Өмүрбек Суваналиев:
"Парламентте криминалдар эмес, алардын "шестёркалары" отурат"
- Президенттик шайлоого жыйырмага чукул саясатчы талапкерлигин коюп жатат. Сиз да президенттикке ат салышканы жатыптырсыз, өзүңүздүн күчүңүзгө ишенесизби?
- Бүгүнкү кырдаалга жараша Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону 30-октябрда болот деп чечим чыгарды. Мыйзам боюнча, президенттин мөөнөтү бүтөрүнө эки ай калганда президенттик шайлоо болуш керек. Президенттик шайлоого мынча көп талапкер деп айтылып атканы бир жагынан жакшы. Анткени, эл тандайт. Алардын көбү-партлидерлер. Элдин арасында: "Мунун капчыгы калың экен, тигиники жука экен, акчасы жок экен", - деген кептер жүрүп атат. "Ал талапкер кыргыз элине кандай иштеп берет?" - деген суроо экинчи планга кетип калды. Акчасы кимдики көп болсо ошону колдойбуз, ошол өтөт деген пикирлер да бар. "Шайлоодо акча чоң роль ойнойт", - деп атышса, бул шайлоо да таза болот деп эч ким айта албайт. 2005-жылкы ыңкылап деп атабыз, андан кийин июнь окуясынан кийин шайлоо убагында сатып алабы, кандай тартип бузуулар болуп атат деп эч ким көңүл бурган жок. Күч структуралары, прокуратура, өкмөт добуш сатып алып аткандарды токтото албай койбодубу. Бул бүгүнкү күндө "мыйзам иштебейт, бийлик жок", - деген сөз. Ошон үчүн талапкерлердин көбү чыгып: "Биз өтпөсөк деле элди үгүттөп, шайлоодо болгон катачылыктын баарын айталы", - деп жатышат. Мен өзүмдүн күчүмө ишенген үчүн президенттикке аттандым.
- Кандай президент биздин өлкөнү өнүктүрө алат жана кандай билимге жана адамдык сапаттарга ээ болушу шарт?
- Президент болом деген киши беш мүнөттө калыптанбайт да. Чоң бизнесте жүрүп эле, эртеси:"Мен президенттик шайлоого катышам, президент болом", - дегендер болуп атпайбы. Бул жерде "ашпозчу да мамлекетти башкара алат" деген принципке таянып атат. "Акчам болсо эле добуш сатып алып, президент болом дагы, элди башкарам", - деп ойлогондор канча дейсиз. Мунун өзү туура эмес. Бүгүнкү күндө чоң кызматтагылар атайын адистик даярдыгы жок иш алып барып жатышат. Мурун президент болом дегенде:"Экономиканы көтөрүш керек, президент экономист же финансист болуш керек", - деген пикирлер болчу эле. Эң негизги критерийи-уурдабаш керек. Уурдабай турган, абийири таза киши келиши шарт. Президент таза, коррупцияга каршы күрөшкөн, юрист болгону жакшы. Тажрыйбалуу мамлекеттик кызматта иштеп, мамлекеттик кызмат менен чоң бизнести аралаштыра албай турган киши президент боло алат.
- Жогоруда "президент ак, таза киши болуш керек" деп айтып калдыңыз, кыргыз элинин астында өзүңүздү "акмын, тазамын" деп айта аласызбы?
- Мен кыргыз элинин астында башымды өйдө көтөрүп, "акмын" деп айта алам. Анткени, кыргыз эли мени сүйөт. Мен азыркы саясатчыларга окшоп бир жерде эле иштеген жокмун да. Мен бүт областтарда иштеп келгем. Иштегенде да жоопкерчиликтүү чоң кызматтарда иштеп, эл мени тааныйт. Бүгүнкүгө чейин бирөө да:"Суваналиев уурдады, коррупцияга каршы күрөшкөн жок", - деп айта албайт. Элдин арасында:"Суваналиевдин акчасы жок, кантип чыгат болду экен?"-деген сөздөр чыкты. Мен эч качан коррупциянын эпкиндерине аралашкан эмесмин. Элге ишенип гана шайлоого барганы жатам. Эч кандай добуш сатып алам деген ой жок. Бул жерден бир нерсени белгилей кетиш керек:"Уюшулган кылмыштуулук менен күрөшөбүз", - деп коюп эле баарынын башын башка жакка буруп атышат. Кылмыштуулук менен күрөшүш үчүн, биринчиден, коррупцияны түп-тамырынан бери жок кылыш керек. "Кара схема" деп коёбуз, акчанын баарын ошол жактан алышат. Анан "чёрныйлар" менен табакташ болушат да. Бандиттерди куудук дешти, алар сыртка чыгып кетишти, а схемалардын баары иштеп атат. Бакиевди миллиард уурдады деп атышат. Ага чейин Акаев уурдады дешкен эле. Экөө тең биздин өлкөдөн чыгып кетишти. Кана ошол миллиарддаган акчалардын бюджетке түшкөнү?
- Канча балаңыз бар?
- Эки уулум, бир кызым бар.
- Президент болуп калсаңыз, сиздин да уулдарыңыз Айдар Акаев менен Максим Бакиевдин жолуна түшсө эмне кыласыз?
- Балдарым азыр жаш, мектепте окушат. Ар бир адамдын кулк мүнөзү ар башка болот. Эки президенттин уулу начар болсо, баарын ал экөөнүн баласына теңей бергенге болбойт. Мисалы, мен элүүдөн ашып калдым. Ушуга чейин уурдаган эмесмин, эми уурдамак белем? Менин теңтуштарым:"Мен баймын, мынча миллион долларым бар", - деп мактанып жүрөт. Убагында Максим Бакиевге кошомат кылып жүрүшчү.
- "Уурдабайм, уурдаган эмесмин" деп калдыңыз, былтыр "Ата Журт" партиясынан да алар "уурдаган" үчүн кетип калдыңыз беле?
- "Ата Журт" партиясына киргенде саясий чечим менен киргем. Себеби, чаң-тополоң болуп аткандан кийин, түндүк-түштүк болуп экиге бөлүнүп, эл кыйналып турган учурда "Ата Журт" партиясынын лидерлери түштүктөн болгондон кийин, түндүк-түштүктүн башын бириктирели деп шайлоого чогуу аттанганбыз. Июнь окуясында барып, Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын начальниги болуп иштеп келгенден кийин:"Улут аралык партия ачалык"-деп, "Содружество" партиясын ачып, ага киргенбиз. Менин негизги максатым мандат алыш керек эмес.
- Сизди кыргыз эли "Комиссар Каттани" дешет. Лакап атыңыз жагабы?
- Жагат, албетте. 1989-90-жылы СССР убагында эле Ысык-Көлдө иштеп жүргөндө атап алышкан. Ошондон бери эле ушул ат артыман жүрөт. Лакап атымдын аброюн түшүрбөгөнгө аракет кылам.
- Бир кезде Каттанинин "а" сын "ө" гө алмаштырып шылдыңдаган премьер сизди ИИМге көрсөтүп жатат. Муну Алмаз Атамбаевдин сиздин астыңызга түшүп жатканы деп түшүнсөк болобу?
- Алмаз Атамбаевди билесиңер да, сүйлөп коюп, анан кейип жүрө берет. Мен Алмаз Атамбаев менен иштешпейм. Анткени, Алмаз Атамбаев иштегенди жакшы билбейт. Эгер Атамбаев "эркек" болсо, элге эмес, менин бетиме келип ошол сөздү айтса жакшы болмок, анан калганын көрмөксүңөр.
- Бакиевдин бийлигине жана жеке өзүнө кандай баа берер элеңиз?
- Бакиевдин бийлиги мен Нарындан "отставкага" кетип атканда эле түшүнүктүү болбоду беле. Мен ал киши менен сүйлөшүп, эмне себептен кетип атканымдын чоо-жайын түшүндүргөм. Туура эмес команда түзүп алганын а киши билген, өзү башкара албай, балдары башкарып атканын сезип турган. Структурасын туура эмес түзүп алып, каякка кетип баратканын түшүнгөн.
- Анда эмнеге гезит беттерине Бакиевдин оң колу болуп жүргөн Феликс Кулов өкмөт башында турганда гана Ички иштер министри болом деп жатасыз? Феликс Шаршенбаевич Кулов Бакиев менен иштешип калгандан кийин, Бакиевдик башкаруу системасынын эпкиндери бар да, буга кандай карайсыз?
- Эки ай мурун:"Коалиция бузулса, Ички иштер министрлигине министр болуп барасыңбы?" - деген сөз болгон. "Ар-намыстын" эле жетекчиси эмес "Ата Мекен", "Республика" партияларынын да лидерлери бар болчу. Мен: "Ф.Кулов болсо, көрөбүз",- деген элем.
- Кримавторитеттер сизден сестенип турушат экен. Нарынга эс алганы барганда катуу коркутуп койгон окшойсуз?
- Бандиттерди коркутуш үчүн көп деле билимдин кереги жок, куусаң качат. Бул жерде биздин Нарынга орустардын чоң кримавторитеттери келген. Биздикилер аларды тосуп, Нарынга сүт ичкенге жайлоого алып келишкен. Анан ошол кишилер өзүнүн жеке самолёту менен келишип, самолётту бул жерге кондурушуп, президенттин башкаруу аппаратынын номерлери, автоматтар менен келишкен. Эгер биз аларды кууп чыкпасак, Кыргызстандын аброю кетмек. Өзүм генерал, ошол кездеги Нарын облусунун губернатору болсом, мен жооп берем да. Мен иштеп атканда терс иштер болчу эмес. Аларды мыйзам чегинде эле кетиргенбиз.
- Азыр криминалдык топ көп маселени чечип атат деген маегиңиз бар. Кримөкүлдөрү баарын чечип жатса, азыркы саясатчылар шахматтагы пешкабы, алар эмнени чечишет?
- "Парламентте криминалдар отурушат",-дейт. Парламентте криминалдар отурбайт. Ошо криминалдын алдында чуркап жүргөн "шестёркалары" отурат. Р. Акматбаев тирүү кезинде кимдер гана алдына чөгөлөп барган жок. Кезегинде Рыспекке акча берип, анын айтканын эки дебей чуркап турчу. Азыр алар чоң бизнесте, экономиканы башкарып атат. Бийликтин экинчи-үчүнчү бутагын башкарып атышат. Ошол эле криминал азыр Көлбаев тарапка ооп кетти.
- Камчы Көлбаевдин издөөсүн алып салышты. Бул президенттик шайлоо астындагы бийликтегилердин аны пайдалануудагы кезектеги аракети эмеспи?
- Ар кандай нерсе болушу ыктымал.Камчы Көлбаев эле эмес, буга чейин Эркин Мамбеталиевди, Лимонти дегенди деле актап чыгарып жүрүшкөн. Мындай нерсе Бакиевдин учурунда деле болгон. 2005-жылы Атамбаев Эркин Мамбеталиевди өзү эле түрмөдөн бошотуп жибергенин элдин баары билет. Рыспек Акматбаевди деле сот актабады беле. Биздин чоңдор сөз менен бирди айтып, колу менен башка нерсени кылып атышпайбы.
- Шайлоого катышсаңыз, алардын кызматынан пайдалануу оюңузда жокпу?
- Мени генерал дейт, укук коргоо органында иштеген киши катары, алар менен эч качан жакшы мамиледе болбойбуз. Анткени, алар "чёрныйлар", а бизди "красный" деп коёт. Биздин жолубуз эч качан кесилишпейт. Биз алар менен кас боюнча эле калабыз.
- Ички иштер министри болуп келсеңиз, Батукаев абактан чыгабы?
- Батукаевди тааныбайм.
- Өзүңүздүн саясий максатыңызды орундатыш үчүн башка бирөөнүн колу менен чокту карматканды мыкты өздөштүргөн интриган дешет. Мындай нерсе ар бир эле саясатчынын колунан келет деп ойлойсузбу?
- Эми бул жөн эле сүйлөп койгон иш болуш керек. Мен өмүрүмдө бирөөнүн колу менен саясат жасаган эмесмин жана жасабайм дагы. Бирөөгө ишенсек талаада калып калабыз. Мен эки жолу түрмөгө отуруп чыккан кишимин, бирөөгө ишенип иш кылгандан алысмын.
- Сизди эмнеге "нан жебес" дешет? Коррупционерлердин куйругун толгогонуңуз үчүнбү?
- Нарында иштеп жүргөндө мурунку чоңдордун, тай, жылкы сойдуртуп жүргөнүн, чоң конокторду күтөт экен деп угуп жүрдүк. А мен андайдан алыс болдум. Мага эч ким карыз эмес, мен бирөөгө карыз эмесмин. Ошондон улам "нан жебес" деп алышса керек да.
- Роза Отунбаева, Алмаз Атамбаев, Өмүрбек Бабановдор сизге катуу сүйлөй албайт экен. Алардын эл билбеген былыктарын билет окшойсуз да?
- Аларды жакшы иштесин деген ойдо болгонун болгондой эле айтып атабыз.
Төлөбүбү КАСЫМАЛИЕВА