п»ї

ОП-174-01. Казарман айылында жашап жаткан апам Анара, атам Таалайбекке жана эжелерим Жаркынай, Айдай, инилерим Тайлак, Амирге салам. Үмүтай
ОП-174-02. Сүйүү адамга бакыт үчүн керек. Идея сүйүүнү ойрондобостон, кайрадан байытып турган, аны мурдагыдан бетер ынтызар жана кол жеткис бийиктикке көтөргөн. Сүйүүнүн энчисине учу-кыйыры жок сыноолор: узак жылдарга чейин көрүшпөсө, сүйгөн кишиси үчүн сабыркап санаа тартуу сыяктуу сыноолор туш келет. Мындай сүйүү жөн эле көңүл жоктон айырмаланат. Андай сүйүү эркин жана адилет сезим менен бекемделет. Мен Uri 93
ОП-174-03. Урматтуу "Обонканын" СМСчилери жана окурмандары, силерге суроом бар. Сүйүү чынбы же жалганбы? 0779475995 номерине СМС жөнөтүңүздөр. Мен Uri 93
ОП-174-04. Асмандагы булуттардай учуп барам, сүйүүнүн деңизинде сүзүп барам. Периштедей тилек тилеп, арман эч убакта болбосо деп, жараткандан жалбарып сурап калам. Жаш акын Uri 93
ОП-174-05. Сага башка жар, мен болдум сага зар. Бир гана сүйүүбүзгө күбө болду, себелеген аппак кар. Жаш акын Uri 93
ОП-174-06. Алтыным деп сүйлөгөнүң эстедим, элестеттим эч эсимден кетпедиң. Айлуу түн сени самап сагынып, махабаттын аруулугун сезгенмин. Жаш акын Uri 93
ОП-174-07. Салам, "Обон". Менин чачым жумшак, анан суюк. Чач өстүрсө болот деп уккам. Катуу, анан коюу кылып өстүрсө болобу? Баасы кандай? Ушул жөнүндө кененирээк маалымат бергилечи, сураныч. Гуля, Бишкектен
ОП-174-08. "Обонушка". Бегимай Эсенгулова эжени абдан жакшы көрөм. Мүмкүн болсо, менин номеримди берип коюңуздарчы. 0779940ххх
"Обондон" жооп: Албетте, берип коёбуз.
ОП-174-09. Саламатсыздарбы, "Обон". Мен F4деги Вубин, Гым Чан Ди жөнүндө билгим келет. Рахмат. 0779641ххх
"Обондон" жооп: Булар жөнүндө өткөн сандарыбызда маалымат берилген. Андыктан, биздин өткөн сандарыбызды окуңуз.
ОП-174-10. "Обонушка". Мен силерди сыйлайм. Ар бир саныңарды калтырбай окуйм. Ишиңерге ийгилик. Альбина Токмок
ОП-174-11. Салам, "Обон" жана кыргыз калкым. Баарыңарга аманчылык, молчулук, токчулук каалайм. СМСчилер, алга! 0778550ххх
ОП-174-12. Мага мыкты КВНчи Саламат Алиев тууралуу маалымат бересиздерби, суранам. Кумири Бема, Түп
Алиев Саламат Жанышович
1985-жылы 7-октябрда Кемин районунун Жол-Булак айылынын Боролтой деген жеринде туулган.
Бою 167 см, салмагы 62 кг. "KG clubга" келгенге чейин "Весёлый строитель" "План Б", "Баягылар", "Жалал-Абадские волки" сыяктуу бир канча юмордук командаларда оюн көрсөтүп келген. Атасы Жаныш Ишенаалы Арабаев атындагы Университетте окутуучу, апасы Клара Караколдогу ооруканада догдур. Үйдүн улуусу, карындашы Рахат 4-курстун студенти, иниси Изат автоучилищада окуйт.
ОП-174-13. Мен сени сүйөм, жүрөгүм. Келинчегиң
ОП-174-14 . Сен белең сүйгөнүмдү тартып алган, сен белең жүрөгүмдү кыйноого салган? Гүлназ 95, Таш-Көмүр
ОП-174-15. Ашыктык алоосуна күйдүм неге, бир жанды көрүп эле сүйдүм неге? Тушалган махабаттын торлорунан, туткундай бошоно албай жүрдүм неге? Сагынычтан жүрөк эзилип, санаа тартып күтөт неге? Казармандан Бакасбек кызы Мунара
ОП-174-16. Казармандагы Казарман орто мектебинин 8-в классынын кыздары Кундуз, Рано, Айпери, Сайрагүл, Элзада, каникулду жакшы өткөргүлө. Мен силерди сагындым,- деп досуңар Бакасбек кызы Мунара.
ОП-174-17. Менден Көк-Алмалык 99-жылкыларга чоң салам. Борка
ОП-174-18. Бегимай Эсенгулова жөнүндө маалымат бериңиздерчи. Мен аны жакшы көрөм абдан. 0779940ххх
Бегимай: 1990-жылы 21-ноябрда Караколдо төрөлгөм. Тилекке каршы, мен эки жашка чыкканда, атам каза болуп калып, апам экөөбүз Бишкекке көчүп келгенбиз. Ошентип, үч жашымдан бери Бишкекте жашайм. Апам Таластык.
ОП-174-19. Салам, "Обон", кандайсыздар? Сиздерден сураныч, ырларымды гезит бетине жарыялаңыздарчы. 0778730ххх
"Обондон" жооп: Албетте, жарыялаганга даярбыз.
ОП-174-20. Салам, "Обон". Ар бир өткөн күнүмө ыраазымын. Кудайыма миң мертебе ыраазымын. Жашоонун кызык өтүп жатканына ыраазымын. Камила
ОП-174-21. Менин 4 жылдан бери сүйлөшкөн кызымды ала качып кетти. Атасы отургузуп койду. Мен эмне кылсам болот? Жонга
"Обондон" жооп: Урматтуу биздин СМСчилер, Жонгага жардам иретинде кеңеш берип коюңуздар.
ОП-174-22. Салам, "Обон". Кыргыз калкым, бар болгула, аман болгула. Саякат Kg
ОП-174-23. Менин саламым досторум Айчүрөк, Перизат, Элмира жана Элнурага жолдонот. Жаратканым силерден эч нерсесин аябасын, ар дайым аман болгула. 0778736ххх
ОП-174-24. Базар-Коргондун 93төрү, силерге ак жол! Дайыма бактылуу болгула. Айтурган
ОП-174-25. Салам, "Обон". Мен силерди жакшы көрөм. Курбуларым Наргиза, Аймана, Айдана, Камилага салам. Айыма
ОП-174-26. Баарына салам. Ариет, мен сени аябай сүйөм. А сен мени сүйөсүңбү? Жообун күтөм. Аяна 90
ОП-174-27. Салам, Кыргызстан. Өнүгүп-өсө бер. "Обон" гезитине ысык салам. Нарын облусунун Жумгал районундагы Түгөл-Сай айылына салам. Kg Эрлан 92
ОП-174-28. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Беш-Бадам айылындагы 91-жылкы досторум Майрамбек, Нурбек, Нурсейит, Султан, Канат, Канжар, Жээнбек, Азин, Бакыт, Доорон, Жапар, салам. Кутман
ОП-174-29. Кыргызым, кыйналдык го, кысылып кырылдык го, кыйылып канча өмүрлөр. Алматыда канча кыргыз болсо, ошонун баары кыйынчылыкта күн көрүп келет. Баурларыбыз аябай иштеп, кысым жасап, кыргыздардын укугу тебеленүүдө. Айтчы, ким, качан, кыргыздын калпагын көк асманга тийгизет? Алай
ОП-174-30. Турмушум неге мынча тайкыланды? Тажаймын жалгыздыктан туталанам. Канткенде чыгамын мен бул турмуштан? 0773575ххх
ОП-174-31. Кээде туруп кыялымда ойнойсуң, элесимде кылыктанып болбойсуң. Кээде жатып тынчып калган убакта, жүрөктү эзип ойлондуруп толгойсуң. 0773575ххх
ОП-174-32. Табигат сырдуу Алтынай досум, кандай, жакшы жүрөсүңбү? Сени сагындым, мени унутуп башка досторду таапсың. Жок дегенде ошолор менен достукту бекем кыл. Мен Айпери, кабарлашам десең, номериңди газетага жаз, күтөм. +77754007ххх
ОП-174-33. "Обон", саламатсыздарбы? Жалпы жамааты, ишиңиздерге ийгилик каалайбыз жана мындан ары да өнүгүп-өсүңүздөр. 0773575ххх
ОП-174-34. Саламатсыздарбы? 98-лицейдин адресин, телефон номерин бере аласыздарбы? 0779630ххх
"Обондон" жооп: 109га чалсаңыз, ал жактан айтып беришет.
ОП-174-35. Салам, "Обонум". Менин саламым дүйнөдөгү жүрөгүмдүн ээси, жандай көргөн жалгызым, жаным Самарага жолдонот. Жаным, бар бол. Мамлекеттик экзамендериңди ийгиликтүү аяктап ал. Раяна кызыбызды бактылуу кылып чоңойтолу. Сүйүктүүң Талант
ОП-174-36. Жолдор көп, жолдон адашпай, жолугушуу үчүн тарайлы. Алтындай менин классташтарым. Маха
ОП-174-37. Ар адамга өмүр кымбат, бир келет. Дагы канча өмүр калды, ким билет. Ойноп-күлүп бирин-бири сыйласа, достун баркын жалгыз гана дос билет. Бар болгула,- деп Айдай.
ОП-174-38. Акыркы ырым болсо да, сен үчүн бул жаралды. Мен умтулуп жетпесем да, укчу ушул ырымды. Бул ирет мен таба албаймын, адашкан бул жолумду. Элесиңе мен суктанам, эңсеп, бөлүп оюмду. Айбек
ОП-174-39. Салам Раш, сен чыныгы кыргыз элин алыска таанытчу жигит экенсиң. Талантыңа таазим. Күйөрманың
ОП-174-40. Аалам жарык, сен жанымда болсоң эгер, жаным. Күтсөм ал күндөр да кирип келер. Жараткандан суранам, жаным, сени, сурансам ал мага берер. Жаным, кечир көз жашыңды агыздым, бирок, жаным, мен да ойлоп сагындым. Жүрөгүмө от кирип турган кезде, сен менин айыктыруучу дарымсың. Миң кайталап сүйөмүн деп айткым келет, бир болорубузду билем, жаным, жүрөк сезет. Бул өмүрдү муң, армансыз өткөрөлү, ошондо гана ортобузга сүйүү келет. Жүрөк кичине буюм, байлык, бийлик батпайт. Жүрөгүмө бир гана сүйүү батат. Эч ойлонбо, жүрөгүмдө сен жашайсың. Орун алып койгом, жаным, сага арнап. 0779737ххх
ОП-174-41. Калыс- Ордо жаңы конушунда универсалдуу чач тарач бар.(Айыл өкмөтүнүн жанында) Венера, 0543-14-50-73
ОП-174-42. Балыкчылык Супелеев Адилетти издейм. Окусаң, мага чал. Тааныгандар болсо чалып койсоңор. 0770214886 Алина
ОП-174-43. Мен бир жигитти бир көрүп сүйдүм, аты Аман эле. Азыр Россияда иштейт. Сураныч, мага чалчы. Номерим: 0771131848, 0778404478, күтөм. Роза
ОП-174-44. "Обон" гезити. Скарлетт Йоханссон тууралуу билип бергилечи. Дина
Скарлетт Йоханссон 1984-жылы 22-ноябрда Нью-Йорк шаарында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 4 бир тууган. Эң улуу байкеси Эдриан Йоханссон, эжеси Ванесса Йоханссон жана эгиз түгөйү Хантер Йоханссон. Скарлетт 13 жашка чыкканда, ата-энеси ажырашып кетишет. Ошол себептен жан дүйнөсү актрисалык кесипке жакын боло баштайт. Анткени, ал жашоодогу өкүнүчүн роль аркылуу чыгарып алууну каалаган. Мектепте окуп жүргөндө ар кандай спектаклдерде роль жаратып, чыгармачылык жолун баштаган. Ал эми биринчи ролун 1994-жылы "Норт" тасмасында Лаура Нельсон деген кыздын образын жаратып, режиссёрлордун оозун ачырып таң калтырган. Бирок бул кино ага атак-даңкты алып келген эмес. Көп аракет кылып майда тасмаларда роль жаратып жүрүп, 1998-жылы гана "Заклинатель лошадей" деген тасмада өтө чоң жоопкерчиликти моюнуна алып, кыйын образды жараткандыгы үчүн таанымал болгон. 2004-жылы Джаред Лет менен сүйлөшүп жүрүп, ошол эле жылы ажырашып кетишкен. 2006-жылы Джош Хартнет менен сүйлөшүп жүрүп, муну менен дагы көпкө узаган эмес. 2008-жылы Райан Рейнольдс менен таанышып, үйлөнүшкөн. Бирок 2010-жылы ажырашуу тууралуу гезит-журналдарга интервью беришкен.
ОП-174-45. Менин жакын досторум Гүлизага, Махабатка, Каныкейге, Алияга жана Айзадага чоң салам айтам. Мен аларды ар дайым жакшы көрөм. Унутпагыла, силер менин ар убак жүрөгүмдөсүңөр. Ошондой эле 9-классты ийгиликтүү бүтүшүңөр менен куттуктайм,- деп досуңар Айдай.
ОП-174-46. Салам, достор. Мага кеңеш бергилечи. Адамзат сүйүүсүз жашоого болобу? Сүйүүдөн азап чегип келем. Асел 0778727577
ОП-174-47. Сүйүүнү негизи эле баалаш керек. Адам баласы сүйүүдөн жаралып келет. Адам эгер сүйүшпөсө, анда биз кайдан жаралмак элек. Сүйгөнүңөрдөн эч убакта айрылбагыла! Айдай
ОП-174-48. Аксынын Кара-Дөбө айылында жашаган Элнура, Айгерим, Шайы, Элмирага сагынычтуу салам. Кызыл-Кыядан Азико
ОП-174-49. Алтынай, топ кыздардын арасынан, көзүмө эле көрүнөсүң. Байкап мен башта сени жүргөм, ай болуп төгүлөсүң. Күлгөнүң мөлтүр тунук булак, кулпуруп гүлдөй өңдөнөсүң. Айбек
ОП-174-50. Ури 93 жаным, кандай ден соолук, иштер? Алтыным, эч көңүл бурбай койдуң го мага. Же башка жигит таап алдыңбы? Тапсаң чынын айтып кой. Сени сүйөм дей бербей. Мен жан шерик табайын. Гузел 0778195ххх
ОП-174-51. Анекдот: Танел Уркия менен ар кайсыны сүйлөшүп отуруп, курсагы ачып кеткенинен нан сураса, Уркия: Нанды койчу эми, менин сулуулугума суктанып отура берсең эле тоюп каласың,- дейт жылмайып. Анда Танел: Сулуулугуң мурчтан күчтүү, нанга кошуп жутпасам, ичимди куйкалап жибергидей,- дептир. Гузел
ОП-174-52. Мен Жорокуловдордун үй-бүлөсүнө салам жолдойм. Кабылбек ата, дайым бар болуңуз жана уул кыздарыңыздын маңдайында күлүп- жайнап жүрө бериңиздер. Чоң энем экөөңүздөрдү сагынган небереңер +77054924хххх.
ОП-174-53. Салам, "Обон" газетасы. Мен Кара-Кулжа районунун Октябрь айылына салам жолдойм. 94-жылкылар, дайым бар болгула. Классташыңар. +77054924хххх
ОП-174-54. Мен күйөөмдү сүйөм. Бактылуумун, анткени, ал дагы мени гана сүйөт. Буйруса, биз өмүр бою бирге болобуз. Келинчегиң
ОП-174-55. Кайрылып келбес бир элес, жашынып келбес бир келбес. Мен сени сүйүп калдым кантейин, айтчы, жаным, махабат деген ушул экен. Сен экөөбүз жолуксакпы дейм, бирок корком. Мен сени жактыргам, бирок сен өзүңдөн бир топ жаш улуу менен сүйлөшүп кеттиң. Неге мынча жүрөгүң таш боор? 0773575ххх
ОП-174-56. Медер, жолукканда турдум көпкө карай албай. Өзүмдү-өзүм коёрго жер таба албай. Өзөгүмдөн оргуп чыккан сүйүү окшойт. Көздөрүңдөн көздөрүмдү ала албай. Тартынамын сен тарапка барышка. Тагдыр экен чыдап күйүү намыска. Бир көрүнүп кетип калдың тез эле. Карааныңды мен узаттым алыска. Камила
ОП-174-57. Коргошундай эрип кеттим тим эле. Бейтааныш жигит, аты-жөнүң ким эле? Жаралабы сендей сулуу ааламда. Мөлтүрөгөн ай, көздөрүңдү, ий, көрсөм экен бир эле. Камила
ОП-174-58. Көңүлдүн көрүнбөгөн жолдорунда. Көмүлүп жаттың санаа, ойлорумда. Көз ачып наристедей ойгоносуң. Көлкүлдөп сагынычым ашып толгонумда. Бар экен дале жалын карегиңде. Башканын мага, жаным, кереги не? Маңдайга жазылбаган махабатым. Жашайсың, ыр сабында калемимде. Камила
ОП-174-59. Салам, "Обонушка". Аксыдагы Элнурага чоң салам. Азико
ОП-174-60. Ар бир кыргыз элинин жүрөгүндө ыйман жашасын. Бактылуу болушсун. Замира
ОП-174-61. Салам, "Обоня". Биз силер үчүн сыймыктанабыз. Наргиза
ОП-174-62. Куса болом, жаным, сени сагынып. Ак сүйүүгө чексиз калдым багынып. Күндөр өттү сагынычым жанга батты.Түн да, күн да кыскадыр жашоодо, мага сүйүүгө орун жокпу айтчы, жаным. 0773575ххх
ОП-174-63. Салам, "Обон". Менин саламым Нарын областынын Кочкор районундагы Кара-Тоо айылында жашаган 94-жылкы Кайратка (Каркушка). Ар дайым аман бол. Мен сени сүйөм. 0556189ххх
ОП-174-64. Ыр саптарын сунган, мен үчүн баарын даяр болгон, жаным, мен сени эч качан унутпайм. Буйруса, биз бактылуу болобуз. Камила
ОП-174-65. Салам, "Обонушка". Мага Ли Бен Хон жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы.
"Обондон" жооп: Урматтуу окурман, бул жөнүндө өткөн сандарыбызда маалымат бергенбиз. Сиз окубай калдыңыз окшойт.
ОП-174-66. Жайлоо, күткөн менен сен кайрылып келбедиң. Күтүп жүрүп нечен ойго кептелдим. Жүрөк сыздап, көздөн жашым куюлат. Бирок кантем, азабымды сезбедиң. 0778525ххх
ОП-174-67. Жайлоо, сени күтө берип жададым. Бизди жолуктурган тагдыр дагы жолуктурса деген тилектемин. 0778525ххх
ОП-174-68. Байкем Куштарбектин 1-июль туулган күнү менен куттуктайм. Жылдызбек
ОП-174-69. "Обон", Майкл Жексон жөнүндө билгим келет. Каныкей
Майкл Жексон 1958-жылы 29-августта Гэри (штат Индиана, АКШ) шаарында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө жетинчи бала болгон. Ата-энеси Джозеф жана Кетрин Джексондор балдарын катуу тартипте кармашкан. Чыгармачылыкты Майкл 1964-жылы баштаган. Ага чейин анын атасы "The Jacksons" деген аталыштагы группа ачып, балдарын ошол топ аркылуу тааныткан. Атасы өзү дагы музыкага жакын жан болчу. 1966-жылы Майкл атасынын группасында башкы солист болуп ырдай баштайт. Бирок ал убакта группанын аты "The Jackson 5" болуп өзгөрүлөт. Анткени, ал топто Майкл менен чогуу анын 5 бир тууганы дагы ырдашкан. 1969-жылдан тарта ал группа элдин оозуна алынып, дүйнө жүзүнө таркаган. 1985-жылы "Thriller" деген альбому жарык көргөн. Ошол альбому 104 миллион диск менен чыгып, дүйнө жүзү боюнча эң көп нускалуу альбом болуп, "Гиннес" китебине кирген. 2009-жылы 25-июнда Майкл Лос-Анжелестеги үйүндө каза болгон.
ОП-174-70. Бактылуумун, мен өзүңдү сүйгөнүмө. Бек сактадым атыңды жүрөгүмө. Жаным, сени бир өмүр сүйүп өтөм. Гүл чачтың асылым сен жүрөгүмө. Ар убакта бар болгун, өмүрүң узун жана шаңдуу болсун. Жашоодон ыйлабагын жүрөк өксүтүп, башыңа бак консун. Бабник 94
ОП-174-71. Салам, "Обон" гезити! Ишиңерге ийгилик, ар дайым бар болгула. Оштон 0779290ххх
ОП-174-72. Кызымды сагынып, кусанын көлүндө чөмүлдүм. Жыпар жыттуу кызым аман болсун! Динара
ОП-174-73. Урматтуу редакциянын жамааты, сиздерден сураныч, Курсан Асанов жөнүндө жазгылачы. Эх! "Красавчик" байке го. 0552160ххх
"Обондон" жооп: Урматтуу окурман, Курсан Асанов жөнүндө кийинки саныбызда беребиз.
ОП-174-74. Орустардын теле алыпбаруучусу Тина Канделаки жөнүндө бир аз маалымат алгым келет. Зарина
Аты-жөнү - Тинатин (Тина) Гивиевна Канделаки.
Туулган жылы - 1975-жыл, 10-ноябрь.
Салмагы - 52 килограмм, бою -167 сантиметр.
Туулган жери - Тбилиси шаары, Грузия.
Кесиби - журналист, теле алыпбаруучу.
Үй-бүлөлүк абалы - 1 уул, 1 кыздын энеси.
Учурда - СТС телеканалынын "Эң акылдуу" интеллектуалдык телеберүүсүнүн алып баруучусу.
Тина сологой. Денесинин эки жеринде татуировка бар. Бири сол билегинде, экинчиси белинде. 2006-жылы "ТЭФИ" сыйлыгынын "Мыкты ток-шоу алып баруучу" наамын алган. 2006-жылы мода жана стиль тармагындагы белгилүү "Астра" сыйлыгынын "Эң стилдүү теле алып баруучу" наамына татыган.
2006-жылы "Glamour" сыйлыгынын "Форма жана маани" деп аталган атайын сыйлыгына ээ болгон. Жумасына үч жолу фитнеске катышат. Калориялуу тамакты такыр жебейт.
ОП-174-75. Жаратканым балаңа өмүр берсе, көкөлөтүп чаң жугузбай сени багар. Жаратканым балаңа өмүр берсе, ал өмүрүн бир гана сага арнаар. Айт, апаке, жаман менен жакшыны, айт, апаке, кетирген катамды. Балаңды аяр эмес, бекем карма. Катуу айтып бергин, апа, тарбияңды. Кечир, апа, менден эгер күнөө кетсе, ак сүтүңдү актайм, апа, өмүр берсе. Ак сүтүңдү актап, апа, багып алуу, ал тилегим жүрөгүмдө сезимимде. Бабник 94
ОП-174-76. Салам, "Обон" газетасы. Мен агенттеги адамдарга салам жолдойм. Балдар, кыздарды алдабагылачы, сураныч силерден? Жүрөгүңөргө баш ийгиле тек. Шок кыз
ОП-174-77. Кызыл-Кыя шаарындагы Толман айылында жашаган Гүлзина, сен бактылуу болушуң керек. Сен ага татыктуусуң. Бактылуу бол. +791543ххххх
ОП-174-78. Мен Перизат аттуу эжени издейм. 92-жылкы Кызыл-Жардан болот. Эгер окуп жаткан болсоңуз, байланышка чыгыңыз. Мен сиз менин ооруканада бирге жаткан болчумун. Бул менин номерим: 0779940344
ОП-174-79. Корея актёру Сиюнг Во Ким жөнүндө маалымат билгим келет. Айдай
"Обондон"жооп: Айдай мындай актёр жок экен. Мүмкүн, атын туура эмес жазып алдыңыз. Ошондуктан, тактап туруп кайра жибериңиз.
ОП-174-80. Ак калпактуу кыргызым болгун аман, бул ырымды белек кылып сага арнайм . 0778999ххх
ОП-174-81. Альбина, кечирчи, ушул сөздү эми айтпаймын. Түшүндүм болгон сөздүн баары жалган. Ойлонбой сүйлөп сенин көөнүң ооруттум. Сенсиз жалгыз турмушта кантип жашайм? Кубанычка бөлөп көөнүң ала-йын. Кучагыма кысып алып сүйүүмдү айтайын. Ишенгенсиң дагы ишен менин сүйүүмө. Сен бактылуу болушуңду дайым каалаймын. Токто, жаным, кетпе! Сени сүйөм. Эгер көрсөм башка менен оттой күйөм. Суранам дагы бир келчи кайра мага. Билесиң жүрөк сыздайт сен деп гана. Айбек
ОП-174-82. Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап. Азгырып сезимди козгоп сайрап. Бир булбул буулугуп келет күндө. Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап. Ал бакта адашып күүгүм калган. Ар шакта алмадай сүйүүм калган. Ал сүйүүм булбулга айланганбы. Ашыгын издеген үрүл таңдан. Жашайсың жаш булбул токтобогон. Жашоодо жан жок, эй, боздобогон. Жашыймын көп эстеп ал күндөрдү. Жаштыгым жаштыкка окшобогон. Сайрашың өткөндү эске салып. Санааркайм ал күндөр четте калып. Буулуккан булбулдай сени жоктойм. Буйруксуз сүйүүмдү мен эстеп алып. Айбек
ОП-174-83. Бакыттын нурундай жана бер. Түбөлүк жүрөктө жашай бер. Сенсиз жашоом токтоп калгандай. Ага махабатым себепкер. Жаз жамгырдай ырыс төгө бер. Жолугушар күнүбүз келер. Жашап келем үмүттү үзбөй. Ага махабатым себепкер. Анара
ОП-174-84. Менин сүйүктүү досум Айбекке жана алтындай болгон апама чоң салам. 0771225ххх
ОП-174-85. Айнура Салахидинованын ырлары жагат. Бирок кичине шаңдуу ырдаса жакшы болмок. Ийгилик каалайм. Айнура
ОП-174-86. Накуля, сага салам жолдойм. Бар бол. Окууңа ийгилик каалайм. 0778308ххх
ОП-174-87. Төк жамгыр, максатымды сүрөп койчу.Жашоого кошкум келет үлүшүмдү. Жууп кет жакпай турган адаттарды. А бирок жууй көрбө үмүтүмдү. Төк жамгыр ,төкчү, төкчү нөшөрлөчү. А бирок жууй көрбө үмүтүмдү. Айбек
ОП-174-88. Салам, "Обон". Эмгекчилдик Бечеловдорго салам. Алина
ОП-174-89. Айбек Карымов, мурунку аялың азыркыңдан сулуу экен го. Гүланда "сулуу чымчык" турбайбы. Бетин жууса, мышык эле болуп калат экен. Шайыра
ОП-174-90. Салам бардык менин бир туугандарыма. Мен силерди жакшы көрөм. Силер үчүн баарына даярман. Силер бар үчүн мен бактылумун. Ар дайым менин жанымда бар болгула. 0778930ххх
ОП-174-91. Мен Арнольд Шварценеггер жөнүндө билгим келет. Мен аны кумир тутам жана күйөөмдүн ошондой болушун каалайм. Зарина
Толук аты-жөнү - Арнольд Шварценеггер
Туулган жылы - 1947-жыл, 30-июль
Туулган жери - Австрия, Грац шаары
Өмүрлүк жары - Мария Шрайвер
Балдары - Кэтрин Юнис, Мария Аврелия, Патрик Арнольд, Кристофер Саргент
Арнольд полиция кызматкеринин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Густав Шварценеггер 38 жашында, апасы Аурелия 23 жашында үйлөнүшүп, уулдуу болушат. Шварценеггерлердин үй-бүлөсү начар турмушта жашаган. Кичинекейинде кедейчиликтен арылуунун жолдорун көп ойлончу. Апасы жөн гана үй кожойкеси эле. Түнт, өжөр өспүрүм 14 жашында бодибилдингге кызыгып культурист Стив Ривздей болууну самай баштайт. Ошондон улам бодибилдинг менен машыгууну баштаган. Машыгуу залы ишемби, жекшемби күндөрү жабык болсо да, терезесинен кирип алып машыкчу. Ал 18 жашында өз эрки менен аскер кызматын өтөөгө жөнөйт. Аскерде өмүрүндө биринчи жолу адамдай тамактанып, күн сайын эт жей баштаганын көп айтып жүрөт.
ОП-174-92. Мен кийинки мезгилде эркек сөрөйлөрдү жек көрүп калдым. Учунчалык ыпластыкка барып жатышат жырткычтар. Булардан кантип арылса болот. Негизи, аялдар эркексиз өмүр сүрүүгө болобу? Сонтен
ОП-174-93. Айбек Карымов кыргыздын канча кара көз кыздарынын багына балта чаап, канча мойтойгон балдарды тирүүлөй жетим кылдың. Убалын тартпайм деп ойлойсуңбу? Суунун дагы сурагы бар. +7775357хххх
ОП-174-94. Ар бир аялзаты үчүн бакыт керек. Аялдык бакытты каалайм. Бар болгула. Замир
ОП-174-95. Өзгөндүн Кашка-Терек айылына эс алууга барган жакын курбум Ганиева Нуржамалга салам айтам. Русланчик, бактылуу балалыктын кучагына бөлөнүшүн каалайм. Бишкектен курбусу Динара
ОП-174-96. Гүлбара, баары жакшы болот, эч кайгырба. Сенин көчөңдө да бир күн майрам болушуна ишенип кой, дос. Гюлбешекер
ОП-174-97. Кыргызстандын жаштары, бар болгула! Ар дайым жүзүңөрдөн жылмаюу, күлкү кетпесин. Жазгүл
ОП-174-98. Бурул Алимованын чыдамкайлыгына тан бердим. Эгер менин жолдошум балдарын таштап кетип, башка аял алса, асып коймокмун. Жазгүл
ОП-174-99. Мен кызым Назбийкени абдан сагындым. Кичинекейлерди көргөндө эзилип кетип жатам. Апасы
ОП-174-100. Жүрөгүм аалам сыяктуу, сүйдүм мен жигит арман жок. Мактанган менен не чара, сүйбөгөн жигит калган жок. Э.
ОП-174-101. Сен менин сезимимдин аренасы, ажайып дүйнөлөргө жол ачуучу. Мен ошол бирге жүрүп бир өзүңдү, жылдыздык алыстыкта сагынуучу. Э.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??