п»ї
 Таанышуу жарыясы


Ыргал Кадыралиева:
"Санжар агамдын уулу Жоомарт тогузга чыкты"
Жогорку Кеңештеги жаш депутаттардын бири, ыраматылык депутат Санжар Кадыралиевдин карындашы Ыргал Кадыралиева менен Санжар мырза жана өзүнүн алып барып аткан иштери тууралуу кенен маек курдук.

- Ыргал эже, депутат болуп калам деп ойлодуңуз беле?
- Ар бир ойдун, максаттын өзүнүн бир себеби бар болуш керек. Бала чоңойгондо ким болорун ата-энесине карап тандайт. Ата-эне ким болуп иштесе, бала ата-энесин идеал тутуп, ошондой болгусу келип чоңоёт экен. Чынын айтайын, депутат болом деп ойлогон эмесмин. Бирок айылда, мектепте окуп жүргөндө көптөгөн депутаттар, депутаттыкка талапкерлер барып, эл алдында сүйлөп, программаларын айтып, өздөрүн тааныштырып жатканда, чын жүрөгүмдөн аларды жакшы көрүп, эгер ал аты чыккан адам болсо, ата-энемдин, мугалимдердин айтканынан улам аларды чын жүрөгүмдөн жактырып, алардын ийгилигине да чын жүрөгүмдөн кол чапчумун. "Бирөөнүн ийгилигине канчалык катуу кол чапсаң, ошол ийгилик сага ошончолук бат келет", - деген сөз бар. Ошол сөздү колдочумун. Ата - энем биздин көчөдө жалгыз медицина кызматкерлери болчу. Башында доктор, кийин журналист болом деп ойлоп жүрүп, акырында мугалим болуп калгам. Бирок өзүмдөн улуу агамдын депутат болуп кызмат өтөп жүргөнүнөн улам, анын кылып жаткан иштерине кызыгуу менен мамиле кылчумун.
- Санжар Кадыралиевдин кылбай калган иштерин улантып, тагдырдан өч алгым келди деген интервьюңуз бар. Өчүңүздү алып бүттүңүзбү?
- Койгон максатка жетпей калуу - мен үчүн бактысыздык. Менин көз карашым боюнча, агам да алдына койгон максатына жетпеди. Тагдырдан өч алдым деп эсептебейм. Себеби, алдыда ишке аша элек көптөгөн пландарым, аткара элек элдин суроо-талаптары бар. Убакыт керек. Агамдын бешенесине ушундай тагдыр жазылганына абдан нааразы болгонмун. Анын жетпей калган нерселерине мен жеткенге аракет кылып атам. Бирок агамдын орду толукталган жок.
- Саясатчы айымдардын көбүн көк бет, мерез болушат дешет, сиз кандайсыз?
- Менин мерездигимди же көк беттигимди сырттагы көз караштар айта алат болуш керек. Саясатта көк беттик негизги ролду ойнойт экен. Мен кайсы бир максатка келгенде көк бетмин, бирок мерезмин деп айта албайм. Себеби, мерездик бардык нерсеге кайдыгер көз караш менен кароо деп ойлойм. Мен өзүмдү мерез эмес мээримдүүмүн деп айта алам. Анткени, мен энемин, мен аялзатымын. Көк беттик - ошол алдыңа койгон максатка жетмейинче артка кайтпоо. Азыркы депутаттык кызматыма мерездиктин, көк беттиктин айынан жеттим десем болот. Себеби, кайсы бир убактарда кыйналганда артка кайтып кетип калган жокмун.
- Өмүр бою саясатта жүрсөм дейсизби, же башка тармакты да пландаштырып жүрөсүзбү?
- Ал жагын келечек көргөзөр.
- Канжар, Орунбек, Улан агаларыңыз эмне менен алектенип жүрүшөт?
- Улан байкем үйдөгү чарбачылык иштери менен алектенет. Орунбек агам Оштогу Каржы полициясында иштейт. Канжар агам прокуратурада иштейт. Турдуу кызматтарда иштеп, элге кызмат кылуунун жолундабыз десем болот.
- Саясатты ыплас чөйрө дешет. Ушул ыплас чөйрөдө жүрүп, өзүңүздү ыплас сезбейсизби?
- ЖКнын биринчи отуруму болгондо саясаттын ыпластыгын сырттан гана угуп жүргөн адам болсом, ошол отурумда биринчи жолу ушул сөзгө ынангам. Бири-бирин каралоо, бири-бирине топ тепкендей сөздү ыргыта беришип, тажрыйбалуу саясатчыларыбыздын эл үчүн эмес, жеке кызыкчылыгы үчүнбү, же бирөөнү ыргыта чабыш үчүнбү, айтор, ушундай иштегендерин көрүп, менде коркунуч пайда болгон. Көрсө, ар бир нерсе өз убагы менен экен. Ошол депутаттарыбыздын арасынан азыр мени таң калтырбай, эл үчүн иштегендери да болуп атат. Эгерде саясат ыплас болсо, адамдардын баары эмне үчүн ошол саясатка умтулат. Биз булгана элек жаштарбыз. Ошон үчүн, ыпластыкка аралашып кетүүгө жол бербешибиз керек.
- Сизди эң жөнөкөй депутат айым дешет. Депутаттык жашоо менен жөнөкөй жарандын жашоосунун айырмасы эмнеде экен?
- Туура суроо, чындыгында, мен деле мурун депутаттарды башкача адам катары көрчүмүн. Азыр өзүм элестеткендей болгум келбейт. Себеби, бой көтөрүүчүлүк, бирөөлөргө кенебестик менен мамиле кылуу, бул адамдагы эң жаман сапат деп билем. Акылы тайкы адам гана бой көтөрөт деп эсептейм. Бирок менин кесиптештерим депутат айымдардын арасында бой көтөргөндөр жок. Жакшы эжелер бар, алар менен сырдашып турабыз. Кечээ ким элек, бүгүн кимбиз, эртең ким болобуз деген адам жөнөкөй болот. Элдин адамы болгон соң, элдин өзүнүн көйгөйүн түшүнө билип, ал көйгөйдүн чечилишине сен да себепкер экениңди билип, жоопкерчиликти сезет экенсиң. Мисалы, региондорго чыкканда, элдердин арыктагы сууларды ичип атканын көрүп, жүрөгүм өйүйт. Азыр таза суу чыгарып берүүчүлөрдүн бири менмин, мен ага күч жумшашым керек деп, парламентте таза суу маселесин бир нече жолу көтөрдүм.
- Роза Исаковна Чолпон Султанбекованы ээрчитип жүргөнүн көп көрөбүз. Депутат айымдардын кимиси менен жакшы ымаладасыз?
- Тиги менен жакшымын, же болбосо бул айым менен жаманмын деп айта албайм. Депутат айымдардын баары менен жакшымын. Алар менен кесиптеш катары жакшы мамиледебиз, акыл үйрөткөн эжелер бар. Алардын акылын четке кагып, каяша сүйлөбөстөн, тажрыйбалуу адам катары айтып жатканын угуп коём. Кетирген кемчиликти кайталабаганга, бироонун кемчилигинен уйронгонго аракет кылам. Саясатта сиз айткандай ээрчитип, же жол көрсөтүп жүрөт деп эч кимди көргөзө албайм.
- ЖКга депутаттардын көбү баюу максатында, же өзүнүн кандайдыр бир жеке кызыкчылыгы үчүн келген дешет. Ошондой кызыкчылыктар менен Кыргызстанды оңой алабызбы?
- Ушул нерсе көптөн бери айта албай жүргөн көйгөйүм эле. Ооба, кээде ошондой көрүнүштөр болуп калат, буга чейин да болуп келген жана мындан ары да боло бермекчи. Себеби, биздин депутаттарыбыз, же эл өкүлдөрүбүз элге акча же чай берүү менен шайланып жатышат. Бул жерге келген адам өзүнүн бул жакка келгичекти кетирген акчасын кайра эки эселентип чыгарып алганга аракет кылса керек. Куршаб элинен сурасаңыздар болот. Мен Өзгөн элине бир чыны чай бере алган жокмун. Менин чөнтөгүмөн бир сом акча кеткен жок. Ошондуктан, мен кайра акча алууга аракет кылбайм. Канча адамдар суранып келгенде, алардын иштерин бир сом албай бүтүрүп бергенге аракет кылам. Себеби, мен бул жакка бир сом коротуп келген эмесмин. Элине жараша бийлиги дейт. Эл беш сом алып шайласа, эртең ал өкүлү беш сомду беш эсе кылып өндүрүп алат. Баюу максатында келгендер көнгөн адатын калтырбайт. Ар бир адамдын жүрөгүндө: "Мен бүгүн чай ичсем, эртең балдарымдын чайын булар ичет", - деген ой болуш керек. Ким келип чай берсе эле, баарына барып бекер чай ичкенге конуп алдык. Калп чай ичип, калп бата берип, калп шайлоого баргандан алыс болушубуз керек. Бүгүн биз таза шайлоо өткөрсөк, эртең биздин балдарыбыз да өлкөнүн өнүгүүсүнө салымын кошот деп ойлойм.
- Сиздин саясатка аралашууңузга башында ата-энеңиз, жолдошуңуз каршы болуп чыгышты эле, азыр унчукпай калса керек?
- Баары- жогунан колдоочуларым - ошолор.
- Агаңыздын жакшы көргөн гүлдөрү өсүп жатабы?
- Агамдын жакшы көргөн гүлдөрү өсүп атат. Кабинетиндеги, үйүндөгү гүлдөрүн атамдар алып кетишти эле, бирөөнү мен алып калгам. Азыр отурган кабинетимдеги гүл дагы агамдын кабинетинде өскөн гүл.
- Санжар мырзанын "душманымды дос кылам" деген принциби бар болчу дешет. Сиздин жашоо принцибиңиз кандай?
- Душман эч качан дос болбойт деп элибиз бекер айтпаптыр. Өзүмөн башка эч кимге ишене албайм. Бирок ишенбөөчүлүк ишиңди алдыга жүргүзбөйт экен. Мен муну өзүмдүн башыман өткөргөн адам катары айтып берип атам. Кайсы бир убакта жакын курбуң да душман болуп калбасын деп аракет кылыш керек.
- "Санжар агам үйлөнгөнгө үлгүргөн жок", - деп жүрөсүз. Бирок бир уулу бар экени кийин билинди го. Сиз бул тууралуу билчү белеңиз?
- Албетте, билчүмүн. Санжар агамдын уулу Жоомарт тогузда. Жоомартты кичинекейинен апам өзүнүн жашы улгайып калганына карабастан, бизди кандай баккан болсо, инимди да ошондой бакты. Ал инимди аябай жакшы көрөм. Бир жакка чыксам дагы эки уулума эмне белек алсам, Жоомартка да ошондой белек алып келем. Өзүмдү анын алдында жоопкер сезем. Ата-энемдин азыркы эрмеги. Агам уулун аябай жакшы көрчү. Атамдарга бир күнү келип тамашалап, "Жоомартты алып кетсемби" деп калса, атам: "Жок, бул менин балам. Жоомарт жок болсо мен кантмекмин. Баарыңар турмуш курганыңар турмуш куруп, окууга кеткениңер окуп кеттиңер. Менде Жоомарт эле калды"-десе, агам тамашалап: "И-ий, ата, жакшы эле кылган экенмин ээ, мындайыңарды билгенде дагы бир-эки балалуу болуп коймок экенмин", - деп күлүп калчу. Агам Жоомарттын апасына үйлөнүп үйгө алып келгенден кийин экөө эки жолго кетип, баланы кичинекейинен атамдар бакты. Уулу атасынын фамилиясында Санжарбеков Жоомарт Санжарбекович.
- Сиз кыйналып турганда дайыма Санжар байке түшүңүздө аян берет экен. Дайыма аян береби?
- Кандайдыр бир белгилерди берет. Түшүмө кирбей калса, күтүп, жалгызсырап калам. Мен үчүн агам жөнүндө айтыш - түгөнгүс дастан.
- Баяман Эркинбаевдин кол алдында иштеп, эрежесиз күрөштө жалаң гана өзбектер менен чыгып, баарын тең утуп чыкчу экен го?
- Санжар агамдын бою менден да кичинекей болчу. Кичинекей келбетинде канчалык күч бар деп өзүм да суктанчумун. 17-18 жашынан баштап эрежесиз эр күрөшкө чыга баштады. Биринчи чыкканда аябай таң калганбыз. Кошунабыз келип, Санжар эрежесиз күрөшкө чыгып жеңип алыптыр деп айтып калды. Өзбекстандын чемпионун жеңип алыптыр, ал аябагандай чоң киши экен. Үйгө келип апамдан сурасам, атаңа айтпа урушат деди. Атам катуу кармачу. Атам эртеси ишине барса, бир кесиптеши: "Санжар Кадыралиев деген кичинекей бала аябай чоң жигитке Лейлектин атынан чыкты, сиздин баланыз эмеспи",- дептир. Ошол замат атам Ошко барса, Санжар агамдын көзү көгөрүп жатыптыр. Атам билбесин деп Лейлектенмин деп коюптур. Аябай урушуп, агамды катуу жазалаган. "Ушундай чоң жигитти кантип жеңдиң? - деп сурасам, ал: "Мен мушташка чыксам элдер "гөш-гөш",- деп кыйкырды. Жеп коёт, ушундай адамдарды да чыгарабы? - деп турушту. Карасам абдан чоң киши экен, колун бири-бирине уруп, сагыз чайнап туруптур. Машыктыруучумду бир карап, кайра бери жакты карасам, жанагындай алп киши мага ширеңкенин таякчасындай көрүнүп калды, барып оңой эле уруп койдум. Уруп бүткөндөн кийин карасам, чоң эле киши экен", - деген эле. Ошондой колдогон күчтүү ички күчү бар эле. Бир эле өзбектерге чыккан дегени жалган, себеби, Спортто улут эмес намыс үчүн таймашат. Ал эми маркум Баямандын кол алдында иштеген эмес. Азия чемпионатында жеңгенде таанышышкан. Азия чемпиону катары Орто Азия чемпионатына бирге келишкен. Баяман Эркинбаев Оштук чемпиондорду Бишкекке алып келип күрөштүрчү.

Төлөбүбү Касымалиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??