обон пресс
Ташиев сурак берип жатат
Жогорку Кеңештеги "Ата Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында сурак берип жатат. Бул тууралуу Ташиев өзү билдирди. Буга чейин Башкы прокуратура "Ата Журттун" лидерине "бирөөнүн денесине атайлап оор залал келтирген" деген негизде кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Ташиевди жоопко тартуу үчүн депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу өтүнүчүн парламентке жөнөткөн. 17-июндагы парламент жыйынында Ташиев кол тийбестиктен өзү баш тартканын жарыялаган. Учурда Жалал-Абадда Ташиевдин тарапкерлеринин нааразылык жыйыны өтүп жатат. Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Станбек Бакиров ага миңге чукул адам катышып жатканын "Азаттыкка" билдирди.


Түнкү рейд учурунда Жалал-Абад шаарында милиция кызматкерлери "АКС-74" үлгүсүндөгү мыйзамсыз автоматты камакка алышты
2011-жылдын 17-июнь күнү кечки саат 18дер чамасында кайгуул кызмат өтөө үчүн 2-сменге Жалал-Абад ОИИБнын ККК ОБнын кызматкерлери ЖККнын кызматкерлери менен бирдикте коомдук жайда, ошондой эле элдердин тынчтыгын камсыз кылуунун негизинде түнкү күзөт кызматына чыгышат. Кайгуул кызмат өтөө учурунда түнкү саат 23.50 чамасында Жалал-Абад шаарынын Достук кичи шаарчасында шектүү катары "ДЭУ Матиз" автоунаасын токтоткон учурда, ЖКК кызматкерлеринин талабынан аталган автоунаа качып кетет. Бирок аны алыска кетирбей милиция кызматкерлери токтотушуп, салонун текшерген учурда, ичинен бир даана "АКС-74" үлгүсүндөгү 5.45 мм калибриндеги ок атуучу куралы жана 28 даана октору менен табылды. Бул табылган ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүргөндүгү боюнча 33 жаштагы Жалал-Абад шаарынын тургуну убактылуу кармап туруучу жайга камакка алынды. Азыркы кезде тергөө амалдары жүргүзүлүп, баллестикалык экспертизалар дайындалып, ок атуучу куралдын учёту текшерилүүдө.


А.Атамбаевдин буйругу менен түзүлгөн комиссия "Кыргызнефтегаз" ишканасын текшере баштады
Кочкор-Ата шаарындагы "Кыргызнефтегаз" ишканасынын соңку жылдардагы ишмердигин текшерүү боюнча Премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен комиссия түзүлүп, бүгүн текшерүү ишин баштайт. Бул тууралуу Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациянын каржы бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын мүчөсү Мирбек Тотонов аймактык кабарчы Орозалы Карасартовго билдирди. Мирбек Тотоновдун айтымында, комиссияга Эсептөө палатасынан, Финансы полициясынан, обладминистрациядан, мамлекеттик мүлк жана "Кыргызнефтегаз" ишканасынан өкүлдөр кирген.


Ө.Суваналиевди президенттик шайлоодо кайсы кашкөйлөр жандаганы турушат?
Дал ушул кезде "Каттани" атка конгон Өмүрбек Суваналиев президенттик күрөшкө чыгууга даярдыгын баштап, былтыркы "Ар-намыс" партиясынын шайлоодогу офисине кирүүгө камынууда. Жөн кирбей офисти актап-сүттөп, аластап, шайтан-шуйтандарды кубалап дегендей... Баса, көпчүлүк элге кызык болуп аткандыр, Суваналиев шайлоого каражатты кайдан ала турганы боюнча (өмүр бою таза иштеген генералда самандай сапырылган пул жок да). Биз бу туурасында изилдеп көрсөк, Өмүкеге өкүл атасы Феликс Кулов жардам берери, Орусиядан финансы булагын табары каңкууланды. Ошондой эле Ө.Суваналиевдин чет өлкөдөгү курсташ-достору да каражат жагынан каралашары, президент кылууга жан үрөшөрү байкала баштады. Дал ушундай кептерге, дегеле күздөгү саясий кырдаал, шайлоолор боюнча "Каттани" "УЧУР" гезитинин жакынкы сандарына кеңири маек берерин эркекче убада кылды. Аз күндө Суваналиевдин саясий кадамдарын, аны кайсы кашкөйлөр жандай турганын билесиңер. Айтор, таскагы катуу чыкчудай...


Р.Жээнбековду Ө.Текебаев эмнеге какты?
"Ата Мекен" фракциясынан депутат Равшан Жээнбеков президенттик күрөшкө аттанарын партия лидери Өмүрбек Текебаевге билдирсе, кыялы чукул Өмүке: "Сени ким колдомок эле, деги сага ким добушун берет?!" -деп кагып салыптыр. Ызага ууккан Равшан мырза чамынып, эл ичинен колдоо табарын далилдегенге бел байлаптыр! Негизинен, Р.Жээнбеков президенттик күрөштө утуп чыкпаса да, эл ичиндеги кадыр-баркын, аброюн сынап көрүүнү максат койгону маалымдалды (кийинки президенттик шайлоого карата даярдыкты эмитен баштап). Бирок, азыркы тапта "Ата Мекен" партиясынын ичинде интрига күчөп, Равшандын айынан ар кыл сөздөр чыга баштаптыр. Ачууланган Ө.Текебаев: "Эгер Жээнбеков амбициясын тыйбаса, партиянын чечимине баш ийбесе, анда аны депутаттык мандатынан ажыратам, мен фракция ичине Куловдой жумшак мамиле кылбайм!"-деп тарс эткизиптир. Эми мындай каардуу пикирге Равшан мырза кандай жооп кылат болду экен? Айтор, саясий амбициялардын айынан "Ата Мекен" партиясынын ичинде ыркырашуу башталчудай... Буга чейин Өмүрбек Абдрахманов менен Карганбек Самаков "тебишип" келди эле... - деп жүрөт Alaman.kg сайтында.


СПОРТ
Эркин күрөш боюнча алты өлкөнү жеңип алган балбандар аныкталды
Каба уулу Кожомкулдун наамындагы эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу Дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Айгүл Сыдыбаева билдирди.
Анын билдирүүсү боюнча, мелдешке Кыргызстандан сырткары 7 өлкөдөн мыкты балбандар келген. Алсак, Россия, Польша, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана башка өлкөлөрдөн келишкен. Кыргыз балбандары да чеберчиликтерин көрсөтүп, 7 салмак чениндеги күрөштүн алтоонон чемпиондук наамды жеңип алышты. 55 килограмм салмак ченинде Алтынбек Алимбаев (Кыргызстан, "Замандаш"), 60 килограмм салмактагы Базар Базаргуруев (Кыргызстан ЦОП), 66 килограммдыкта Иннокентий Иннокентьев (Кыргызстан ЦОП), 74 килограммда Ойбек Насыров (Кыргызстан, Ош), 96 килодо Айбек Усупов (Кыргызстан ЦОП, "Дордой"), 120да Айаал Лазарев (Кыргызстан ЦОП) жеңүүчү болушту.

Бир бүркүм маалымат
2011-жылдын 15-июнунда БУУнун Женева шаарындагы имаратында 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү июнь окуясы боюнча Эл аралык көз карандысыз комиссиянын отчётуна КРнын өкмөтүнүн комментарийи боюнча тегерек стол болду.
" БШКнын жаңы мүчөлөрү 23-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында шайланышат",-деп билдирет АКИpress агенттигине "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев. Анын айтымында, азыркы кезде БШКнын мүчөлөрүнө талапкерлерди тандоо жүрүп жатат. "Мыйзамдын макулдашылган варианты даярдалды жана БШКнын мүчөлөрүн шайлоо боюнча мыйзам долбоорлору парламент тарабынан жактырылат", - деди ал. Мыйзамга ылайык, БШКнын мүчөлөрүн президент, парламенттик көпчүлүк жана азчылык шайлайт.
Жаштар парламентинин алгачкы отуруму Жогорку Кеңештин жыйындар залында өтүп жатат. Кабарчыбыздын маалымдашынча, ага Жогорку Кеңештин төрагасы, фракция лидерлери жана АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Српатлен катышып, жаш парламент өкүлдөрүнө ийгилик каалашты. Төш белги тапшырылды. Бүгүн жаштар парламентинин өкүлдөрүнө идеология жана партиялык система тууралуу дарс окулат. Жаштар парламентинде 60 депутат бар. Бул алты айлык долбоорду АКШ өкмөтү каржылап жатат. Жаштар парламенти ар айда бир жумадан жыйынга чогулуп турмакчы.


А.Сулайманов ок өтпөс автоунааны эмнеге сатып алды?
"Республика" партиясынын депутаты Алтынбек Сулайманов аз күн мурун 180 миң долларлык ок өтпөс автоунаа сатып алып, өзүнчө коргонууга өткөнү маалымдалды. Буга чейин ММКларда А.Сулаймановго карата кримчөйрө өкүлдөрү тарабынан коркутуулар болгону, атып кетүү боюнча суук кабар тар чөйрөдө тараганы нени каңкуулайт? Деги Алтынбек кай негизде кимдин куйругун басты экен? Айтор, акыркы күндөрү ЖК депутаты кооптонуп, жансакчыларын да көбөйтүп, жанын сактоо амалына өткөндөй. Кыргыздын мыкты чыкмалары жаңыдан эле баш көтөрүп келатканда ушундай суук кабардын тараганы кандай? Неси болсо да, Алтынбек мырзага өмүр тилейлик, бар болсун, кайран жигит! Ал эми бийлик дал ушундай жагдайда кандай кадамдарга барар экен? Негизи, мындай көрүнүш саясаттан улам жаралуудабы, же криминалдардын разборкасынанбы? Ким жооп табат?


Жамбыл Камчиев келиндерди төрөтөт
"Алим Токторов продакшн" өткөн жумада тартып жаткан кинокомедиясын дагы бир күлкүлүү сюжет менен толуктады. Анда актриса Мээрим Курманалиеванын сунушу менен учурда айлык маянасы аздыгынан жумушунан сырткары атыр самын, косметикалык сүртүнмөлөрдү сатуу менен киреше тапканга үлгүргөн жаагы басылбас мугалим эжей жөнүндө кошумча тасма тартышты. Гезитибиздин өткөн сандарында маалымдап келгендей, алыскы айылдык мектепте мугалим жетишпей пенсионер химик мугалим, айылдын молдосу жана врач жок, келиндерди төрөткөн врачы дагы болгон куудул Жамбыл Камчиевдин бул кошумча сюжетте дагы бир төрөткө катышып күлкү жаратууда ролу чоң болду. Шаардан келген кызга апалары аркылуу таанышууга гүл кармап барган жигиттин кызга жолуга албай, анын ордуна адашып шаардык кыз башка бирөөлөр менен таанышып калгандагы окуяга кошумча сюжетти эмки аптада тартуу менен, кудай буюрса, көркөм тасманын тартуу жумушун толук аяктап калабыз деп сүйүнүчүн билдирди кинокомедиянын режиссёру.


Кыргыз эл жазуучусу
Төлөгөн Касымбеков
80 жашында дүйнөдөн кайтты. "Обон" гезитинин жалпы жамааты Төлөгөн Касымбековдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.


Кыргызымдын чыгаан манасчысы, акын
Уркаш Мамбеталиевдин
дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу жакын туугандарына "Обон" гезитинин жалпы жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.


"Обон" гезитинин редакциясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти Орозалиев Дүйшөмамбет Азыбевичке
атасы Азыбайдын
дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу "Обон" гезитинин жалпы жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.

P.S. Маалымат интернет булактарынан алынды