п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

 "Таягы көк кызыл туу, көк жаңырткан ызы-чуу"

КРнын Жогорку Кеңешинин "Кыргыз Республикасынын туусунун сырткы көрүнүшүн жана гимндин текстин өзгөртүү боюнча" комиссиясынын эксперти Каныбек Абдыкадыров:
"Бейкут гимн өзгөртүүгө муктаж, Манастын кызыл туусу муктаж эмес"
Өткөндө КРнын гимниндеги кээ бир сөздөрдү өзгөртүү боюнча өз оюн Каныбек Адыкадыров биздин гезитке билдирген эле. Редакцияга тынбай телефон чалуулар болгонунан улам, Каныбек мурза өз оюн толугураак аргументтештирип берди.
ОТРК таңды "…Бейкуттукту берет кыргыз жерине" деген гимн ("Дает несчатье кыргызской земле" ) менен баштайт. Уктайын деп жатканында дагы жаңырат. Жылда 365 күн бар болсо, муну экиге көбөйт. 730! Негативдүү, тескери ауралуу сөз жылда 730 жолу жаңырып турса, Кыргызстанда береке калабы, ырыскы калабы, ынтымак калабы? Кечинде бул балакет-каргаша кабарлаган гимнден коргонуу үчүн "Ихлас", "Феллак" жана "Нас" сүрөөлөрүн окуп жатасың. Билбегендердин болсо шору шорподой кайноодо. Ошондуктан, адамдар хузурду гимнден эмес, исламдан издеп калышты. Жогорку Кеңештин депутаты, илимпоз Турсунбай Бакир уулу, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мурат Жураев, академик А. Раимжанов, экс-министр Александр Костюк жана башка толгон токой прогрессивдүү ой жүгүрткөн адамдар "легендарлуу бейкут парламент" бул гимнди кабыл алгандан бери бу каргашаны(балакетти) каңкуулаган сөздү гимнден алып салалы деп жатып, тилибиз тешилди. "Бейкуттукту берет кыргыз жерине" деген ыр сабын "Кут-береке берет кыргыз жерине" деген ыр сабы менен алмаштыралы деген конструктивдүү сунуш киргизгенибизге да көп жылдын жүзү болду. Бул сунуштар бейкут политиктердин кулагынын сыртынан кетүүдө. Маданияттуу жол жана конструктивдүү кызматташуу варианты четке кагылууда. Жакында Бишкек, Баткен, Ош, Жалал-Абад областтарынын калкы "бейкут гимнди" ырдоодон баш тартат. Ушул гимн кабыл алынгандан бери Кыргызстандан кут качты, ар кандай балакет-каргаша жармашты да калды. Ошентип, түндүк-түштүгү аз келгенсип, бай-кедей болуп бөлүнгөн элге "бейкуттар" жана "бейкут эместер" деген дагы бир негатив нерсе кошулду. Аллахтын жазасы катары Кыргызстанга жөнөтүлгөн, "легендарлуу" парламент тарабынан шайланган Акаев жана Бакиев, алардын айрым мамкатчылары "бейкут гимнди" өзгөртпөй, өздөрү кутсуз болуп кызматтарынан кетишти. Мадумаров мамкатчы болуп турганда гимндеги "дилин берет" деген сөзгө каршы чыкты.(Бейкут сөзүн байкаганга дарамети жетпеди көрүнөт). Эки-үч "билерман" (илимдин доктору, кандидаты ж.б. унвандары барлар) аюудай айкырып чыкты эле, өчтү да калды. Полемикага чыкканга билими да, интеллектуалдык дарамети жетпеди шекилдүү. 2007-жылдын 27-мартында мамкатчы Мадумаров "президенттин командасы жок…" деп айкырып эле жым болбостон, өз сөзүндө туруп, мени "колумдан жетелеп президентке алып барып: "Мынабу адам менден эки эсе көп иштейт" деп айтканда, Кыргызстан бул кутсуз гимнден эчак кутулмак. Чыныгы илимпоздор (профессор жана академиктер ж.б.) катышкан Эл аралык илимий-практикалык конференция "бейкуттуктун" тагдырына чекит коймок.
Юдахиндин "Кыргызча-орусча сөздүгүндө" (Москва, 1965-ж)да, Кусеин Карасаевдин "Камус-Наамасында" (Бишкек, 1996-ж) "бейкут" сөзүн орус тилине безмятежный, спокойный деп которушкан. Мятеж деген сөздү кайра кыргыз тилине которсок, "козголоң", безмятежный деген сөз "бейкозголоң" маанисин берүүдө.
Кусеин Карасаев: "-бей- иран тилинен оошуп келген жана көөнөргөн сөз, кыргызча -сыз, жок маанисин билдирип, сөздүн алдына айкаша турган мүчө. Мисалы: Бейкүнөө, бейпул, бейадеп, бейакыл, бейбаш, бейиш, бейкабар" ( Камус-Наама, 174-бет). Карасаев аталган китебинин 179-бетинде бейкут сөзүн бейпил, тынч деп которуу менен өзүнө-өзү каршы чыгып жатат. -Бей (иранчадан оошуп келген) сөздүн алдына жалгануучу приставкасы (Бей+кут=бейкут) кыргызча "кут" уңгусунун алдынан орун алганда "кутсуз", "куту жок" деген жаңы сөз пайда болгону көргө деле көрүнүп турбайбы! Мисалы, орусча "счастье" деген уңгусунун алдына "не" приставкасы орун алганда несчастье деген жаңы сөз жаралат. Англисче Lucky-(счастье, кут) уңгусунун алдына Un - (не, бей) приставкасы конгондо, Unlacky(несчастье, бейкут) тескери маанини билдирген "несчастье", "бейкут", "кутсуз" деген сөз пайда болуп жатпайбы. Бей+өкмөт= бейөкмөт(өкмөтсүз, өкмөтү жок, өкмөттүк эмес), бей+күнөө = бейкүнөө (күнөөсүз, күнөөсү жок), бей+адеп= бейадеп(адепсиз, адеби жок), бей+тартип= бейтартип(тартипсиз, тартиби жок), бей+иш= бейиш(ишсиз, жумушсуз, иши жок, жумушу жок), бей+пил=бейпил (аракетсиз, аракети жок, кыймылсыз) бей-иранча приставка+фиил арабча уңгу (кыргызча аракет, кыймыл деп которулат) кыймылсыз, аракетсиз деген сөздү жаратып жатпайбы. Анан кантип эле бей+кут=бейкут - "безмятежный", "спокойный" болуп калат. Логика кайда? Мээси "бейпил" адам гана буга ишенбесе, мээси аракеттеги адам буга ынанбайт. Ошол эле Юдахин кайра "кутсуз" сөзүн орусчага "несчастье" деп которгон. Кут (уңгу) + суз(мүчө) -бей(приставка)+ кут(уңгу). Кут уңгусу эки сөздө да өзгөргөн жок. Өзгөргөн -бей приставкасы жана -сыз мүчөсү. Академик К.Юдахин менен К.Карасаев өздөрү гана "бейкут" болбостон, бүтүндөй элдин "кутун", "берекесин", "ырысын" качырышты. Бул экөөнө ишенгендин баары, "сен билесинби, сельсовет билеби" принциби менен жашап келе жатыр. Мисалы, Жанызактын же Эштектин атасы балдарына башынан эле "бейкут" деген жакшы сөз, "мемиреген, жыргал жашоону" түшүндүрөт деп келген, Жанызак да, Эштек да балдарына "бейкут"- бул "мемиреген, жыргал жашоо" деп түшүндүрүп келсе, эми Жанызак менен Эштектин балдары да балдарына "бейкут" деген "мемиреген, жыргал жашоо" деп түшүндүрүүдө. Кыскасы, "бейкуттук эстафетасы" муундан-муунга, укумдан-тукумга өтүп жаткан кезде, антиакадемик Абдыкадыров жана башка эксперттер "бейкут" деген жаман сөз, кыргызча "кутсуз", орусча "несчастье", англисче "unlucky" дегенди билдирет" деп аргумент менен далилдеген кезде Жанызак менен Эштектин небереси же чөбөрөсү кимге ишенет? Албетте, атасына-энесине, тууган-уругуна, кошуна-колоңуна. Бул адам баласына тиешелүү нерсе. Ошондуктан, бүгүн мени Жанызак менен Эштектин тукумдары жаман көргөнү менен, эртең баарын түшүнгөн соң "бейкуттуктан" куткарды деп ырахматын айтышат. Биздин эмгек текке кетпешине терең ишенем. Анткени, чет өлкөлөрдөн илим-билим алып жаткан жаңы муун өсүп келе жатат. Алар эртеби-кечпи Кыргызстандан бейкуттукту кубалайт. Пушкин айткандай, "не пропадет наш… труд". Ошондуктан, гимндеги "Бейкуттукту берет кыргыз жерине" деген сапты "Кут-береке берет кыргыз жерине" деп алмаштырууну сунуш кылдым.
Өзбекстанда, Тажикстанда, Баткен, Ош, Жалал-Абад областтарында жашагандар "бейкут болуп турам" деген сөз айкашын колдонушат. Бул да көңүлү айланып, кускусу келип турган абалды түшүндүрөт. Эгерде Кыргыз ССР илимдер Академиясынын Тил жана адабият институнун Ономастика жана прикладдык лингвистика бөлүмүндө бөлүм башчынын милдетин аткарбасам, Түркиянын өкмөтүндө иш үйрөнүүчү (стажёр) болуп эмгектенбесем, түрк, азербайжан, фарсы, немец, өзбек ж.б. тилдерди үйрөнбөсөм, ойлонбосом бейкут деген "мемиреген", "жыргал" сөз деп Жанызак менен Эштектин тукумдарындай "Юдахин туура айтат" деп жүрө бермекмин. "Колхозчу Осмон Коңурбаевден көп маалымат алдым" деп Юдахин аты аталган сөздүгүнүн 123-бетинде ыймандай сырын төгүптүр. Манастын душманы Коңурбайдын тукуму Осмон атайын кастык кылып "бейкут" жана "бейпил" сөздөрүн "мемиреген", "жыргал" абалды билдирет деп Юдахинди жаңылыш жолго түрткөндүр. Балким, Юдахин кыргыздын интеллигенциясынын дараметин сынамакка ушу эки бомбаны таштап койгондур. Мотиви бизге да маалым. "Таджикско- русский словарда":
БЕХУД 1) сам не свой, вне себя; впавший в исступление; 2) впавший в бесчувственное состояние. "Таджикско-русский словарь", ГИС, Москва, 1954, стр. 67.
БЕХУД булмок почувствовать себя скверно; упасть в обморок. "Узбекско-русский словарь", ГИС, Москва, 1959, стр. 68. которулуптур.
Азербайжан, казак, татар, түркмөн тилдеринде "бейкут" деген сөздү учурата алганым жок. Түрк жана өзбек тилинде "кут" деген сөз бар экенин аныктадым. Кут сөзүн алар орус тилине "счастье", "обилие", "удача" деп которушуптур.
- "Бейкут" жана "дилин берүүго" дегенден башка дагы кандай кемчилдиктер бар гимнде?
- Гимндин биринчи куплети 1-жак, көптүк түр менен айтылат, ал эми кайырмасы 2-жак, жекелик түр менен айтылат.
Ак мөңгүлүү аска-зоолор, талаалар,
Элибиздин жаны менен барабар.
Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп, I жак, көптүк түр
Сактап келди биздин ата-бабалар.( Отунбаева ырдаса жарашат)
Кайырмасы:
Алгалай бер, кыргыз эл,
II жак, жекелик түр
Азаттыктын жолунда. (Путин, Эрдоган ырдаса жарашат)
Өркүндөй бер, өсө бер. ( Москвадагы Акаевге жарашат) Өз тагдырын колуңда.( Минскидеги Бакиев ырдаса куп жарашат)
Жогорудагы мисалдан көрүнгөндөй, гимн профессионалдык дэңгээлде жазылбай калган. Эски гимнди "капремонт" жасаганга аракет жасадык, бирок элибиз айткандай, "эскини эптегиче эсиң кетет" болуп туру. Кыргызстан жазуучулар Союзунун төрагасы, Мамлекеттик символдорду өзгөртүү комиссиясынын мүчөсү Абдрахман Алымбаев:"Гимн начар жазылган, жаңы гимн эле кабыл алуу керек",- деген сунуш киргизди. Гимндин биринчи куплети:
"Ак мөңгүлүү аска-зоолор, талаалар,
Элибиздин жаны менен барабар.
Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп,
Сактап келди биздин ата-бабалар".
Биздин ата-бабаларыбыз "Ала-Тоосун сактап келген болсо", биз эмне кылышыбыз керек? Четте чабанчасынан туруп алып: "Алгалай бер, кыргыз эл" деп обон созушубуз керекпи, же аталардын кутсал(ыйык) ишин улантышыбыз керекпи?! Ошон үчүн кайырмасын:
"Уланталы улуу кыргыз тарыхын,
Жараталы жеңиштердин жаңысын.
Кыргыз деген куттуу атты өчүрбөй,
Бек сактайлы Кыргызстан намысын!"- деген ыр саптарын келтирдик.
Экинчи куплетин төмөнкүчө редакцияда бердик:
"Байыртадан бүткөн мүнөз элиме,
Досторуна даяр көмөк берүүгө.
Бул ынтымак эл бирдигин ширетип,
Кут-береке берет кыргыз жерине."
"Дилин" берүүгө деген сөздү "көмөк" берүүгө деген сөз менен, "Бейкуттук" сөзүн "кут-береке" сөзү менен алмаштырдык.
Кайырмасы:
Аткарылып элдин үмүт тилеги,
Желбиреди эркиндиктин желеги.
Бизге жеткен ата салтын, мурасын,
Ыйык сактап урпактарга берели.
Үчүнчү куплет өзгөрүлбөстөн калды.
(Уландысы бар)











кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??