"Өпкөнгө даяр болом",- десем...
- Сиздердин жаш убагыңыздарда ата-энеңиздер артисттерди думана сыяктуу көрүшчү экен. Сизге да каршы болушканбы?
- Ооба, мен 8-класста окуп жүргөндө театралдык окуу жайга тапшырамын деп кыялданып жүрчүмүн. "Артист болсоң, балам эмессиң" деп айтуу ошол убактагы ар бир ата-энеде бар эле. "Алтын күз" тасмасына кастинг болгондо, мен катышсам дароо алышты. Атам Ашыраалы Боталиев, энем Сабира Күмүшалиева, сүйгөнүм жылкычы жигитти Бакы Өмүралиев ойногон. Жигити менен өбүшкөн жери бар экен, мен илгерки кыздар өбүшкөн эмес, жөн эле башымды жигитимдин ийнине коём дедим. Ошол тасмадан соң, сахна өнөрүнө биротоло чырмалып калдым.
- "Алымканды" көпчүлүгү диктор Роза Рыскелдинова аткарган деп чаташтырып жүрүшөт. Ушул туурасында билсек кантет?
- 1964-жылы "Алымкан" тасмасына тартылып калдым. Мира Далбаева экөөбүздү кастингге чакырган. Мен барсам Мира Далбаева келе элек экен, күтүп отурабыз, дагы эле жок. Ошол тасманын режиссёру: "Алымканды сен аткарасың, дайыма балдардын ролун аткарып жүрөсүң, берилип кетип балдардын образына түшүп алып, назик кызды орой аткарып койбо",-деди. Дооронбек Садырбаев (Токтогул) тубаса куудул болчу. Шурум түшүп кеткен эпизоду бар эмеспи, ошондо мени күлдүрүп жиберсе, такыр күлкүмдү тыя албай койсом болобу, режиссёр күлүп алгыла, кайра тартабыз деп кетип калды. Тасмага тартылып жатканда, ушундай кызыктуу күндөргө туш болгонбуз. Ал эми Роза деп ойлошкондорунун себеби, Алымкандын улгайган маалын диктор Роза Рыскелдинова ойногон. Карыган кезин гримдегенде мен анчейин байбичеге окшошпой калганмын да. Роза профессионал диктор болсо, мен драма театрынын актрисасы. Алымкандын сүйлөгөнүн окшоштура албай жатканынан, үн коштогон жерин мен сүйлөп бергем.
- "Алымкан" тасмасын тартууда кызыктуу окуяларга кабылгансыздарбы?
- "Алымкан" тасмасы Арстанбапта тартылган да. Ошол жактагылар айтып калышар эле. Жаңгактын ар бир бутагында таңга жуук бир гүл ачылат. Ал гүлдү ким көрсө, бактылуу болот, же жарыкчылык менен кош айтышат. Ошондуктан, ал гүл эч кимге көрүнбөйт. Көрүнсө да 5-10 мүнөт көрүнүп, кайра жок болуп калган касиеттүү күчү бар экен. Мен бир чети таң кала, бир чети кызыга ошол жаңгактын түбүнө төшөк салдырып алдым. Уктабастан ошол гүлдү көрөйүн деп кирпик ирмебестен жаңгакты карап жатам. Бирок үргүлөп жатып уктап кетипмин. Ошентип, ал жаңгактын апакай кооз гүлүн такыр көрө албай койдум.
- Жакында эле Бексултан Жакиевдин кечеси болуп өтпөдүбү. Ошондо Жекинтайды дал ошол убактагыдай ойноп койдуңуз. Көпчүлүк эл сизди Жеңишбек аркылуу таанышса керек?
- "Атанын тагдыры" кыргыз элинин атактуу жазуучуларынын бири, драматург Бексултан Жакиевдин чыгармасы. Ал болгону 21-22 жашында жазган экен. 1961-жылы Кыргыз драма театрында коюлуп калды. Жеңишбек деген баланы мага сунуштаса, мен ойногум келбеди. Мен лирикалык ролдорго жакын элем. Аларга мен: "Мен созулган кыздардын ролун ойногум келет"-десем, Мукем (Муратбек Рыскулов): "Андай ролдорду кийин ойнойсуң, азыр Жеңишбекти ойноп тур",-деп араң көндүргөн болчу. Роль жаратууда балдардын психологиясын өзүмчө изилдей баштадым. Алардын жүрүш-турушун, сүйлөө мимикасын, ойногон оюндарын көрүп отурдум. Балдар бат-бат жана орой сүйлөшөт экен. Бат урушуп, анан тез тил табыша калышат тура. Ошентип, Жеңишбектин образын 30 жашымда ойногом. Ошондон баштап Мукемди ата десем, ал мени Жекинтай деп калган.
- "Атанын тагдырында" ата-баланын образын жеткиликтүү аткарып, Муратбек Рыскулов атаңыздай болуп калыптыр. Ал эми сүйүктүүсүн аткарган күндөрүңүз болгон чыгар?
- Ооба, Грибоедовдун "Акылдан азап" аттуу чыгармасында Мукем Павел Афанасьевич Фамусовду ойносо, мен үй кызматчысы Лизаны аткаргам. Мен таңкы саат 6да биринчи бийик илинип турган саатты отургучка чыгып туруп бурашым керек болчу. Анан Фамусов келип, мени шап кучактап, төшүмдү кармалап, буттарымды сылап-сыйпалап, аркы бөлмөгө көтөрүп чыгып кетиш керек эле. Ошол жерин аткарыш атамдай болуп калган Мукеме кыйын болсо, баласындай болуп калган мага да аябай оор болду. Атайын Москвадан келип койгон режиссёр сахналаштырган. Ал түшүнбөйт да, эмне себептен аткара албай жатканыбызды. Бизге кыйкырып: "Что вы медлите, давайте побыстрее",-деди. Сиз кучагыңызды тоссоңуз, мен жыгылып сизди кучактаймын да, анан өпкөнгө даяр болуп берем", -деп араң айттым. Мукем: "Ок, кокуй",-деп ары басып кетти. Бирок айтарын айтып алып, бир ай бою уялып, ыйлап да жүрдүм.
- Чоң ролдорду да жараткандырсыз?
- 1974-жылы Шекспирдин "Ромео менен Жульеттасын" коюп калдык. Биринчи составда Имаш Эшимбеков менен Таттыбүбү Турсунбаева ойношсо, мен Мамбет Асанбаев менен экинчи составда ойногом. Бир маалда кокусунан Таттыбүбүнүн бутунун оорусу кармап калды, режиссёр шашып, мени гримденбей эле дароо чык деди. Мен да кийинип алып чыга коюп, аягына чейин аткардым. Ошентип, ролду алмашып ойногонубуз элге байкалбай калыптыр.
- Убагында Күлүйпа Кондучалова да сиздин эмгегиңизди баалаган дешет?
- "Уурдалган өмүр" деген япон драматургу Каору Моримотонун чыгармасынан алынган спектаклде Нунобики Кей деген башкы каармандын образын жаратмак болдум. Мен Кейдин 16 жашка чейинки курагын гана ойноп, 80 жашка чейинки карыган чагын башка актрисалар аткарышмак. Бирок, Кондучалованын бир сөзү баарын өзгөрттү. Ал киши: "Кейдин карыган кезин да ушул кыз ойносун! Бул кыздын колунан келет!" деп режиссёрго айтып, муну менен менин эмгегиме карата жылуу оюн билдирген. Мен үчүн бул чоң баа эле.Мен Кейди аткарсам, менин кожойкемдин ролун Даркүл эже (Күйүкова) ойногон. Улуу баласын Мамбет Асанбаев аткарган, кичүүсүн Сатыбалды Далбаев. Улуусун мага үйлөндүрмөк болот, бирок мен кичүүсүн жактырам. 1946-жылдагы атомдук бомба түшкөн Хиросимадагы апааттан соң, Эйдзи (С. Далбаев) экөөбүз гана тирүү калып, бактылуу жашап калабыз.
- Кейдин образын жаратууда кыйынчылыктар болдубу?
- Биз япон элинин адат-салтын билбейбиз да. Ошондуктан, Москвадан атайын япон продюсерин алдырып келишти. Япон эли өтө сылык, назик келишет эмеспи. Бири-бирине көргөн сайын эле жүгүнө беришет. Ролумда го каалабасам да жүгүнүүгө туура келет. А мындай деле көрүшкөндө жүгүнө бергендери мага жакпады. Бул эми кошоматтын бир түрүндөй сезилди мага. Бир күнү япон продюсери: "Сен эмнеге мага жүгүнүп учурашпайсың?"-дейт. "Биринчи келгениңизде жүгүндүм. Репетицияда жүгүндүм. Анан кайра-кайра эле жүгүнө беремби?!"-десем артисттердин баары күлүшкөн.
- Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?
- Азыр пенсияга чыгып алып, театрда иштеп жүрөм. Ата-энемдин эркеси, жалгыз кызы эле мен болчумун. Апам: "Мен өлгөнгө чейин турмушка чыгып ал, кызым"-деп жүрүп, 29 жашымда турмуш босогосун аттадым. Жолдошумдун кесиби-бухгалтер. Жаңыдан баш кошкондо менин кесибимди түшүнгүсү келчү эмес. Бара-бара түшүнүү менен мамиле кылып, театрдын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп иштеп жүргөнүмдү көрүп, чыгармачылык кесибимдин оор түйшүктүү кесип экенин билип калды. Эки кыз, эки уулубуз бар.
Динара Асылбекова