п»ї

Жаныбек Жанызак, эркин журналист:
Ке, мелдешебиз?!
"Тупойлукка" чек жок, окурман аке. Өткөндө ушу гезитке Каныбек мырза Абдыкадыров кокуй мени биротоло Эштекке теңеп салыптыр "бейкут" сөзү боюнча. Анан мен ага телефон чалдым: "Экөөбүз мелдешпейлиби: мен Ленин китепканасына барайын да, 6 күнү бою Юдахинге чейинки кыргыз булактарынан "бейкут" деген сөздү издейин. Кокус тапсам, ошол 6 күнүмө сен 6000 сом төлөп бер. Таппай калсам, анда ал акчаны мен төлөп берейин сага" деп. Адалсынган "тупойлорду" акча менен чапсаң гана эсине келет. Айткандай эле а жигит "күңк-мыңк" демиш болуп, жооп бербеди.
Анан айттым: "Мейли, сенин айтымыңда кыргыз маңкурт болсун, алиги Коңурбайдын баласын ээрчип Манаска каршы чыккан Юдахинди туурап. Анда береги http://www.sozdik.kz деген казак сайтындагы "бейкут" сөзүн кантебиз?" десем, дагы бир былжыраган сөзүн айтат...
...Ал анте турсун, сиз экөөбүз "Манаска" келели, окурман аке. Ал кездери Юдахин дегенибиз жок эле, нукура кыргыз сөзү бар болчу. Айтылуу Эсенбай Нурушевдин akipress.org/comments/news:7551 дарегиндеги макаласынан алсак, "Кошуундун бейкут жатканы, туура кырк күн болуптур", "бейкут жаткан элиңе, дүрбөлөң салып киремин", "берени бар, беги бар, бейкут жаткан эли бар", "бейкут уктап калыптыр" деген тээ алмустактан келаткан кыргыз түшүнүктөрүн каериңе катып алгың бар, эй, үка?!
Эми Эсекемин жардамы менен "бейкут" сөзүнүн чыгышына токтоло кетели:
"..анын "кут" деген сөзгө таптакыр тиешеси жок. Фонетикалык өңүттөн карап көрсөк, кыргызда Х, Г тыбышы болбогону маалым, ошондуктан ушул тыбыштар менен башталган бөтөн сөздүн баары илгери кыргызда К менен айтылган. Мисалы,монголдордун "хонхор" дегени канкор (Манаска айтылган эпитет - айкөл, боорукер маанисинде), араптар менен ирандардан "хэбэр" - кабар, "халавэт" (таттуу,ширин) - кайбат, "гэйрэт" - кайрат, "гэрар" - карар, "гоуга" - коога ж.б.у.с. болуп кирген. Ошондой эле кыргызда Д тыбышы көп учурда Тга өтүп кетет. Демек, "бейкуттун" түпкү формасы би-кид, би-хут,би-худ болгону талашсыз. Булардын бири да "кут" дегенди билдирбейт.
Араптарда "кид" дегендин бир канча мааниси бар, анын бири "алдамчылык" дегенди билдирет, ары барганда "кид" байыркы семит тилиндеги "хид" дегенге такалышы мүмкүн. Хид - табышмак дегени, ивритче "хида" дешет. Ошондо бейкут (би-кид, би-хид) жалган-жашыксыз, будамайы жок, баш катырбай, тынч жашоо деген эле кеп болуп атпайбы. Муну бир дейли.
Ал эми арапча "хут" ("кут" болуп да айтылат, мисалы, ал-Кут - шаардын аты) дегенге келсек, анын бир мааниси бизче "чеп", "сепил" деген кеп, экинчиси - түндүк тарапты, Алтын казык жылдызын түшүндүрөт. Мунун экинчи мааниси кыргыз тилинде да бар. Мунун биринчи мааниси ушул "бейкутта" десек болот, ошондо бейкут - чеби, сепили жок, кооптонбой жашоо деген маанини туюнтуп жатат да. Көчмөн турмушту эске алганда, мунун да кадыресе жүйөөсү көрүнүп атпайбы. Муну эки дейли.
Эми "би-худ" дегенге келсек, бу сөз Курани Каримдеги кадимки эле Худ пайгамбардын аты менен байланыштуу болушу да ажеп эмес. Ыйык китепте айтылгандай, өздөрүнүн өнүккөн, байгер оокатына манчыркаган адиттер - ад уруусу - Аллага ыкрар кылууга чакырган пайгамбардын сөзүнө кирбей, акыры мунусу үчүн кудайдын каарына калат: алардын бүт аймагын жети күн, жети түн басылбаган боз чаңдуу бороондон кийин кум басып калат. Мунун баары Ыйык Курандын "Худ", "Акындар", "Кум" сүрөөлөрүндө айтылат. Ушу мааниде алганда "бейкуттун" баштапкы формасы "бейхуд" ("би-худ") болуп, худсуз, кудайдын каарысыз, баракат жашоо деген маани берип жатпайбы.
Кашгариде кут - оомат, кутсуз -ооматсыз деп берилген. Кыргыз тилинде да ушул мааниде жана формада сакталып калган. Бейкут -куту жок деген мааниде эч бир жерде айтылбайт, бу сөз шинжан кыргыздарында да коогасыз, тынч, мамырчылык маанисинде айтылат" дейт Эсенбай Нурушев.
Анча болду, эми "эштековед" Каныбекке сунушум бар эле:
Юдахинде "бей-" менен башталган 95 сөз бар экен. Төмөнкү сөздөр мени жүда-аа кыжаалат кылып жатат, эй:
Бейит - "итсиз" деп которсокпу?
Бейкасам - "касамсыз" деп салсакпы?
Бейпайла - "пайлабай" деп эле койбойлубу?
Бейшеп - "шефсиз" деп койсок кантээр экен, а?

Бу бечара мынчалык жандими макаласы менен ошо гимндин төртүнчү автору болоюн деген экен, кашкайып көрүнүп турбайбы.
Бирок сөздөрдү бурмалабай, "сен!" деп кол кезебей, Жанызакты Эштекке учкаштырбай, сөз тарыхына бир аз көз салып, наадансынбай жазса дурус болмок.
Анткиң келбесе, кел мелдешебиз - 6000 сомду ортого таштайлы, кимибиз жеңсек алып кетели. Макулсуңбу ушуга?
Антпесе, "Обон" сага жалаяктай орун берип, биздин текстти чектеп жатпайбы, кашайгырдыкы...
Жаныбек ЖАНЫЗАК,
Семетейдин жарчысы




КРнын Жогорку Кеңешинин "Кыргыз Республикасынын туусунун сырткы көрүнүшүн жана гимндин текстин өзгөртүү боюнча" комиссиясынын эксперти Каныбек Абдыкадыров:

"Бейкут гимн өзгөртүүгө муктаж, Манастын кызыл туусу муктаж эмес"
(Башы өткөн санда)
Логикалык ырааттуулук сакталды. 1 жак, көптүк түр менен ырдын өзү да, кайырмасы да тамамланды. Бизге эң жакын өлкө Казакстан менен Өзбекстан. Тилибиз бир, динибиз бир, дубабыз бир, жазыбыз бир, кышыбыз бир. Казакстандын гимнин көз жүгүртүп чыктык. Гимндин ыры да кайырмасы да 1 жак менен башталып, 1 жак менен бүтөт экен. Өлкө башчысы Н.Назарбаев өзү гимнге эшавтор(соавтор) болуптур. Казакстандын президентинин мамлекетинин символдоруна жасаган мамилесин көрүп туруп, көзүн күйгөндөн: "Браво, буйук(великий) Назарбаев!"- деп кыйкырганыңды өзүн да байкабай каласың. Өзбекстандын президенти Каримов Ислам Абдуганиевичтин өз өлкөсүнө болгон мамилеси өзүнчө эле бир дастан. Түркиянын президенти Тургут Озал патриоттук ырларды артисттерге кошулуп өзү ырдачу. Туркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган патриоттук ырларды калкы менен кошо ырдап келе жатат. Биздин презиктер эмне кылышты? Куттуу элди "бейкут" кылгандарга, талап -тоногондорго, балакет, каргашаларга дуушар кылгандарга эшавтор болушту. Гимнге караганда арак, этке жан долларга көбүрөөк көңүл бурушту. Аягында качып- житип жоголушту.
- Анда биздин окумуштуулар Юдахиндин сөздүгүнө таянып иш кылып жүрүшкөн турбайбы? Бизге кандай гимн жана башчы керек?
- Эң өкүнүчтүүсү, ушинтип иш тутуп жаткандыгыбыз. Кыргыз жана орус тилин билүү менен чектелбеш керек. Тилдерди канчалык көп билсек билимибиз ошончолук терең болорун унутпасак. Тилди билүү менен чектелбестен аны түшүнө билишибиз керек. Кыргызстандын илим-билими, маданияты, экономикасы А.Орозбеков жана Исхак Раззаков мезгилинде түптөлдү жана гүлдөдү. Орозбеков өзүнөн билимдүү, дипломдуу Ж.Абдрахманов, А. Сыдыков, К.Тыныстанов жана башка көй кашка "жердин киндигимин" дегендери "ордумду тартып алат" деп коркпостон - үркпөстөн мамлекеттик, чарбалык кызматтарга дайындаган. Түштүктүн элин октон (полковник Сафоновдун), түндүктүн элин ачарчылыктан (Москвага кетип бараткан буудайларды артка кайтарып, ачарчылыктан кырылып жаткан элге бөлүп берип) сактап калганын эсен болуп эстеп жүрөлү. Өз элин сактап калып, өз өмүрүн жоготподу беле, кайран киши. А.Орозбеков менен И.Раззаковдун мезгилиндеги куттуу эл башкалардын мезгилинде "бейкут" элге айланды. Бүгүн Кыргызстанга куттуу гимн, Абдыкадыр Орозбековдой президент, Жусуп Абдырахмановдой премьер-министр керек. Аллаха шүгүр, элибиздин уучу куру эмес.
- Туу- деген таяк , асаба-болсо флаг деген жаңы пикир пайда болду. Ким туура айтып жатат деп элдин башы маң болду.Чындык ким тарапта?
- Тууну өзгөртүү идеясын көтөргөндөр ММКга "Көк асаба, кызыл туу, көк жаңырткан ызы-чуу. Ак асаба, кызыл туу, айгайлаган ызы-чуу" деп сүйлөп да, жазып да жатышат. Мындагы эң кызык нерсе, реформаторлордун "асаба" деген сөздүн эмне маанини билдирерин так билбегендиги, лингвистикалык сабатсыздыгында болуп жатат. Лингвистикалык иликтөө жасасак "асаба" деген фарсы тилинин "хасса" деген сөзүнүн кыргызча варианты. "Таджикско- русский словарда" ХАССА- палка, посох, трость деп орус тилине которулган (Москва, ГИС, 1954). К. Юдахиндин "Кыргызча-орусча сөздүгүндө" деле "аса"- таяк деп которулган. "Узбекско-русский словарда" хасса- палка, посох, трость деп которулган. "Узбекско-русский словарь", ГИС, Москва, 1959.
Ошондо "көк асаба" деген сөз айкашын орус тилине которсок, "синяя палка", кыргыз тилине "көк таяк" маанисин туюнтат. Сүйлөмдү толугу менен Каныкей (Санирабига) энебиздин тилинен (тажикчеден) Манас атабыздын тилине (кыргызчага) которсок "Таягы көк, кызыл туу, көк жаңырткан ызы- чуу. Таягы ак , кызыл туу, айгайлаган ызы-чуу " маанисин туюнтуп жатпайбы, кашайгыр! Мээси "бейпил" адамдардын муну түшүнгөнгө дарамети жетпей жатканы кандай гана өкүнүчтүү! "Улут болсон, тилиң менен улутсуң. Кутсуз болсоң, билбестиктен бейкутсуң" деген афоризм аргасыздан эсине түшөт. Кыргыздын эзелтен келе жаткан бир душманы бар. Ал-караңгылык, билимсиздик. Ошон үчүн "караңгы элге, каапыр да молдо" деген сөз, "Өзүн билбе, билгенди да укпа" деген каргыш бекер жеринен жаралбаса керек. Болбосо "асаба деген сөз-бул тууну, байракты, желекти, орусча айтканда флагды түшүндүрөт, ал эми туу деген сөз таякты түшүндүрөт деген " сандырак пикир элге таңууланбайт болучу. "Туу" сөзүн Юдахиндин "кытай тилинен өздөштүрүлгөн сөз" деп орус тилине "знамя", "стяг" деп которуптур. Түрк тил группасына кирген азербайжан, түркмөн, өзбек, түрк ж.б. элдер "флагды" "байрак" дешет, "туу" дешпейт. "Туу" деген этиш сөз бар . Бул да кыргызча "торо", орусча "рожай" деген кеп. Манастын кызыл байрагынын (туусунун) таягы(сабы, кармоочу) көк экенин билгенден кийин, аны көк байракка (тууга) алмаштыралы дегендер Манастын арбагынан коркушу керек. Байракты өзгөрчү болсо үч канаттан (оң, ичкилик, сол) турган кыргыз элине АК, КЫЗЫЛ, КӨК -триколордон турган байрак куп жарашып калмак .
Сагын Алымбаев:

"Бейкут деген жаман сөз"
Өзүм Сары-Өзөн Чүйдөн болом. "Эркин Тоо" АКта энергетик болуп иштейм. Мага чоң атам "бейкут" деген жаман сөз экенин, "ырыскы" кетирүүчү , "тынчтыкты" бузуучу мааниге ээ экендигин тээ бала кезимде эле айткан. Орусча мектепти аяктагам. Ошого карабастан гимндеги "бейкуттукту берет кыргыз жерине" деген куплетти укканымда менде жийиркенүү сезими пайда болуп, жүрөгүмдү муз каптачу. Өткөндө телевизордон илимпоз Абдыкадыровдон бул сөздүн маанисин далилдеген фактыларды уккандан кийин, тезирээк эле депутаттар бул жамандыктын жарчысы болгон гимнди алмаштырышын суранат элем. "Обон" гезитинде жарыяланган Абдыкадыровдун интервьюсун окугандан кийин, тааныш-билиштерим менен да маектештим. Түндүктө да көпчүлүк адамдарда гимнге болгон тескери мамилени байкадым. Жоро-жолдоштор чогулуп алып анализ жасадык. Бизди кубанткан канча окуя болду. Чынында эле Кыргызстанда акыркы 20 жылда адамды кубантарлык, көңүл жубатарлык окуялар болбоптур, тилекке каршы. Жаңжалда башка нерселер эсибизде калбаптыр. Ошондуктан эртең элдин көтөрүлүшүн күтпөстөн, гимнди депутаттар өзгөртсөңөр жакшы иш жасаган болот элеңер. Депутаттыктан кеткениңерде да биз "легендарлуу парламенттин" катасын оңдогонбуз, алардын "бейкут" гимнин жоготконбуз деп мактанып жүргөнгө шанс жаралып жатат. Бул шансты колдон чыгарбагыла.




"Бийлик алмашкан сайын конституция алмашып жатат"
Туунун өңүн жана гимндеги кээ бир сөздөрдү алмаштыруу боюнча кызуу талкуу болуп жатат. Өткөндөгү Каныбек Абдыкадыровдун гимндеги "бейкут" сөзүн алмаштыруу боюнча оюн окуган окурман Сафаров Таштемир ата биздин редакцияга өз оюн жазып алып келиптир.

Акыркы убактарда желектин түсүн, гимндеги кээ бир сөздөрдү өзгөртүүнү каалагандар көбөйүп баратат. Кызыл түстөн башка түскө айландырсак, "бейкут" деген сөзүн алып таштасак кыргыздарга береке, ырыскы жамгырдай жаап, тим эле ынтымакта жашап калат экенбиз. Гимндеги чуулуу "бейкут" сөзүнө келели. Биздин "бейкут" сөзүбүз иран тилинен которгондо "кутсуз" деген маанини берет экен дегендерге таң калам. Иран, тажик тилинен бизге "бе" приставкасы эле кирип келген. Биз, кыргыздар, өз тилибизге ыңгайлаштырып, "бей" деп алганбыз. Өзбектердин "бебош" сөзүн "бейбаш", "бейакыл" деген сөзүн "бейакылга" айландырып алганбыз. Бизде "бей" приставкасы менен айтылчу жыйырмадан ашык сөз бар. Өзбек, тажик элинде да "бехуд" деген сөз бар. Худ жаман деген сөз болгондуктан, "бехуд" сөзүн сөзмө-сөз которгондо "жаман эмес" же айланып калат. "Абд" деген арабчадан которгондо "кул" дегени. Абдыкерим, Абдысаламдын "керимдин кулу экенмин, саламдын кулу экенмин" деп аттарын өзгөрткөндөрдү көргөн жокмун. Лейлекте "Арка" деген айыл бар. Бул айылдын аты тоо арасында жайгашкан Маргун, Даргаз, Дархум деген айылдардан тоонун түндүк тарабындагы (артындагы) дүң жерди өздөштүрүү үчүн адамдар келип иштеп, үй салып жашап калгандан кийин келип чыккан. "Арка", "аркалык" дегенди тоонун артындагы айыл деп түшүнөбүз го. Орустар "задница" дейт экен деп эле өзгөртө беришибиз керекпи? Карасаевди сындап келип, өзүнүн да ката кетиргенин, өзүнө-өзү каршы чыгып жатканын сезгенге дарамети жетпегенине таң калам. "Ырым-жырымга ишенген элдин келечеги жок", деп "730 жолу жаңырып турса Кыргызстанда береке калабы?"- дегенине не дейсиң?! Муну менен ал өзүн "кызыл тууну көккө алмаштырсак, Кыргызстанга береке келет" дегендердин катарына кошкондук эмеспи? Эч кандай арам ою жок, жакшы, түз мааниде колдонуп келген түштүктөгүлөрдүн "бейкут" жабышып алышы - жумурткадан кыр издегендик. Комиссия эксперттери ушунчалык кыйын экен, эмне үчүн гимн тексти элдин талкуусуна коюлганда чуу көтөрүшкөн жок? Эң өкүнүчтүүсү бийлик алмашкан сайын конституция алмашып жатат. Сөз аягында акыйкаттык үчүн айтып коюу керек, гимндеги редакцияланган эки кайырма мыкты чыккан, бирок макаладагы экинчи куплет анчалык эмес, оңдосо болот.
Сафаров Таштемир, Бишкек шаары




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??