п»ї

"Телеканалда жакшы бир программа ачсам дейм"
Бир нече ырларды катыра аткарып, мыкты ийгиликтерге жетишкен, учурда эне статусуна ээ болом деп чыдамсыздык менен күтүп жаткан, кош бойлуу болгонуна карабай чыгармачылыгын токтотпостон күйөрмандары менен баарлашууга келген сулуу,таланттуу, ачык мүнөз ырчы айым Кенже Дүйшеева бизде конокто.

Жылдыз: - Наристе күтүп жаткан экенсиздер. Азыр сизде кандай сезимдер болуп жатат?
- Кудай буйруса, октябрь айларында эне болуу бактысына ээ болом. Аял кыйналган учурда чоң кыйынчылыктан алып чыгып кете турган бул бала экен да. Мен абдан көп жакшы нерселерди башымдан өткөргөн адаммын. Ушул убакка чейинки ийгиликтеримди, чынын айтканда, бакыт деп эсептеп жүрө бериптирмин. Көрсө, бакыт деген сезим башкача болот экен. Бүгүнкү күндө капа болуп отурсам, ичимди сылап, сүйүнүп, эч нерсеге баасы тең келгис нерсе энелик бакыт экенин сезип турам. Бир ыр жаратарда дагы ичимди кармалап, "сен дагы азыр мен аркылуу сезип жатасың" деп сүйлөшүп калам. Бирок кеч турмуш курганыма өкүнбөйм. Анткени, баары өз убагына дал келип, аз болсо дагы элдин жүрөгүнөн орун алганга жетиштим деп ойлойм.
Айсана: - Азыркы убакта "АГК" тобунда элесизби, же өзүнчө бөлүнүп кеттиңизби?
- Ооба, азыр "АГК" тобунда элемин. Мен өзүм көпчүлүккө көнүп калган адаммын. Мисалы, көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөм. Биз беш кыз, беш уулбуз. Көпчүлүк менен бир нерселерди жасаганды жакшы көрөм, жалгыздыкты абдан жаман көрөм. Өзүм жалгыз болгондо бат эле бир нерсени жасап бүтүп коём да. Кайненем да кээде таң калып калат: "Ушундай кыймылың тез, жок дегенде бир-эки саат эс алсаң боло",- деп. Ал эми чыгармачылыкта эч кандай токтоо жок иштеп жатабыз. Үчөөбүз бири-бирибизге өтө байланып, 15 жылдан бери үшүсөк, жылысак, ыйласак дагы бир болуп, бир туугандай эле болуп калдык. Бат-баттан чалышып, акылдашып, сырдашып турабыз. Баарыбыз үй-бүлө куруп калдык. Үй-бүлө деген жакшы нерсе турбайбы, аны билгенде 10 жыл мурда эле турмуш курмак экенбиз.(Күлдү)
Нурзада: - Сүйүктүү жолдошуңуз кандай сапаттарга ээ?
- О-ой, жашоодон мен бир нерседен коркчумун. Дайыма бассам - турсам дагы бир эле нерсени тилене берчүмүн. Кудайдан эмне тилесең, ошону берет дегенге ишенем. Менин ойлогонумду жөн эле айттырбай өзү сезип, билген төгөрөгү төп келген адамды мына деп туруп эле кудай алдыма коюп койсо экен дечүмүн. Чынында, ошол убакта бирөө менен сүйлөшүп, колтукташып басканга убактым деле болбойт эле. Себеби, клиптер, гастролдук сапар менен жүрүп, чай ичкенге дагы убакыт болбой калчу. Эгер бирөөгө жамандык кылбай түз жүрсөң, кордук кылбай арам иш менен алек болбосоң, кудай деле карап туруп, анан сага жакшы бир адамды жөнөтөт болуш керек деп ойлойм. Кудайымдын берген бир ыйык белеги деп, чыгармачылыгымды түшүнгөн ушундай жакшы адамга жолуктуруп койгонун айтсам болот. Ошондуктан, кудайдан баарын тилей бергиле. Кабаттап-кабаттап тилегиле. Ошонун баары аткарылат. Азыр болсо бактылуу адамдардын катарындамын.
Айсана: - Ушул убакка чейин апакеңиздин башына ак жоолук салдыңыз беле?
- Мен салтты аябай жакшы билем. Себеби, студент болуп жүргөн кезимде акча таап калсам, өзүмө жол киреге гана акча ашырып калып, калганын үйгө жумшачумун. Бирөөгө белек бериш кандай жакшы нерсе, өзгөчө ата-энеге бериш өтө сыймык. Бир жолу студент кезде 300 сом стипендия алдым. Өзүмө, чынында, жетпей эле турат. Кийим алыш керек, негизи эле, кыз баланын кетирген чыгымдары көп, аны билесиңер. Бирок ошондо өзүмө эч нерсе албай, апама маасы-көлөч, атама акча азыраак болуп калып, көлөч эле сатып алдым. Кыш мезгили болчу, автобуска түшүп үйгө бардым. Барып белектерди берсем, апам сүйүнүп, кубанганынан ыйлаганы эсимде.
Жылдыз: - Казак, кыргыз бир тууган деп коёт эмеспи. Салттары кандай экен?
- Салттары бирдей эле. Тамак- аштарында эч кандай өзгөрүүлөр жок. Кайын журтум заманбап адамдар. Мен, негизи, нукура кыргыз салттарын жакшы кармайм. Жолдошума караганда көбүрөөк казактын салттарын билем. Бир эле салтына таң калдым. Бизде кыргыздарда өкүл ата, өкүл эне деп коёт. Аны жаңы баш кошкон жаштарга ыйгарат го. А аларда болсо жаңы төрөлгөн балага өкүл эне, өкүл ата коюшат экен. Ошонун бүтүндөй нерсесинин баарын алар жасайт экен. Мисалы, төрөтканадан чыгарып, бардык керектүү буюмдарын алып беришет. Ушул жагы кичине башкачараак экен деп ойлонуп калдым. А тамакты болсо жездеңер аябай жакшы жасайт. Кээде жетишпей жатканда, үч кыздан артык жасайт.
Айкөкүл: - Кесибиңиз боюнча журналист экенсиз. Эмне үчүн ал жаатта иштеген жоксуз?
- Мен бул кесипке 15 жыл мурда эле аракет кылгам. Бирок топтун түйшүгү көп болгону үчүн убакыт болгон жок. Аябай көп газеталардан "Оштон кабарчы болуп бер" деген чакыруу түшкөн. Бирок мен негедир телеканалда иштегим келчү. Буйруса, аман-эсен көз жарып алгандан кийин, теле тармагында жакшы бир программа ачам деген ойдомун. Убактым болуп калса, мүмкүн, гезитте дагы өзүмдү сынап көрөм. Эми гезит майда жумуш, аны билем.
Каныкей: - Кыздардын тобун ачайын деген оюңуз барбы?
- Азырынча менде чарчаган бир аң сезим бар да. Негизи, жигиттер менен иштешкен оңой экен. Буларга бир эле сүйлөп коёсуң. Ал эми кыздардын иши көбүрөөк. Себеби, ар кандай үй-бүлөдө тарбияланган кыздар бар. Мен иш кылбаган, кечинде көчөгө чыккысы келген кыздарды жактырбайм. Миң кыйын болуп кетсең деле аялсың да, баары бир барып казандын төрт кулагын кармайсың. Мага азыр деле көп кыздар "топ ачалы, эже" деп кайрылат. Аларды көчөгө чыкпа деп тыюу салып отуруп эсиң ооп калат. Ал эми кыздар менен сүйлөшсө, эркектин эмнеси кетет? Ошондуктан, эркек балдар менен эле иштешип жатам.
Динара: - Тобуңуздагы балдар корей балдарына окшош экен. Атайын аларды туурап чачтарын өзгөрттүңүзбү?
- Жок, кыргыздын эле балдары. Мага келгенде эле балдарымдын чачтары, жада калса, аталарыныкы дагы ушундай экен. (Күлдү) Балдардын сырткы келбеттерине карабай, үнүнө гана карап тандадым. Эң башкысы, топко жакшы балдар келди.
Айкөкүл: - Сиздер азыр эркек бала күтүп жатасыздарбы же кызбы?
- Кудайдын бергени. Эң башкысы, акыл-эси менен берсин. Негизи, биринчини мындай болсо экен деп күтпөйбүз го. Эмнегедир, мен эркек деп эле ойлой берем.
- Жездебиз эмне менен алек болуп жүрөт?
- Жездеңердин жумушу өтө көп. Өзү орган кызматкери. Андан тышкары, жеке бизнеси бар.
Айсана: - Жаңы келин болуп барганда кыйналдыңызбы?
- Мен гастролго көп чыгып, ар кандай адамдар менен сүйлөшүп жүргөн кишимин да. Жаңы барганда гастролдоп баргандай эле болдум. Бирок 5-6 айдан кийин башкача боло баштадым. Себеби, микрофонду сагынып, кармагым келип калыптыр да. Бирок тез эле көнүп кеттим. Кайын сиңдилерим бар. Аларга ырдап берип койсом эле болду. (Күлдү)
Жылдыз: - Сизге бир табышмак айтайын: Бир кишинин эки медалы болуптур: бирөө Эл баатыры, экинчиси СССРдин баатыры деген. Ал Эл баатыры деген эле медалын тагынчу экен. Эмне үчүн СССРдин баатырын тагынчу эмес?
- Менин оюмча, элдин эле адамы болсом экен деп тилек кылып тагынчу болуш керек.
- Жок. Анткени, ал бирөөсүн жоготуп жиберген экен.
- Күлүп. Жаштар менен сүйлөшкөн, негизи, кызык да. Башкача бир ойго алып келип коёсуңар.
Келсин
Мурадил кызы







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??