Режиссёр Рустам Аташов сайт ачты
Белгилүү режиссёрлордун бири, "Жан" киностудиясынын жетекчиси Рустам Аташов өзүнүн бардык жасаган эмгектерин бириктирип, "Жан" деген аталыштагы сайт ачты. Сайтка көптөгөн күйөрмандарын топтоп, элдин купулуна толгон "Министрдин кызынын махабаты 2, 3 ", "Эркектер 1,2", "Эгиз тумар", "Ак алтын" деген аталыштагы тасмалары жүктөлгөн. Жөн гана тасмаларын көрбөстөн, аткарган актёрлору жөнүндө дагы маалымат алып, кимде-ким тасманы көргөнгө мүмкүнчүлүгү болбосо, дагы бир мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн эске сала кетели. Андан тышкары, кадр артындагы кызыктуу окуяларга дагы күбө боло алат экенсиздер. Кызыксаңыздар, www.Jan.kg cайтына кирсеңиздер болот.


Тасма 1-августта жарыкка чыгат
Өткөн жумада "Алим Токторов продакшн" тартып жаткан кинокомедия мектептин директору болуп аткарган куудул агабыз Келдибек Ниязов, "Жыйырманчы жаз" фильминде кошуналардын ролун жараткан Ырыс Курманалиева менен Сатина Сырдыбаева эжелердин катышуусунда алыскы айылда жаштар калбай,жалаң пенсиядагы мугалимдердин жоруктары жөнүндө дагы бир жаңы боорду эзген сюжет тартышты. Ал эми кинодо эт саткан Эркин аттуу жигиттин шаардан келген кыздын жоругуна таң калам деп дарыяга агып кете жаздап, бирок бут кийими чындап эле агып кетиши, кинону көргөн киши, кайра көргүсү келе турган сюжет болду. "Кинокомедиябыз 90% монтаждалды. Атын жакынкы күндөрү жарыялайбыз. Кудай буюрса, 1-августтан баштап Бишкекте премьерасы көрсөтүлөт деген жакшы үмүтүбүз бар",- дейт кинонун режиссёру.


Асема гастролдоп жүрөт
Бир гана актрисалык менен чектелип калбастан, ырчылык кесипти дагы бирдей аркалап келе жаткан жаш, сулуу ырчы Асема Алтынбек Алымов менен бирге тоолуу аймактарды кыдырып гастролдоп, ийгиликтүү келишкен учуру. "Эми эмки жумадан баштап Көл жергесин кыдырып келейин деп пландаштырып жатабыз",- дейт назик үндүү айым Асема.


Ырчы Назира Токонова үйүн ремонттоп жаткан учуру
Өзгөчө үнү менен жаш ырчылардан айырмаланып, муңдуу, жай ырларга басым жасаган жаш ырчы Назира Токонова учурда сессиясын тапшырып, өзү өсүп чоңойгон үйүн ремонттотуп жатат. Ремонттогонуна караганда Назира айымдын турмушка чыгарына аз калды окшойт деп баамдап койсок болчудай экен. Андан тышкары, жакында "Кыргызстан Обондору" радиосу менен биргеликте жайкы эс алууга Ысык-Көлгө барганы жатат. Ал эми чыгармачылыгы токтоп калбастан, "Махабатым себепкер" деген аталыштагы сөзү Арсен Иманалиевге, обону Чыңгыз Турдубековго таандык ыр жаздырып, радиолордон жаңырып жатат. Буга чейин өзүнүн гана обондорун аткарып келген болсо, кичине өзгөчөлүк болсун деп, башка обончулар менен дагы иштешип жаткан чагы.


Гүлзинат Суранчиевадан жаңы клип
Көп жылдан бери талыкпай эмгектенип, талантын элге тартуулап, көптөгөн күйөрмандарын топтой алган ырчы айым Гүлзинат жакында эле "Ты и я" деген аталыштагы ырына клип тарттырып бүттү. Муну менен эле токтоп калбастан, Камчыбек Букалаевге таандык "Сага" деген ыр жаздырып жаткан чагы. Ал эми жеке жашоосу боюнча:"Кудай буйруса, эмки жумада үй-бүлөм менен Көлгө эс алганы кетип жатабыз",- дейт суйкайган сулуу Гүлзинат Суранчиева.


Ырчы Лутфилла кытайга аттанып жатат
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство Институтунда окуган таланттуу ырчы Лутфилла тарых сабагынан өткөн мамлекеттик экзаменден "4" деген баа алып, Кытайда өтө турган чоң сынакка даярданып жаткан учуру. "Кытайдын Артыш деген шаарында бир чоң сынакка даярданып жатабыз. Ал жактан ырчылардын тизмесин түзүп беришкен. Ошол ырчыларды алып, буйруса, июлдун 5-6ларында кетем",-дейт ырчы.




  Бир ырдын тарыхы

Атантай Акбаров:
"Ырымдын
обону шаңдуу болсо да, ичинде муң катылган…"
"Өмүр керемет" аттуу ырды жеткиликтүү аткарып, элине бул сыйкыр авазды өлбөс-өчпөс кылып калтырып кеткен обончу Шамшыбек Өтөбаев эмеспи. Жакшы ырга боёк менен көрк берген, албетте, акындын кайталангыс эмгеги тура. Ырдын тарых-таржымалын билүүгө ырдын автору акын Атантай Акбаров менен маектештик.


- Бул ырдын жаралыш тарыхына токтоло кетсеңиз?
- Бул ырымды болжолдуу түрдө 2000-жылы жараткам. 2000-жылы 27-майда туулган күнүмдө гүл белекке алгам. Эртеси күнү гүл соолуй баштаптыр. Адамдардын өмүрүн да гүлгө салыштырып, ошонун негизинде чыгарылган ыр болду. Бул жарык дүйнөдөн эрте көз жумган курсташтарым бар эле, ошолорду эскерүү максатында да ушул ырымды жараттым десем болчудай. Гүл ажайып кооздук берип, бажырайып ачылып, кайра соолуп калгандай, адамдын өмүрү да ошол гүлгө окшош тура. Бул жалган дүйнөгө бир келип, кетчү пенде экенбиз.
- Ушул ырды укканда, Шамшыбек Өтөбаев көз алдыма келет. Ырыңызды кандайча аткарып калды экен?
- Ыраматылык Шамшыбек Өтөбаев ырымды жактырып калып, ырдап чыкмай болду. Жубайым Өктөм экөөбүз Шамшыбек аганын үйүнө ырды алып барсак, жеңебиз конок кылып, палоо жасап тосуп алды. Ошентип, ырдап чыгарда Шамшыбек ага: "Атантай, кайырмага чейинки кайрыктарын оңдоого туура келди",-деп калды. Мага ырдын айрым тексти жана обону өзгөртүлгөнү анчейин жага бербеди. Бирок менин ырым элге бат сиңип, популярдуулукка ээ болду. Ошол учурдун "хит" ырларынын бири болду десем жаңылышпасмын. Шамшыбек аганын аткаруучулук чеберчилигине тан берип, ага абдан ыраазы болдум. Көрсө, менин ырымдай жашоону кечирген Ибрагим Жунусовдун "Эламаны" да ошондой шартка туш болгон тура. Динара Акулова өзгөртүп ырдаганы менен, ал ыр да ийгиликке жетишпеди беле.
- Элге тараган обону анчейин купулуңузга толо бербедиби?
- 2000-жылы "Сыр сандык" телеберүүсүндө бул ырды комуздун коштоосунда ырдап чыккам. Ушул обонумду кайрадан аранжировкалап ырдасамбы деген оюм бар. Негизи, ырларымда тереңдикке умтулам. Ал эми обон чыгарганымда жеңилдикке басым жасайм. Өткөөл мезгилде элдин жүрөгүн козгой турган ырларды жаратышыбыз керек да. Бул ырымдын обону шаңдуу болгону менен, бары бир ичинде муң бар.

Динара Асылбекова