п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Обон почта

ОП-172-01. Миңбаев Руслан, сизди сагындым! Жаным, менин лейтенантым, жүрөгүмдүн ээси, сизди эч кимге бербейм. ……..
ОП-172-02. Алсызга мээрим төгүп ийип койгон, ак дилден акыбалын билип койгон. Азыр да арабыздан адам издейм, абийирин, ар-намысын бийик койгон. 0773911722
ОП-172-03. Салам, достор! Менин досторум Бина+Анна, кандайсыңар? Силерди сагындым. Супер Дина
ОП-172-04. 8-а класска салам. Жерге-Тал - супер. Дина
ОП-172-05. Алтыным, сени кайдан көрдүм экен, көргөндө неге көңүл бурдум экен? Түшүнүп мен баарысын билип туруп, эмнеге сени катуу сүйдүм экен? Аралдан Каныкей 95
ОП-172-06. Салам Kg. "Сен сүйгөн обон" рубрикаңыздардан Маянын "Издеп жүрөм" деген ырын чыдамсыздык менен күтөм. Алдын ала рахмат. Кортер 94
ОП-172-07. "Обон", саламатсыздарбы? "Кумир менен баарлашууга" Кундуз Канатбек кызын качан чакырасыздар? Чыдамсыздык менен күтүп жатам. Жаннат 96
"Обондон жооп": Албетте, эмки сандарыбызда чакырганга аракет кылабыз.
ОП-172-08. Дүйнөдөгү эң асыл энелерибиз, өмүрүңүздөр узун болсун. Жаннат 96
ОП-172-09. Жакты мага сүйлөгөнүң, күлгөнүң, жакты мага бир мүнөздө жүргөнүң. Сүйүп калдым аз убакыт ичинде, кечирип кой катуу тийсе бул сөзүм. 0773347ххх
ОП-172-10. Саламатсыңарбы, "Обон" гезитинин жамааты. Мукур айылында жашап жаткан курбу кызым Таңсулууга чоң салам. 0779530ххх
ОП-172-11. Менин саламым сүйүктүү досум Апсаматка. Бар бол. Махабат
ОП-172-12. Супер СМСчилерге салам! Бар болгула. Макуля 96
ОП-172-13. Ата, жаңы тишиңиз кут болсун! Сизди чын жүрөктөн куттуктайм. Апа, сиздин батыраак сакайып кетишиңизди күтүп жатабыз. Перигүл
ОП-172-14. Жараткан бир өзүңүздү мага берди, жүрөккө бир да жан сыйбай келди. Күн өткөрүп сагынып күтүп жүрөм, саамайыңыздан сылаган ошол желди. 0773181ххх
ОП-172-15. Сүйүү эмне экенин билбейт элем. Назарымы да салбас элем. Сүйүү эмне экенин билип алдым. Капысынан бир жигитти сүйүп калдым. 0773181ххх
ОП-172-16. Салам, менин атым Айзирек. 1996-жылы 17-октябрда Бишкек шаарында туулгам. Азырынча Боспиек айылында жашайбыз. Боспиек айылындагылардын баарына салам деп Сейитжапар кызы Айзирек.
ОП-172-17. Назгүл, сен адам эмес турбайсыңбы? Ырчылардын убалына каласың. 0543639ххх
ОП-172-18. Кайыргүл, сени аяп кеттим. Ал акча жиндиси турбайбы. 0543639ххх
ОП-172-19. "Обон", сиздер ар дайым актыкты сүйгөн адамсыздар. Мен Шымкентте "Бекжан" базарында иштейм. Базардын чоңдору кыргыздардан миң доллардан тез-тез алып, бербегендерин базардан айдап чыгат. Биздин чоңдор ушуларды караса болобу? Сиздерден жардам күтсөк болобу, ишиңиздерге ийгилик. +77054363ххх
ОП-172-20. Бонушка-бонушка, "Обонушка". Салам, менин атым Золушка. Гуля
ОП-172-21. Базар-Коргон районунун Шыдыр айылында жашаган Көчкөнбаева Анарага салам. 0554919ххх
ОП-172-22. Жашоонун маңызы эмнеде? Байлыкпы же бийликпи, бирок ар кимге ар кандай, а силерге кандай, "Обон" сүйүүчүлөрү? 0553611ххх
ОП-172-23. Ассалому алейкум "Обон" сүйүүчүлөрү. Апа, мен сизди абдан жакшы көрөм. Жаштыгымдын айынан мен сизди көп азапка салдым. Апаке, алтыным менин, келечегим алдыда, жакшы болот. Мен билем, көзүм жетет. Санжар
ОП-172-24. Эсен, мен сени сүйөм. Мен сенсиз жашай албайм. Сагынып кеттим. Феруза
ОП-172-25. Досторум Айперишка, Жылдызка, Гулизачка, мен силерди жакшы көрөм. Феруза
ОП-172-26. Элиза Кененбаева, туулган күнүңүз менен куттуктайм. Мен сизди жакшы көрөм. Феруза
ОП-172-28. Эсен, мен сени сүйөм. Мени кыйнабачы сураныч. Сенсиз мага жашоо жок. Сүйөм, сүйөм чексиз. Феруза
ОП-172-29. Салам, "Обон". Мага Корей F-4 сериалындагы кыякчы жигит Юн Джи Ху жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы суранам. Сапфира
Юн Джи Ху
Кесиби - Актёр, ырчы, модель жана бийчи
Туулган жылы - 25-июнь, 1982-жыл
Туулган жери - Сеул, Түштүк Корея
Бою - 184 cм
Салмагы - 75 кг
Үй-бүлөсү - Атасы Чунг Ки-Чун, карындашы Ханнa
Дебюту- 2002-жылы 13-июнда биринчи альбомун чыгарган. 2007-жылы өзүнүн жеке компаниясы ачылган.
Жакшы көргөн актёру - Чарли Чаплин
Жакшы көргөн ырчысы - Майкл Джексон, Джанет Джексон жана Ашер (Usher)
Хоббиси - Музыка угуу.
ОП-172-30. Г. Сатыбековдун командасы, дайым алдыдабыз. Бизди колдогон угарман, күйөрман, көрөрмандарыбызга ыраазычылык билдиребиз. Чоң рахмат. Зака
ОП-172-31. М. Сарыбаев атындагы орто мектебине салам.
ОП-172-32. Жаным, сиз азыр менден алыстасыз. Билесизби, сизди канчалык сагынганымды? Мени сизге жолуктурган кудайыма миң мертебе ыраазымын. Сизди сүйөм! Менин жанымда гана болушуңузду каалайм. KG Gul
ОП-172-33. А. Карыпкуловдун бүтүрүүчүлөрүнө чоң салам, ийгилик каалайм . Ак жол силерге, бүтүрүүчүлөр! Лариса 94
ОП-172-34. "Обонго" чоң салам. Ишиңерге ийгилик каалайм. Бар бол, "Обонушка". Биз сени менен сыймыктанабыз. 0771403ххх
ОП-172-35. "Обонго" жаңы эле кошулган окурмандарга суроом: Сүйүүдө кимдер туруктуу: кыздарбы же жигиттерби? Жообун 0770166729 номерине жазгыла. Таныя
ОП-172-36. Аэлита, ай жарык деп таш булактан суу алба. Арзыматым алыста деп, Марленге көз салба. 0771403ххх
ОП-172-37. Мирлан, жарыгым болбой жалгызым бол. Жүргөнүм болбой жүрөгүм бол. Турмушту терең түшүнгөн, түбөлүк менин сүйгөнүм бол. Мен сени сүйөм,- деп сенин Томпосяң.
ОП-172-38. Шаардагы апама, эжеме байкеме салам айтам. Сатымбү
ОП-172-39. "Обон". Мен көптөн бери бир жигитти жактырып жүрөм. Ал үчүн сүйлөшүп жүргөн жигитимден да кол үзүүгө туура келди. Мен сиздерден суранарым: мен жактырып жүргөн жигитке биринчиден болуп сүйүүмдү билдирсем болобу? Жигиттер, кеңеш бергилечи? Силерге биринчи кыздар сүйүүсүн билдирсе, кандай кабыл аласыңар? 0555030409 номерине кеңешиңерди жөнөтсөңүздөр. Бактыгүл
ОП-172-40. Алайдагы Гүкү эжеме, жездем Шамилге, Сакуга чоң салам. Алтынай
ОП-172-41. Саламатсызбы, Кубаныч байке? Көптөн бери жаңы ырларыңызды укпай калдым. Эмне болду сизге? Оштон Феруза
ОП-172-42. Мирбек Иманбеков менен Мирбек Атабековдун талантына таазим …… 0778421ххх
ОП-172-43. Урматтуу "Обон" гезитинин окурмандары, силерден сураныч, мага Ак-Баталык 94-жылкы Жумагүл деген кызды табышка жардам бергилечи? 05557220386 Асан
ОП-172-44. Салам жолдойм улуу кыргыз элиме. Ош шаарынын Бөрү айыл жерине. Заманага тынчтык берсин кудайым. Ден соолукта болсун калкым ылайым. Ч
ОП-172-45. "Обонушка", менин саламым бул дүйнөдө эң ыйыгым апакеме жана атакеме. 16-июнь атамдын туулган күнү менен куттуктайм жана эч оорубай, өмүрү узун болсун,- деп Арал айылынан кызы Каныкей.
ОП-172-46. Саламым Тогуз-Торо районунун Арал айылындагы досторум Алтынайга, Аидага жана мени тааныгандарга дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм,- деп Каныкей 95.
ОП-172-47. "Обондогу" СМС, ыр саптары, купулуңа толо түшөт бир катары. Кылыктуу кыздар назынан, кылычтай курч жазылган. Тайманбас жигит жүрөгү, сүйүү деп жибип жашыган. Кантсе да сүйүү күчү го, жүрөккө батпай ташыган. Арыштап калем тулпары, айтылсын жүрөк сырлары. Чынара
ОП-172-48. 19-июнда туулган күнүмө келгиле. Баарын чакырам. Базар-Коргон. Таңсулуу 93
ОП-172-49. Менин сүйүктүү эжелерим Айпери жана Үмүт, сиздердин келе жаткан туулган күнүңүздөр менен куттуктайм. Сиздерге каалаарым: узун өмүр, чексиз сүйүү, ата-энеңиздин маңдайында күлүп-жайнап жүрө бериңиздер,- деп сиңдиңиз Мээрим. Бишкек шаарында жашаган инилерим Беку,Байчик жана Данчик- силердин дагы келе жаткан туулган күнүңөр менен. Таш-Көмүрдөн эжең Мээрим
ОП-172-50. 1996-жылкыларга салам, силер - суперсиңер. Уулбү 96
ОП-172-51. Маха досум, сен жакшы айыгып кетесиң, ишен. Табигат сырдуу Алтынай
ОП-172-52. Салам "Обон", кандайсыңар? Мен ыр жазамын, кыргызга айтып саламым. 0773291ххх
ОП-172-53. Аварияга учурап, оор абалда больницада жаткан досум Маха, сени сагындым. 0779891ххх
ОП-172-54. Маха, досумду ойлой берип уктабай калдым. Жакшы болуп кетсинчи. Алтынай 90
ОП-172-55. Ош шаарында жашаган Мунира, мага чалып койчу. 0778956851
ОП-172-56. Жүрөгүмдө жара калды, арман деген кадалды. Сага болгон сагынычым, ыйым менен таралды. Ким түшүнөт менин арманымды. Сагынып сенсиз калганымды. Бул жашоодо ар дайым, сүйгөнүм деп жашаганмын. Ааламды беремин. Каалаймын сен үчүн бүт ааламдын кеңдигин. Бул менин 1-махабатыма арналат: Жаш акын мен Uri-93.
ОП-172-57 . Тоңдун Төрт-Күл айылындагы 95-жылкы ак кууларга салам. Каси
ОП-172-58. 95-жылкы Жылдыз айылындагы Айбек, мен сени сүйөм. 0779559ххх
ОП-172-59. Өзүңдү түшүмдө көрөр замат, чочуп көзүмдү ачсам, элесиң көрүнөт бат. Пешенеме жазганы ушул бекен деп, өзүмчө ойлонуп кат жазамын шарт. Суроо берейин деймин, бере албайм. Сүйүүмдү айтайын деймин, айта албайм. Үмүт менен сени көрүүгө умтула жашайм. Ыйлаймын, күлөмүн эмне кылууну билбеймин. Үч мүнөттө капаланамын.Үч мүнөттө жазыламын. Жаш акын мен: Uri-93
ОП-172-60. Бак ичинде олтурсам айды карап, айлуу жалгыздык сени самап. Күттүрбөстөн келсе экен деп, жаш жүрөгүм сүйүү отуна күйүп барат. Менин сүйгөнүм Тариэлге арналат. Uri-93
ОП-172-61. Тахмина эже, сизди Рамис жакшы көрөт! Перизат
ОП-172-62. Кыргыз калкыма салам. Шымкенттен Жылдыз
ОП-172-63. Салам, "Обон". Жаным Гүлнур, сизди сүйөм, мага чал. Жусуп…. +7775625ххххх
ОП-172-64. Салам, достор. Жаштыктан пайдаланып эртерээк өзүңөргө карьера түзгөнгө жетишкиле. Сонун мүмкүнчүлүк барында. 0551114ххх
ОП-172-65. Мага Шакира жөнүндө жазып коёсуңарбы? 0779001ххх
Шакира
1977-жылы 2-февралда карапайым үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Энеси Колумбиядан болсо, атасы Ливаниялык болгон. Атасы бош убактысында музыка жана адабий илимдер менен алек болгон. Ошондуктан, Шакира 2 жашка чыкканда, алфавитти жатка билип, 3 жашка чыкканда шар окуп, 4 жашында өзү бир ырдын сөзүн жазган. Ошондо туугандары жана кошуналары таң калышып, ага кичинекей вундеркинд деген ысым ыйгарышкан. Башында аны ата-энеси көп сүрөт тарта бергендиктен, сүрөтчү болот деп ойлошкон. Бирок мектепке бара баштагандан тарта бий жагына ыктап, өнөрүн көрсөтө баштаган. Сабактардын ортосундагы эс алууда мектептин алдына чыгып алып бийлеп, концерт койгонду жакшы көргөн. 14 жашка чыкканда гана ырга шыгы билинип, аралаша баштаган. 2001-жылы дүйнөлүк ырчы болуп таанылган.
ОП-172-66. Кыргыз-Ата айылынын Абдижалал Парпиев гимназиясына супер салам. Жалпы бүтүрүүчүлөргө ийгилик. Элиме бейпилдик болсун. Айгүл
ОП-172-67. Бардык элдин ынтымагын жана ден соолугун тилейм. Камила
ОП-172-68. Салам достор жана "Обон" гезитинин жамааты. Айланайын, кыргыз калкым, аман болгула. Силерди терең урматтоо менен Ангелная Светочка.
ОП-172-69. Урматтуу "Обон" гезитинин жамааты. Омар жөнүндө кеңири маалымат бериңиздерчи жана анын почтасынын логинин билип бериңиздерчи. Эгер Омар элге жарыя кылгысы келбесе, анда менин почтама жиберсе болот. Мен чыдамсыздык менен күтөм. Чоң рахмат. 0773594ххх
Омар
1988-жылы Бишкек шаарындагы № 3 төрөт үйүндө төрөлгөн.
Бир эжеси бар.
Кесиби - бухгалтер, юрист.
Бир кезде күрөшкө катышып, жинине тийген баланы басып жыгылып калган. Жасалма сүйлөп, жасалма күлгөн адамдардан аллергиясы бар. Тамак ылгабайт. Өтө патриот. Ошондуктан, Америкада жүргөндө ырчынын жүрөгү дайыма кыргыз деп согуп келген. 4 жашында чоң атасынан куран жана намаз окуганды үйрөнгөн.
ОП-172-70. Супер СМСчилерге салам. Жаннат 96
ОП-172-71. Бул жашоодо сүйүүгө кабылбаган барбы? Жүрөктүн жаңылуусун сезбеген жан барбы? Армандын ачуу даамын татып туруп, сезимдин саргайганын туйбаган барбы? Бул жашоодо сүйүү арманбы? Жүрөктөн айткан сөздөрүңдүн баары жалганбы? Сен мени чын жүрөктөн сүйдүңбү? Сүйгөн болсоң неге мага кааладың арманды? Жаш акын мен Uri-93.
ОП-172-72. Салам, "Обон". Омар, иштериңе ийгилик. Бар бол. Ар дайым күлүп жүр. Согдиана
ОП-172-73. Аргасыз бүткөн махабат барбы? Билгим келет. Ушул суроого жоопту СМСчилер, окурмандар, бир өзүңөрдөн тапкым келет. Жаш акын мен Uri-93. 0779475995 номерине СМС жибергиле.
ОП-172-74. Көрөр замат көзүм түштү көздөрүңө, жүрөгүмдүн төрүнө сен конгонуңда. Жашоодо мен бактылуу болор элем, эгер мени чын жүрөктөн сүйгөнүңдө. Жаш акын мен Uri-93.
ОП-172-75. Ай чыгат түндү сагынып, түн чыгат таңды сагынып. СМС жаздым сени сагынып, сен качан жазасың мени сагынып? Таныя
ОП-172-76. Сон Хе Ге жөнүндө маалымат берип коёсуздарбы? Камила
Сон Хе Ге
Туулган жылы -1982-жыл, 26-февраль (Түштүк Корея)
Бою, салмагы - 164 см, 45 кг
Өзгөчө таланттары - Сууда сүзүү, пианинодо ойноо, муз тебүү
Тартылган сериалдары: "Сунпхун аялдар ооруканасы", "Периште-колдоочу", "Күзгү жомок", "Хотелиер".
Популярдуу Түштүк Кореялык модель жана актриса болгон Сон Хе Геге эң биринчи атак-даңкты 1996-жылы "Сан Кюнг Смарт" фирмасы уюштурган моделдер сынагында Гран-прини жеңиши алып келген. Сон Хе Ге "Күзгү жомок" сериалында Сон Сын Хо менен башкы ролду ойногон,ошондой эле "Тагдыр оюну" сериалында Ли Бен Хон менен бирге ойногон ролу менен атак-даңкка жеткен. Анын жакында популярдуу комедиялык "Толук үй" сериалында таанымал ырчы Рейн менен тартылган. Тасмадан соң экөөнүн ортосунда сүйүү романы бар деген ушактар тарап кеткен. Бирок алар жөн гана достордон экенин айтышып, ал ушактарды четке кагып келишет.
ОП-172-77. Сезимдеги сүйүү отун тутантып, жашап жүрөт сезимимде кусалык. Өткөндөрдү эстебей, алдыга кадам таштап баарын унуталык. СМСчи досторум Эрке кыз, Накуля ж.б.- силерге супер салам. Жаш акын мен Uri-93.
ОП-172-78. Токтогул районунун Жетиген айылында жашаган бардык жердештериме салам. Мен силерди сагындым. Жоодарбек
ОП-172-79. Менин сүйүктүү досторум Мэма, Жазка, Арушка, салам. Досуңар СО Джо
ОП-172-80. Жылдыз, мен сени сүйөм. Сенсиз жашай албайм. Марат
ОП-172-81. Мен сени сүйөм, жүрөгүм. Эртерээк келчи. Мен сени аябай сагынып кеттим. Сүйгөнүң
ОП-172-82. Урматтуу кыргыз элим, айланса болот силерден. Элиме тынчтык каалайм. Каню
ОП-172-83. Салам, менин алтындай болгон досторум Эрке кыз, Аська, Роза, Урус, Бек 91 жана Табигат сырдуу Алтынай, ар дайым бар болгула. Тунук сүйүү каалайм. Alina-asi
ОП-172-84. Cалам, "Обон". Мен силерди терең урматтайм. Ар дайым силерди чыдамсыздык менен күтүп окуйм. Кийинки сандарыңарды дагы күтүп жатам. Ар дайым ийгилик болсун. Камила
ОП-172-85. Эх, кыргызым, кыргыз тилин сүйөлү. Кыргызым деп кыргыз тилге күйөлү. Эч качан кыргыз тилин унутпай, Кыргызстанда кыргыз бойдон жүрөлү. Ырысбек 91
ОП-172-86. Мирбек Атабековдун ырларын жазып берген Кундуз Качкынбаева жөнүндө билгим келет. Жылдызбек
"Обондон" жооп: Ал айым жөнүндө ушул саныбыздан окуй аласыз.
ОП-172-87. "Обон" гезит чарчаганды кандырат. "Обон" гезит свет өчсө жандырат. "Обон" гезит, бар болгунуң соолубай, сен бар болсоң биз жүрөбүз оорубай. Ырысбек 91
ОП-172-88. Урматтуу Жумагүл эже жана Айбек жезде, сиздерге, биринчиден, өчпөс сүйүү каалайм. Ар дайым бактылуу болгула. Ангелная Светочка
ОП-172-89. Мени тааныган досторума, туугандарыма жана албетте, "Обондун" суперлерине чоң салам жолдойм. Ангелная Светочка
ОП-172-90. Кызыл-Кыя БАТГУ университетинин англис тилин бүтүрүп жаткан группалаштарыма ак жол. Гули
ОП-172-91. Ким Со Ёң жөнүндө маалымат билгим келет. Камила
1989-жылы 6-сентябрда Сеулда (Түштүк Корея) жарык дүйнөгө келген. 2007-жылы "All About Eve" деген тасмада биринчи ролун жаратып, атактуулукка жеткен. Андан кийин 2009-жылы "Iris" популярдуу сериалда башкы ролду аткарып, байлыкка жете алган. Андан башка өзү жөнүндө так маалымат жок.
ОП-172-92. Сулуу айымдардын бири орус ырчысы Диана Гурцкая жөнүндө айтып бериңиздерчи. Айпери
1978-жылы 2- июлда Абхазияда төрөлгөн. Бала чагында кадимки эле жаш балдардай болуп көзүн ачып жатканынан ата-энеси анын тубаса көзү сокур экенин билишкен эмес. Эми-эми басат деп калышканда, биринчи кадамын жаткан диванынан көзү көрбөй кулап түшүп таштаган. Ушул убакка чейин билбеген ата-энеси ошол учурду көрүп кайгылуу күндөрү башталган. Ошондон тарта барбаган ооруканасы калган эмес. Бирок эч кандай тыянак чыккан эмес. Көзү сокур экенин билбеген Диана апасын кармалап, эшикке чыгар деп ыйлай бергенде, апасынын жүрөгү сыздап кетерин сезген эмес. Убакыт өтүп Диана ырдап-бийлеп калганын байкаган энеси аны 7 жашында музыкалык окуу жайга окутат. Ошо менен бирге майып балдар интернатына толук кандуу билим алып чыксын деп тапшыртышат. Ал эми чоң сахнага 1999-жылы кадам таштаган. Учурда таанымал, бардык жагынан өнүккөн ырчылардын бири.
ОП-172-93. Сураныч, мага Ли Мин Хо жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы. 0779552ххх
"Обондон" жооп: Урматтуу окурман, өткөн саныбызда Ли Мин Хо жөнүндө маалымат бергенбиз.
ОП-172-94. Дүйнө сулуу ислам менен, сүйүү ширин ыйман менен. Алла берген өмүр таттуу, Jojo, Элка, Айка, Аська - силерге окшогон досторум менен. Каси 95
ОП-172-95. Түйшүктөн качпай, эмгегиң актайм, насаатың, акылың жүрөктө сактайм. Бейишим менин, өрүшүм менин, ыйыктан ыйык кол тийбес чебим. Гүлдөгөн бакчам- бүтпөгөн дастан. Мен үчүн апам - күн, ай, жер, асман. Каныкейимсиз, Жаңыл Мырзамсыз, Кыз Сайкалымсыз, Курманжан даткамсыз, кубанычымсыз, аткан таңымсыз, алтыным, асылым апам. Наргиза
ОП-172-96. Өйдөлөп өстү баркыңыз, ак иштеп элге жактыңыз. "Элим" деп күйүп дайыма, эмгектен баар таптыңыз. Сөзүмдө бүтпөс жомогум, төрүмдө сыйлуу коногум. Оорубай узак жашаңыз, арка-бел, кубат-жөлөгүм. Наргиза
ОП-172-97. Карындашым, карегиңден айланам. Карындашым, кирпигиңе байланам. Көзүңдөгү аруулукту арбаган, өзүңдөгү сулуулукка таң калам. Айбек
ОП-172-98. Анекдот: Оштук балдардын арманы:
Кожомкулдун ар жагында,
Балдар ойноп жатышат.
Билеттерин жоготушуп,
Бизден көрүп жатышат.
Аа-аа-аа-ай, эмне биз оштук болсок эле, бизден көрө бересиңерби? Айбек
ОП-172-99. Анекдот: Күзгүнүн жанында бир саат турса, "Тоналка" менен бетин шыбаса, достору менен учурашканда өбүшсө, андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын! Айбек
ОП-172-100. Эртең эс алуучу күн, ура-аа. Андан кийин кайра иштейбиз уф-ай. Айбек
ОП-172-101. Азыркы убакта жаш ырчы балдар кыйын чыгып жаткан учуру. Ошондой ырчылардын бири Жастин Бибер жөнүндө билгим келет. Анын ырлары аябай жагат. Анара
Жастин Бибер
(толук аты-жөнү - Жастин Дрю Бибер) 1994-жылы 1-мартта Канаданын Стрэтфорд шаарында жарыкка келген. Апасы актриса Патти Маллетт 18 жашында никесиз төрөп алган. Баласына татыктуу тарбия берүү үчүн бир нече жумушта иштөөгө туура келген. Эне-бала өп-чап турмушта жашашкан. Кичинекей Бибердин эки жашында эле музыкага шыгы ойгонуп, кийин өз алдынча фортепьянодо, гитарада жана сурнайда ойногонду үйрөнөт. Атасы Жастинге тарбия берүүдө мурун катышпаса да, кийин уулу жылдыз болгон соң ага кайрылып, учурда байланышып турат.
ОП-172-102. Мен бул жашоодо аябай бактылуумун. Анткени, ар бир өткөн күнүм үй-бүлөмдүн жанында. Ошондуктан, бүгүнкү күн жакшы, эртеңки күн андан дагы жакшы деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Мен ушуга аябай ишенип калдым. Эртеңки күнүм мындан дагы жакшы болот деген ойдомун. Анткени, эртең экзамен тапшырам жана кечинде киного барам. Аймээрим
ОП-172-103. Бүгүн күн суук, эшикте жамгыр жаайын деп жатат. Ал эми жанымда сүйгөн адамым жок болгондуктан үшүп жатам. Ал, буйруса, эртең келет. Келгенде сагынып, көпкө жанында болом. Сүйгөнүң
ОП-172-104. Кайра жаралууга мүмкүнчүлүк болсо, анда мен эч качан сени сүйүп калмак эмесмин! Аттиң, булардын баары куруу кыял, айласызмын, анткени, сен жүрөгүмдү ээлеп болгонсуң. Эрке кыз
"Обондон" кеңеш:
Бейгам киши аны да, муну сүйүп,
Көп нерсени кур бекер ыйык кылат.
Башка түшсө түйшүктүү тиричилик,
Сүйүү эмес үмүттү унуттурат,-деп сынчы, акын Салижан Жигитов жазгандай, эч нерсеге кайгырба, ыйлаба. Кыздын көз жашы кымбат турат. Жашоодо сүйүүдөн да кымбат нерселер бар. Сүйүүдөн намысты бийик койгон Жаңыл Мырзаны эстечи.
ОП-172-105. Тагдырыбызды жазуу өз колубузда болсо, анда мен тагдырымдагы сени менен кезикчү жолдорду чийип, жок кылып салып, такыр сага жолукпайт элем! Эрке кыз
ОП-172-106. Эстесем мен өзүңдүн каттарыңды, сыздап кетем унута албай ардагымды. Канчалык мен аракет кылсам дагы, эске түшөт жамгыр кылып жаштарымды. Эрке кыз
ОП-172-107. Жегениң торт болсун, айдаганың "Форд" болсун. Жегениң абарот болсун, бурулсаң паворот болсун. Эч душманың жок болсун. Чөнтөгүңө акча толсун. 30 единица салбасаң, баары набарот болсун. 0772422ххх
ОП-172-108. Кадамжайдын Майдан айылынын жалпы тургундарына чоң салам жолдойм. Ушундай кереметтүү жерде жашап калгандыгым үчүн өзүмдү чексиз бактылуу деп билем. Ылайым жерибизде тынчтык болсун. Бодуева Салтанат
ОП-172-109. Мен үчүн акча деле кымбат эмес, бир тал ширеңке жакса күйүп кетет. Мен үчүн жумуш деле кымбат эмес, жашым өтсө жаштар келип алып кетет. Мен үчүн баарынан көңүл кымбат, жүрөгүм суук сөзгө үшүп кетет. Таныя
ОП-172-110. Салам, "Обон". Менин саламым Кайыңды айылына жолдонот. Мека
ОП-172-111. Үмүттүн шооласы өчпөйт. Нурбек, мен сени сүйөм. Унута албайм. Жан
ОП-172-112. Салам баарыңарга. Баткен Рават. "Обон", "Обон", "Обон", өмүр сүргүн толгон, окурманың көбөйсүн, ийгилик сага "Обон". Karter
ОП-172-113. Нурбек, мен сени чексиз сүйөм. Жаштык кылдым. Кечир мени. Чалчы мага. Жан
ОП-172-114. Кымбаттуу таята, таене жана чоң эне, сиздерге чың ден соолук, бакубат турмуш, тынч жашоо каалайм. Биздин бактыбызга бар болгула,- деп небереңиздер Перигүл.
ОП-172-115. Кыргыз Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" романы кыргыз адабиятынын туу чокусу болуп кала берет. Жазуучунун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Эли аны эч качан унутпайт.
ОП-172-116. Токтогул районунун Жетиген айылынын тургуну 1967-жылы туулган Батыралиева Гүлжамалды 20-июнь туулган күнү менен куттуктайбыз. Ага узун өмүр, чың ден соолук, ишине ийгилик каалайбыз, -деп кыздары Райгүл, Элиза, Эльфина. Бишкек шаарынан







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??