п»ї

Т. Абдраимов БШКнын төрагасы болуп шайланды
Туйгуналы Абдраимов БШКнын жаңы курамынын 4-июлдагы болгон жыйынында БШКнын төрагасы болуп шайланды. Ага 10 мүчөнүн 8и добушун беришти. Эскерте кетсек, БШКнын жаңы курамынын мүчөлөрү алгач төрага шайлай алышкан жок. Добуштарды эсептөөдө бардыгы-10 адам добуш бергендиги аныкталды. Ишенбай Кадырбековго 4, Туйгуналы Абдраимовго 5 добуш берилген. Бир бюллетень бузук болуп чыгып, шайлоо жыйынтыгы туура эмес деп чечилген. Добуш берүүнүн 2-турунда көпчүлүк добуш алгандын талапкерлиги коюлмак, башкача айтканда, Т. Абдраимов көпчүлүк добуш алса, анда БШК төрагалыгына дайындалды деп эсептелинмек. Ал эми Т. Абдраимовдун орун басары болуп Айнура Шаимкулова шайланды.


Камчыбек Ташиев Ширин
Айтматованы имере кучактап...
"Өткөн жума аяктай спикер Ахмат Келдибеков Жогорку Кеңештеги фракция лидерлерин кабинетине чакырып, коштошуу сымал аземин жасап калат. А жерге "Ата Журт" лидери Камчыбек Ташиев кызымтал барганбы, айтор, Ахматтын моюнунан кучактап, курсакка муштагылап, "мен муну моминтип эле коём" деп, башка фракция лидерлеринин көзүнчө уйпалап атпайбы. Анан Камчыке Феликс Куловго кайрылып:"Жанагы Артыков деген депутатыңызга уруксат бериңизчи, аны муштум менен эле тарбиялап коёюн" деп, отургандарга күлкү тартуулайт. А ошол эле күнү кечинде депутаттар резиденцияга барышып, ал жактан кайра эле Ташиев кыз-келиндерге жигит болуп, Ыргалды ордунан тура качырып, Ширинди имере кучактап, айтор, бир үйүргө бүлүк салган айгырдай эле бойдок айымдарга эркектигин көрсөтүптүр. Маладес! Кыргыздын нукура жигиттери ушундай болчу эле. "Жигит болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол"-демекчи, Камчынын гүлдөп турган кези экен да...", - деп жүрөт Alaman.kg сайтында.


Эски жана жаңы курамдагы БШК мүчөлөрү тирешүүдө
Эски курамдагы Боршайком төрагасы Акылбек Сариев жаңы шайланган БШК курамынын отурум өткөрүү аракетин шашылыш жана негизсиз деп баалады. Сариев 8-июлда Жогорку Кеңеш БШК мүчөлүгүнө президент талапкерлигин көрсөткөнү калган эки талапкер шайлангандан кийин гана толук курам менен иш алып барышы жүйөөлүү болорун билдирүүдө. Ал эми талапкерлигин Жогорку Кеңеш көрсөткөн жаңы курамдагы БШКнын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков жаңы Боршайком отурумун баштаганын маалымдады. Кадырбековдун айтымында, учурда БШК төраганы шайлоо боюнча кеңеш жүргүзүүдө. Бүгүн БШКнын жаңы курамы расмий отурумга чогулганы маалым. Бирок Акылбек Сариев башында турган эски курамдагы Боршайком мүчөлөрү буга каршылыгын билдирүүдө.


  Маданият

Алим Токторов киносуна Манас Бердибековдун сатирасын пайдаланды
"Алим Токторов продакшн" күлкү көп болсун деп, тартып жаткан комедиясынын кээ бир тартылган тасмаларын кыскартып, анын ордуна айтылуу Чубак Сатаев менен бирге чыгармачылыкта жүрүп, союз учурундагы Индия фильминен ырларды сонун аткарган, кыргыз Жимиси Болот Алымкуловду кайра катыштырып, сценарийде жок сюжет менен кошумчалады. Ал үчүн белгилүү куудулдардын аткарып жүргөн сатираларын барактап чыгып, Манас Бердибековдун чыгармасынан пайдаланышты. Ошондой эле өткөн жумада жааган жамгырда дагы, түнкүсүн кызыктуу тасма тартылды, аны кинодон учуру келгенде көрөсүңөр. "Азыр күндө фильмди таза үн менен коштоп, үстүнөн жаздыруу иши башталган. Музыкасын Бактыяр Токторов жазууда. Саундтрек катары Сайкал Садыбакасованын "Эстей жүр" ыры колдонулат. Кудай буюрса, келерки жумада, дагы үч кошумча сюжет тартат окшойбуз, сценарийлери жагып жатат" - дейт кинонун режиссёру.


  Коом

Жумушун таштап чет өлкөгө кеткен дарыгерлердин саны өстү
Ушул тапта Кыргызстанда саламаттыкты сактоо тармагында 60 миңден ашуун адам иштейт. Алардын 12 миңден ашуунун врачтар, 28 миңдейин медайымдар түзөт. 2010-жылы бул тармакта иштеген 1,5 миңдей врач жана 3,5 миңден ашуун орто адистеги кызматкерлер жумушун таштаган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, жумуш таштагандардын 500гө чукулу чет өлкөгө кеткен. Бул 2000-жылга караганда эки эсе көп. Кызматтан кетүү себебин алар айлык акынын аздыгы, алыскы райондордо инфраструктуранын өнүкпөй, өздөрү социалдык жактан корголбой жатканы менен түшүндүрүшкөн. 3-июлда дарыгерлердин күнү белгиленди. Кесиптик майрамга карата 66 медицина кызматкери ар кыл мамлекеттик сыйлыктарга ээ болду. Июль айынын алгачкы жекшембисин медиктер күнү катары белгилөө 1993-жылдын 8-июнунда өкмөттүн номур 253-токтомуна ылайык бекитилген.


Бир бүркүм маалымат
Президент Роза Отунбаева шайлоо тууралуу мыйзамга кол койду. "Президентти жана депутаттарды шайлоо тууралуу" мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 30-июнда кабыл алынган. Конституциялык бул мыйзамга өлкө башчысы кол койгонун анын басма сөз кызматы бүгүн маалымат таратты. Мыйзам "Эркин Тоо" гезитинин кезексиз санына чыккандан кийин күчүнө кирмекчи.
9-июлда "Ата Журт" партиясы жыйын курарын "Азаттыкка" бул партиянын тизмеси менен депутаттыкка келген Курманбек Осмонов тастыктады. Алдын ала маалыматтар боюнча, анда партия быйыл күздө өтчү президенттик шайлоого өз талапкерин аныктайт.Партиянын парламенттеги фракциясынын башчысы Камчыбек Ташиев президенттик жарышка чыгары буга чейин айтылып келген. Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленген.
Түркиянын мамлекеттик министри Зафер Чаглаян кыргыз премьер-министри Алмазбек Атамбаевге кайрылды. Чаглаян Таласта төө буурчакты экспорттоо менен шугулданган түрк жараны Юсуф Өзел камалышы боюнча кайрылып, Атамбаевден бул окуяга көңүл буруп коюусун суранды.Ишкер Юсуф Өзел 25-майдан бери Бишкек ШИИБнин абагында камакта. Ага өзүнүн эле жергиликүү бизнес шериктери көп эсепте карыз акча илип, коркутуу жолу менен тил кат жаздыртып алганы айтылып жатат.
Кыргыз-казак чек арасында кошумча бекеттер ачылат. Бул тууралуу макулдашуу кыргыз жана казак өкмөт башчылары ортосунда 3-июлда жүргөн сүйлөшүүлөр учурунда жетишилди. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Алмазбек Атамбаев менен Карим Масимов ортосунда, мындан тышкары, электр энергиясын экспорттоо, кыргыз-казак инвестициялык фондун түптөө тууралуу пикир алмашуулар болду.
Социал-демократтар фракциясы Сотторду тандоо кеңешине өкмөттүн парламенттеги туруктуу өкүлү Данияр Нарымбаевдин талапкерлигин жылдырууда. 8-июлда Жогорку Кеңеш кезексиз сессияга чогулуп, Сотторду тандоо кеңешин бекитип, БШКнын калган 2 мүчөсүн шайлашы күтүлүүдө. Нарымбаев 1-июлдан тарта өз арызы менен кызматынан кеткени маалым болду. Өткөн бейшемби күнү парламенттин акыркы жыйыны өтүп, анда сотторду тандоо кеңеши бекибей калган. Парламенттин Сот, укук маселелери боюнча комитетинин төрагасы Садыр Жапаров талапкерлерди көрсөтүүдө коррупциялык аракеттер болуп жаткандыгын белгилеген.


  ДҮЙНӨ

Таиланддагы шайлоодо оппозиция жеңди
Мурдагы премьер-министр Таксин Чиноваттын жактоочуларын бириктирген "Пхыа Тхаи" оппозициялык партиясы шайлоодо алдыга чыкты. Таиланддын премьер-министри Абсихит Ветчатчива шайлоодо утулганын моюнга алды. Учурда бозгунда жүргөн мурдагы өкмөт башчы Таксин Чиноваттын карындашы Йинглак Чиноват тайлардын тарыхында биринчи аял премьер-министр болот. Шайлоо бекеттеринде добуш берип чыккандарды сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, "Пхыа Тхаи" ("Таиланд үчүн") партиясы 500 мүчөлүү парламенттен 313 орун алуусу күтүлөт. Бул тууралуу Би-Би-Си кызматы маалымдайт.Бул шайлоо 1932-жылы Таиланддын конституциялык монархияга өткөндөн берки тарыхындагы урунттуу бурулуш катары бааланууда. Өлкөдөгү түрдүү саясий күчтөрдүн өкүлдөрү ушул шайлоо алты жылдан ашуун тай коомунда уланып келген саясий жаңжалдарга чекит коёт деген ишенимде. Серепчилер 44 жаштагы Йинглак Чиноваттын саясий тажрыйбасы аздыгын белгилесе, тайлардын көбү партиянын чыныгы лидери Йинглактын бир тууган агасы Таксим Чиноват экендигин айтышат.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??