п»ї

  Күүгүмдөгү cырдашуу

КРнын Эл артисти Деңизбек Чалапинов:
"Басмачыга окшоп алсак, милиция кармап"
Өнөр адамдарынын арасында "белгисиз белгилүүлөр" да болот тура. Мен буга Деңизбек Чалапинов агайга кездешкенде дагы бир жолу ынандым. Анткени, кеч болсо да өткөн жылы "Эл артисти" наамын алган Деңизбек Чалапиновдун театр жана кино жаатында көрүнүктүү ишмер экенине алгач эле "Кино үйүндө" жолукканда күбө болдум. Өзү тааныш болбосо да, өңү тааныш болгон (театр менен кинодон көп эле жолу көргөн экем) бул жөнөкөй адамды ал жердеги өнөр адамдары түп көтөрүлө урмат-сый менен тосуп алышты. Анда эмесе, сөз ошол баарыбыз эле көрүп-билип, бирок адаттан тыш жөнөкөйлүгүнөн аты-жөнүн билбеген маектешибиз жөнүндө болсун.

Эл артисттерди думана дешчү
Театрда иштегендердин баары эле таланттуу болбойт. Бирок сахнага чыкса эле артист болуп калат деп түшүнгөндөр да жок эмес. А чыныгы артист болуу көп эмгекти, татаал жолду талап кылат. Ошол берилген ролду да маңызына чыгарып жеткире аткарыш керек. Биздин убакта артист болуу эки эсе оор эле. Анткени, ал мезгилде элибиз артист десе эле жаман ойлошчу. Колхоздон бекер тамак жеген, жер-жерлерде көп кыдырып жүргөн думана дешчү.

Кыйын-кезең балалык
Кочкор менен Нарындын ортосундагы суу сактагыч Орто-Токой айылынан болом. Чоң атам Жамбыл молдо болчу. Атам Султандын туугандары азык уруусу, Кемин районуна караштуу Чым-Коргон айылында жашашат экен. Согуш бүткөн жылдары ошол жакка көчүп барышыптыр. Ал убакта кыргыз элим кандай гана кыйынчылыктарды башынан өткөрбөдү дейсиң.

Байдыкем менен дос болчумун
Мен шаарыбыздагы №5 мектепти окуп бүтүргөм. Ошондо Аалы Токомбаев менден 2 жаш улуу Байдылда Сарногоевди алып келип биздин класска киргизип койду. Экөөбүз ошол күндөн тартып парталаш дос болуп калдык.
Байпакчан жүрүп арак ичкенге жеттик.
Байдылданын Таш коргон,
Байдылда өзү ат койгон.
Байдылда кетер дүйнөдөн,
Таш коргон калат жаш бойдон. Азыркы "Сейил" ресторанынын жертөлөсүндө таштан орнотулган "пивнушка" бар эле. Ошол жерде далай сырдашып, далай чырдашканбыз. Азыр да ошол жерди көрсөм, Байдыкем эсиме түшөт.

Көк чай ичүү салтка айланды
Жаш курагымда бийге абдан кызыкчумун. Цыган бийин, така менен бийлеген бийди катыра бийлечүмүн. Ошол талантым көлөкөдө калганы мени өкүндүрөт. Бирок бий өнөрүн үйрөнгөн шакирттерим бар. Жаштык күндөрүм Дзержин бульварында өткөн. Батыр аке аттуу чайканачы бар болчу, мага бекер чай берер эле. Ошондон тартып чайканада отуруп, көк чай ичмей адатка айланды. Ош базарындагы "Сары-Өзөн" чайканасында жаштыгымдан баштап азыркыга чейинки унутулгус күндөрүм жүрөгүмдө сакталуу.

Шаарда өскөн тыңы-раагы биз элек
1953-жылы атагы чыккан Москвада ГИТИСке тандоо болуп калды. Мен шыйпаңдап койсо эле артист болот деп түшүнчүмүн да. Андай болгон жок. Көп сынактардын натыйжасында 200дөн ашык баланын ичинен 22 баланы тандап алды. Белгилүү коомдук ишмер Исхак Раззаков маданият жаатына абдан көңүл бурган. Бизге бир топ жеңилдиктерди түзүп берген. Кадр маселесин козгогондо да, дал ошол учурда биздин бактыбызга жараша ГИТИСке бекер окуу мөөнөтүнө туш болуп калдык. Маданият министрлигинде иштеген Казакбаевдин көзөмөлүндө барып окуп кайттык. Курсташтарым С. Далбаев, Б. Шалтаев, А. Өмүралиевдер менен 3-курска чейин чогуу окудум. Москвада атайын орнотулган көк жылгаяк болор эле. Сабактан бошогондо, мен, Кыргызбаев, Шалтаев - үчөөбүз армансыз муз тепчүбүз. Себеби, шаарда өскөн тыңыраагы эле биз элек. Окуп жүргөнүмдө бир аз шоктук кылып, Ташкенттеги театралдык окуу жайын аяктагам.

Өз кесиптен -өзгөгө
Театрлардын көпчүлүгү жабылып калган. Кыргызстандан бир-эки театр элдик театр болуп аталып жүрдү. Туруктуу иш болбой калып, мен кыргыздардан биринчи жолу Магаданга баргам. Россиянын көп шаарларында болдум. Канава, сплавдын жумушунда иштеп жүрдүм. Хабаровск крайында жашап жүргөнүмдө, бала бакчага cуу ташып алып барчумун. Поездден-поездге чыгып жүрүп, ошол жактагы жакшы адамдардын жардамы менен өз жериме келдим.

Чыгармачылыктын башаты
1957-жылы Нарын театрынын директору Төкөлдөшовдун сунушу менен ошол театрда иштеп калдым. Барганда эле Гоголдун "Үйлөнүү" деген пьесасында баш каарманды аткаргам. Менин чыгармачылыкка болгон дараметим ошол жерден көрүнө баштады. Нарын театрындагы жемиштүү жылдар чыгармачылыгымдын башаты эле. Мен "Отеллодогу" Ягону, "Ревизордогу"-Миша, "Курманбектеги"-Тейитбекти мыкты аткарганыма эл күбө. (Ушул жерде Ягонун монологунан: "Бул акмак мага акчасы менен кул болот, алтын, күмүш пул толот…"деп сахнадагыдай аткара кетти-P.S.) Мени айрыкча Ягону аткаргандан кийин эл сахнадан сырткары көргөндө, анын өзүн көргөндөй жек көрө караган учурларын кездештиргем.
Бообек Ибраев Алексейдин ролун ойнойсуң деди. Мен жактырган кинодогу ролум болчу. Алексейдин ролун орустун көрүнүктүү актёру Вячеслав Тихонов аткарган.

Уркуяны мууздаганда...
Театрда иштеп жүргөнүмдө Төкөм (Т. Океев) мени байкай калып, "Отко таазим" тасмасында мага ылайык роль бар экенин айтты. 1970-жылы ошол тасманы Баткенде 6 ай, 1 ай Ноокаттын Апшыр-Сайында тарттык. Ар бир күнүбүз кызыктуу жагдайлар менен коштолуп жатты. Актёр Тургун Бердалиев экөөбүз ынак болуп, бир аз "сеп этип" алган учурларыбыз да болбой койгон жок. Бир күнү менин негизги ролум болчу. Ошол маалда бизди тасма тарткан топ таппай калды, биз базарда ичип жүргөнбүз. Тургунду карасам, роль аткарып жаткан жеринен келе бериптир. Колунда канжары бар, өзү да накта басмачыга окшоп кийинип алган. Базардан бизди милициялар келип кармап кетишти. Жалгыз мен Баткендин эскилиги жеткен түрмөсүндө жатам. Тургун мага тамак ташып берип жүрдү. А мен атайын жасагандарын сезип билип турам. Себеби, бизди коркутуу максатында тасманын директору чындап эле милицияларга айттырып каматып коёт. Акыры бошотушту да, кумар ойноп жатып, атаандашымдын аялын утуп алып Тургун менен мушташкан ролду болуп көрбөгөндөй аткардым. Режиссёрдун гениалдуулугу мына ушунда. Тарыхта Уркуя кандай мыкаачылык менен өлтүрүлсө, тасмада да ошону жеткиликтүү кылып чагылдырып берди. Мен Уркуянын чачынан тартып, кекиртегин тосуп берем, дагы бир басмачы-касапчыны аткарган актёр Кыдырназаров кой мууздагансып канжар менен шылып алат. Аны көргөн мен роль аткарып жатсам да, кадимкидей денем "дүрт" этип кетти.

Үй-бүлөм-менин бактым
Байбичем Мелиса экөөбүз бармактайыбыздан баш кошуп, бакубат өмүр сүрүп келе жатабыз. Уулдарыбыз Мирош менен Мадирис биздин бактыбыз. Үйлөнүп-жайланышкан. 5 неберебиз бар. Айрыкча, эркетайым Айдай неберем мага абдан жакын.

Динара Асылбекова






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??