п»ї

  Достум, билгениңен биле элегиң көп!

АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ
Жанызак басма
(АДАБИЙ ЧАЛЫШ МАЕК-РОМАН)
(Башы өткөн санда)
- Эми, залкар адамдын ишине токтоло кетели. Залкар киши ага чейин деле уккандыр да, Таттыбүбү жалаң эле сулуу эмес, бир аз алигидей экенин. Кыскасы, а киши кайда баратканын билсе керек да? Билип туруп... - Конешно, конешно, элдин оозунда сөз жүрүп жатса кантип билбей коёт..
- Бирок ошого карабастан а киши өзү барды да, маселен... Вот, эмне себептен деп ойлойсуң?
- Билесиңби, менимче,.. менин оюм мындай да. Бу киши өзү сулуу адамдарды жакшы көрчү. Негизинен. Өзүң ойлоп көрбөйсүңбү: Бүбүсара сулуу аял беле? Ну-э, Таттыбүбү да калышпайт... Сулуулук азгырат да.. Чынында а киши искусствонун, адабияттын адамы да, эстетикалык чувство деген күчтүүрөөк да.. Жана кээ бир тесттер чыгып жатпайбы: сиз сулуулугун жакшы көрөсүзбү же акылынбы, же там, тиги, жытынбы, деген сыяктуу. Анан менимче, Айтматовго көбүнчө сулуулугу көбүрөөк жаккан болуш керек. Анан анын үстүнө бу кишиде комплекс жок да, ылгабайт да. Он же не закомплексованный адам (салт, палан-түкүн, деген чектөөлөрү жок - Ж.). Ну-э, көз карашы алда канча эркинирээк адам, башка тарбия алып калган..
- Демек, биринчи кезекте а киши Таттыбүбүдөн анын жүрүш-турушу, таланты, адамдык касиети дегендерин күтпөй, тек анын сулуулугун гана көргөн дечи...
- Аялдык сулуулук...
- Эми, бу кишинин катындарга байланыштуу бир аз башкачараак окуяларын бүгүнкү күндөн алганда кандай баалайсың? Андайга кантип макул болуп жатабыз? Же биздин моралдык принциптер башкачараакпы, же бизде адамдын моралдык турпаты экинчи планда каралабы? Же байыркыдан келаткан катындарга болгон биздин эркектаналыгыбыз азыркы кыргыз жарандарына анчалык доо кетирбей калганбы? Ушуга сенин көз карашың..
- Эми билбейм, сен өзүң деле жакында окубадыңбы? Миттеран жөнүндө гезиттерден, жыйырма жылдан бери ойнош аялы бар экен, а түгүл кыздуу болуп, анысы да бой жетип калыптыр, бир сөз менен айтканда. Анан айтып атпайбы, француздар буга лояльный (көндүм катары - Ж.) карайт, деп. Ну-э, кыргыздар да ушуга кичине көз жумуп карайт болуш керек да, менимче. Анан анысы мындай да, бизде кичине мындай, өзүң билесиң, азиаттык психология бар да, биринчиден. Экинчиден, мусульманствого кичине мындай, аралашып калгандын өзү да бир жагынан ушуну актап кетет болуш керек, менимче. Жанагы, төрт аял, көп аялга уруксат берген нерсе, анан көңүлдөш болууга да уруксат берип койгон да...
- Мусульманстводо формалдык түрдө болсо да нике дегендей шариат жолу бар... Ал го мейли, эми ушундай болгон соң кыргыз саясаты да көңүлдөш болууга уруксат бере берет деген ойду айта аласыңбы?
- Ошондой болот го деймин да, ххе-хм.., билбейм, балким, муну дагы да дурустап ойлонуп көрүш керек..
- Эми ушундай болгону плюспу же минуспу?
- Ойлонуп көрүш керек, Жаке, муну салттын тегерегинде ойлонуп көрүш керек, мунобу, элдин жашоо шартынын тегерегинде ойлонуп көрүш керек да. Анан кийин гана бир жыйынтыкка келиш керек. Анан, балким биз жанагы француз моделине өтүп кетээрбиз, ха-ха-ха (экөөбүз тең бир жыргап каткырып алдык)..
- Ке кана, колду берчи, ап-балии, рахмат, рахмат, күткөнүм кайтты. Анан дагы улантаарбыз чогулуштан кийин...
Экөөбүз туруп, жазуучулар Пленумуна жөнөдүк. А кургуруң тээ кеч бешимге чейин созулуп, агүнү калган сөзүбүз бүтпөй калды..
Ал анан, ал ортодо үч-төрт күн өтүп кетти, "артынан сая түшүп маек алдым" дегендей эле болдум. Жанышың бир карасаң тиякта, бир карасаң биякта, театр ишмерлер Союзуна кетти дейби ай, анан жазуучулардын жанагы талашы эле бүтпөй койду, бир кафени "бөлүп жей албай" эле чогулушуп жатышты, айтор. Анан калса "Жайсаң" аттуу менчик театр ачып алган экен, отурган жери кымгуут, телефондордун чырылдагы бир жактан...
Акыры буюрган күн келди көрүнөт:
- Жаныш, сен Таттыбүбү Турсунбаева эжени жазган китебиңде биротоло аппак кууга теңештирип салыптырсың да, анын турмушундагы жамы кыргыз журтуна маалым тактарды элес албай кетиптирсиң. Мен азыр топтоп жүргөн маалыматтар ушу биздин залкар талантыбызга тикелей байланышпаса да, көрүнүктүү актрисабыздын көмүскө жактары башка бир Аскар Тоодой инсаныбыздын пешенесин кененирээк ачып көрсөтөбү дейм. Ошол аркылуу жалпы эле улуттук ыйман планкасын бир-эки карыш болсо да бийиктетүүгө мүмкүнчүлүк болуп калаар... Өткөндө Таттыбүбүнүн кээ бир эпизоддорунан сөз козгоп келатып, кептин акырына чыкпай калбадык беле. Жанагы, Таттыбүбүнүн турмушка чыгуу жагдайынан баштап берсең...
- Өткөндө экөөбүз сүйлөшпөдүкпү: мен баягы, китеп жазайын дегенде кимден, Жаркындан сурап калдым да, неме, элдин арасында баякы неме көп жүрөт да, көп жүрөт дегеним баякы: Таттыбүбү минтти, анан ал тигинтип, баякы, анын кызы баланчадан төрөлгөн, мисалы, түкүнчөдөн төрөлгөн, деген сөздөр көп жүрөт. Мунун чын-бышыгын билиш керек эле да, анан тигинден сурасам, кимден, Жаркындан сурасам ал айтат, ар ким ар кандай айтып жүрөт, деп. Бири Мардын (айтылуу жазуучу Мар Байжиевдин - Ж.) кызы деп айтат экен, бирөө болбосо тиги, кимдики, тиги, Бейшеналиевдин кызы дейт имиш, бирок фактически алардыкы эмес, дейт да Жаркын. Алардыкы эмес,., иши кылып бир жумгалдык жигит бар экен да айтымына караганда. Ошол жумгалдык жигит университетте окуган экен.. Как раз ошол жигит Таттыбүбүнү жакшы көрүп калганбы, айтор, экөө бири бирин жакшы көрүп калышыптыр, анан ошол жигиттен болуп калган дейт да. Анан, бая эми, ал жигит качып кеткенби, айтор бир колуктусу бар экен, анан айтымына караганда үй-бүлөсү да макул болбой койсо керек. Артистке үйлөнөсүңбү, анан тигиндей-мындай, деп койду да. Ошондон улам ал жигит макул болбой койсо керек. Анан айласы кеткенде эмне кылыш керек деп ойлоп, анан эми баякы, канткен менен сени жакшы көрүп жүрдү эле деп кеңешип туруп кимди, Болот Бейшеналиевди чакырышыптыр да...
- Ким экөө кеңешип дейсиң?
- Ошо, Жаркын менен. Анан Болот... Себеби Жаркын айтат, экөөбүз бир квартирада турчубуз дейт бир жерде. Анан чакырдык дейт Болотту. Анан Таттыбүбү Болотко айтканда эле, Болот кетип калыптыр да.. Анан эми баары бир положениеден чыгыш керек да, каким-то образом чыгыш керек!
- Ошондой болуп калды, деп Таттыбүбү Болотко өзү айтыптырбы?
- Эми баягы, ошондой расчетто болгон да, эми баягы, чыны менен сүйсөң кандай болот, кечирерсиң, деген ойду айтышыптыр да, эми баягы, эсеби ушундай болсо керек да. Анан Болот неметпегенден кийин, ордунан туруп кеткенден кийин Имашка (Эшимбеков- Ж.) айтышыптыр. Ну анан, Имаш, биринчиден, сүйсө Таттыбүбүнү, экөө бири-бирин абдан жакшы көрсө, анан ал действительно джентльменский поступок кылган - анан ошол, макул болуптур. Кийин ошол үйлөнүп, кийин жашап калгандан кийин, та-ак анан, аябай мындай, менин оюмча, ошонун негизинде болсо керек да, раз ошондой иш болуп калгандан кийин, видимо, ошонун негизинде болсо керек - өмүр бою уруп-сабагандыгы, видимо, ошого байланыштуу болсо керек да.




Жанызак басма
Айгүл ШАРШЕН
Бакыттын жылмайышы
(Башы өткөн санда)
- Мм…
- Калыс, ата-энең кайда?
- Таласта.
- Кайсы айыл?
- Чоң-Дөбө, - деп кыз жылмая күлүп койду. - Айылым керекпи же өзүмбү?
- Дегинкиси баары керек, сендей сулуу кыздын чоңойгон жерин угуп, көргүм келет, сен өскөн, сен туулган жер мен үчүн ыйык, Калыс, - деп жигит кыздын колун кармалап көпкө отурду.
- Кой, кыздар атаандашат, барайын мен, - деп Калыс жигиттин колунан колун бошото өйдө болду.
- Макул, бирок бир шартым бар.
- Айта бер.
- Кечинде ай төбөгө келгенде суу боюна келесиң.
- Болуптур, келем.
- Чынбы, алдабайсыңбы бул жолу?
- Жок, сөзсүз келем, - деген кыз алдыга жүгүрүп кетти. Мирсаид болсо ары жакта кошкуруп оттоп жүргөн карагерге секирип минип, Калыстын артынан жете келди. Өзү ыргып түшүп, ай-буйга келбей эле кызды көтөрүп, ээрге отургузду.
- Эми экөөбүз тең барып иштейбиз, - деп чылбырды колуна алып жандай басты. Кыз жүрөгү элеп-желеп, жүзү албырып эки бетинин оту кызарып чыккан. Алар тээ этектен көрүнгөндө боордо чөп жыйып жүргөндөр ар кайсы жерден токтой калып, карап калышты.
- Бизди карап жатышат.
- Мейли, карай беришсин.
- Уят, мен түшүп алайынчы?
- Жо-ок, болбойт, - деп Мирсаид чылбырды коё бербей кыздын тизесине бир колун коюп заңкылдап ырдап кирди.
Жайдын бир гана толук а-ай кезинде ай,
Адырлуу гана тоонун а-ай бетинде.
Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн ай,
Жайдары гана селки аа-ай эсимде!
- Ушунча катуу ырдайсыңбы? - Кыз күлмүңдөй карады.
- Сен жанымда болсоң бүт аалам уккудай кылып ырдагым келет, Калыс, - деп жылмайган Мирсаид эңкейе калып гүлдөрдөн терип, ашыгына сунду. - Бул менин сүйүүмдүн белгиси, менин сүйүүм ушул тоо гүлдөй назик, тоодой бийик, абасындай таза!
- Рахмат.
- Эмнеге рахмат?
- Мени ошончолук сүйгөнүңө.
- А сенчи, сен мени сүйөсүңбү? - дегенче алды жактан:
- Данияр менен Жамийла келе жатат! - деп бирөө кыйкырып калды.
- Жими менен Рита!
- Ромео менен Жульетта!
- Кызык, элдин баары карап калды, - деген Калыс аттан түшүп, чөмөлөдөн сузуп арабага жүктөп жаткан кыздарга карай жүгүрдү.
- Калы-ыс! - деп Нуржанат тээ ары жактан кыйкырды.
- Барата-ам! - Калыс аны көздөй умтулду.
- Калыс, каякка бардыңар? - деп жете келген курбусуна ашыга суроо узатты Нуржанат.
- Кашатка.
- Эмне бар экен аякта?
- Эмне болмок эле?
- Деги да, бактылуу экенсиң, сени биердегилер кандай гана суктанып кеп кылып жатканын билсең! - деп Нуржанат өзүнчө эле эргий сүйлөдү.
- Эмне деп кеп кылышты?
- Мирсаид жигиттин гүлү экен, кыз экөө жарашыктуу түгөй болушат дейт, сен ага сүйөм деп айттыңбы?
- Жо-ок ай, андан көрө иштейли, - деп Калыс курбусунан көзүн ала кача бешилик менен чөп чогултуп кирди. - Анын мага кызыкчылыгы да жок.
- Кызык экенсиң, кыздар өздөрү жүгүрүп жете албаган жигит сага көз артып, сүйүүсүн арнап жатса көтөрүлөсүң да? - деди Нуржанат аны менен катарлаша чөп сүрүп жүрүп. Калыс андан кийин үндөгөн жок, өзүнчө ойго батып: "Кантип, мен таза болгонумда кандай бактылуу болот элем, анын сүйүүсү мага арман тартуулап жатса кантем? Убалым жетсин сага, ата, ата деген сөзгө татыбайсың, бири-бирибиздин жүзүбүздү тирүүдө көрө албай калдык го. Ошондон көрө эбак өлүп калсаң эстегениме жакшы болмок, эми сени эстегенден жийиркенем, колумдан келсе мыжыгып өлтүргүм келет. Баса, ата-энем малчы деп оозумдан чыгып кетти, өлүп калган, эч кимим жок дегеним жакшы эмес беле", - деп ойлоп жан дүйнөсүндө бороон улуп, канчалык күн ысып турса да силкине бүткөн бою муздап, дирт этип алды. Көз алдына ошол каргашалуу түн келгенде ичиркенип калтырап кетти. Кечке иштеп, кечинде чатырга келип, кечки тамакты ичкен соң жатып алды. Улам сыртты карап коёт, бир кезде тептегерек болуп ай чыкты, ай нурун жер бетине тегиз чачырата жай жылып келе жатты. "Ай төбөгө келгенде күтөм", - деген Мирсаиддин сөзү кулагына жаңырып, кыз өзүнчө жылмайып алды. Жаштыктын ар бир сааты, ар бир мүнөтү кандай гана рахаттуу, кандай гана сонун. Көздөрүн жалжылдата чоң ачып алып: "Эмнеге, мен сүйүүгө татыктуу эмесминби? Сүйүп да, сүйдүрүп да өтүүгө акым бар, мен дагы сүйөм сени, Мирсаид. Жүрөк толкуп сенин атыңды укканда асманда каалгып учкан каркыра сымал сезем өзүмдү. Бирок өкүнүчтүү тагдырымдын жан кыйнаган сыры колу-бутумдан тушап кармап турат, кол тийгис аруу сүйүүм сени менен жүздөшүп, сүйүү сөздөрүн айтууга тоскоолдук кылып турат. Баары бир жаш жүрөгүм сени коё бергиси келбейт, сени жоготкум жок, эгер сүйгөнүң чын болсо кечирүүгө тийишсиң", - деп ойлонуп жатты. Канча убакыт антип ойдун ойдуңдарын аралап, санаанын сансыз кырын ашып жатканы белгисиз, бир маалда акырын чатырдын ачык жеринен асманды караса ай төбөгө келип, тегиз тийип калыптыр. Акырын туруп кийинди да, дабыш чыгарбай сыртка чыгып, элеңдей сууну көздөй кетип жатты.
- Калыс! - деген үндү угуп токтой калды.
- Кайдасың?
- Таап ал! - деп үн салды Мирсаид карааны көрүнбөй.
- Анда кетем, коркуп жатам.
- Коркпо, сулуу кыз, мен сенин жаныңдамын, - деп жигит шыралжындын арасынан тура калды. - Мына, мен биердемин!
- Чочутуп жибердиң.
- Кечир, сулуум, келгениңе рахмат.
- Келеримди билдиң беле?
- Билгем, күндө сенин чатырыңды карап тура берем. Ооба, кыздар ушундай болот да, бир чакырганда эле келе койбойт.
- Кыздар менен көп сүйлөштүң беле?
- Жок, жомоктордо бар го, улуулар дагы көп айтышат, кыз назы менен болбосо болбойт экен…
- Ырас эле мурда кыздар менен сүйлөшкөн жок белең?
- Жок, жолугушуп жүргөм дечи, сүйүү жок болчу, биринчи жолу кыз сүйүп жатам, өмүрүмдөгү бактылуу күнүм бүгүн.
- Менин дагы.
- Чынбы, Калыс, айтсаң, сен мени сүйөсүңбү? - Жигит кызды тике карап, айдын жарыгында ээгинен өйдө көтөрдү. - Айтчы, мени сүйөсүңбү?










кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??