаткан өңдүү-түстүү кыз-келиндердин арасында мен да качан эле алып алмакмын. Ошол убакта да чындыкты айтып келгенмин, президенттик шайлоодо Бакиевди колдоп барып, кайра ал президент болору менен "Ганси" деген сатираны ойногонбуз. Ал Америка менен Россиянын базасы жөнүндө болчу. Былтыркы өткөн тополоңдун түпкүлүгү, ошол эки мамлекеттин тымызын ич ара тирешүүсүнүн жыйынтыгы болду. Сатираны бир топ саясатчылар ошол кезде көргөн эмес, качан 7-апрелден кийин ар кимибизден сурап жүрүшөт. Биздин чоңдордун жамандыгы, акылсыздыгы эмнеде? Мисалы, Россияда кээ бир концерттерде президент, премьер-министр, Жириновскийге окшогон бир топ саясатчылар шоу-концерттерге катышып олтурушат. Биздин чоңдор кызматта олтурганда келип концерт көрүүнү уят көрүшөт, анан качан кызматтан кеткенден кийин келип алышып бизге акыл үйрөтүшөт. Мен акыйкат, чындык үчүн айтып коюшум керек, бир гана Мадумаров депутат болобу, мамлекеттик катчыбы, спикерби, бардык убакта концертке келчү.
- Бир кездерде Бакиевдин антимитингине катышып, Бакиевди жактап жүрдүңүздөр эле, муну бийликке жагыныштын амалы десек болобу, же чын эле Бакиевдин жүргүзгөн саясатын колдоочу белеңиз?
- Туура, мен Бакиевдин саясатын колдоп жүргөм жана азыр да колдойм. Себеби, бардык нерсе конституциянын, мыйзамдын негизинде болушу керек жана бийлик конститутциялык жол менен алмашыш керек. Басмачылык, бетпакчылык менен басып алган туура эмес. Бакиевдин кете турган убагы боло элек болчу, экинчи мөөнөткө жаңы гана шайланган. Конституцияда жазылып турат: "Президенттин эки мөөнөткө шайланганга укугу бар"- деп, бул Бакиевдин укугу болчу, экинчиден, "Акаев, Бакиев жеп койду"-деп кыйкырып эле келе жатышат, бирок эч кандай далили жок болуп жатпайбы булардын. Мага Бакиевди кармап келип сот аркылуу далилдеп, соттун жыйынтыгын угузсун, ошондо "Бакиев жегич экен",-деп ишенем. Азыр соттун жыйынтыгы чыкмайынча, эч кимдин бир нерсе дегенге акысы жок. Биз конституциянын кулу болушубуз керек, ошондо гана өсөбүз. Мына кечээ Ош окуясы боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыгы чыкты, уктап калбагандан башкасы көрдү. Алар: "Акаев, Бакиевдин учурундагы жыйылып калган көйгөй"-дейт, эгерде андай түшүнө турган болсок, ошол учурда Р.Отунбаева, Ө.Текебаев, А.Атамбаев, А.Бекназаровдор бийлик бутагында жүрүшкөн, алардын сын айтканга акысы жок, сынды саясатка жаңы аттап, жаңы келген депутаттар айтса жарашат. "Акаев, Бакиев учурунда К.Батыров, Ж.Салахуддиновдор байышкан, ошолордун кишиси болчу"-дейт, билет экен анда эмнеге убагында кармабай, К.Батыровго паспорт жасап берип, качырып жиберишти, анан кантип ишенебиз буларга? Ө.Текебаевдин бир тууган иниси К.Батыровдун жанында жүргөнүн, Жалал-Абаддын эли какшап айтып жатат, Ө.Текебаев "калп" дейт. Калп болсо эмнеге депутат Ж.Жолдошева дискин көрсөтөлү десе болбой коюшту, эмнеге көрсөтпөй жатат? Бул деген ар бир партия өзүнүн деңгээлинен чыга албагандык, парламеттик башкаруу бизге жарашпасын көрдүк. Азыркы биз жашап жаткан конституция балким, жакшыдыр, курсагы ток, кийими бүтүн элге. Парламенттик башкарууга карапайым эл эмес, саясатчылар, билимдүүлөр, кыргыздын элитасы өзүлөрү даяр эмес экендигин көрсөтүп жатат. Бакиев жакшы иштерди жасады, КРнын жараны катары көрүнүктүүсүн эле айтайын, бардык айыл өкмөттөр жөө калган, бардыгы кызматтык машина минди, айылдык участкалык милицияларга чейин бирден "Нивалуу" болушту. Жаманбы, жакшыбы ГЭСти куруп бүтөйүн деп калды беле? Ошондой эле шаардагы кытайдын автобустарын алып келген, аны да саясатка айландырып жиберишкен:"Кытайдын болбогон автобустарын алып жатышат"- деп. Бүгүн өзүлөрү алып, дагы алалы дешсе акчалары жетпей жатат, муну кантип танабыз. Мен ачык айтып коёюн, ошондо дагы Мадумаров спикер болуп турганда, ЖКда олтурган депутаттар бир күндүк айлык акыбызды ГЭСтин курулушуна которолу дегенде, азыркы президент, ошол кездеги депутат Отунбаева: "Акчаң болсо бере бер, мен бере албайм!"-деп каршы болуп, түздөн-түз сессияда айтып чыккан. Анан кантип эми: "Ушул улуттук долбоор, жакшы кылып жатабыз",-деп айтып жатат? Бирөөнүн эмгегин айтыш керек. Ош-Бишкек жолунун ийгилиги-Акаевдин эмгеги.
- Бакиевдин кызматын жакшы баалайт экенсиз, ал эми өз элин атып, качып кеткенине кандай баа бересиз?
- Бакиев элди атты деп айта албайм, себеби, мыйзам бар. "Мамлекеттик коргоого алган мекемелерди жана кыргыз мамлекетинин жарандары өзүнүн менчигин курал менен коргоого болот",-деп жазылып турат. Ал мекемелер кайсылар? Алар: Ак үй, башкы прокуратура, ИИМ, курал-жарак РОВД, УКМК, ойлоп көргүлөчү кайсы жак өрттөлдү, кайсыл жакка кол салынды? Эгер эл Ак үйгө келбесе атпайт эле да, ал жерде өзүнүн эли, же башка эл деп жазылган эмес, "Ким мыйзамсыз кол салса" деп жазылып турат. Биз ошол мыйзамды сыйлабагандыгыбыздан, билбегендигибизден ушул абалга келип олтурабыз. А азыркы өкмөт деле Бакиев кеткенден кийин митингдер болуп жатканда:"Ак үйгө бирөө келсе атабыз"-дешти го, демек, атса болот экен да. Бекназаров теледен 7-апрель күнү: "Биз Бакиев чет жерден жалдап келген, арасында чечендер, тажиктер ж.б улуттар бар 13 снайперди кармадык"-дебеди беле, кана ошолорду көргөзбөйбү элге. Азыр "кана ошол снайперлер" десең, "Альфанын" балдарын көрсөтөт. Ал мурда чет жерден келген снайперлер дебеди беле, демек, калп бекен-калп. Ошондуктан, "Бакиев атып кетти, жеп кетти, Акаев алып кетти",-дегенге ишенбейм. Чыныгы калпычылар азыр бийликте олтурушат. Болбосо 470 киши түштүктө, 86 бала бул жакта өлүп жатат. Алар айтып жатат: "7-апрель, түштүк окуяларынын тамыры бир"- деп, эгер бир болгон болсо, 500дон ашык бала өлүп жатат, ошол кезде автоматчандар бар эле деп айтып жатышат. Эмнеге кармашпайт? Кармалгандарын эмнеге коё беришет, мен буларды акча алган деп түшүнөм.
- "Артистти жолдошум дебе" дегендей, гастролдорго көп чыгасыздар, жубайыңыз кызганып, түшүнбөстүктөр болду беле, негизи эле артист менен жашоо кыйын болсо керек?
- Чындыгында, артист менен жашаш кыйын, себеби, үйдө көп боло бербей калышың мүмкүн, гастролдо жүргөндө айланаңда кыз-келиндер болот. Анан бири билип кызганса, бири билбей божомолдоп кызганат, муну арабыздагы теңтуштардан көрүп жүрөбүз. "Артистти жолошум дебе" деген сөз доорго жараша алмашып кетүүсү мүмкүн, азыр "байды, депутаттарды күйөөм дебе" десе жарашат.
- Балдарыңыз тууралуу айта кетсеңиз, небере күтүп калсаңыз керек?
- Эки бала, эки кызым бар. Улуу кызымды беш айынан баштап жеңем менен агам баккан, бизге бойго жеткенде келди. Кара-Балтага турмушка чыккан, үч кызы бар. Кудай буйруса, азыр дагы бирөөсүн күтүп жатышат. Экинчи балам университетти бүтүп, иштеп жатат. Токмоктон келин алгам, бир неберелүү болуп калдым. Үчүнчү кызым студент, эң кенжебиз экинчи классты аяктады.
Маанилүү маегиңизге рахмат. Чыгармачылыгыңызга ийгилик каалайм!
Динара Чокоева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??