п»ї

  Достум, билгениңен биле элегиң көп!

АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ
(АДАБИЙ ЧАЛЫШ МАЕК-РОМАН)
Жанызак басма
(Башы өткөн санда)
- Эми ушундай эле, андай эле, мындай эле! Бирогу бар эле.. Бирогу.. ошо бойдон кетти.. деп деле мындай, жылмалатып койсо болот го. Анан: суудан таза! сымаптай эле! кылтылдап турчу эле, былкылдап турчу эле! - дей бергенде, эми.. Эми анын ар кандай мүнөзү да болот. Адам баласы болуп жаралганда анын жаман жери да бар, жакшы жери да бар., жакшыны да көрсөтүш керек. Бирок мына мындай жери бар эле!. деп койсо, ошо жерин кичине жамап... Эми, Таттыбүбүнү мине деп айтабыз эми: мен оозум барбай турат таптакыр эле мына мындай! деп айтышка. Менин оозум барбайт антишке, потому что мен ал инсанды көп эле билчүмүн. Анан кээде ушинтип шалбыра-ап келгенде, кабинетке киргизип алып туруп тилдечүмүн аябай: мине бул жүрүшүң, жүрүшпү ушул! Бу менин сага деген адамгерчилигим, укпайт экенсиң - анда өзүң бил. Тон жылуусун ээси билет, дечүмүн. Анымды кээде укса, кээде укпай койчу, ушундай кыялдары бар эле. Мына ушинтип жазыш керек да: кээде укса, кээде укпай калчу, кулагынын тышынан кетчү. Жанагы, жаш балдарга акыл айтсаң биягынан угуп, биягынан чыгып кетет ко, так ушундай да, так ушундай. Өзүм.. ал жолго барбаган кишимин, айнанайын, мени уккандырсыңар, же укпаган чыгарсыңар: мен деле жаш кезимден ушул театрда иштедим аябай. Эмне, он төрт жашта, он беш жашта кирдим театрга, бузулсак бузулуп кетет элек, түзүлсөк түзүлүп кетет элек...
- Ооба, Төкөлдөштүн төрт кызы деп... Бакен эже да бар да..,
- Эми-и, Бакендики явно да, явно.. Бирок эми мындай эле, андай эле деп айтышка ооз барбайт, анткени, канча кылса да бир кыштактын кыздарыбыз, айланайын. Жүр, андан көрө ашкана жакка...
КИРГИЛТ КӨЛДҮН
АК КУУСУ
(Кыргызстандагы жападан-жалгыз белдүү театр сынчысы Жаныш Кулманбетов менен маек)
Баса, жазгандарымды чыгара албай далбастап жүргөндө ортодо нечен айлар өтүп, анан бир күнү Жаныштан төмөнкүдөй кат келиптир, толук келтирүүнү туура таптым:
"Жаныбек!
Кандай иштер, ден соолуктар жакшыбы?
Сен мага Таттыбүбү Турсунбаева жөнүндөгү айтып бергендеримди окутам дедиң эле. Алигиче окута элексиң. Жаныбек, биринчиден, мага сөзсүз окутушуң керек. Ошол бойдон кетишине мен таптакыр макул эмесмин. Экинчиден,Таттыбүбү туурасында азыр сен каалагандай материал чыкканын каалабас элем. Кыскасы, мага окутмайынча чыгарсаң - соттошобуз.
Саламым менен Жаныш. 22.12.93. Телефондорум ******"
Эми, Жаке, жүда кысталышта атайылап бир нече жолу издеп барсам ордуңда жок экенсиң, кийин бир жолукканда айтпадым беле өзүңө. Сен мага сүйлөп берген сөздөрдө анчалык деле оркойгон ойлор деле, же бир жалпыга белгисиз жаңылыктар деле жок экен, Нуркан аке Турсунбаев менен кызы Асел Эшимбекованын маектеринде жүрбөйбү жанытмаларың. Ошентсе да сенин өтүнүчүңдү аткарып, сенин аты-жөнүңө доо кетирбес максатында, дал сен өзүң аралашып жүргөн чөйрөдөгү башка бир сага аты уйкаш адамдан кудум сеникиндей жоопторду алдым эле, ошону окурмандарыма тартуулайын, айып этпессиң.
Урматтуу окурман!
Биздин турмушта "мен окумайын чыкпасын!" деген бир калпыс түшүнүк али күнчө сакталып калыптыр. Жаныштын бир кенемтеси - өзү макул деп, анан менин магнитофонума, менин кассетама үнүн жаздырып алып, эми ошол үнгө кожоюндук кылгысы келгени бери дегенде жеке менчикке шек келтирүү менен барабар. Минте берсе "жакса чыгарасың, жакпаса соттошобуз!" дей бергенде, мартабалуу адамдардан опурталдуу интервью алып жүрүшкөн Батыш жазмакерлери соттошо берип ашмалтайы чыкмак турбайбы, капырай...
Эми кепти созбой, төмөнкү маекке көңүл буралы.
- Жаке, жанагы, эки эле маселе да: Таттыбүбү Турсунбаева жөнүндө бир-эки эпизодду айтып берем дебедиң беле...
- Мисалы, кайсыл эпизоддор кызыктырат?
- Жанагы, өзү жөнүндө жана Чыңгыз маселеси боюнча.
- Эми, Чыңгыз маселеси боюнча мындай да, тиги, биринчи эпизод мындай: Баягы, Айтматов, өзүң жакшы билесиң, Бүбүсараны сүйүп, тигинтип-минтип, Бейшеналиеваны сүйүп калыптыр деп айтып жүрүшпөйбү. Мен чынында, анын чын-төгүнүн кайдан билейин, эл айтат да. Анан деги, вообще Айтматов, дегеле чыгармачыл адамдар сүймөйүнчө эч нерсе жаза албайт болсо керек дейм. Анан ошол. Бүбүсарадан ажырагандан кийин, айтып жүрүшөт, ошол кимге, Таттыбүбүгө көзү түшүп калыптыр деп. Себеби, Таттыбүбүгө көзү түшүп калганы, ошол учурда ал Эшимбеков экөө как раз ажырашып кетишти да. Жетимиш үчүнчү жыл болушу керек, Имаш Ошко кетип калды, жалгыз калып калды да Таттыбүбү. Ошол учурда Москвада, эсимде жок кайсы жылдар экени, жетимиш бешинчи жылдар бекен, бир кинофестиваль болуп калган, ошого алып кетти деп айтышты да. Деп айтышканы мындай: аны Таттыбүбү айтат деп айтат тиги театрдагылар. Анан театрдагылар айтканы, өзүң билесиң, менин да семейный байланыштарым бар эмес беле алар менен, эми азыр аныбыз кичине башкачараак болуп калды... Анан ошондо экөө коңшулаш бөлмөдөн номур алышыптыр дейт, анан стол жасап коюп келиштирип, Таттыбүбүнү чакырыптыр окшойт, там, коньягын алып дегендей. Анан экөө ичип отуруп аябай жакшы көрүп неметсе керек, анан Таттыбүбү кичине кызып калгандан кийин, же чарчаганбы, айтор, барып жатам дептир да уктаймын деп. Анан эми ушул жерге эле жат, деп өзүнүн керебетине жаткырып, ошенткенде анан бир аздан кийин, эми эркек да, кудай урбадыбы, ишин бүтүргөн экен. Анан баягы, чечинип анан келсе Таттыбүбү ойгонуп кетип карап туруп, барчы ары атамдай болбой! - десе керек. Чоң семейный турсийи бар экен дейт Айтматовдун, ошону көргөндө тиги чалкасынан кетсе керек. Анда бир шагы сынып калды да, анан дароо кийинип, болуптур-болуптур, деп тигини узатып жибериптир. Кийин деле баары бир ошонусун жеңип чыкса керек, ошол амбициядан өтүп кетсе керек, анан алайын-алайын деп жүрсө керек, мага лично Асел өзү айтып берди да...
- Асел ким?
- Асел кызы да. Предложение болуптур алайын деп. Ошо, мага турмушка чык, деп ошентсе керек. Анан ошентип жүргөн учурда бир, мага жакын эле подружкаларынын бирөө айтат: Айтматов как раз ошол Таттыбүбүнүкүнө келип калыптыр да, мен азыр барам, деп эле телефон чалып. Ишти бүткөрүш керек да, ары же бери болуш керек дегендей. Анан келип эле үйгө киргенде как раз Таттыбүбү, дагы бир кезде Шара Абылаева деген эме бар да, актриса, ошол, анан эки жигит болуп төртөө вино ичип отурушкан экен, көрүп эле шарт артка бурулуп чыгып кетиптир. Ошо менен Таттыбүбүгө вообще кайрылып келген эмес.
- Муну Асел өзү айтып берип атабы?
- Жо-о, Асел предложение болгон деп подтверждение кылып атат, а берки подружкасы болсо мына ушундай окуя болгонун айтат да. Анан Таттыбүбү раматылык өкүнүп айтып калчы эле дейт: атаңгөрү, бекер кылган экем мен, Айтматовго бекер эме кылып алыптырмын мен. Биринчи эле окуясын көбүрөөк эскерет да, ошентпегенде Айтматовдун аялы болуп калсам, балким, башкача жашайт белем деп. Ну, башкача жашайт эле да, ал бир звезда болмок да. Чындаса, Айтматов анын көркү үчүн гана ээрчитип жүрөт болчу да бир сөз менен айтканда. Ошентип өкүнүп калат. Чынында, мен да ошентип ойлойм, Айтматовдун колунда болсо, минтип көрүнгөндүн колуна түшпөйт эле да.




Айгүл ШАРШЕН
Жанызак басма
Бакыттын жылмайышы
(Башы өткөн санда)
- Ай, ушу неме жеткен жинди, же оорукчан, - деди бир кыз жини келе.
- Ким билет, өзү сүйүүсүн тартуулабай туруп, мени сүй дегени кызык, коркконунан ооруп калса эмне болот.
- Кел, чогулуп туруп айтабыз, керек болсо Калыска жолобой турган кылыш керек, - дешип Мирсаиддин артынан жөнөштү. Кыздардын ичинен Гуля менен Айна өздөрүнчө бөлүнүп, ары карай чөмөлөгө баратып, өздөрүнчө ичи тарып шыбыраша кетишти.
- Калысты катуу сүйүп калган го, ыя?
- Койчу ай, биз деле Калыстан кем эмеспиз…
- Ошону айтсаң, бизге сөз айтса жарашпайбы?
- Антип сөз айтканы шылдың катары сезилет.
- Балким, ошентип мазактап жаткан чыгар.
- Чынында сулуу жигит, ээ?
- Мага дагы жагат, - дешип чөп чөмөлөп жүрүштү. Калыс болсо өзүнчө ойлуу: "Бул кандай неме, элдин көзүнчө сүйөм де деп коркутканы, же мазактап жатабы? Мага жигит сүйгөндү ким коюптур, сүйгөн күндө дагы эмне деп айтам? Ал айтканымды укса шерменде кылып, баарына жарыялап салсачы? Жок, кереги жок, эч качан эч кимди сүйө албайм, тагдырымдын талкаланганы качан", - деп көзүнө жаш кылгыра чөп чөмөлөп жүрдү. Анын жанына келген Нуржанат:
- Калыс, Мирсаид сени чын сүйүп калган го, - деди күлө карап. - Элдин көзүнчө айттырганы кызык болду.
- Жинди неме экен.
- Эгерде мени ошентсе, мен жан деп айтмакмын.
- Эми деле айта бер сүйөрүңдү.
- Ал мага эмес, сага жармашып жатпайбы.
- Мага кереги жок.
- Койчу, ушундай жигитти сүйбөйсүңбү?
- Жок, ай.
- Сен кыз кылыгыңды кылып жатасың го, болбосо мындай жигиттин сүйүүсүн кош колдоп кабыл алмак башкалар.
- Чын айтам, мага кереги жок, - деп уккусу келбей чөптү айлана басты. Ошол учурда алардын жанына Мирсаид келди.
- Кандай, сулуулар, чарчаган жоксуңарбы?
- Жок.
- Эмнеге чарчамак элек, сенин оюнуң жакты бизге.
- Ыраспы? - Мирсаид Калысты карады. - Сизгечи, чоң кыз?
- Мага эч нерсе жакпайт.
- Неге?
- Оюнду сүйбөйм.
- Калыс, кечинде суу боюнан күтөм, - деп коюп Мирсаид ары басып кетти. Анын Калыс менен сүйлөшүп турганын көргөн кыздар дагы жакындай калышкан эле. Бирок Мирсаид Калыска эңкейе шыбырап коюп басып кеткенде суктанып кала беришти.
- Экөө чынында жарашып калат экен.
- Ооба, жакшы түгөйлөрдөн болушмак.
- Койчу ай, бизге деле жарашмак, - деди Гуля түйрүңдөй. - Эмне, биз сулуу эмеспизби?
- Калыска жетпейсиң.
- Кантип эле, теңгелет болушум керек.
- Койгулачы ай, дүйнө жүзү боюнча бир эле Мирсаид бар бекен? Ар ким өзүнө сулуу, сулуу сулуу эмес, сүйгөн сулуу да. Калысты чын жүрөктөн сүйүп калса ага эмне эле тырчып жатасыңар? Андан көрө иштейли да, эртерээк эс алганга кетели, ушул жер бүтсө эрте кетебиз, - деп Нуржанат кыздарга карай кыйкырды.
- Эмне экен, бизге да жарашат Мирсаиддей жигит.
- Кааласаңар ала бергиле да, кармап жаткан эч ким жок, - дешип бири чындаса, бири тамашалап күлүп жатты. Кечинде чатырга келип, кечки тамактарын ичкенден кийин ар кимиси өз ордуна жатып калышты. Кечке чарчаган немелер тез эле уйкуга кетти. Калыс уйкусу келбей: "Эмне кылсам, барганда эмне, мен анын сүйүүсүнө татыбайм да, кантип барам, сүйүүсүн айтса мен эмне дейм, же атам зордуктап койгон деп айтамбы? Анда артын карабай басып кетсечи, өзүм да аны жактырып калдым окшойт, ушунча кыздан мага көңүлү түшүп жатса", - деп ойлогон сайын жаңыдан колуна тийген бактысынан заматта айрылып калчудай жүрөгү дүк-дүк этип согуп жатты. Бирок чыга алган жок. Эртеси кайрадан чөп чөмөлөп жүргөндө Мирсаид ышкырып келип, учурашымыш болуп колуна кагаз карматып кетти. Калыс эми эмне кыларын билбей калды. Кыздар алаксып иштеп жатканда бир чөмөлөнүн түбүнө отура калып кагазды ачты. "Калыс, мен сени сүйөм, бир көргөндө сүйдүм дегендерге ишенчү эмесмин. Бирок мен ошондой абалда калдым, түн уйкумдан кечип, көз алдымда сен гана турасың. Жакындан бери эч нерсеге табитим жок, ушунун баарына сенин бир гана сүйөм деген сөзүң дабаа болорун билем, Калыс. Ар дайым сенин жанымда болушуңду каалайм, сен менин дүйнөдөгү эң аруу, эң бир асыл буюмум сымал жакын адамымсың. Мен сени сүйөм, Калыс, бүгүн сени суу боюнан күтөм, сөзсүз кел. Мирсаид", - деген сөздөрдү шашып окуй коюп, эми өйдө боло бергенде Нуржанат көрүндү.
- Бул жерде эмне отурасың?
- Аа-а, башым ооруп эле, - деп мукактанган Калыс колундагы катты ката салды.
- Жигитиңден кат алгансың го?
- Жок-жок, - деди Калыс этек-жеңин күбүгөн боло кайсалактап.
- Жашырбай эле кой, окуй бер, - деп Нуржанат күлө ары кетип калды. Калыс ойлонуп туруп, бешиликти алып, ыргылжың боло чөптү түртө баштады. Ошол күнү кечке ойлуу жүрдү. Өзү деле абдан жоош-момун, көп сүйлөбөгөн, ачуусу келсе да токтоолук менен жеңип, кубанычты салмактуу кабыл алган кыз. Азыр дагы миң ирет калчап, бир чечмек болду. Кечки тамактан кийин балдар менен кыздар гитаранын коштоосунда ырдап-бийлеп, топ ойноп жатышты. Калыс акырын чатырга кирип жатып алды. Баргысы келсе да өзүн кармап: "Чакырса эле бара бермек белем, дагы сынайын", - деп жатып үргүлөп уктап кеткен экен, чатырдын тушу шырп-шырп эткенде ойгонуп кетти. Караса маңдайында Мирсаид турат, үрүл-бүрүл чырактын жарыгындай сырттан кирип турган айдын нурунан дароо эле тааныды.
- Эмне кылып жүрөсүз?
- Сага келдим.
- Бирөө көрүп калса эмне болот?
- Көрсө көрө берсин, мен сени сүйөрүмдү айтам.
- Кызык экенсиз.
- Андай эмес, Калыс, сени көргөндөн бери такыр уйкум жок.
- Эмне кылайын, азыр кыздар келип калат.
- Келсе эмне болмок эле?
- Мен уят болом.
- Мен сени уят кылбайм, - деп бери жылганда эшиктен келе жаткан кыздардын үндөрү угулду эле чатырдын этегин түрө калып, сыртка тоголонуп кетти. Калыс оозун басып бүлкүлдөп күлүп жатканда, Нуржанат жанына жатып:
- Эмнеге биз менен ойногуң келген жок? - деп сурады.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??