"Черныйларды" көңүл чордонуна айланткан "шоучу" айым
Редакцияга өсүп келаткан ырчы кыз - жигиттер келиптир. Көптөн бери көңүлдө буюгуп, бирок сыртка чыгалбай жүргөн сөздөрүн айталы дешет. Айткандарын угуп отуруп, бир ой келди "черныйсыз" күнүбүз өйдө боло албай калганбы? Ыр менен бийден куралган шоу дүйнөсүнө да "братандардын" аралаша баштаганын кантип түшүнөбүз да, кантип абийирибизге сыйдырабыз? А дегенде эле кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн атын атап коркутуп жатып калган бул айымдын жоруктарын ырчы кыз - жигиттердин айтуусу бойдон, кемитпей да, кошпой да берүүгө туура келди.


Кайыргүл:
"Көргөн концертим - түрмө менен той болду"
- Түрмөгө барганда арак ичкенге мажбурлайт. Мен ичкенге таптакыр жокмун, ичпейм десем болбойт. "Дезинфекция болот, бул жерде кургак учук көп, тамагың оорубайт"-деп туруп алганынан, коркконумдан болсо да бир стаканды ичип жибергем. Кайтып келатканда өзү да ичип, адам кейпинен кете түштү, жолду катар түрмөдөгүлөрдүн жаргону менен сүйлөнөт, сөгүнөт, таптакыр уктай албадым. Анан келерим менен качтым. Анткени, бир жолку сапарда эле мен анын интеллигент маскасы чечилгенин көрдүм. Кайрадан ушундай адам менен иштешүүгө ким батына алат?
- Продюсериң менен канча убакыт иштештиң?
- Мен болгону үч ай иштештим. Эки ырымды өзүм жаздырдым, ал аны радиолорго алып барды. Мына, биздин кызматташтыгыбыз. Ушуну продюсерлик кылды деп айтууга болобу? Концерттерге алып чыккан жок. Анан мен кетип калсам: "Мен сени супер-жылдыз кылып койсом кеттиң, жакшылыкты билбейт экенсиң",- деп кекетет. Мына, сиз дагы мени тааныбайсыз, эч ким тааныбайт. Анан кайдагы супер -жылдыздыкты айтып атканын түшүнбөдүм. Мен ага эч нерсе карыз эмесмин, тойлорго, түрмөгө коюлган концерттерге бир сом акы албай, барып ырдап берчүмүн. Жогоруда айткандай, эки ырымды өз чөнтөгүмдөн төлөп жаздыргам. Кеткенимден кийин бардык жолдорду бууп таштады. Радиолорго барсам ырларымды алышпайт, башка продюсер менен иштешейин десем, ал жакшылыкты билбеген кыз деп эчак эле жамандап салыптыр. Алгачкы клибимди тарттырайын деп жүрсөм, Нурлан Мамакеевге аны тартпагыла, ал мени сатып кетти деп телефон чалды. Качан, кантип саттым мен аны?
- Кечирим сурап, абалды тынч жайгаштырууга аракет жасап көрдүңбү?
- Баары айтышты:"Кайыргүл, сен жашсың, продюсериңден барып кечирим сура",-деп. Көпчүлүк айтып аткандан кийин туура көрдүм, балким, чын эле ал жакшы адам, мен түшүнбөй аткандырмын, же агрессия аркылуу өзүнө көңүл бурууну талап кылып аткандыр. Кечирим сурадым. Телефон чалып да, СМС жазып да. Ал СМСти ар кимге көрсөтөт экен. Мен чын дилим менен кечирим сурасам, ал аны ар кимге көрсөтүп, мени шылдыңдап жүрөт. Моралдык жактан жабыркатсам, суммасын айтыңыз, төлөйүн да дедим. Урушпай эле тынч бөлүнүүнүн жолун издедим. Ал болсо мен телефон чалган сайын телефонун бийик үнгө коюп коёт. Жанындагыларга да угузгусу келет окшойт. Бир жолу дагы чалдым. Калп айтпасам жүз жолу кечирим сурадым окшойт. Ал айтат: "Кайыргүл, сен өткөндө,Ошто адамдар деле өлүп атпайбы, мени кечирип эле коюңузчу дедиң ээ",-деп. Мен антип айткан эмесмин, мен антип сүйлөбөйм дагы. Телефону бийик үндө турганын боолголоп, жок мен антип айткан жокмун десем, ушу мага каяша айтканын койбоду деп сүйлөнүп, телефонун өчүрүп таштады. Кайра чалып, сен аферистсиң, андайсың, мындайсың деп баштаганынан, эже менин кыйналганымды көрүп жыргайсызбы десем, ооба жыргайм дейт. Анда дагы да жыргай бериңиз дедим.

Жакшы көрүүнү далилдеген алтын шакек
- Бир ирет өзүмө шакек сатып алдым. Эже көрүп сонун шакек экен деп кызыгып калды. Анда сизге да сатып берейин деп бижутерия сатып берсем, "Кайыргүл, сен мени жаман көрөт окшойсуң, жакшы көрсөң алтын сатып берет элең",-десе болобу. Бир айтпай, эки айтпай кечке кайталап туруп алды. Жакшы эле буйтамыш болдум. Акыр аягында өзүм ыңгайсыз боло баштадым. Чын эле мен жаман окшоймун, алтын шакек сатып берсем болбойт беле? 100 долларга алтын шакек сатып бердим. Буларды мен айтпайт болчумун, унутуп деле калмакмын, эгерде менин жолдорумдун баарын жаап таштабаганда.
- Буулган жолдордун ээлерине түшүндүрүп айтсаң болбойт беле?
- "Тумар" радиосун да жардырып кетем деп айтыптыр. Алексей айтты: "Кайыргүл, сураныч, продюсериң менен чечишип алчы?"-деп. Ал деле жагымсыз окуяны каалабайт. А бирок үч ай иштешкен продюсерим ага чоң карызым барчылап өчөшкөнүн койбоду.
- Кайдан, кандайча табышып, иштешип жүрөсүң?
- Апамдын таап бергени. Назгүл эже гезиттерден түшпөйт эмеспи, апам окуптур. "Сен ушуга бар, анткени, ал аял, эне, сени түшүнөт, эркек балдарга барсаң, кыйыныраак болуп калат", -деп калды. Мен өзүм Атабеков болгону үчүнбү, негедир Култаевге баргым келе берчү. Апам тигинтип калгандан кийин угуп коёюн деп, Назгүл эженин телефонун таап, өзүм байланыштым. Бул да болсо тагдыр да.
- Үч ай иштешсең, чоң концерттерге алып чыгууга аракет кылбаса, анда сени түрмө менен той үчүн эле даярдаган болобу?
- Ошондой болуп калат го... Мен деле келесоо эмесмин да бир алданам, эки алданам, анан артыма карабай качам.





Ислам Сатаров:
"Коркутканы - бандиттери, айтканы - "жардырып кетем!"
- ЭлТР, НБТ телеканалдарында "Ыр майрам" аттуу проектинин үстүндө иштеп аткан кезимде Назгүл Насиева өзү продюсерлик кылып жүргөн Эрмек Маматовду алып келип калып, ошо жерден таанышкан элек. Жакшынакай сүйлөп атканынан улам анын бет кабынын артындагы жүзүн кайдан билейин, балдарынын туулган күндөрүнө чакырса барып жүрүп, мамилебиз уланып кетти. Араздашканда адамча араздашкан касың болсо жакшы экен, эки адам кээде пикир келишпестикке барат, кайра артка кайтат. Ким каерден көрүптүр, каяша айткан адамына эле Назгүл эжечилеп криминалдардын атын атап, чаап кетем, жардырам, өлтүрөм деп куугунтук баштаганды?

Тааныбаган "тааныштар"
- Кара - Балтанын "смотрящийи" менин досум, той берип аткан экен, барып келели деп калды. Биздин чөйрөгө карама-каршы турган чөйрөнүн адамы катары коркунучтуу кылып айтканынан улам, бир аз сестенип барганбыз, жок, кадимкидей эле жакшынакай, адептүү сүйлөгөн адамдар тосуп алышты, сыйлашты. Ырдап бүтүп сыртка чыгып сүйлөшүп турсак, тойдун ээси басып келди. "Силерге рахмат, жардам керек болсо аянбайм, кайрылып тургула",-деп бир топ жылуу сөздөрүн айткандан кийин:"Тиги, силерди алып келген аялдын аты ким эле? Ырчылардын арасында жүрө берет го?"-деп сурап атпайбы. Досу болсо досунун атын бизден сурабайт болчу да. Дароо түшүндүк, Назгүл эже калп эле бизди коркута берерин. Бир кезде Назгүл эже чыга калды да, чогуу турганыбызды көрүп, калпы ачылып калганынан күдүктөнө түштүбү, күчүн бизден чыгарды: "Эмне турасыңар, эмне эле кыйын болуп атасыңар?!"-деп кыйкырып кирди. Көп өтпөй Кумарды түрмөгө кайрымдуулук концертин коюп келели деп алып кеткен. Ал концерттерден гонорар албайбыз. Ошо түрмөгө барышында кеч кирип кеткенинен Назгүл эжеге телефон чалдым: "Тынч-амансыңарбы, концертти кандай берип атасыңар?"- деп, жөн-жайды сурайын деп. Ал: "Ислам, Кумарды зэктер ичкериге алып кирип кетишти. Чыгара албай атам, эмне кылышты билбей калдым",-деди да телефонун өчүрүп таштады. Кумарга чалсам, албайт. Оюңа ар кандай нерселер кетет экен да, улам - улам чалып аттым. А Назгүл эже калп эле айтып коюптур. Кумар ошол кезде ырдап аткан экен да, телефонго жооп бере албаптыр. Менин телефон чала бергенимди Кумарга мындайча түшүндүрүптүр: "Кумар, Ислам сени сүйөт, жолдон азгырат. Сени кызганып улам чалып атат. Аны менен иштешпей эле койсоңчу",-деп. Кумардын тигиге ынанбай койгонуна жиндене түшкөнбү:"Бас, жылдыз болуп кеткенсибей, койкойбой алдыма түш",-деп түрткүлөп баштаптыр. Арак ич деп кыстоого алыптыр. Кумар: "Эже, сиз мени төрөгөн энем эмессиз, мага кол көтөргөнгө акыңыз жок"- десе, уят сөз менен сөгүптүр. Анан да ал жактан үйүнө алып келип алып, эшикти бекитип, тапочка менен ургулап баштаптыр. Кумар аял кишиге, улуу адамга кол кайрый албай, унчукпай туруп бериптир. "Эшикти ачыңыз, мен чыгып кетейин, сизге кол да, сөз да кайрый албайм, улуулугуңузду, аялзаты экениңизди сыйлайм", -десе да укпаптыр. Кумар экөөбүз тууралуу акылга сыйбаган ушакты да таратты. Кудайга шүгүр, намаз окуган, Кудайдан корккон, бейчеки баспаган балдарбыз. Назгүл эженин экөөбүздү: "Сени сүйөт, сен аны сүйөсүң"-деп, кайсы жыландын башын чыгарып, андан таба турганы эмне экенин түшүнбөдүк.
- Бир убакта сени сабап кетиптир деген да сөз чыкты эле, анын азыркы айтып аткандарыңа байланышы барбы?
- Түрмөгө концерт берип келишкенден кийин, мен жумушта отурсам Насиева телефон чалды: "Кайдасың, азыр сага көрсөтөм,- деп. "Көрсөтсөңүз көрөлү, эже",-дедим. Сыртка чык дегенинен чыксам, машинанын артында Кумар, алдында эже күйөөсү менен отуруптур. Мени да салып алышып, белгисиз жакка айдап жөнөштү. Уят сөздөр менен сөгүнүп атат. Анын сөздөрүн бирме-бир кайталашка адамдын жүзү туура келбейт. Бирөөлөргө телефон чалып алып: "Эки пацан жиниме тийип атат, келип сапляктарды тарбиялап койгулачы!",-дейт. Айлам кеткенде күлдүм: "Эже, сиз аялсыз, аялга мындай нерсе жарашпайт экен",-деп. "Карачы тиги баланы, коркконунан титиреп араң баратат",-дейт мага Кумарды көрсөтүп. Уят сөздөр менен сөгүнүп баратып эле, кайрыла калып телефондун зарядниги менен мени чаап калды. Колунан кармай калдым. Колун сууруп алып бет талаштыра урду эле көзүмө тийди. Көгөрүп чыкканын көрүп анан өзүнө келди окшойт, жоошуй түшүп, машинаны артка бурдуруп, Таш-Рабаттын жанына таштап койду. Түшүп баратканымда:"Кумар түрмөгө концерт берип атканда түрмөнүн начальнигинин көзүнчө мени шылдың кылды, эми экөөңөр менден кечирим сурайсыңар. Эртең менен саат сегизде эшигимдин түбүндө болуп калгыла!"-деди. Эч нерсе дебестен түштүм да, кете бердим. Көзүмдүн көгөргөнүн байкап калышкандар болду, ошондон кийин он күнчө телефонумду өчүрүп үйдө жатып алсам:"Исламды сабап кетишиптир",- деп гезиттерге чыгыптыр. Телефонумду күйгүзөрүм менен Назгүл эже телефон чалды:"Менин артымдан рейтингиңди көтөрүп, реклама жасап алайын деп атасыңбы?!"- деди. "Сизди сотко берем"- десем, ал:"Каалаганыңды кылып ал, үйүңдөн чыга албай калып жүрбө, жардырып кетем",- деди. Башка квартирага чыгууга туура келди ошондон кийин. Эч бир гезитке комментарий берген жокмун.
- А эмнеге эми ачык айта баштадың?
- Биз го мейли, жаңыдан чыгармачылыкка аралаша баштаган жаштар экенбиз. Бирок өз күчү менен ийгиликтерге жетишкен Эмгек сиңирген артист Айчүрөк Иманалиевага карата ачуу кептерин айта баштаганда жетер чегине жетти окшойт деп ойлодум. Айчүрөк эжени жалпы эл билет, анын талантынан, өзүнүн дараметинен башка таянганы жок. Ийгилигинин баары түздөн-түз өзүнө караштуу. Азыр биз компьютердин өнүккөн заманында ырдап чыгып атабыз, бир компьютер бар болсо бүттү, студия даяр. Ал эми Айчүрөк, Алина эжелер кандай гана шарттарды багындырып, чыныгы талант, чыныгы жүздөрү менен элге сиңген адамдар. Насиева ким да, Иманалиева ким? Акыл - эске толгон ар бир адам бул экөөнүн ортосунан асман-жердей айырма табары анык. Баарына чыдоого мүмкүн эмес, "бандиттери" менен качанкыга чейин чыгармачыл чөйрөнү курчап, ар кимге сес көрсөтүп жүрөт? Биздин чөйрө ал чөйрө менен таптакыр дал келбейт, бири-бирибиз менен душмандыгыбыз да жок. Алар өз күнүн көрөт, биз өз күнүбүздү. Анан бир аял ортодон чыгып алып эле экөөнү аралаштырып кирсе, кой дегенге эч кимдин алы жетпейби?
- Айткандарың гезитке чыгып кеткенден кийин, "жарылып" калышыңдан коркпойсуңбу?
- Мен ойлойм, Назгүл эже таянып жүргөн адамдардын деле өздөрүнө тиешелүү эрежелери бар болсо керек. Ургула десе ура бергидей, чапкыла десе чапкыдай Назгүл эже алардын таптакыр эле башчысы болбосо керек. Алардын деле бир туугандары бар, алардын деле ак менен караны ажырата билген акыл-эси бар дегендей. Алар деле бизге окшош капаланчу жерден капаланып, күлчү жерден күлгөн адамдар. Назгүл эже эле алардын атын бизге каралап, "монстр" көрсөтүп атпайбы. Каалаган учурда каалаган жерге ырчыларды чакырат. Жаңы чыгып, колдоого муктаж болуп, чыгармачылыктын ой-чуңкурун билбей жүргөндөрдөн. Баруудан баш тартса жардырып кетем дейт. Шартына карабайт, башка концертке катышып атканын уккусу да келбейт. Коркутканы-бандиттердин атын сатмай. Айтканы- "жардырып кетем!"