п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Жанна Усубалиева:
"Алмаз" радиосуна таанышым аркылуу келгем"
Ар бир кесип ардактуу жана кызыктуу дегендей, өзүнө жаккан кесиптердин бири ди-джейликти аркалап, жан дүйнөсү менен бирге багып келе жаткан 2009-жылдын супер ди-джей айымы, "Алмаз" радиосунун кубулжуган назик үндүү кызы Жанна Усубалиева бизде конокто.

- Сизди жарык дүйнөгө алып келген ата-энеңиз, жөлөк болгон бир туугандарыңыз жөнүндө кепти баштасак?
- Биз үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз. Мен экинчисимин. Атамдын аты Шаршегул, апамдыкы Чынара. Жеке ишкер болуп эмгектенишет. Ата-энем менин бул жашоодогу сүйүнүчүм десем болот. Алар менен сыймыктанам. Ошолордой адамгерчиликтүү болгум келет. Апам менен көп сырдашам. Ал эми атам болсо токтоо, сүрдүү адам. Буйруса, алдыдагы пландарым алардын ак сүтүн актап, биздин жакшылыгыбызды көрсө деп тилеп, кыялданам.
- Ди-джейликти качан баштадыңыз эле? "Алмаз" радиосуна кантип келип калдыңыз дегендей…..
- Мен 1-курсту аяктагандан кийин, бул кесипке аралаша баштагам. Мектепте окуп жүргөндө аябай кызыгып кыялданчумун. Бизде ал убакта "Белес" радиосу эле тартчу. Анан аларды угуп алып туурап, 9-класста окуп жүргөндө кызыгуум күчөгөн. 11-классты бүтүп студент болгондон кийин, Нарында "Алмаз Нарын" радиосуна кастинг жарыяланып калып, ошол жерден өтүп кеттим. 2-курстан баштап 4-курска чейин Нарында иштедим. 5-курска келгенде бул жакта "Сезим" деген радиодо иштеп, анан 5-курсту бүткөндө "Алмаз" радиосунда бир таанышым бар болчу, ошол аркылуу келгем. Жаңы келгенде биринчи үнүмдү текшерип көрүшүп, 4-5 айдан бери иштеп жатам. Келгенден бери "Конок" программасын алып барам. Андан сырткары, жаңылыктарды окуйм жана ошондой эле ар кандай көңүл ачуучу программаларды алып барам.
- Эфир учурунда эң көп кайталаган сөзүңүз?
- "Ошондуктан", "эмне демекчимин". Анан аябай көп колдонгонум "эмне үчүн болбосун" деген сөз. Мисалы, "азыр бул ырды уксак, эмне үчүн болбосун?" деп айта берем. Ошол үчүн биздин директор мага катуу талап койгон. Ар бир көп кайталаган сөзүңө 20 сомдон кармайм . Ошондо бир айдын айлыгын албай каласың деп коркуткан. Ошол үчүн азыр аз айтып калдым да. (Күлдү) Көп кайталабаганга аракет кылам.
- Такалып, эфирде уят болгон учурлар сиздин дагы башыңыздан өтсө керек?
- Албетте, эфирден такалып уят болгон учурлар менин дагы башымдан көп эле жолу өткөн. Биринчи эфирге чыгайын деп жатканда, жергебизде саат 6 деп айтам деп, 1 саат даярданып, анан эфирге келгенде 7 деп айтып салгам. Андан дагы ыңгайсыздар көп эле кездешет. Такалып, жаңылыктардагы кээ бир сөздөргө тилим келбей калган учурлар көп эле болгон.
- Үнүңүзгө арбалып, көрүүгө зар болуп жүргөн мырзаларга жеке жашооңуз кызык болсо керек?
- Учурда сөз айткан мырзалар бар. Бирок купулума толгон мырзаны кездештире элекмин. Чынын айтканда, азырынча жигитим жок.
- Ди-джейлик кесиптин башкы куралы болуп эмне эсептелет? Сөз байлыгыңызды кантип кеңейтесиз?
- Ди-джейлер, негизи, ар тараптуу болуш керек. Жашоодогу жаңылыктардан артта калбай баарынан кабардар болуп туруш керек. Ал эми сөз байлыгымды кеңейтиш үчүн макал-ылакап китептерди көп окуйм. Андан тышкары, интернеттен, китептерден жакшы сөздөрдү окуп калсам, ошолорду бат блокнотума жазып алам. Эфирди кооз кылыш үчүн күнүгө тажатма, кайталанма сөздөрдү колдонбош керек. Эфир алдында "рыба" деп коёт, ошону жазабыз. Ал эфирге эмнелерди сүйлөйсүң, ошол сөздөр. Жазбай чыксаң күнүгө эле ошол сөздөр болуп, эфир кызыксыз болуп калат. Андан тышкары, үн өтө чоң ролду ойнойт.
- Өзүңүзгө угарман катары кандай баа берет элеңиз?
- Угарман катары жакшы эле баа берем. (Күлдү) Эң жакшы алып барам деп айта албайм. Жакшы деген эле баа бермекмин.
- Азыркы жаш ди-джейлердин кимисин баалайсыз?
- Мен Нуркыз Исакова деген ди-джей айымды жана Салтанат Саматова эженин талантын баалайм. Алардын сүйлөгөн сөздөрүн, имиджин баалайм. Ал эми жаш ди-джейлерден болсо Аскат Алдашов менен Назира Кадыеванын үндөрү жагат.
- Кесиптештериңиз менен кандай мамиледесиз?
- Кесиптештерим менен дайыма сый мамиледе болууга аракет кылам. Мисалы, таарынычтар болот. Бирок кайра эле эч нерсе болбогондой сүйлөшүп кетебиз. Эң башкысы кек сактабайбыз.
- 10 жылдан кийин ди-джейлик кесиптен башка өзүңүздү кайсыл кесиптин ээси катары элестете аласыз?
- Эми 10 жылдан кийин болобу, ушул эле журналисттик кесип менен кетсем деп ойлойм. Кесибин мыкты билген журналист болсом деп тилейм. Эгер мүмкүнчүлүк болбой калса, анда мыкты мугалим болгонго аракет кылам.
Келсин Мурадил кызы








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??