п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Ден соолук
- Кичинекей 2 балам бар, тамак көп жешпейт. Чипсы, кириешки, шоколад алып бер деп суранышса, көңүлдөрүнө карап сатып бере берем. Бирок бул азыктар зыян болсо керек деп ойлойм, ушул тууралуу балдар дарыгеринен толугураак маалымат алып берип коюуңуздарды өтүнөм.
Диана, Сокулук району
"Ниспакт деген ооруну
чакырышы мүмкүн"
Сатарова Чынара, №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун балдар дарыгери:
Негизи, чипсы, шоколад, кириешкилердин балдарга пайдасы жок, буларды жеген балдар аллергиялык ооруларга кабылышат. Менин иш-тажрыйбамда ушул азыктардан аллергия болгондор көп болгон. Экинчиден, чипсы, кириешкилер туздуу болгондуктан, аксалат, урат деген туздар бөлүнүп, бөйрөккө кетет. Ошондой эле баланын ашказанынын сырткы кабыгы сезимтал болгондуктан, мындай туздуу, зыяндуу азыктардан сакташ керек, ичеги-карын ооруларынан ниспакт деген ооруну чакырышы мүмкүн. Балага карамель конфет, алма, банан сыяктуу жемиштерди берип алаксытса болот. Ар кандай енгреит, боёктор кошулган азыктардан балдар алыс болуусу шарт.


Экономика
- Азыркы убакта Кыргызстан Бажы биримдигине кирет деген ар кандай сөздөр жүрүүдө. Дегеле Бажы биримдигине кирүүнүн кандай зарылдыгы бар?
Аскарбек, Бишкек шаары
"Бажы биримдигине кирбесек, экономикабыз токтоп калат"
Жумакадыр Акенеев , КРнын эмгек сиңирген экономисти, экономика илимдеринин доктору, профессор:
Биздин аласа-бересебиздин 90 пайызы ошол Бажы биримдигине кирген мамлекеттер менен болуп жатат. Эгер биз Бажы биримдигине кирбей баш тартабыз десек, анда булар бизден чыгып жаткан айыл-чарба товарларга, Казакстан менен Орусиядан кирип жаткан товарларга абдан чоң салык салып койгонго шарт түзүлөт. Былтыр Орусия экспорттук салыкты көтөрдү эле, 20дан 200 долларга чейин баалар кымбаттап, эл күйүүчү, майлоочу майды ала албай калды. Негизи, биз күйүүчү май, темир тезек, жыгач - бардыгын Орусия, Казакстандан алабыз. Ошондуктан, биз бажы биримдигине киришибиз керек, кирбесек экономикабыз такыр токтоп калат.


Маданият
- Өткөндөгү Абдылданын маегин окуп алып, "Мыскыл жана тамаша", дегеле куудулдар Коомдук каналдан аз чыгышары эсиме түштү. Чындыгында эле эмнеге куудулдарды телеге чыгарышпайт?
Данияр, Бишкек шаары
"Куудулдардын сатирасы өтө одоно, орой"
Назира Аалы кызы ,"Ибарат" өндүрүштүк бирикмесинин продюсери:
Мен да Коомдук каналга келгенде эле биринчи ушул нерсени байкадым. Негизи, сатира жанры Кыргызстандагы жоголуп бара жаткан тармак, жок деп деле айтсак болот. Быйыл Жаңы жылдык "Көгүлтүр от" берүүбүздү столду тегеретип 12 куудулду олтургузуп, тамаша тарталы деп даярдана баштадык. Бизде чоң-чоң режиссёрлор бар, анан баарын чакырсак эки-үчөө келишти, анан куудулдарды чакырсак той болот дешет, биз акча төлөп бере албагандыктан, алар тоюм бар деп кетип калышат экен. Майрамбек Осмоновдун тамашалары күчтүү, мен баалаган куудул, анан ошол негизги ролдорго катышсын десек, ал киши да ошол күнү тоюм бар деп кетип калыптыр. Ж.Алыкулов да тойго кетиптир. Негизи, биздин куудулдардын арасынан сценарий жазган Абдылда агай, башка куудулдар бирөөнүн жазганын аткарышса, бул адам өзү жазат. А.Иманкуловго өзүм чалып: "Агай, бизде сатира жок экен, жазып бериңиз"-десем, ал:"Биз ЭлТР каналы менен келишим түзүп алганбыз, ошолор менен иштешип жатам",- деди. А сатира жок болсо эмне менен чыгабыз. Эгер сапаттуу сатиралар болсо, биз тартканга даярбыз. Биздин куудулдардын бүгүнкү күндөгү сатиралары өтө одоно, орой, сапаты төмөн болуп жатат. Абдылда агай сатира жазса, мен иштешүүгө даярмын. Маселе барып эле сатиранын сапатына такалат.


Дин
- Жакында дин жолуна түшкөм, хиджаб кийсемби деп ниет кылып жатам. Азыр ар ким ар кандай кылып кийип жүрөт, хиджабды кандайча тандоо керек, ушул суроомо дин аалымдарынан жооп алып бериңиздерчи?
Алима, Бишкек шаары
"Хиджаб - адамдын организмине абдан пайдалуу"
Салиха Дүйшөнбиева, Ислам Универси-тетинин мугалими:
Кийим тандоодо түстөргө көп маани берилет. Өтө ачык сары, жашыл түстөгү кийимдерди кийгенге болбойт, себеби, түстөр адамдын көңүлүн бурбагандай болуусу керек. Ошондой эле кебезден тигилген кийимдерди тандоо керек, ысык тартпай, салкын жүрөсүң. Ал эми хиджаб кийгенде бардык мүчө жабык болуп, денени күндүн терс нурларынан сактайт. Хиджаб адамдын организмине абдан пайдалуу. Азыркы учурда хиджабды ар ким ар кандай кылып кийип жүрөт, туурасы хиджаб кийгенде бардык мүчөң жабык болуп, аялдын кайсы мүчөсү кандай экени билинбей туруусу керек.


Билим
- Бишкек шаарында жумушсуздарга бекер окуу борбору ачылыптыр деп уктум. Ушул чынбы? Чын болсо кайда, толук маалымат алып бергилечи?
Нургүл, Бишкек шаары
"Стипендия да берилет"
Жаркынбаева Дилбара, № 98 Кесиптик лицейдин окуу борборунун менеджери:
Калкты жумуш менен камсыз кылуу министрлигинин каржылоосу менен лицейдин базасында жыл бою жумушсуз калктын квалификациясын жогорулатуу үчүн кыска мөөнөттүк курстар ачылды. Каттоосу шаарда болгондор, өзүлөрүнүн райондорундагы мекемеге барып, жумушсуз деп каттоого туруп, справкаларды чогултат. Анан алар 10 күндөн кийин бул жакка окууга багыт берет. Бизде бухгалтердик эсеп, офис менеджери, компьютердик сабаттуулук, компьютердик дизайнер, Web дизайн сайтын түзүүнү окутуу курсу, өздүк компьютерлерди оңдоочу жана тейлөөчү адис, уюлдук телефон оңдоочу адис, өрт өчүрүү-күзөт сигнализациясы, чач тарач өнөрү боюнча адистер даярдалат. Окууга келгендер каалаган тармагын тандай алышат. Эгер окууну калтырбай келип окушса, стипендия берилет. Ошондой эле шаарда каттоосу жоктор, өзүлөрү катталган региондордогу мекемелерге барып справка алып келишсе, окууга кире алышат. Окуу мөөнөтү 2 ай, күнүгө 3 сааттан окушат. Окууну аяктагандан кийин, мамлекеттик үлгүдөгү сертификат берилет.


Тамак-аш
- Биз сатып алып жеп жүргөн "Зинанын" тортторуна вино кошулат экен деп уктум. Өзүм ичкиликтен алыс болгондугумдан бул нерсе мени тынчсыздандырып жатат. Ушул суроомо так маалымат алып берүүңүздөрдү күтөм.
Халида, Чолпон-Ата шаары
"Биздин тортко вино кошулбайт"
Элмира Байсалова, "Зина" кондитердик фабрикасынын кызматкери:
Жок, биздин тортторго эч кандай вино кошулбайт. Бардык мусулман ж.б. кардарлар тынчсызданбай алып жей беришсе болот. Биздин тортторубуз таза жана адал деп толук айта алам.


Кеңеш
- Жакында көз жарам, биринчи балам болгондуктан кантип карайм деп башым катып турган учурум, жаңы төрөгөндө балага кандай кам көрүү керек?
Гүлнура,
Кант шаары
"Бир жашка чейин эмчектен чыгарбоо керек"
Садыгалиева Света, №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун балдар мед айымы:
Эне биринчи кезекте баланы туура эмизиши керек, эмчектин үрпү баланын таңдайына келүүсү керек, болбосо бала аба жутуп алып, ичине жел туруп калат. Азыр жай мезгили болгондуктан, күнүгө атайын балдарга арналган чылапчынга сууну баланын мойнуна чейин көмө турган кылып куюп жуунтуу керек, суунун жылуулугу 37 градус болсо туура болот. Суудан чыккандан соң, балдарга арналган упадан сээп туруш керек, болбосо ысыктан бышып кетиши толук мүмкүн. Жакшы тамактанып, болушунча кайнатылган шорпо ичиши керек, баланы 1 жашка чейин эмчектен чыгарбоо абзел. Киндиги түшө элек болсо, бир күндө эки ирет зелёнка тийгизип туруу керек. Эшикке таза абага бир күндө эки маал сейилдетүү керек. Эртең мененкисин саат 10дон 12ге, кечкисин 6дан 8ге чейин болсо туура болот. Ошондой эле эне эмчегине жакшылап көңүл буруп, жылуу кармап, бала эмип бүткөндөн кийин сөзсүз түрдө эч нерсе калтырбай саашы керек, болбосо сүт уюп калса, мастит ооруусун пайда кылат.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??