п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Сулуулук - дүйнөнү сактайт

Сулуулар жөнүндө эмнелер гана айтылбаган. Акындар поэма жазса, жазуучулар романдарды жазышкан. Ошондой сулуу кыздарыбыздын бири Элиза Кененбаева куттуу "Обондо" конокто.

"Ырчыларды көргөндөн кийин, ырдагым келбей калды"
өзүм жөнүндө:
Тил үйрөнүүгө кызыгып жаткан учурум;
Учурда жигитим жок, олуттуу эч ким менен мамиле куруп көргөн эмесмин;
Косметикага басым жасайм;
Картошканы мыкты кууруйм;
Гардеробумда кыска юбкалар көп;
Сыя көк түстөгү кийимдерге басым жасайм;
Болочок жолдошум Путиндей болсо дейм;
Азыр жаңы образдын үстүндө иштеп жатабыз. Эми Элиза Кененбаева таптакыр башка стилде чыгат. Андай стиль Кыргызстанда жок.
Англисче орто сүйлөйм. "Азаттыктын" талабы өтө күчтүү экен. Орусча да материалдарды жасап атам. Олуттуу журналистика таптакыр оор экен.

- Элиза, ди-джейлик менен канча убакыт иштедиң?
- Ди-джейлик менен 3 жыл иштедим. "Тумар" радиосу ачылгандан баштап ди-джей болуп иштей баштадым. Анда "Тумардын" жүзү деп айтышчу. 3 жылдын ичинде ди-джейликтин ашканасын толук билип чыктым десем болот. Музыкалык редактор болуп да эмгектендим. Менин кесибим таптакыр башка болчу. Эжем ди-джей болууну бир кезде максат кылып жүрүптүр. "Тумар" радиосу ачыларда өзүнүн резюмесин жөнөтүп жиберсе, эжеме чалыптыр. "Орусча-кыргызча жакшы сүйлөгөндөр керек деп атат, жүрү мени менен барып келчи",- дегенинен барып эшикте отурдум. Бир убакта Алексей чыгып калганынан мен да окуп көрсөм болобу десем, макул окуп көр деди. Эки жумадан кийин чалып калышты. Наушникти кийгенден баштап, майда-чүйдөсүнө чейин Алексей үйрөттү.
- Сөзүңдү кооздоп сүйлөөдө кандай сөздүктөрдү, же кимдин сөздөрүн көп колдоносуң?
- Бизде Жанара Атабекова да иштеп калбадыбы. Ал эже "Макал-ылакаптар" деген чоң китеп алып келди. Эфирге чыкканда башында ошол китепти окуп жүрдүм. Бирок башка ди-джейлерди угуп көрсөм, баары эле макалдаштырып сүйлөшөт экен. Анан, "эмне үчүн баарыбыз бир типте сүйлөшүбүз керек, мен макалдарды колдонбой эле коёюн", - деп чечтим. Мен ойлорго жетеленүүнү туура эмес көрчүмүн. Ар бир ырга спич даярдасаң эле, философиялык маанини билдирип калат. Анан ошондой ойлорго жетеленбейин деп фактылар менен сүйлөгөнгө аракет кылчумун. Көбүнчө интернеттен алам.
- Тамагың ооруп калса, кантип калыбына келтиресиң?
- Биз үнүбүздү өтө деле көп карабайбыз. Жаңыдан радиодо иштеп баштаганда семичке чакпай, муздак суу ичпей, жакшы аракет кылып жүргөм. Кийинчерээк көп карабай калдым. Ооруп калсак Алексей түшүнүп: "Үнүң жаман угулуп жатат, ордуңа бирөөнү коюп, үйүңө кете берчи",- деген күндөрү да болгон. Үнүм каргылданып баратканда, бал, май кошулган жылуу сүт ичем. Бир күнү жакшы сүйлөйсүң. Экинчи күнү үнүң булдуруктай берет. Ошондой учурларда, жаңылмачтарды кайталап, оозума эки жаңгакты салып алып, ырларды окуп калам.
- "Азаттыкка" кандайча кетип калдың, же "Тумар" радиосундагы кесиптештериң менен урушуп кеттиңби?
- Жок, кесиптештеримдин бири менен да урушкан жокмун.
Интернетте фейсбукта отурсам Жанар Акаев: "Журналисттер керек болуп атат",- деп жазып калды. Мен Жанарга:"Кандай журналисттер?"- деп жазсам, "Телефонуңду берчи?"- деп эле чалып калды. "Ушундай, телеге дагы, радиого да, эки жакта иштей турган журналист керек болуп жатат", - деди. "Эки жерде иштей берсе болобу?"- десем, ал:"Болот",-деди. Ойлонбой эле директору Султан Жумагулов менен жолуктум. Эки жума сыноодо жүрдүм. Бир жума иштегенден кийин эле, "Тумардан" чыгып бул жерге кел дей башташты.
- "Азаттыкка" көнүп калдыңбы?
- Башында кичине кыйналгам. Эми көнүп баратам. Тиги жумушумду таштап, бул жакка келип, иш алмаштыргандан кыйналдым. Экинчиси, текст жазуу мен үчүн абдан оор болду. Бир күнү эле чечилип калды. Мен "Тумардан" кетем деп ойлогон эмесмин. Турмушка чыккычакты ал жакта иштейм деп ойлочумун.
- Ди-джейлердин арасынан эң назиги жана сулуусу Элиза деп жүрүшөт. Сулуулугуңду кантип сактайсың?
- Мен өзүмдү сулуумун деп деле айтпайм. Эртең менен убактым болсо карап коём, болбой калса чачымды байлап алып кете берем. Жигиттер көздөрүм менен бетимдеги уячаларыма көп тийишишет. Салондорго деле барбайм.
- 19-июнь туулган күнүң эмеспи, мүчөлүү жашыңды кантип белгилейин деп жатасың?
- Азырынча ойлоно элекмин. "Тумарда" иштеп жүргөндө пландарым бар болчу. "Азаттыкка" келгенден бери пландарды ойлонуштура элекмин. Бирок ырчыларды чакырып, шаан-шөкөттүү туулган күн өткөрбөйм. Өзүмдүн жакындарымдын гана арасында белгилесемби деп турам.
- Мүчөлүү жылында көп жакшы иштерди жасап, кызыл кийимдерди кийиш керек деп жүрүшөт. Мындай ырым-жырымдарды сен да кылып жатсаң керек?
- Жаңы жылдан бери эле кызыл кийим алам деп жүрөм. Бирок базарларга барганда, башка өңдөгү кийимди алып келем. Туулган күнүмө карата кызыл кийим алсамбы деп ойлонуп атам. Апамдар өздөрүнчө ырымдарды жасайбыз деп жатышат.
- Ди-джейлердин көбү эле ырдап жүрөт, сен эмнеге ырдабайсың?
- Мектепте жүргөндө "Жаш таланттар" деген кароо-сынакка катышып, Бишкекке чейин келип жүргөм. Кийин бул жакка окууга тапшырганда ырдасамбы деп жүргөм. Жаңы радиого келгенде ырдасамбы деп калдым. Анан Алексейге айтсам, үнүмдү укту. Ырдайт экенсиң, продюсер болуп эле өзүм ырдатсамбы деп калды. Анан кайра сен ырчы болуп кетсең,"Тумар" эмне болот, андан көрө радиону иштет деп калды. Убакыт өтүп, ырчыларды көргөндөн кийин, ырдагым келбей калды.
- Жанар экөөңөрдүн мамилеңер кантип атат?
- Мамилебиз кесиптеш катары абдан жакшы. Силердин гезитке Жанардын интервьюсу чыкканда, "Азаттыкта" иштегениме эки эле күн болгон. Мен баргандан бир- эки күндөн кийин эле Жанар Грузияга кетип калды. "Обон" гезитинин сыртындагы анонсун көрүп "шок" болдум. Ал келгенден кийин, тамашалашып күлүп калдык. Мен эч нерсени ойлонбой эле жакшы ниет менен чакыргам дейт. Жанардай эле башкалар деле жакшы жардамын беришет.

Төлөбүбү Касымалиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??