п»ї

  Радио айдыңында

Кайрат Иманалиев, КРнын коомдук телерадио корпорациясынын генералдык директорунун орун басары:
"Алайкууда радио тартпаганын биринчи угуп жатам"
Кылымдарды карытып Кыргызстандын төрт бурчуна оболоп турган "Кыргыз радиосу" быйыл 80 жылдыгын белгилеп жаткан учуру. Ушул саамалык тууралуу окурмандарга маалымат берүүнү эп көрдүк.

- "Кыргыз радиосунун" тарыхына кайрыла кетсеңиз, биринчи жолу эфирге качан чыккан?
- "Кыргыз радиосунун" түзүлгөнүнө быйыл 80 жыл толуп олтурат. 1931-жылы Кыргыз Автономиялуу Республикасынын борбордук аткаруу комитетинин токтому менен республикалык радио комитет түзүлгөн. Ошол күндү биз "Кыргыз радиосунун" туулган күнү катары белгилейбиз. Негизи, Кыргызстанда радио жөнүндө түшүнүк 1920-жылдардын аягында пайда болуп, 1927-жылдары биз Автономиялуу Республика болгондо, борбордук аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбековдун докладын элге жеткирүү максатында жер-жерлерге радио түйүндөр биринчи орнотула баштаган. Бирок анда радиожурналистиканын элементтери жок, байланыш түйүнүнө тиешелүү гана радио түйүндөр курулган. Ал эми радиожурналистиканын башаты 1931-жылдан башталат. Биринчи төрагасы болуп белгилүү котормочу Сүйүнтбек Бектурсунов дайындалган. Ошол кезде ал адам 25 жашта экен, биринчи төрага катары радионун пайдубалын түптөгөн киши болгон.
- Бүгүнкү күндө радионун элге тарашы, элдин угуусу кандай? Ушул тууралуу сурамжылоолорду жүргүзүп турасыздарбы?
- Биздин милдет уктурууну даярдап элге берүү, элге таратуу тармагы КРнын байланыш тармагына тиешелүү болгон Кыргыз Телекомдун алдындагы РПО, РНТР деген кызмат бар, ошолор телени да, радиону да элге сигнал аркылуу таратат, алар бизге карабайт. "1-радио" жана "Кыргыз радиосу" бүтүндөй Кыргызстанга тарта турган радио, алар бардык аймактарга тараганга камсыз кылынган. Бул радиолорду жеке эле Кыргызстан эмес, коңшулаш Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын жана Кытайдагы Шинжан уйгур автономиялык областында fm жана УКВ толкундары аркылуу уга алышат. Мекенибиз тоолуу аймак болгондуктан, кээ бир жайлоолордо "1-радио" тартса, кээсинде "Кыргыз радиосу" тартып, кээде экөө тең толук тартпаган көрүнүштөр бар. Бул эми "Кыргыз радиосуна" эмес РПО, РНТРге байланыштуу экен. Биздин техниканы көзөмөлдөө борборубуз бар, алар Кыргызстан боюнча иликтөө жүргүзүп жатышат, кайсы жерлерде тартпашын билүү максатында. Биз өткөндө Ошко барганда маалымат алып келдик, Лейлек районунда дегеле "Кыргыз радиосу" тартпайт экен. Ошол сыяктуу кээ бир аймактарда мүчүлүштүктөр бар. Аларга сигнал аркылуу таратып жатпайлыбы, эгерде жакында биз санариптик-цифровой уктурууга өтөлү деп жатабыз, Кыргызстан 2015-жылдан баштап өтмөк болбодубу? Эгер мындай ыкмага өтүп кетсек, анда тоолордон кармабай калат деген мүчүлүштүктөр болбойт.
- Радио уктуруулардын программасы "КТР Обо" деген газетага жарыяланып турчу эле, азыр эч жерден программа таба албайбыз деген нааразычылыктарды угуп калабыз?
- Гезит каражаттын жетишпестигинен улам жабылып калды, абдан өкүнүчтүү. Гезит А.Карыпкуловдун убагында эмгек менен ачылды эле, "КТР Обо" аталып, ага чейин "Эфир" деген гезитибиз чыгып келген. Андан биздин анонс, программаларды угушчу да. Биз гезитти кайра чыгарууну ойлоп жатабыз. Быйыл сайтыбызга абдан көңүл бөлүп жатабыз, негизи, коомдук каналдын сайты бул убакка чейин өтө жакшы кызматын кыла элек эле. Ошону күчөтүү максатында биз Кубат Оторбаев келгенден бери сайтка абдан көңүл бөлүп жатабыз. Жакында жаңы сайтыбыз иштейт, бул сайтта теле, радионун программалары, анонстору, андан сырткары, теле-радиодо кеткен берүүлөр, бардык маалыматтар ошол жакта чагылдырылат. Анан онлайн аркылуу телени да, радиону да дүйнө жүзүнүн кайсыл өлкөсү болбосун ачып, каалагандай уга алышат, буйруса, аз калды. Бирок айылдарда интернет жок болгондуктан, гезиттин чыгышын колго алабыз.
- 80 жылдыкка карата кандай иш-чаралар өткөрүлүп жатат?
- 80 жылдык чоң маараке, бирок анда шатыра-шатман той берип жатып калуу жок. Радионун маанисин чыгарыш керек. 80 жылда кандай жолду басып келди, элге кандай кызмат кылды. Эмне артыкчылык кылды, эмне кемчилик кылды деп. Өткөн өмүргө баа берген сыяктуу, биз да өткөн жылдарга баа беришибиз керек, 80 жыл деген оңой жыл эмес. Биз бул мааракеге карата чоң китеп даярдап жатабыз. "Кыргыз радиосунун" ардагерлеринин көзү бар кезинде тирүү тарыхты билип калгандай кылалы деп баарынын катышуусу менен "Кыргыз радиосуна 80 жыл" аталышындагы көлөмдүү китеп жарык көрөт. Андан сырткары, радионун тарыхын чагылдырган телефильм тартылып жатат. Буйруса сентябрь айында 80 жылдык мааракебизди филармонияда салтанаттуу белгилейли деген оюбуз бар.

Редакциябыздын "Кат куржунуна" көп каттар келип түшөт. "Уккан кулакта жазык жок" дегендей, окурмандарыбыздын суроолоруна жооп алуу максатында, керектүү адамдарга кайрылдык. Ошентсе да, шамал болбосо чөптүн башы кайдан кыймылдасын?

- Ош областынын Кара-Кулжа районунун алыскы тоолуу Алайкуу өрөөнүндө "1-радио" гана угузулуп, "Кыргыз радиосу" тартпайт. Буга ким күнөөлүү? Силерди радиолор кайсыл жерде тартып, кайсыл жерде тартпаганы кызыктырбайбы? "1-радио" ыр, күү жана башка маданий, руханий кызыктуу берүүлөрдү эмнеге бербейт?


"Жайлообек, Алайкуу өрөөнү
- Биринчиден, радио угарман кызыгып ушундай суроо бергенине ыраазычылык билдиребиз. Замандын талабына ылайык угармандардын да угуу табити өзгөрөт экен. Анан бир радиого эле баарын камтып бергенге болбойт экен, ошондуктан, биз ар бир каналдын багытын аныктаганбыз. Мисалы, "1-радио" - маалыматтык радио, ал кечке элди жаңылыктар менен камсыз кылат. Ал эми тартпай жатканы жогоруда айткандай алар РПО, РНТРге тиешелүү. Биз аларга айтып эле жатабыз, алар тартып жатат деп маалымат беришет. Биз Бишкекте отуруп билбейбиз, мына Алайкууну жаңы угуп жатам. Биздин техникалык топ азыр жер-жерлерди кыдырып текшерип жүрүшөт. "1-радио" кечке маалымат берет, эми ыр-күүнү киргизсекпи деп ойлоп жатабыз. Бирок ал жактарга "Кыргыз радио", "Миң кыял" радиолорун тарттырышыбыз керек. Алайкууну эстеп калдым, тапшырма берем. Биздин негизги максатыбыз элге жеткирүү, ар бир угармандын талабы биз үчүн кымбат. Ошондуктан, аны эске алабыз.


Динара ЧОКОЕВА




  Билгениң оң

Компьютерде көпкө отуруу геморройго алып келет
Компьютерде узакка иштөөнүн зыяны ого эле көп. Мисалы, көзгө, бетке, омурткага...
Компьютерде көп отурган адамдын ээги салаңдап калат
- Британиялык врачтар компьютерде узакка отуруунун арты аялдарга коркунучтуу жыйынтыктарды тартуулаарын аныкташты. Тагыраак айтканда, аялдарда "компьютердик жүз" пайда болот экен. "Компьютердик жүз" бул - чекеге, көздүн тегерегине жана моюнга түшкөн бырыштар (үндүктүн моюну сымал), ошондой эле салаңдаган ээк.
- "Адам компьютерде бир калыпта башын салаңдатып отурса, анда моюндун булчуңдары алсызданып, акырында экинчи ээк пайда болот. Ал эми экранды караган сайын чекени тырыштыруу, үтүрөйүү бырыштын эрте түшүшүн шарттайт.
- Компьютерден чыккан нурдануу терини кургатып жибергендиктен, көз алдында грыжа келип чыгып, көздүн алды шишимик тартып калат.
- "Компьютерден эмне үчүн эркектерге эмес, аялдарга бат бырыш түшөт?" деген суроо, албетте, жаралат. Буга окумуштуулар "аялдын терисинин назиктиги (демек, тери бат кургап, бырыштын түшүшүн шарттайт), булчуңдардын чың эместиги күнөөлүү" дешет.
Ал эми ээктин салаңдашы эркектерге да тиешелүү.
Көздү кургатып жиберет
Электр-магниттик нурлануу терини жана көздү кургатып жиберет. Андыктан, компьютерде узакка отургандардын үчтөн экиси "кургак көз" оорусунан жапа чегишет. Бул көздүн көрбөй калышына жеткирбесе да, көздүн ичинин дамамат кургап турушуна алып келет. Алтургай көзгө күч келип, кандын куюлушун шарттайт.
Колдун нервинин сезгениши
Компьютердин клавиатурасы менен активдүү иштөө колго күч келтирет. Манжалардын башынын сезимдүүлүгү начарлап, жансызданат. Мындай абал күн сайын кайталанып жүрүп отурса, колдун нерви, муундары жабыркап, сезгенет.
Колдун булчуңдары гипотрофияга (булчуңдардын өлчөмүнүн кичирейиши) учурайт.
Ашыкча салмак
Дайыма бир орундан жылбай отуруу ичте майдын топтолушун жаратат. Ал эми ашыкча салмак кант диабетине дейре жеткирерин унутпоо кажет. Андыктан, күчтүү тамак жеп алып, компьютердин маңдайында жылбай отуруу туура эмес. Анткени, ашыкча энергия майга айланат. Анын үстүнө семиздик адамды улуу көрсөтөт.
Геморрой
Бир орунда узакка отуруу жамбашта кандын жакшы айланбашына алып келет. Башкача айтканда, жамбашта кан уюп калат да, вена тамырларга күч келтирет. Демек, геморройдун жаралышын шарттайт. Алдын алуу үчүн дале убак-убагы менен басуу, эс алуу керектелет.
Сайра Сопушева
P.S. Маалымат интернет булактарынан алынды








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??