п»ї

  Стоп-кадр

Жаш кинорежиссёрлордун катарын толуктап келген дагы бир ысым пайда болду. Руслан Машрапов "Эдем алмасы", "Өмүрдүн жети мүнөтү", кыскаметраждуу тасмаларды, жана башка клиптерди, жарнамалык роликтерди тартып келген. Ал эми жаңыдан "Мен сүйгөн карагат" аталыштагы көркөм тасма жаратууда бүт күчүн жумшап, азыр жан үрөп иштеп жаткан жеринен маекке тарттык.

"Чыныгы режиссёр-өзүнүн жашоосунун режиссёру…"
- "Мен сүйгөн карагат" тасмасы
кайсы жанрга кирет?
- Бул менин толук метраждуу тасма жаратуудагы алгачкы эмгегим. Бек байке менен иштешкениме 20 жылдын жүзү болду. 19 жашымда алгачкы жолу кыска метраждуу "Жоолукчан" аттуу тасманы Нурбек Эген экөөбүз тартканбыз. Бек Борбиев баш каармандын образын жараткан. "Ак жоолукчан" аталыштагы ыры атайын ошол тасмага саундтрек болгон. Ал эми "Мен сүйгөн карагат" тасмасы жөнөкөй, бирок кооздук менен тартылган сүйүү даңазалаган тасма болот. Тасманын сценарийи Бек Борбиевдин калемине таандык, бул автордун биринчи эмгеги. "Кеңешип кескен бармак оорубайт" дегендей, чогуу талдап, кайрадан өзгөртүп жазып чыктык. Тасманын негизги өзөгү болгон окуядан алынып жазылган. Канчалык өзгөрбөсүн бирок түп нускасы маанисин жоготкон жок. Бул тасма мелодрама жанрында тартылып жатат.
- Азыр колуна камера көтөргөндүн баары кино тартып жатышат, сиздин кино жаатында билимиңиз барбы?
- Мен Алматынын театралдык институтундагы кинорежиссёр бөлүмүндө окугам. "Гүлсаратты" тарткан казак кинорежиссёру Ардак Амиркулов биздин көркөм жетекчибиз болчу. Бир күнү агай баарыбызга суроо берип калды: "Эмнеге режиссёрдук кесипти тандадыңар?"-деп сурап калды. Анан мен: "Режиссёр өзү каалагандай жашоону тасмада көрсөтө алат"-десем, мени таңдана караган агай: "Сен өзүң айтып жатасыңбы же китептен окудуңбу?"-деп сурады. "Агай, менин өзүмдүн эле ой-жүгүртүүм"-дедим. Мени ойлойм, чыныгы режиссёр өзүнүн жашоосунун режиссёру болушу керек. Негизинен, ар бир жөнөкөй адам деле өзүнүн тагдырынын режиссёру. Менин милдетим коомдогу болуп жаткан чыныгы көрүнүштөрдү күзгү сыяктуу тасмада көркөмдөтүп чагылдырып берүү.
- Кино демек кыйноо деп бекеринен айтылбаган чыгар. Кино тартып жатып кыйынчылыктарга дуушар болуңуздарбы?
- Ар бир баштаган иште кыйынчылык болбой койбойт. Ошол кыйынчылыктарды жеңип, мен баары бир бул тасманы толук тартып бүтөм деген ишеничтемин. Биринчи кадрды тартып баштаганда мени жүрөкзаада кылган актёрлор менен иштеш болду. Алгач Токтогулдан баштадык, ошондо актёрлорго туура эмес багыт берип жатамынбы деген ойлор кыйнап туруп алып, өзүмө ишенбей жаттым. Бирин-экин кадрлардан соң, өзүмө болгон ишеничти пайда кылды. Көрсө, ошол эле актёр майын чыгара жеткиликтүү аткармайынча кайра-кайра тарта берем деп ойлодум. Биздин заманда санарип тарткан камера менен ошол элесиңди чагылдырып бериш оңой. Мен тасманы кандай элестетсем, ошол кыялымдагы көрүнүш өңүмдө болмоюнча актёрлорго түшүндүрө берем деп чечтим.
- Эмне себептен азыр көпчүлүк тасмаларда профессионал актёрлорду эмес, билими жок актёр же актрисаларды учуратып келебиз?
- Бул тасма биринчи тасмаларымдын бири болгон үчүн иштин көзүн билген билимдүү актёрлорду аткартыш жеңил болмок. Бизде азыр андай актёрлор деле саналуу. Биз кастинг жарыялап гана тим болбостон, моделдик агентство, бардык театрларды кыдырдык. Тасмада типаж, фактура деген түшүнүк бар, чындыгында көргөндө эле карагаттай болгон көздөрү, ой-жүгүртүүсү, кыял-жоругу -баары ошол персанажга шайкеш келген кыз керек болчу. Ошентип мен айткан талаптарга жооп берген Назира Бердигулова аттуу кыз баш каармандын ролуна ылайык болуп калды. Мейли, актёр болобу же актрисабы чыныгы жашоонун өзүндөй чындык бар образды жаратса деп ойлойм. Билими жок адамдар ошого жакыныраак болот да. Атайын ойногонду билбей, болгон чындыкты болгондой чагылдырып берет. Албетте, ошол нерсени өзүндөй ачып бериште кыйынчылык туудурбай койбойт деңизчи, бирок акырындык менен ошол нукка буруп, оюндагысын ачып берүүгө болот. Ал эми такшалып калган актёрлордун шаблонго түшүп алышын анчейин жактыра бербейм. Себеби, алар өтө эле драмага жакын болушат.
- "Баланын туулганына эмес, турарына сүйүн" демекчи, балтыр тилген бала кезден эле режиссёрдук өнөрүңүз бар чыгар?
- Мага кичинекейимде режиссёрдук кесип кол жеткис кесиптин бири катары сезилчү. Эсимде ошол союз маалында киножурнал бар болчу. Кыраакы режиссёр Болот Шамшиев менен актриса Айтурган Темированын сүрөтүн көрүп, Болот Шамшиевдей кеменгер режиссёр болсом деп кыялданчумун. 12 жаштан баштап адабий китептерди көп окучумун. Китепти окуп жатып, ошол окуяларды кинонун кадрындай көз жүгүртүп элестетчүмүн да. Көркөм сүрөт боюнча ийримге катышып 3 жыл катарынан облустук, республикалык деңгээлдеги байгелерге ээ болгом. Пейзаж, натюрморт боюнча алдыңкы орундар менен сыйлангам. Менин режиссёрлукка болгон дараметим ошондо эле байкалса керек, ар кандай интермедия, мини спектаклдерди сахналаштыргам.
- Кыргыздын кайсы режиссёрунун эмгегин баалап, тасма тартууга бел байладыңыз?
- Мага кыргызымдын чыгаан уулу, тарыхта аты алтын тамгалар менен жазылып калган гениалдуу режиссёр Төлөмүш Океевдин эмгегин баалайм. Анын "Бакайдын жайыты" тасмасы эле кандай гана керемет тасманын бири. "Улан", "Отко таазим", "Ак илбирстин тукуму", "Сүйүү закымы" өңдүү бири-бирине окшобогон тасмаларды кыргыз элине калтырып кете берди. Түбөлүк тасма, накта классика деп мына ушуларды айт. Мен да классикага айланган тасма жаратсам деген оюм бар.
- Ар бир режиссёрдун өзүнө таандык өзгөчөлүгү болот. Сиздин стилиңиз кандай?
- Мен талантына таазим этип, кадырлап-сыйлаган Квентин Тарантино, Федерико Феллини, Ким Ки Дук, Акира Курасаванын стилдери көңүлүмө жакын. Дүйнөнү дүңгүрөткөн режиссёрлордун драматургияны түзгөнү, актёрлорду ойноткону, кадрлардын композициясын айкалыштырып бергени абдан жагат.
- Ошол тасмалар элге сиңимдүү болушу үчүн, балким, бизге киносынчылар керектир?
- Албетте, киносынчылардын бул жерде ролу чоң. Ошол атайын адистер бир тасманы ийне-жибине чейин талдап, ак караны айырмалоочулар эмеспи. СССРдин учурунда ар бир тасма көркөм кеңештин сынынан өтүшчү экен. Ошол учурдагы тасмалар бекеринен кыргыз керемети деп аталбаган чыгар. Ал тасмалар бара-бара классикага айланып калганына журтубуз күбө. Азыркы убакта андай киносынчылар жокко эсе. Ушул мени аябай өкүндүрөт.
- Аялзаттын ички көрөңгөсүндөгү кооздукту гана эмес, келишкен бой-мүчөсүндөгү ажайып сулуулукту режиссёр менен сүрөтчү окшош чагылдыра алышат дешет?
- Аялзаттын сулуулугун режиссёрлор тасманын жардамы менен чагылдырса, сүрөтчүлөр кистинин жардамы менен боёк берип холстко түшүрөт. Эки кесиптин ээси бирдей ой-жүгүртүшүндө негиз бар. Улуу даанышман ойчулдар айткан экен. Бул тирүүлүктө 3 нерсени көздү албай кароого болот деп. Суунун агымын, оттун күйүшүн жана аялзаттын сулуулугун. Мени аялзат темасы көбүрөөк кызыктырат, мындан ары да башка тасмаларыма аялзаттын образын тереңирээк казып ачып берүүгө бүт дитимди жумшайм.


Динара Асылбекова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??