п»ї

  Пайдалуу кеңештер

Какач кантип пайда болот?

Какачтын кайдан, кантип пайда болорун билбей, ар нерсеге жоруй бермей адатыбыз бар эмеспи. Какач менен кантип күрөшүүгө болот, канткенде аны жоготсо болот? - деген суроо көпчүлүктүн башын катырып, кээ бири байма-бай шампунь алмаштырса, кээ бири ар кандай майлар менен майлашат. Кээ бирлер "Башымда какачым жок эле, бирөөнүн тарагы менен тарана коём деп какачтап кеттим", - деп калышат. Мындай мифтин канчасы чын, канчасы калп экенин билүүгө аракеттендик. Көрсө, какач тарак аркылуу жукпайт экен. Өзүбүздүн ички органдардын себебинен улам пайда болгон организмибиздин реакциясы экен. Башкача айтканда, какачты башка адамдан жуктуруп алдым деген таптакыр чындыкка жатпаган иш. Чачты өтө тез убакыттын ичинде жууй берсе, чачтын майлуулугу кетип, кургап калат дагы, баш теринин абалын начарлатып жиберет. Чачтын абалына карап тандалган шампунь баш терини жакшыртат. Ошондуктан, эч кандай химиялык кошулмалары жок эле жөнөкөй, жумшак шампунь тандаган дурус. Чачты баттан тарап туруу какачтын жок болушуна жакшы жардам берет. Бирок тарайт деген ушу экен деп катуу тарай берсеңиз, баш териңизди жабыркатып алышыңыз ыктымал. Ошондуктан жай, башыңызга акырындан тийгизип тарашыңыз керек.
Какачка каршы
Калай идишке 4 аш кашык оливка майы менен лимондун жарымынын ширесин кошуп кайнатасыз. Ал кичине муздап калганда, чачыңызды экиге бөлүп алып, чачыңыздын түптөрүнө сыйпап чыгыңыз. Мындай ыкма чачыңыздагы кычкылдыкты калыбына келтирип, какачтын жок болушуна шарт түзөт.
Эки жумуртканын сарысы менен лимон ширесин аралаштырып, 2 тамчы чачты калыбына келтирүүчү майларды кошуп чачыңыздын түбүнө сүртөсүз.
Календуланын кайнатмасына кастор майынан кошуп чачыңызга сүйкөсөңүз дагы жакшы жыйынтык берет.
Майлуу чачтагы какачты кетире албай жатсаңыз, 1 аш кашык пияздын ширесине 2 аш кашык арактан кошуп туруп сүртсөңүз, какачыңыз сен көр, мен көр жоголот.
Кызылчанын суусу да какачты тез кетирүүгө жардам берет. Таза жуулган кызылчаны экиге бөлүп кайнатып, кайнатма менен башыңызды жуусаңыз да какачыңыздан арылып, жыргап эле каласыз.

Семичке "фигураны" бузат
Семичке калориялуу болгону менен, бөйрөктүн иштешин начарлатып, тиштин эмалын кетирип, зарна кылат. Андан сырткары, семичке фигура сактап жүргөн кыздар үчүн зыян. Анткени, 100 г семичкеде 500 калл бар. Ал бир шоколаддын калориялуулугуна барабар. Анын курамында кадмийдин көп болгондугуна байланыштуу нерв системасы жана бөйрөккө көп зыян алып келет. Анан дагы үн байламталарына да терс таасирин тийгизет.


Таттуу ширелердин ден соолукка тийгизген терс таасири
Курамында канты көп таттуу ширелер адамдын кан басымын жогорулатып жиберет. Анткени, 200-250 гр таттуу шире артериалдык кан басымды жогорулатат. Жарым литрлик Кока-колада 16 чай кашык кумшекер бар. Ал кумшекердин баары бөйрөк жакка кетет. Андан сырткары, таттуу ширелерди ичкенде адам тойгондой боло берет. Мындай көрүнүш калориялуу тамактардан баш тартууга алып келет. Анткени, таттуу ичкен адамдын табити жоголуп, башка тамактарды жегиси келбей калат. Иликтөөчүлөрдүн айтымына караганда, күнүнө жарым литрден таттуу шире ичкен адамга магний, кальций жакшы жетишет. Бирок бардык таттуу ширелер ден соолукка терс таасирин тийгизет дегенден алыспыз. Мисалы, кургатылган мөмөлөрдөн кайнатылган шире жүрөк кан тамыр ооруларына жардам берет.


А спирттик ичимдиктерчи?
Кызыл же ак виного суу аралаштырып ичсе, күнүмдүк чарчоону басат.
Арак, коньяк, виски, текила дагы алгач тамырларды кеңейткени менен көп ичсе жүрөктүн иштешин начарлатат.
Сыра ашказандагы кычкылдыктарга терс таасирин тийгизет.
Таттуу винолор да кан басымды жогорулатат. Андан сырткары, аллергияны чакыруучу суусундук.




Иммуниттетин төмөндөшүнүн белгилери
Алгачкы белгилерине: өзүн жакшы сезбөө, бат чарчоо, шалдыроо, уйкуга тартылуу же уйкусуздук, баш оору, булчуңдардын жана муундардын жанчылгандай болуп оорусу кирет. Мындайда адамдын көөнү эч нерсеге тартпай да, көпчүлүктү сүйбөй да калат. Кээ бир адамдарда аллергия пайда болот.
2-этаптын белгилери болуп кадимки мурун бүтүүнүн (ринит) өнөкөткө айланышы, учук, сасык тумоо сыяктуулар кирет. Андыктан комплекстүү дарылануу керектелет.
3-этаптын белгилери болуп өнөкөт оорулардын көбөйүшү жана алардын оорлошу кирет.
Негизинен, иммунитети төмөндөгөн адамдарга терисинин түлөшү, өңүнүн бозорушу, ичкерип, өңүнөн кеткен чачтар, катмарланып, сынып туруучу тырмактар мүнөздүү.
Иммунитетти кантип көтөрүү керек?
Эң башкысы, организмди чыңдоо керек. Бул үчүн спорт менен достошуу, витаминдүү тамак-аштарды кабыл алуу, туура тамактануу, стресстерден арыла билүү, жаман адаттардан кутулуу (ичкилик, тамеки чегүү), жайында жылаңайлак басуу, сууда сүзүү жана башкалар кирет.
Адам иммунитети төмөндөгөндө иммунологго көрүнүп, дарылануусу керектелет. Иммунолог дары-дармек менен түрдүү витаминдерди, көнүгүүлөрдү да жазып берүүсү мүмкүн.
Иммунитетти көтөрүү үчүн...
Алоэнин жалбырагынан 500 грамм алып, аны эт туурагычтан өткөрөбүз. Алынган массага 500 грамм кумшекер, 1,5 стакан кагор (шарап) кошобуз. Тамак ичерден мурун 1 аш кашыктан ичүү сунуш кылынат.
Түрптүн жана сабиздин ширесин теңме-тең алып, ага 1 аш кашык бал жана 1 аш кашык лимон ширесин кошобуз.
Эртең менен жана кечинде 1 аш кашыктан ичүү керек.
500 грамм майдаланган жаңгакка 300 грамм бал, 100 грамм алоэнин жана 4 лимондун ширеси, 1 стакан арак кошулат. Аралашма 1 сутка тыныктырылат. Тамак ичерден 30 мүнөт мурун 1 аш кашыктан ичүү сунушталат.
Жаңгактын кургатылып, майдаланган 2 аш кашык жалбырагын термоско салып, үстүнө 0,5 литр суу куюу керектелет. Дары-чайды түнү менен термосто калтырып, эртеси 50 граммдан 4 маал ичүү талапка ылайык.
Күн сайын же болбосо эки күндө бир сарымсактын бир тишин жеп туруу керек.
Ит мурунду сууга салып, кайнатып алган соң ага кант же бал кошуп ичүү кажет.
Бул дары-аралашма үчүн 3-4 лимон, 1 стакан жаңгак, 300 грамм өрүк как, 300 грамм мейиз, 3-4 кашык бал керектелет. Балдан башкасынын баарын эт туурагычтан өткөрөбүз. Ал эми лимонду таза жууп, данектерин алып салып, майдалап кесебиз. Баарын аралаштырып, үстүнө балды кошуп, банкага салабыз. Эми четинен 1 аш кашыктан ач карын 4 маал жей берүү керек.










кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??