п»ї
 Таанышуу жарыясы


Ар тармакка ар собол
Кинорежиссёр Жаныш Кулманбетов:
- Бөрү карыса да, бир койлук алы бар
- Бул макал, албетте, койго же бөрүгө айтылган эмес. Адам жашы улгайса дагы, сөзсүз түрдө колунан бараандуу иш келиши мүмкүн. "Алтымыштагы атаңдын алдап-соолап күчүн ал" дегенге жатат. Эгер мисалга көркөм сферадагы чыгарманы алсак, Айтматовдун жашы 80ге таяп калса да "Тоолор кулаганда" романын жаратып кеткендигинде. Мурунку чыгармаларындай эле күчтүү жазылган роман болуп калды. Режиссёр Геннадий Базаров 70ге келип калса да 3-4 тасманы катарынан тартканын айтсак болот. Ал эми 80ге жакындап калган КРнын Эл артисти Асанкул Осмонов да жаш балдар менен тең тайлашып роль жаратып келүүдө.


Куудул Кубан Алимов:
- Эри сүйбөс катынга эндик, упа не пайда?
- Эгер эри сүйбөсө, ага эндик, упа керек болбосо, жок дегенде "кумарлуу көзү" менен тартып турушу зарыл да. Канчалык өңү серт болбосун, жүрөгү сулуу болсо болду. Канчалык боёк чаптаса деле, эшекке кооз килем төшөсөң да, ошол эле эшек дегендей да. Менин келинчегим деле шилекейди чууруткан сулуу эмес, бирок жан дүйнөсү таза, жароокер аялзаты. Ошондуктан, Дилбара экөөбүздүн жылдызыбыз төп келишип жашап жүрөбүз да, 23 жыл бирге түтүн булатып.


Ырчы Бактыгүл Бадыева:
- Дөөлөт тоголок, мээнет жалпак
- Эң оболу аракетке берекет го. Талыкпас эмгек таттуу мээнеттин жыйынтыгы деп ойлойм. Улуу муундун жаштык курагында өнөр адамдарына болгон көз-карашы пассивдүү болсо, азыркы өсүп келе жаткан муун активдүү адамдар деп эсептейм. Ошондуктан, алар кыргыз ырларын угушуп, кыргыз деп соккон жүрөгү патриоттуулукту билдирип турат. Биздин жетишкендигибизге күйөрмандарыбыздын да салымы зор. Мен бир эле чыгармачылык менен гана чектелип калбастан, башка жеке бизнесим да бар. Мен сахна сересине эч кандай продюсердин көмөгү менен чыккан эмесмин. Жеке өзүмдүн аракетим менен, албетте, кудайымдын жардамы менен элиме таанылып отурамын. Албетте, менин белгилүү болушума телеканал, радиолордун да ролу чоң. Ар бир ийгилик менен байлык ар бир адамдын колунан келет. Эгер ошого жан үрөп берилип талыкпай иштесе.


Актёр Марат Жанталиев:
- Катын кыңшылап сүйлөп кыз болбойт
- Кыңшылап сүйлөмөк түгүл пластикалык операция жасаса да каяктан кыз болмок эле? Карып калган неме кызга окшоп кылыктанса да, баары бир улгайганы билинет да. Ар бир курактын өзүнүн орду бар деп ойлойм. 18 жаштагы кыздын жаштыгы менен 45 жаштагы аялдын турпатын салыштырып болбос.


Ырчы Айнура Салахидинова:
- Жеңеме ишенип эрсиз калдым
- Бизде ата-бабалардан бери келе жаткан салт бар. Эч убакта бозойго сүйүүсүн билдирбегени- кыздын ыймандуулугу. "Алымкан" киносунда деле Токтогулга ашыктыгын Алымкан жеңеси аркылуу билдирет эмеспи. Кыз бала сөзсүз түрдө сырын жеңесине айтчу. Азыркы учурда кыздар курбуларына сырын ачса, кызды жамандап, курбусу жигитине турмушка чыгып алгандарды жолуктуруп келебиз. Ал эми бул макалдын канчалык бир деңгээлде чындыгы бар. Себеби, кайын сиңдисин душман катары көргөн жеңелер да жок эмес. Кыз байкуш жеңесине ишенип эрсиз калганы өтө өкүнүчтүү.



Куудул Максат Тасмаев:
- Ургаачынын тили-устаранын мизи
- Тилдүү аялдан кудай сактасын. (Күлдү) Мен жубайым менен дааватка чыгып келдим. Азыркы аялдардын көпчүлүгү дааватка үгүттөсөң тескери ойлоп качышат. Аял кишини барктап-баалап алуу бул- мырзанын колунда. Эгер жолдошу эч нерседен кем кылбай жакшы бакса, мен ойлойм, келинчегинин жыландын уусундай тили чыкпайт беле.


Динара Асылбекова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??