Коом көйгөйү

Кош нике-бактылуулуктун очогу боло алабы?
Эгемендик келгенден баштап көп аял алуу барган сайын көбөйүп, ар кандай көйгөйлөрдү жаратып келет. Мыйзам боюнча көп аял алгандарга Кылмыш жана жаза кодексинин 153-беренеси боюнча кылмыш иши козголот, бирок бүгүнкү күндө бул берене иштебей келет. Ошондуктан, көпчүлүк мырзалар экинчи никеси менен жашыруун түрдө жашап жүрүшөт. Өзгөчө бийликтеги, саясаттагы жана бай мырзалардын арасында эки-үч нике менен жашагандардын саны арбын. Алардын көпчүлүгү жаш кыздарды экинчи жубайлыкка алышат. Анын себептерин каражат жагына такап келишет, ал эми мырзалар коомдо кыздардын көптүгүнө шылташат. 2007-жылы ошол кездеги Адилет министри Марат Кайыпов "Кылмыш кодексиндеги 153-беренени алып салып, мырзалардын көп аял алуусун кылмыш катары карабаш керек",- деп айтып чыккан. Ага укук коргоочулар, жарандык уюмдун өкүлдөрү каршы чыгышып, ишке ашпай калган жана парламенттеги депутаттар тарабынан да көтөрүлүп, эч кандай колдоо тапкан эмес. Бирок көп аял алгандардын саны күн санап өсүп, эч бирине кылмыш иши козголбой келет.
Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:
Эгерде мамлекеттик мыйзамдардын деңгээлинде карасак, кош нике- мыйзам бузууга жатат. Ал эми диний маселенин негизинде карай турган болсок, бул- чоң суроо. Кош нике деген- Кудайга жакпаган нерсе деп эсептелинет жана башка диндердин баары терс мамиле кылат. Мусулман дининде: "Мухаммед пайгамбардын бардык айтканын кылабыз",- деп жатышпайбы? Куранда: "Сен өзүңдү пайгамбарга тетемин деп эсептесең, кош никеге уруксат",- деп айтылган. Азыркы эки-үчтөн аял алган жигиттердин баары пайгамбарга тең болуп калса, анда пайгамбардын өзгөчөлүгү эмнеде? Мен ойлойм, пайгамбарга тең келе турган адам жок деп. Дагы куранда үрп-адатыңарды сактагыла деп айтылган. Кыргыздын үрп-адатында токолду, эгерде аялы төрөй албай калса, мунжу же оорулуу болсо алышчу. Ошондой эле согуш убагында, күйөөсү согушта курман болуп, жетим балдары менен көчөдө калган жесир аял болсо уруксат болчу, бул социалдык маселе катары каралчу. Азыркы кездеги кош никелик мырзалардын көпкөндүгүнөн, бузулгандыгынан келип чыгып жатат. Биздин бийлик башына ушундай адамдар келип алып, өлкөнүн таш-талканын чыгарып жатышат. Саясатта кош никелүү адамдарды такыр мамлекетти башкарууга жолотпош керек. Өнүккөн мамлекеттерде бул нерсеге өзгөчө мамиле кылышат.
- Кош никеликке биздин мыйзам жол бербесе, эмнеге мыйзамды бузуп жаткандарды жоопко тарта албайбыз?
- Тилекке каршы, бизде ал эмес, башка мыйзамдар да иштеген жок. Мамлекетте мыйзамдуулук жок болсо кантип тартабыз.
- Айымдардын экинчи жубай болууга макул болушуна эмне түрткү болууда?
- Экинчи аял болуп тийген айымдардын ички дүйнөсүнүн кедейлигинен, өзүлөрүнүн инсандык касиеттерине ишенбегендигинен деп эсептейм. Айымдар акыл-эс менен ой жүгүртүүлөрү керек. Биз өзүбүздүн нукура байлыктарыбызды, касиеттерибизди жоготуп койбодукпу? Өзгөчө айыл жергесинде кыздарды тарбиялоо маселеси начар. Бул жерде тарбия бербеген ата-эне күнөөлүү. Бизге бул маселе менен кайрылгандар көп, экинчи аялы үчүн үй-бүлөсүн таштап койгон мырзалар толтура. Бийликте отурган мырзалардын арасында да бар. Себеби, ар бир бала - элдин келечеги.
Көпчүлүк мырзалар жаратуучунун парздарын аткарышпайт, бирок коп аял алуу маселесине келгенде, куранды курал катары колдонушат. Ушул тууралуу дин аалымдары эмне дешет?
Исмаилов Жигитали, Мусулмандар диний башкармалыгынын Фатва бөлүмүнүн кызматкери:
Куранда эркектерге 2-3төн аял алганга уруксат берилген, бирок бир аял менен жашасаңар жакшыраак деген. Эки же андан көп аял алганда аларга адилеттүү караш керек, эгер андай кыла албаса бир эле аял алган жакшы. Мухаммед пайгамбар хадисинде айткан: "Эки аял же андан көп алып, аларга адилет карабаса, мырзанын кыямат күнүндө жарымы жок болот"- деп, ошондуктан мал-мүлкү, байлыгы болсо ала беришсин. Бирок экөөнө бирдей кам көрүшсүн.
- Пайгамбар жетим-жесирлерге үйлөнгөн да, ал эми азыр жаш кыздарды алып жатышпайбы?
Азыр кыздардын көпчүлүгү чет өлкөлүк мырзаларга тийип кетип жатышпайбы, андан көрө өзүбүздүн мырзаларыбызга тийсе жакшы да. Кыргыздын саны көбөйөт, мусулман балдар төрөлөт. Эгерде мырзалар экинчи аялды өз кызыкчылыгы үчүн алып, кийин таштап кетип калса чоң күнөөгө батышат. Никедеги башкы шарт өзүңдү күнөөдөн сактоо жана таза урпактарды калтырып кетүү. Туура, пайгамбар жетим-жесирлерди алган, анын максаты - аларды кароо жана аялдарга илим жеткизүү болгон.
Негизинен, бул маселеден бүтүндөй бир үй-бүлө психикалык жактан жабыркаары белгилүү. Мындай көрүнүштөргө күбө болуп, Кыргызстандагы психикалык жактан жабыркаган айымдарга, моралдык жардамын көргөзүп келе жаткан "Сезим" кризистик борборуна кайрылдык.
Бүбүсара Рыскулова, "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси, психолог:
Кыргызстандын региондорунда биздин кризистик борборлор бар. Аларга, укук коргоочуларга, бей өкмөт уюмдарга бул маселелер менен кайрылгандар көп болуп жатат. Бул жерде балдардын тагдыры, биринчи аялдын да, экинчисинин да тагдыры бузулууда. Экинчи аял болуп тийгендердин арасында, молдого эле нике кыйдырып коюшуп, мамлекеттик каттоодон өтүп, нике күбөлүк албагандардын саны арбын. Анын кесепетинен балдарынын туулганы тууралуу күбөлүгү жок жүрүшөт. Айрымдары аялын таштап кетип калышып, далил боло турган нике күбөлүгү жок, үй-мүлкүн күйөөсү башка бирөөгө каттатып коюп, 3-4 баласы менен аялдар көчөдө калып жатышат. Ушундай көйгөйлүү маселелер келип чыгып жатат. Куран адамды ыйманга чакырат, ал эми небересиндей кыздарды алып жаткандары ыйман кетип жатканынан болуп жатат. Эгерде биринчи аялы менен жашагысы келбей, башкага улуу сезими пайда болуп калса, анда ачык айтып эле ажырашып, беркиге үйлөнө берсе болот да. Ар бир адам экинчи болууну каалабайт. Анан экөөнү бирдей алса, эки аялда тең кызганыч пайда болуп, психикалык жактан абдан запкы тартышат. Ортодо балдар да кыйналышат.
Чүй областынан Мекеге барып келген билимдүү-илимдүү жакшынакай эле киши экен, аялы экөөнүн жашы тең, жаш кезинен үй-бүлө күтүшүп, 4-5 баланы тарбиялап-өстүрүшүп, жакшына жашап келе жатышыптыр. Анан эле бир күнү 60 жашка жакындап калган киши, 30дардагы жаш келинди үйүнө ээрчитип келип, аялына: "Мына, биз нике кыйдык, чыдасаң жаша!"-дептир. Аялы: "Кантип бир үйдө жашайбыз, мындай болбойт да"- десе, "Мусулманчылыкта болот, 4 аял алганга уруксат, укугум бар",- дептир. Аялы элден уялып, "тууганыбыз" деп жашырып жүрүптүр, анан бир күнү чатак чыгып, биринчи аялын өлөрчө сабап коюптур. Аялдын сиңдилери бизге чалып, "жардам бергиле" деп чакырышкан. Биздин юристтер, психологдор барып жардам беришти. Аялдын баш мээси чайкалып ооруканада жатты, арыз жазып соттотуп жиберсе болмок. Аягында балдары: "60ка чыкканда соттошконубуз уят"- дешип, жабылуу аяк жабылуу боюнча калды. Бул бир эле мисал, мындайлар көп болуп жатат.
Бирок бул көйгөйлүү маселеден жакшы жашоого да жол тапкандар арабызда бар экени талашсыз. 25 жаштагы Майрам аттуу айым экинчи жубай болуп, бактысын тапканын төмөндөгүдөй баяндап берди: Мурда турмушка чыккам. Жолдошум менин иштешиме каршы болуп кызганып, ар күн сайын уруш чыгара берчү. Бир жылдай жашап, чыдамым түгөнгөндө ажырашып кеткем. Арадан көп өтпөй өзүмдөн бир топ эле жашы улуу адамга жолуктум. Жолдошумдан таппаган жылуу мамилени андан таап, жүрөгүмдү жылуу сезим жибитип, экинчи аял болууга макулдугумду берип, турмушка чыктым. Ал адам мени түшүнүп, ар дайым колдоо көрсөтүп келет, балалуу болгонбуз. Жолдошум жокто балам эрмек болуп атасынын жоктугун сездирбейт, өзүмдү бактылуумун деп айта алам. Экинчи аял болуп тийгендер байлыкка кызыгышат дегендерге кошулбайм. Биринчи кезекте адамдын байлыгына эмес, адамгерчилик сапатына караш керек. Экинчи аял болсоң да, түшүнүктүү адам менен жашаган артык.
Өзбек ажы Чотонов, "Дил мүрөгү" адеп-ахлах борборунун директору:
Менин эки аялым бар, биринчиси 12 жаш, экинчиси 18 жаш кичүү. Бир короодо эки үйүм бар, экөөндө эки аялым жашайт. Экөөнө тең адилет карайм, бир күнү биринин үйүнө түнөсөм, экинчи күнү экинчисиникине түнөйм. Аялдарымда кызганыч болбойт, бири-бирин түшүнүшөт. Кимисинин кандай муктаждыгы болсо аткарам. Эки аялым ынтымактуу жашашат, конокко барсам экөөнү тең алып барам, балдарым бирин-бири жетелеп ойноп жүрүшөт. Азыркы учурда никесиз ойноштук кылгандар көп, антип күнөөгө батпай, ачык эле нике кыйдырып алган баарына ыңгайлуу деп ойлойм.
Бүгүнкү күндө көйгөйдү жаратып жаткан бул маселенин келип чыгуусуна атасындай мырзаларга турмушка чыгып жатышкан кыздарды күнөөлөйбүзбү, же өз кызындай кыздарга үйлөнүп жаткан мырзалар күнөөлүүбү деген ой келет. Айрымдар көп аял алуу көчөдө турган, сойку кыздардын санын азайтмак дешүүдө. Кандай болгон күндө да эң башкысы ар бирибиздин жүрөгүбүздө ыйман болуп, ар бир адам туура жолду тандаса.
Абдылда Иманкулов, куудул:
- Кош никелүү мырзаларга болгон көз карашыңыз кандай?
- Кыргыз мырзалары илгертеден эки аял менен бир үйдө чогуу жашаган, аялдары да эже-сиңди болушуп балдарын чогуу багып, ынтымакта жашап келишкен. Ал эми азыр эки аял бир үйгө эмес, эки чоң үйгө батпай жатышпайбы? Бул нерсе качан келип чыккан, совет бийлиги орноп, аялдар менен эркектердин укугу тең деп койгондон бери, айымдардын психологиясы бузулган. Ошондон бери аял өзүмчүл боло баштаган. Азыр байлар бир саунага барып 500, 600 керек болсо 1000 долларга чейин коротушат, андан көрө кыргыздын бир бечара кызын алып, ошонун жашоосуна жакшы шарт түзүп берсе. Ал кыз балалуу болуп, багы ачылып кетсе ошонун эмнеси жаман. Азыр саясатчы, бизнесмендердин көпчүлүгү 2-3 аял менен жашайт, муну кантип танабыз. Биз бул нерсени мыйзамдаштыруунун механизмин иштеп чыгышыбыз керек. Эгер ал ишке ашса, мага окшогондор да эки аял алабыз деп чыгышы мүмкүн. Ошондуктан, мырзалар канча мүлкү бар, эки аялды бакканга мүмкүнчүлүгү жетеби, эки аялы тең макул болобу, ошондо гана мүмкүнчүлүк берүү керек. Мисалы, эки аял эмес, бир аялга да татыксыз эркектер бар. Азыр аялдар көп, эркектер аз, ошол аз эркектин да канча пайызы оорулуу, ичкич, канчасы түрмөдө жатат, аялдар өзүмчүл боло бербеши керек. Мен экинчи аял алам десем, аялым каршы болобу, жокпу, биле элекмин. Мүмкүн байып баштаганда сурап көрөттүрмүн, азырынча бул аялым тойбой жатса, экинчиси балээни тоёбу?
Динара Акулова, ырчы:
- Сизге мырзалардан "экинчи жубайым бол" деген сунуштар болду беле?
- "Мен сени сүйөм, сенсиз жашай албайм, бирок аялым бар" дегендер абдан көп болот. Бирок жакшы сөз бар эмеспи: "Бирөөнүн кайгысынан, өзүңө бакыт кура албайсың",- деген. Ошондуктан, мен андай мырзаларга: "Үй-бүлөңүз менен бактылуу болуңуз"- деп жакшы сөз менен түшүндүрүүгө аракет кылам жана андайларды жактырбайм. Өзгөчө бирөөнүн үй-бүлөсүн бузуп, ыйлатып, бакытка жеткенди, мен бактылуу жашоо деп эсептей албайм. Экинчи аял болуп тийгендерге каражат жетишпей кыйналгандан, же айрымдары баары жетишип турса деле байлыгына карап тийип алгандар бар. Андай күнүмдүк жыргал менен эч нерсени жеңе албайт, андан көрө жалгыз иштеп кыйналсаң да, бирөөнүн көз жашына калбасаң жакшы.

Динара Чокоева