п»ї
 Таанышуу жарыясы


Киного мамлекеттен
бөлүнгөн акчалар
кайда кетүүдө?
Учурда кыргыз киносун экиге бөлүп караса болчудай. Биринчиси-профессионал кино жаатында эмгектенгендер. Алар чыныгы искусство үчүн аракеттенип, кино жаратат. Мисалы, Актан Арым Кубат көптөгөн өтө абройлуу фестивалдарга кинолору менен катышып, далай байгелерди утуп, "Свет аке" тасмасы конкурстан сырткары болсо да, өтө бийик даражалуу Канн фестивалына катышып келди. Ошондой эле Темир Бирназаров, Тынай Ибраимов, Эрнест Абдыжапаровдор да кыргыз киносунун бүгүнкү күндөгү бийиктигин камсыз кылып келишет. Ал эми экинчилери- коммерциялык кино жараткан толгон кино жаратуучулар. Алар искусство жаратам деп убара болбойт, калың катмар көрө турган жеңил-желпи кинолорду тартып келишет. Эң негизгиси, эптеп элди кызыктырып, акча жасаса болду. Аларга "Кандуу сүйүү", "Жараланган турналар", "Кылмыш", "Чагылгандын огу" ж.б. кирет. Бул жааттагы жеңил кинолордун дагы бир өзгөчөлүгү-эстрада ырчыларын актёр катары тартуу. Анан аларды кеңири пиар жасашат. Мисалы, Айгерим Расул кызынын сүрөтү илинбеген Бишкекте бир да көчө калган жок. Адистердин айтымына караганда, бизде азыркы убакта акча тапчу кинолор "гүлдөп" келе жаткан учуру. Ал эми чыныгы кино искусствосунун абалы кандай?


Темир Бирназаров, режиссёр:
Азыр кыргыз киносунун 90 пайызы жеке менчик киностудиялардын, жеке ишкерлердин демилгеси менен болуп жатат, анткени, Кыргызфильмге мамлекет тарабынан бөлүнгөн акчалар жоопкерчилик болбогондуктан, бүт баары каякка кеткени белгисиз. Негизи, кино тармагына мамлекет тарабынан көп эле каражат бөлүнөт, бирок ушуга чейин жетекчилер өзүлөрүнүн кызыкчылыгына жумшап келишкен. Курулай эле отчёт бере беришет, төрт кинотеатр ижарага берилет, мейли жарым акчасы мамлекетке кетсин, жарым акчасы кайда? Быйыл 37 миллион бөлүндү, ошонун 6 миллиону киного бөлүнсө, ал эми калганы кайда? Чиновниктер оң-сол чөнтөгүнө согуп отурушат. Кинофильм студиясында 70-80ге чейин адам иштеп айлык алат, кино жөнүндө түшүнүктөрү жок, аларда бардык техника бар, бирок режиссёру жок, бир да кино тартылбайт. Булар киного жармашкан мите, тарткан бир киносу жок, өзүлөрүнө премия жазып алганда күйөсүң.
Т.Океев атындагы киностудияны ижарага алып, кино тартып, балдарды окутуп жатабыз. Кинодогу биздин менталитетке келсек, коррупция, уурулук, ичкилик ичмей, денесин сатмай, элдин акчасын соруп чет жерге качмай ж.б. көп нерсе менталитетке туура келбейт, бирок жасап жатышат да. Кыргыз киносу эмнеге арак ичкендерди, сойкулук кылгандарды көргөзөт дешет, анда сатпагыла денеңерди, ичпегиле аракты, кино-коомдун жүзү, күзгүсү деп айтсак болот. Кебетесин күзгүдөн көрүп алып, эмнеге күзгү мыйрык дегендей болуп жатышат да. Кино коомду чагылдырып берип жатат. Ал эми актёр тандоо режиссёрдун деңгээлине жараша болот. Биринчиден, профессионал актёрлор менен иштешүү үчүн, режиссёрдун алардан деңгээли жогору болушу керек, экинчиден, актёр атайын билим алыш керек, психологиялык ролдор бар, аларды эч качан көчөдөн келген адамдар ойной алышпайт.

Белгилүү режиссёр Темир Бирназаров бир топ орчундуу маселе көтөрдү. Ал айткан дооматтардын канчалык деңгээлде чындыгы бар, ушул тууралуу жооп берүүсүн өтүнүп, киноматограф агенттигине кайрылдык.
Урмат Айталиев, КРнын киноматограф агенттигинин кино өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси:
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу киноматографтар агенттиги 2010-жылдын ноябрь айында түзүлүп, толук кандуу ишке март айынан баштап кирди. Киного 37 миллион, Курманжан датка фильмин тартканга 40 миллион бөлүндү, ал да бериле элек. Киного деп бөлүнгөн акчалар май айынын аягында эле ачылды. Анан акча кайда кетип жатат дегени кызык, акча бөлүнгөндө эле статьяларга бөлүнөт. Мисалы, кино өндүрүшүнө, кинотеатрларды оңдоп-түзөөгө, кино фондун толуктоого деп. Бюджеттен түшкөн акчанын 80 пайызы кино өндүрүшкө кетет. Кино тармагы түзүлгөнүнө аз эле убакыт болду, анан бир жыл иштей элек жатып антип айтканына түшүнбөй жатам, же ал акча бизге бериле элек болсо, берилген убакта деле мамлекетибизде текшере турган орган бар, алар кайсыл жакка канча акча кеткенин жыл сайын тактап, иликтеп турат. Биринчи мамлекет акча берсин иштеп көрөлү, анан жыл аягында текшерсе болот. Эки-үч фильмди аяктап калдык, бюджет ачыла элек, биз өзүбүздүн акчаларыбыз менен бүтүрүп жатабыз, мен Бирназаровдун эмне ою бар экенин билип эле турам. Акчаны майда эле берсе, анан бир айдан кийин эле сураганы туура эмес. Кинотеатрлардын ижарасынан түшкөн акчанын жарымы бизге түшөт, ал акчалар жер-жерлердеги кинотеатрларды оңдоп-түзөөгө кетип жатат, айылдарга көчүп жүрүүчү кинокараван уюштуруп жатабыз. Кыргызстан боюнча 150дөн ашык кинотеатр болсо, андан 40 гана калыптыр, ошолорду менчикке чыгарбай оңдоп, элге бергенге акчалар жумшалып жатат. Бизде режиссёр жок болсо, Курманжан датка документалдуу фильмин, К.Кондучалованын юбилейине карата, андан башка эгемендик алгандан бери 100дөй кино тартылды, анда аларды ким тартты. Ошол Бирназаров киностудиядагы мамлекеттик бюджеттен акча алып, "Белгисиз маршрут" киносун тарткан. Агенттикте кызматкерлерге премия каралбайт.
Замир Сооронбаев, КРнын эл артисти, режиссёр:
Бүгүнкү күндө камера көтөргөндөр эле кино тартып жатышат, мунун жаман жагы деле жок, анткени, бул изденүү жолу болуп жатат. Кээ бирөөлөрүнүн биринчи киносунан экинчи, үчүнчүлөрү жакшыраак болуп келе жаткандары бар. Мен тамшанган кино жок, бирок үмүт бар. Эгер мамлекет тарабынан каржыланса, мыкты актёрлор тандалып, сапаттуу кинолор тартылмак, мисалы, профессионал актёрлорду тартыш үчүн аларга эмгек акыны көп төлөп бериш керек, тартылууга айлап, жарым жылдап кетет, жаз, кыш, күз, режим деген бар, азыр ошонун баарын бир эле айда тартып жатышпайбы, себеби, каражаттын аздыгынан. Кино тартыш үчүн мыкты тартуучу топ жана мыкты актёрлор керек. Азыр көчөдөгү киного тартылгыбыз келет дегендин баарын тартып жатышат, алар аракет кылып жатышат, бирок баары бир актёрдук кандайдыр бир билимди, тажрыйбаны талап кылат. Кээде карап олтурсаң актёрдук кесипти да оюнчук сыяктуу боло берет дегендей мамиле кылышат.

Эрнест Абдыжапаров, режиссёр:
Азыр кинобуздун оргуштап кайнап жаткан учуру деп билем. Себеби, мындан 15 жыл мурун биз баштап жатканда кино барбы, жокпу, коом деле, өкмөт деле кабары жок болчу. Ошондой маалда жонубузга көтөрүп алып сүйрөдүк. Бүгүнкү күнү мамлекеттен жардам жок, абалыбыз оор эле. Киного азыр жаш таланттуу режиссёрлор, актёрлор келип жатышат. Акчаларына кино тартышып, кайра чыгарып алышып, кино тармагы бизнеске айланып кетти. Быйыл эле болжол менен он кино тартылат, ал эми деңгээли кандай болот, ал башка кеп. Азыркы учурда кино тарткандардын, эл арасында кино көрүүчүлөрдүн саны көбөйдү. Кино, негизи өнүгүүдө, бирок мамлекет менен кино тармагы жуурулуша албай жатат, мындайча айтканда, кино тармагына колдоо жок, чоң системага айланып, коомго жардамы ойдогудай тие албай жатат. Мамлекеттик агенттик киносценарийлердин конкурсун өткөрдү, тандалганына акча бөлдү, бирок ал акча деле жетишсиз да. Азыркы учурда киного тартыла турган профессионал актёрлор жок, жаштардан деле. Драмтеатрда иштегендер-алар театр актёрлору. Учурунда 1978-жылы тапшырып, 82-83-жылдары бүтүрүшкөн Баталовдун тобу: Чокубаев, Борончиев, Дайырбеков, Жанталиевдер -алар киного профессионал актёрлор. Киного профессионал актёрлор эч жерде даярдалбайт. Киного режиссёрго бирөө жагып калып, ошонун ички дүйнөсүн ачам деп, 5-6 кино тартат. Мисалы, Сүймөнкул Чокморов профессионал актёр эмес, жөн гана сүрөтчү болгон, эмне деген жылдыз болуп чыкты.

Рысбек Жабиров, режиссёр
Азыркы тартылып жаткан кинолорду автордук жана коммерциялык деп бөлсө туура болот, экөөнүн тең профессионалдуусу, профессионал эмеси бар. Менин тарткан кинолорумду эмне деп гана сындашпады. "Биз кымыз жаратып жатсак, сен айран жаратып жатасың, биз кыргыз киносун дүйнөго тааныталы деп жатсак, сен "Дордой", "Ош" базарында олтургандарга тартып жатасың",-дешти. "Мен айран, силер кымыз жаратсаңар, кымыз да, айран да ден соолукка пайдалуу. Базарда олтургандардын 70 пайызы кыргыздын билимдүү адамдары, алар дипломдорун айласыз алдына алып олтурат",-деп жооп берип жүрөм. Кээ бирөөлөр 5 мүнөттүк бир нерсе тартып алса дагы, интернетти чукулап жатып, көрүнгөн фестивалдарга жөнөтүшөт, экинчиси тартып туруп элге коюп койгондор бар, мен ошол жагына кирем. Алар турмуштук кинолорду тартышпайт, баарын философия кылып алышкан, ошондуктан, биздин эл Индия, Мексика, Корея кинолоруна ыктап жатышат. Биз өзүбүздүн ички кино индустриябызды оңдой албай жатып, сыртты ойлобой эле коюшубуз керек. Ырчыларды тартуу модасын мен алып келгенмин, бардык өлкөлөрдө ырчыларды тартышат. Чыгармачылык бул-оору, эгер мен кинону чындап акча табыш үчүн тартып жатсам, анда ошол акчага "Дордойдон" бир соода жайын алып иштесем, жакшы эле жашамакмын.

Мыкты кинону, албетте, кыйын режиссёр жаратат. Анан, албетте, кинонун көркүн таланттуу актёр ачат. Биз кыргыз элинин таланттуу профессионал актёрлорун да кепке тарттык.
Чоро Думанаев, КРнын эл артисти:
Кыргыз киносу 60-жылдары көрүнө баштаган, ошол жылдары өзүбүздүн улуттук кадыр-барк пайда болгон. Океев, Убукеев, Шамшиев, Базаров сыяктуу улуу режиссёрлор чыккан, ал кезде режиссёрдун өнүүгүсү бар болчу. Советтер Союзу бардык өлкөлөргө кино тартууга акча бөлүп беришчү. Кийин мыкты режиссёрлор, мыкты драматургдар пайда болуп, алардын аркасы менен бизде жакшы кинолор чыккан. Азыр режиссёрдон баш айланат, кайсы кинону тартканын, кайсыл жакты туурап жатканын, киносу эмне жөнүндө экенин билбейсин. Фестивалга барып сыйлык алып келдик дешет. Азыркы тартылган кинолор купулга толбойт, уруш-талаш, өлтүрмөй, мас болмой, кымбат унаа айдамай. Каражаттын жоктугунан Г.Базаров кино тартпай, көп актёрлор ишсиз калды. Мен учурда театрда жүрөм, маянабыз аз. Киного чакырышат, барбайм, режиссёрлору профессионал эмес, киного жеңил-желпи карабаш керек.

Жамал
Сейдакматова, КРнын
эл артисти:
Кыргыз киносунун учурдагы абалы жакшы эмес. Мурда кино тартууга акча бөлүнчү да, азыр ар ким акча таап, камераны колуна кармап алып эле монтаж, композиция, такыр профессионалдык эч иши жок эле туш келгенди тартып жатышат. Актёрлорду көчөдөн кармап алышып эле ойнотушканды күчөтүп алышты, баары акчадан болсо керек. Себеби, актёрлорго акча төлөп бергенден көрө, алар бекер түшүп беришет да. Ырчыларды тартканды да мода кылып алышты, алар режиссёрго акча берип коюшат экен. Балким,ушул керектир, анткени, бара-бара баары иргелип, жакшы-жаманы билинет. Азыр чыгармачылык деңгээл абдан начар, жакшы кинолорду көрө элекмин.

Шайыр
Касымалиева,
актриса:
Азыр кино тарткандар көбөйдү, деңгээли бийик кино тартып жаткандар бар, ошол эле убакта түздөн-түз режиссёрдук кесиби барбы, ал жагына карабай эле тыйын таап алышып, ошонун негизинде сапаты төмөнүрөөк фильмдер жаралып жатат да. Мага кинолорго көп эле чакыруулар келет, айрым жаш таланттарга колдоо катары барып тартылып жүрөм. Ал эми көчөдөн актёрлорду алып келип тартканга каршымын, себеби, жүрөктө ошол өнөр жок болсо, тартылып жаткан адам өзү да кыйналат жана кинону көргөн көрүүчүлөрдү да кыйнашат. Анткени, суусап жатып суусуну канбагандай болуп, көрүүчүлөр кыйналып калышат. Учурда кошумча каражат тапчу булак болбосо, актрисалык кесип менен жаныңды бага албайсың, чайына жетсе наныңа жетпей, наныңа жетсе кийимиңе жетпей кыйналасың, айлыгыбыз да аз.
P.S. Азыркы күндө кыргыз киносу такыр токтоп турат деп айтыш туура эмес. Кыйынчылык менен болсо да өнүгүп жатат. Ал эми коммерциялык кинолор-рынок заманынын гана туундусу. Аларды да мезгил өзү иргейт деген пикир бар.
Ал эми профессионалдык кинону өнүктүрүү үчүн мамлекеттик программа керек экендиги талашсыз. Ошондо гана Кыргызстан мыкты кинолору менен эл аралык аренага мындан да жогорку деңгээлде чыга алат эле.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??