п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Сулуулук дүйнөнү сактайт

Гүлназ
Адылова:
"Тамеки беттин терисине аябай зыян алып келет"
- Сен үчүн сулуу аялга ийгиликке жетүү жеңилби?
- Менин оюм боюнча жеңил эмес, тескерисинче, аябай оор болуш керек.
- Модель болушуңа ким себепкер болду?
- Менин модель болушума апам себепкер болгон. Өзүм модель болом деп ойлогон да эмесмин. Баскетбол ойнойм, мектепте классташтарымдын арасында бою узун мен болчумун, анан апам бир күнү жөн эле өзүм үчүн моделдик мектепке барып окушумду айтты. Барып эки ай окудум, күнүгө, ар түрлүү кооз көйнөктөрдү кийип сүрөткө түшүү, кооз жасалгаларды элге көрсөтүү мага абдан жагып калды. Ошол себептен улам модель болууну чечтим.
- Гардеробуңду кандай кийимсиз элестете албайсың?
- Шымсыз жана ар кандай футболкасыз гардеробумду элестетүү кыйын.
- Аял киши үчүн өздөрүнүн талылуу жери болот эмеспи, а сенин талылуу жериң эмне?
- Сумка, бут кийимди көргөндө, алмайынча кете албайм. Айрыкча, кооз туфли-менин эң талылуу жерим.
- Кандай стилде кийингенди жактырасың?
- Мага көбүнчөсү өзүмө ыңгайлуу спорт кийимдерин кийген жагат, досторум менен көчөгө чыкканда жынсы шымдарын көп кием.
- Өзүңдүн келбетиңе кандай кам көрөсүң, толуп кетпеш үчүн диета кармайсыңбы?
- Жок, диета деле кармабайм, тамактардын баарын эле жей берем. Кола, Спрайт, газдалган суусундуктарды ичпегенге аракет кылам жана тамеки чекпейм. Себеби, булар беттин терисине аябай зыян алып келет.
- Бир нерсе сатып алып жатканда көбүнчө эмнесине көңүл бурасың?
- Биринчи сапатына андан кийин алып жаткан кийимдин материалына көбүнчө көңүл бөлөм. Мен үчүн кийимдин материалы кебезден болушу зарыл жана сапаттуу болушу керек. Синтетикасы жок, жана ошондой эле акыркы саркечтигине көңүл бөлөм.
- Сенин жакшы көргөн дизайнериң ким жана кайсы белгилүү инсанга окшош болгуң келет?
- Менин жакшы көргөн дизайнерим- Валентина Юдашкина. Мага анын көйнөктөрү аябай жагат. Чынын айтсам, мен эч кимге окшош болгум келбейт. "Бирөөгө көлөкө болом деп, өзүң эч ким болбой каласың" - дегендей, мен өзүм менен өзүм болгум келет.
- Моделдик конкурстарга катышып көрдүң беле?
- Ооба, катышкам. Бир нече жолу чет мамлекеттерге барганбыз. Менин биринчи конкурсум Москва шаарында өткөн, биздин агентстводон Айжамал деген модель кыз экөөбүздү жиберишкен. Бул тууралуу интернетке, газеталарга да чыккан. Ал жактан мен экинчи орунду ээлегем. Моделдик подиумдагы номинацияга ээ болгом. Андан кийин мени Турцияга чакырышты, ал жактан биринчи номинацияны алдым.
- Эгер сени чет мамлекеттен моделдик агенстствого иштегенге чакырса эмне кылат элең?
- Албетте, барып көрмөкмүн, эгер жакса калып иштейт болчумун. Бирок кайра кайтып келмекмин. Мен Кыргызстанды башка мамлекет менен аралаштыргым келбейт жана өзүм дагы үйдөн алыс көп убакытка жүрө албайм.

Алиса Сапарбекова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??