п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Чыр дөбө

Шоучулардын бүтпөгөн ыры, ой, чыры
КРнын Эл артисти, Кыргыз өкмөтүнүн мамлекеттик сыйлыгынын ээси, башкы дирижёр, республикалык жана эл аралык конкурстардын лауреаты Бакыт Тилегенов:
"Адамды каралап коюш бат эле"
- Мен Назгүл Насиева менен Айчүрөк Иманалиеванын чатактарын уктум. Назгүл менен жолдошу Кубан экөөнү тырмактайынан бери билем. Жолдошу Кыргызстандагы эң алдыңкы музыканттардын бири. Музыкант катары абдан жогору турат. Турмушта мындай адамдар аз, чанда кезигет. Кубан бардык жагынан төп келишкен жигит. Келинчеги Назгүл Насиева да мыкты кыз. Назгүлдүн жөнөкөйлүгүнө, адамгерчилигине, негизи эле, бул үй-бүлөгө суктанам. Назгүл чыгармачыл адамдарга колунан келген жардамын берип жүрөт. Кайрымдуулук иштерин көп эле кылып жүргөнүн билем. Жакшыга сөз жармашат, жаманга чөп жармашат деп коёт. Чыгармачылыкта мындан да башкача иштер болуп кетиши мүмкүн. Эң негизгиси, ар бир адам өзүнүн жүрөгүнүн ак экенин өзү сезе билиш керек. Адамды каралап койсо бат эле. Кара пиар деп коёт эмеспи.

Сыймык Бейшекеев:
"Коркутса эч ким бармак эмес да"
- Назгүл Насиева менен түрмөлөргө кайрымдуулук концертин коюп бардыңыз беле?
- Бир-эки жолу баргам.
- "Братандарым" же "чёрный мир" деп, "чёрный мирди" бетине кармап, артисттерди же сизди коркуткан жок беле?
- Ал эмнеге коркутмак эле? "Чёрный мир" эмес, кайрымдуулук ишин кылып жатат да. Эч кандай коркутуусу жок эле, "ушундай сунуш болуп, суранып атышат" дегенинен барып ырдап бергем. Башында 3-4 жыл бара албай жүрүп, андан кийин бардым. Коркутса эч ким бармак эмес да. Белгилүү болгондон кийин мынча чуулгандуу болбой эле коюшса болмок. Бардык эле адамда кемчилик болот. Бирок аны гезит беттерине жарыялай бериштин кажети жок болуш керек. Коркутуулар болгон эмес. Кайрымдуулук иш болуп аткандан кийин, Кыргызстандын жараны катары барып койгон концерттерине катышкам. Назгүлдү көп убакыттан бери тааныйм. Анан анын "жардырам", "братандар" деген сөзүн укпаптырмын. Ал эне да, бир үйдүн куту. "Бүткөн ишке сынчы көп" дегендей, жасаган иштеринен кийин, анын айланасында ар кандай ушактар болушу мүмкүн. Назгүлдүн жаргондор менен сүйлөгөнүн деле уккан жокмун.

Асел Турдалиева:
"Чёрный мирден" биз эмне үчүн коркушубуз керек?"
- Назгүлдү 15-17 жылдан бери жакшы билем. Ага да өзүм кайрылгам. Назгүл деген кыз кайрымдуулук иштерин кылып, концерттерди көп коюп жүрөт деп угуп калып, "Назгүл, менин бардык мүмкүнчүлүктөрүм бар, бирок аппаратураларым жок болуп жатат, кайрымдуулук концертиңе барып ырдап берейин, Чүйдөгү, Бишкектеги түрмөлөргө барып, концерттик программаларымды көрсөтөйүн"- десем, Назгүл мени кош колдоп колдогон эле. Ошондо Бишкек, Чүй боюнча бардык абактарга кайрымдуулук концерттерин коюп чыкканбыз. Кичипейилдиги, адамгерчилиги менен башкалардан айырмаланып турат. Биздин институттан бүткөн, өзүнүн ишин мыкты билген адис. Жакшынакай жолдошу, сүйүктүү балдары бар.
- Кээ бир ырчылар:"Назгүл эже бизди "братандары" менен коркутчу",- деген пикирлерин айтып жатышат. Сизди да ошондой сөздөр менен коркутту беле?
- Мен ал ырчыларды билбейт экенмин. Назгүл антип коркуткудай ким экен? "Чёрный мирден" биз эмнеге коркушубуз керек? Биз бир кудайдан коркушубуз керек. Мен Назгүлдүн антип коркутмак турсун, андай сөз оозунан чыкканын уккан эмесмин.

Гүлнара Тойгонбаева:
"Андай сөздөрдү айткан да эмес"
- Назгүл менен бир жолу аялдардын колониясына барганбыз. Алты жыл болуп калды. Жакшынакай коюп, ал жактагы аялдардын көңүлүн көтөрүп келгенбиз.
- "Чёрный мир" менен коркутуп же болбосо сиздин көзүңүзчө "чёрный мир" деген сөздөрдү сүйлөдү беле?
- Жок, Назгүл мага антип "чёрный" деген сөздөрдү айткан да эмес.

Кайыргүл:
"Алманбет Анапияев мени карап, жактырып…"
- Кайыргүл, Назгүл Насиеванын сени Согдиананын концертине катыштырып, "Тумар" радиосуна түз эфирге алып барганы чынбы?
- Мен Назгүл эженин артынан 3 ай чуркаган эмесмин. Биз 3 ай чогуу иштешкенбиз. Мени Аида Кулуева биринчи бир кафеден ырдаганымды угуп жактырып, Назгүл эжеге айткан. Согдиананын концертине катыштырып, "Тумар" радиосуна түз эфирге алып барганы чын. Мага "Тумар" радиосун жардырып кетет экен деген сөздү Элиза Кененбаева айткан. Насиева Жанара Атабековага: "Эгерде Кайыргүлдүн ырлары кетсе, Аида Кулуеваны түз эфирге чыгарса, "Тумар" радиосун жардырып кетем", - дептир. Жанара Атабекова: "Бизди жардырат, Аиданы да, Кайыргүлдү да жолотпогула", - деп Элизага айтыптыр. Алексей өзү мага айткан эмес, мага Элиза Кененбаева айтса, ага Ж.Атабекова айткан. "Браводон" клиптеримди эл катары көрсөткүм келет. А Канат Култаев: "Назгүл Насиеванын макулдугу менен гана сенин клиптериңди ала алам. Биринчи сурооңду чечишип ал", - дейт. "Миң Кыял Fmге" барсам дагы, Тынчтыкбек Кожобеков: "Мен Назгүл эжени сыйлайм, биринчи чечишип ал, андан кийин радиодон ырларыңды кетирем", - деген. НБТдагы Мирлан Муратов дагы: "Сенин клиптериңди Назгүл эженин макулдугу менен гана ала алам", - деген.
- Анан Назгүл эжеге барып чечишип албайт белең?
- Бардым, кечирим сурадым. Моралдык зыяндарды төлөп берейин, кечирип коюңуз десем, ал:"Менин сени менен сөзүм бүткөн", - деген. Менин апама: "Сиздин кызыңыз мен аркылуу чыгат, же таптакыр чыкпайт", - деп айткан.
- Экөөңөрдүн иштешпей калганыңардын негизги себеби эмнеде эле?
- Мен тойлорго барам, ырдайм, бир да сом албайм, кайра келем. Жалал-Абаддын түрмөсүнө алып барды. Жолдон чын эле кыйналдым. Ал жакка да бекер бардым. А өзүмдүн акчама жаздырган ырларымдан өзүм да пайда көрүшүм керек да. Бул деген бизнес, баарыбызга белгилүү. Менин көзүмчө ичкилик ичкенин, сөгүнүп сүйлөгөнүн жактырган жокмун. Анткени, өзүм ичпейм. Бул менин тандоом. Эки адам келишпейт экен, бирикпей калдык. "12 күнгө Назминин ордуна Россияга бар, гонорар береби-бербейби белгисиз", - деди. Анан: "Аа, дагы бекер ырдайт экенмин"- деген ой келди."Менин контейнеримде эч ким жок, апам дагы ооруп жатат, жардам беришим керек",- дедим. Чындыгында, 12 күн салпактап Россияга баргым келген жок. Андан көрө ошол 12 күндө Дордойдон иштеп акча таап алуу мен үчүн пайдалуу болду.
- Мыкты көйнөктөрдү тиктирип берүү ар кимдин колунан келе бербесе керек. Назгүл Насиева Олег Бедага көйнөк тиктирип, көп эле жакшы иштерди кылган турбайбы, анан сенин минтип продюсериңдин артынан сүйлөгөнүңдү туура эмес деп эсептебейсиңби?
- Көйнөк боюнча буларды айтып берейин. Алманбет Анапияев, Камчы Көлбаев дегенди таанычу эмесмин. "Чёрный мир" боюнча түшүнүгүм да жок болчу. Анан бир күнү алар отурган офиске алып барды. Барсам эле: "Экөөңөрдүн бирөөңөр бул кызга демөөрчү болгула", - деген. "Мен бул эже менен жүрсөм сурамчы болот турбаймынбы", - деген ой кетти. Назгүл эже тигилерден акча сурап, алар берген акчага мага көйнөк тиктирип берет. Алардан акчаны мен сурабасам да абдан уялып турдум. Бул дагы Назгүл эжеден кетишимдин бир себеби болду. Ошондо кабинетине киргенде Камчы Көлбаев мага көңүл бурган жок. Анткени, мен спорттук кийимде болчумун. Алманбет Анапияев мени карап күлүп, мени жактырып:"Мейли, акча берсе берейин", - деп Назгүл эжеге акча берген. Бирок канча сумма бергенин билбейм. Көйнөк 100 долларлык болчу. Ошол эле күнү түнкү саат 12де Алманбет Анапияев мага телефон чалды. Мен ага телефон номеримди берген да эмесмин. Иштер менен эмес, "Кандай? Эмне кылып атасың? Ким менен жашайсың?"- деген суроолорду берди. Ал менин көңүлүм жок экенин билип, андан кийин телефон чалган жок. Ички дүйнөмдө "алгандын бермейи бар" деген түшүнүк жашап келет
- Кагаз жүзүндө келишимиңер бар беле?
- Кагаз жүзүндө келишим жок болчу.
Сайра Сопушева






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??