п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Кубаныч Сатаев:
"Атам жөнүндө кино тартып,
китеп чыгарсамбы деп жатам"
Айкөкүл:
- Сахнага эң биринчи качан чыккансыз жана кимдин концертинде?
- Эң биринчи жолу 1995-жылы чыккам. Циркте атам Чубак Сатаевди эскерүү концерти болгон. Ошондо атамдын "Энекем" деген ырын ырдап чыккам. Аккордеонду байкем тартып берип, мен жандуу үн менен ырдагам. Элдин астына чыгып, өзүмдү жоготуп, сөздөрүмдөн адашып, аябай сүрдөгөнүм эсимде.
- Аккордеонду канча жашыңызда үйрөндүңүз?
- Аккордеонду бат эле тартып үйрөнүп кете алган жокмун. Биринчи жолу 6-классымда кармай баштагам. Ошол жылдардан бери үйрөнүп отуруп, 2-курста окуп жатканда гана жакшы тартып калдым. Чындыгында, көп убакыттын ичинде үйрөндүм. Татаал инструмент экен. Азыр деле мыкты ойнойм деп айта албайм. Өзүмдүн жана атамдын ырларын коштоп ырдаганга аракет кылам.
Жылдыз:
- Жайында каякта эс алайын деп жатасыз?
- Өзүбүздүн эле кереметтүү Ысык-Көлүбүзгө барып эс алып келейин деп жатам. Ошо менен бирге эле кыдырып концерт берип келем. Негизи, Көлдүн Тоң, Жети-Өгүз деген алыс жактарына бат-баттан концерт коюп бара албайбыз да. Ошол үчүн эс алып, анан концерт дагы берип келсемби деп турам.
- Сахнада ырчынын образын жаратып келесиз. Ал эми жашооңузда кандай адамсыз?
- Жакшы же жаман деп эл айтат болуш керек. Адам өзүн жаманмын деп эч качан айтпайт. Элдин баарына эле жага бербейт экенсиң. Миң жакшы иш кылсаң дагы, кээ бир сын-пикирди катуу айткан адамдар бир жериңден кынтык таап айта берет. Эл баалайт, эл билет деп ойлойм . Ал эми жашоодо аракетчил адаммын.Иштеп жүрө берем, бош жатканды жаман көрөм. Анан эрте жатып, шашпай турганды жакшы көрөм. Ырчылар, негизи, көп укташ керек. Жакшы эс алсаң, үнүң дагы жакшы, тунук чыгат.
Венера:
- Жашоодо өкүнгөн учурларыңыз болду беле?
- Эми жашоодо ар бир эле адам өкүнөт болуш керек. Менин эң өкүнгөнүм - атамдын бул дүйнөдөн эрте кетип калганы. Ата мээримин көрбөй калдым. Андан башка өкүнүчүм деле жок. Мени курчап турган туугандарым, жакындарым бар, ошону үчүн бактылуумун.
Роза:
- Эң алгач ата болгондо кандай сезимде болдуңуз?
- Башында ишенип - ишенбей, чынында эле ата болдумбу деп көпкө ойлондум. Балам ата деп сүйлөп баштаганда дагы толкунданып, сөз менен айтып бере алгыс сезимдер болду. Андан тышкары, жоопкерчилик көп болот экен. Ата болдум деп кичине оокат кылып, жашоого башкача, токтоо көз караш менен карап калат экенсиң.
Каныкей:
- Негизи, ар бир адам алдына максат, план коюп жүрүш керек экен. Сиздин алдыдагы пландарыңыз?
- Пландар айта берсе көп. Кээде ошолор ишке ашпай калат. Эми ал дагы Кудайдын буйругу да. Мындан дагы жакшы обондорду жаратып, ыр менен эле чектелип калбастан, дастандарды, чоң-чоң чыгармаларды жазып, режиссёр болсомбу деген дагы ойлор бар.
- Өз кесибиңиз менен эмнеге иштебей калдыңыз?
- Мен ырчылык кесипке көбүрөөк ооп кеттим. Андан тышкары, атамдын бүтпөй калган иштерин аткарып, ошо менен алек болуп жүрөм. Бүтпөгөн чыгармаларын бүтүрүп, ырларын элге жеткирип жана атам жөнүндө кино, китеп чыгарсамбы деген бир жакшы тилектерим бар. Андан тышкары, атамдын атынан фонд ачсамбы деп турам. Келечек, буйруса, алдыда.
Венера:
- Сиздин атаңыздын ырларын азыркы жаш ырчылар, Мирбек, Султандар ырдап жүрүшөт. Ошого кандай көз караштасыз?
- Эми ал жигиттер башка жактан келген жок. Өзүбүздүн эле инилерибиз. Тескерисинче, алардын ырдап чыкканына мен сүйүнөм. Себеби, ыр жерде калбай эл оозуна алынып жүрсө, кайра жакшы да. Эң башкысы, жакшы ырдалып, элге сиңип кетсе эле болду.
Роза:
- "Атакем" деген ырыңызга атаңыздын көрүстөнүнө барып ырдап, клип тарттырайын деген оюңуз барбы?
- Эми андай клиптер толуп кетпедиби. Миң болбосо дагы жүз клип бар ошондой. Андайдын кереги жок деп ойлойм. Ал ырыма жөн эле кичине кезимдеги атам менен жүргөн видеолорду кошуп монтаж кылып, клип тартып койгонбуз. Ошо менен эле элге сиңип, тарап кеткен.
Атыр:
- Атаңыз жөнүндө көп билебиз. Ал эми энеңиз жөнүндө азыраак маалыматыбыз бар.
- Апамдын аты - Айшагүл. Ооруканада доктор болуп эмгектенет. Кубаныч, Бакыт, Таалай деген үч баланын энеси. Менден кийинки иним каза болуп калган. Аты Бакыт эле. Апам болсо азыр Таалай деген инимдин колунда. Үч небереси бар.
Жылдыз:
- Эртеңки күн келмейинче, бүгүнкү күндүн бактылуулугун билбейт эмеспизби. Өзүңүздүн бактылуу, эсте калган күндөрүңүздөн айтып берсеңиз?
- Жеке жашоодо эң бактылуу күндү биринчи жолу уулдуу болуп, баламдын үнүн укканда сездим. Төрөткөн аял сүйүнчүлөп, "уулдуу болдуңуз" дегенде, аябай сүйүнгөм. Кыргыздар, негизи, артыбызда туяк калсын деп, эркек баланы жакшы көрөбүз да. Андан кийин эң биринчи гонорар алганда дагы кубангам. Атамдын ырларынын мураскору менмин да. Анан атамдын ырларына жыл сайын акча алып турчумун. Бир күнү эле атамдын акчасын алайын деп барсам: "Сен өзүңдүн гонорарыңды албайсыңбы?"- деп калышты. Түшүнбөй калдым. Көрсө, менин ырларымды Кыргыз патенттегилер чогултуп, автор катары өзүмдүн обондорум, сөздөрүмдөн акча түшүптүр. Ошондо 100 $га жетпеген акча алып сүйүнгөм. Өзүң эмгектенген ырлардан акча алып жатсаң, абдан толкунданат экенсиң.
Азиза:
- Азыр балаңыздын кылык- жоруктары чыгып калса керек. Балаңызды көрүп, өзүңүздүн кичинекей кезиңизге окшоштуруп жатасызбы?
- Азыркы балдар башкача да, техникага жакын. Эртең менен туруп эле машинанын ачкычын алып, мага бербей машинага алып бар дейт. Алып барсам машинанын жарыктарын күйгүзүп, рулду кармап алып, машина айдай берет. Музыкага дагы жакын. Менин ырларымды угуп алып бийлей берет. Микрофонду алып ырдап дагы калат. Айтор, кылыктары абдан эле көп.
- Тойлордо ырдап канча акча аласыз?
- Эми ар кандай. Чоң ресторандарда болсо 200-300 $га барам. Кээде тааныштар, чакан тойлор болуп калат. Аларга арзаныраак барам. Эгер өтө бай адамдар чакырса, көбүрөөк сумманы айтабыз. Казакстанга дагы чакыруулар болот. Ал жакка 1000 $дан барам.
Роза:
- Сизге бир табышмак. Кыз менен бала жолугушууга келет. Кыз дагы, бала дагы дудук болушат. Анан кыздын атын сураса, колу менен асмандагы айды анан гүлдү көрсөтөт экен. Ошондо анын аты Айгүл экен. Ал эми моюндан өйдө, баштагы эки мүчөнү кошкондо, баланын аты келип чыгат . Ал кайсыл мүчөлөр жана баланын аты ким?
- Эки мүчөнүбү? Эмне болушу мүмкүн. Бул жерден баарыңар таап койдуңарбы, ээ? Чач, көз, тил, каш, ээк бар. Баарын кошуп көрөйүнчү. Тилекпи? Таптымбы?
- Ооба, таптыңыз.
- Жаман баш катырма го.
Келсин Мурадил кызы








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??