п»ї
 Таанышуу жарыясы


Ирлан Таалайбеков:
"Көбүнчө крим. чөйрөдөгүлөр чакырышат"
- Кандайсың, Ирлан, үй-бүлөлүү болгондон бери сахнадан аябай эле алыстап кеттиң го?
- Ооба, үй-бүлө күткөндөн кийин мойнуңа көп жүк жүктөлөт экен да, алыш-катыш дегендей. Балалуу болгондон кийин бир бутум дүкөндө, бир бутум аптекада болуп калды. Балам жаңы төрөлгөндө кичине ооруп, ооруканада он күндөн ашык жатып чыгышты. Азыр, кудайга шүгүр, жакшы, үйдө. Келинчегим Юридикалык академияны бүткөн, диплому үйдө турат.Азырынча бала менен бош, а мен аларды багып жатам. Ошол себептен улам сахнадан кичине алыстаганга туура келип калды. Анын үстүнө өзүм дагы иштебей койбодумбу. Эми, буйруса, кайра баштайм. Клип тарттырсамбы деп жүрөм, анан иштеш үчүн акча кошуш керек да.
- Балаңа канча болду, атын ким койдуң?
- Балама жети ай болду, атын Ильяз деп пайгамбарыбыздын атынан койдум жана албетте, ырчы жигитибиз Ильяз Абдразаковдой таланттуу жигит болсун деген ниетте да атадым. Мен, негизи, музыкант болгондон кийин, Ильяздын талантын абдан баалайм. Мага анын жазган ырлары, аранжировка жасаганы жагат.
- Азыркы мезгилде эмне менен алектенип жатасың?
- Азыр борбор калаабызда "Тамадалар борборунда" музыкант болуп иштеп жатам. Мындан тышкары, жаңы чыгып жаткан жаш ырчыларга аранжировка жасайм. "Мектебим" деген эски ырды жаңыча жаздырдым. Дагы жаздырганы жатам. Тойлорго ылайыктап да ырларды жаздырдым. Ушул "Мектебим" деген ырдын автору ким экенин билбей, уруксаты жок жазып койдум. Силердин газетаңардан пайдаланып, ошол ырдын авторунан ырыңызды ырдай берейин деп уруксат сурайын дегем. Бирок бул ыр элдики деп бирөө айтат, автору бар деп бирөө айтат, айтор, билбейм. Кудай буйруса, жакында жаңы конушка конгону жатам, салынып бүтүп калды. Тапкан ташыганым ошол жаңы конушума жумшалып жатат. Өзүм көп деле тыйын таппайм, көп тыйын табыш үчүн Атабеков болуш керек окшойт. (Күлдү)
- Асыл Апасова менен иштешпей калбадыңбы, азыр экөөңөрдүн мамилеңер кандай?
- Асыл эже менен келишим бүткөндөн кийин иштешпей калганбыз. Азыр жакшы эле мамиледебиз, эч кандай нааразычылык деле жок деп ойлойм. Негизи, шоу- бизнесте продюсердин салымы чоң эле болот. Асыл эже менен иштешпей калгандан кийин мен чыкпай калбадымбы.
- Кайра иштешем деген оюң барбы?
- Билбейт экем ошону. Эми, негизи, чыгармачылыкта продюсердин орду чоң да. Продюсер менен иштешкенден кийин, сенин жашоо-турмушуң толугу менен ага байланыштуу болуп калат. Анан продюсериң улуу киши болгондон кийин, отчёт бериш керек болуп калат. Мен болсо эч кимге отчёт бербей көнүп калгам. Эми, негизи, аял киши бекемирээк болот эмеспи, Асыл эжем да бекемирээк, билбейм айта албайм. Шоу-бизнестин тузун татытып, бизди тааныткан да Асыл эже. Урушуп жаман мамиледе деле калган жокпуз, сыйбыз, көргөн жерде саламыбыз түз. Кийин иштешпей калгандан кийин бут тоскон жок. Продюсер менен иштешкен жакшы, бирок ага акча керек да. Продюсерге акча бериш керек, мына мынча акча бар эмне кылалы деп. Продюсер менен иштешсем, мен кичине болсо дагы популярдуулукка жетеримди билем.
- Сени тойлорго ырчы катары көп чакырышабы, же музыкант болуп барасыңбы?
- Аябай популярдуу болбогондон кийин, мени кел ырдап бер деп чакыргандар аз. Көбүнчөсү музыкант катары чакырышат. Ырдап бер деп МАИ кызматкерлери, кримчөйрөдөгүлөр, тааныштар чакырышат. Барып ырдап берип коюп кете берем. Учурдан пайдаланып МАИде иштеген байкелериме салам айтып кетсем болобу?
- МАИчи байкелериң көп акча төлөп беришет окшойт?
- Жок, ал байкелерим иштериң кандай деп сурап турушат. Мен алардан акча албайм.
- Ишиңе ийгилик, рахмат.
Алиса
Сапарбекова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??