п»ї
 Таанышуу жарыясы


Зайыбы жакшы жигиттин кайда жүрсө көөнү ток
Кайненем жакшы жан экен,
Калама берип сыйлады…дегендей, келинди келгенде эмес, кайын-журтуна көнүшүп, кийинки жылы сынаган адат тээ ата-бабалардан бери муундан-муунга өтүүдө. Шоу-бизнесте таанымал инсандардын келинчектерине бирден суроо узаттык. Ким канчалык деңгээлде билгенине назар салыңыздар.

Эрлан Андашевдин жубайы Перизат:
"Мен жасаган палоону тамшанып жеп..."
Үй ээсинин орду? - Мунун үйдүн кожоюну Эрланга да тиешеси бар экен. Мен эл катары болгон дүйүм тамактарды ак дасторконго жайып алып конок тосом. Албетте, коноктор төрдөн орун ээлешет да. Менин ордум ашкана менен дасторкондун эң четки орду болуп эсептелинет да. Кайненем акыл-насаатын айтып, өз кызындай мамиле жасаганына абдан ыраазымын. Мен тартынбай билбегендеримди ачык айтып, кеп-кеңешин сурап турам. "Кыздын барар жери күйөө" дегендей, келиндик кызмат кылуу - кайын журттун маңдайында жүзү жарык болуу деп ойлойм. Мен биринчи жасаган тамагым палоону үйдөгүлөрдүн баары тамшанып жешкени эсимде.
(Туура жообу: Адатта, үй ээсинин орду ыпча тарапта болот. Ошол жайга өзүнчө төшөк салып коёт. Үйгө улуулар кирип калса, үй ээси тура калып кол берет. Кичүүлөр кирсе, үй ээси ордунан козголбойт да, кичүүнүн айткан саламын алик алат).


Төкмө акын Азамат Болгон-баевдин жубайы Жай-нагүл Тулелиева:
"Азыр жүк жыйганга көңүл бөлүшпөйт"
- Жүк жыюу? - Жүк жыюу билинбегени менен чоң роль ойнойт. Негизи, ар бир келиндин жасаган иштерине кайын журт баа бериши илгертен бери келе жаткан салт. Жүк бардык жактан тегиз, түз жыйылып турса мыкты болот, эптеп-септеп жыйылса-шалаакы, баш жагын жеткирбей же ашырып жыйса-сарамжалдуу эмес дешкен. Бул күнгө чейин ушундай адат калыптанып келген. Азыр эми келиндер заманбап болуп калышпадыбы. Жүк жыйганга деле анчейин көңүл бөлүшпөйт.
( Туура жообу: Бул - кыз - келиндердин үй ичин тейлөөдөгү мыкты маданияттарынын бири. Кертимдөө, кынаптоо аркылуу кооз көрүнгөндөй жүк кирди-чыктылардын көңүлүн бурат. Илгери жүк боз үйгө жыюуга шартташкан. Ал төрдүн да көркү болгон. Тегерек тарткан керегеге кынап жүк жыюуда кыз-келиндердин чеберчилиги, көркөмдүккө умтулуу дарамети билинген. Бул - үй эмеректеринин бир бүтүмү. Абалы, төрдөн жүк тактасы жабууланат. Үстүндө сандыктар жана жагдандар орун алат. Килем, шалча, ала кийиз, шырдак өңдүү адеми буюмдар жууркан алдында болот. Жууркандар өң-түстөрү боюнча кертимделет. Кээде жүк жабуусунун үстүндө куш жаздыктар өзүнчө кертимделет).


Ырчы Акбар Сүйүнбаевдин жубайы Кундуз:
"Сайманын түрүнө кызыгам"
- Сайманын канча түрү бар? - Сайманын көп түрү бар болсо керек, уздардын фантазиясына жараша да. Мен кичинекей кезимде апам үйрөткөн, ошондон бери сайма сая элекмин. Кыз бала сөзсүз түрдө кызга тиешелүү салттарды билип алганы жакшы экен. Мен көргөзмөлөрдө биринен-бири өткөн саймаларга кызыга берем. Буйруса, кыздуу болгондо бир гана сайма сайганды эмес, аялзатына тиешелүү болгон бардык жумуштарды үйрөтөмүн. Кайын-журтка барганда уят болбойт да. Төркүнүнө да жүзү жарык болот.
( Туура жообу: Кыз-келиндердин негизги саймасы илме сайма, ийне сайма болгон. Шибеге сайма-шибегенин учу илмек келип, жердикти кергичке керип, көркөм көчөттөрдүн үлгүлөрү менен улуулардын нускоолору аркылуу үй ичинин жасалгаларын жүзөгө ашыруу. Аларга: туш кийиз, туштук, текче, күзгү кап өңдүүлөр кирип, бул өнөр түндүктө жапырт тараган. Ал эми ийне сайма (илме дос) аркылуу жаздык (балыш), баштык (жапсар баштык), аяк кап (ал күзгү кап, баштык-текче) түштүктө кенен тарап, илме дос саймасы курак менен айкалышат, жасалганын ажарын ачат. Тестиер чактардан саймачылыкка умтулуп, кыз балдар өзүнүн себин өзү камдоого киришкен. Саймачы аталбаса да барган жеринде ийне саптайт, учук тартат. Кызынын чоркок атка конушу, төркүндөрүн жер каратат).


Замир Мырзанын жубайы Жаңыл:
"Очоктун тамагы даамдуу"
- От жагуу? - Очокто бышкан тамак, негизинен, даамдуу болот эмеспи. Түштүк тараптын айылдарында ар бир түтүн сөзсүз түрдө очокко казан асып тамак бышырат го. От жакканда бир тутам майда чыбык жагат да, андан соң тезек менен калкалап коёт.
( Туура жообу: Кыргыз элинде от жагууда да маданияттуулук укмуштай сакталган. Адатта, кыргыз эли малдын тезегин, кыгын көбүрөөк жагуучу. Андыктан, уютуп көң чабуучу, тезек терүүчү. Тезек, көң калоонун да өз ыкмасы бар. Жылкынын омпосун тептегерек чакандап, бирдей кылып калап, ага чокту салып, тамызгысын таштап,эңкейип, акырын сыңар тизелеп, түтүн кылбай үйлөп тутанткан. Боз үйдүн чок ортосундагы күйгөн отун дароо түндүк өйдө тартып, үйдүн ички эмеректерин түтүн каптаган эмес, улам үстүнө көңдү, тезекти калап, отту ичкериштирип турат. Токойлуу, тоолуу жерлерде кыргыздар тал-терек, карагай-арча ж.б. жыгачтарын да көп жагышкан).


P.S. Мындан сырткары, үч таанымал инсандын жубайлары биздин сынактан өтпөй калышты. Кантсе да азыркы заманбап келиндерибиз деле тээ илгертен берки келген салттарды билип алуусу оң.






  Теле жылдыз

Бүгүнкү коногубуз экранга "жарк" деп чыгып, алып баруучулук кызматты аркалап келе жатат. Коомдогу болуп жаткан акыркы кабарларды ысыгы тарай электе элге жеткирип турган маалымат программасы экени талашсыз. НТС телеканалынын жаңылыктар чыгарылышынын алып баруучусу Бедилов Алтынбек мырзаны кепке тарттык.

"Кумар көзгө арбалбайм, эрким күчтүү…"
- Сиз үчүн журналисттик эмгек жемиштүү болдубу?
- Албетте, журналисттик кесипти мен бала кезден ниет кылып келгем. "Жаштын тилегин берет" дегендей, Ишенаалы Арабаев атындагы Университеттин журналистика бөлүмүн бүтүрдүм. Бир жыл айылымдагы мектепке орношуп, сабак берип жүрдүм. Андан соң Бишкекке кайра келип, бир мекемеде котормочу болуп иштеп калдым. Бир досумдун үйүнө барсам, ал: " НТСте кастинг жүрүп жатыптыр, ошого катышып көбөйсүңбү?"-деди. Эртеси күнү барсам, Айнура эже (Кабатай кызы) өзү кабыл алып, режиссёрлорго көрсөттү. Бир күн жаңылыктарды алып барып тартылып көрдүм. Албетте, камеранын сүрү да өзгөчө болот эмеспи, башында толкундоолор болбой койгон жок. Сүйлөп жаткан сөзүмдөн адашып, өзүмдү жоготуп койгон учурлар да болду. "Көрө-көрө көсөм болот" дегендей, алып баруучулукка да бат көнүп калдым.
- Журналисттер ар тараптан кабардар, "классикага" жакын болуусу шарт экен. Сиз кайсы классикалык чыгармаларды окуп чыктыңыз?
- Мен дүйнөлүк классикадан окуган чыгармаларым Иоганн Вольфганг Гётенин "Эгмонт" чыгармасы. Ал эми Людвиг ванн Бетховен музыкасын жазган экен. Уильям Шекспирдин "Отеллосун" биздин алп акыныбыз Алыкул Осмонов которгонун көпчүлүгү биле бербесе керек. Король Лирди аткарган корифейлерибиздин бири актёр Муратбек Рыскуловго ийгилик алып келген дешет. Ал эми биздин адабияттан жалгыз чыгармасы классикага айланган жазуучу - Узакбай Абдукаимов. Ал реалисттик "Майдан" романы менен кыргыз адабиятынын классигине айланган. Айтматовдун бүт чыгармаларын окуп чыккам, бирок кайра-кайра окугум келген чыгармаларды окуп чыккандан тажабайм. Мага досторум туулган күнүмдө Айтматовдун 6 томдук китептерин белекке беришкен. Бул мен үчүн кымбат жана күтүлбөгөн белек болду.
- "Жашоого караганда чындыгы көбүрөөк үчүн театрды сүйөм"- деген экен кайсы бир даанышман ойчул. Театрдан көргөн кайсы спектакль эсиңизде калды?
- Студент кезде театрга көп барчубуз. Менин эсимде калганы "Ормон хан" спектакли болду.
- Адамдардан көңүл калган жагдайлар көп болду беле? Дегеним, сатып кеткен досторго кабылгансызбы?
- Мектептеги, студент кездеги досторум менен азыркыга чейин үй-бүлөлүк катыштабыз. Достукка бекеммин.
Мен сыноону өзүм жеңип, тосконмун,
Сынамын деп учурунда коркконмун.
Турмуш мени бекемдикке үйрөттү, Кайдасыңар, сатып кеткен досторум",-дегендей тырмакчадагы достордон деле кур эмесмин.
- Бирөөгө көрсөтө көз-жаш төккөндөн тартынбайсызбы?
- Чыныгы мырзалар миң кайгырып, ичиндеги тамырлары миң бөлүнүп турса да, жан-дүйнөсүндөгү тынчтык бербеген азабын сыртка чыгарышпайт. Ал эми алсыздар гана жашык болушат деп эсептейм. Мен эч убакта көз-жашымды агызган адам эмесмин, үйдөгүлөр кээде ыйга ушунчалык сараңсың деп калышат тамашалай.
- Чыгармачыл адамдын элге бүдөмүк жеке жашоосу кандай болду экен?
- Келинчегим Венера экөөбүздү чыгармачылыктын чыйыр жолу бириктирди. Элибиздин залкар инсаны, актёр, куудул Күмөндөр Абыловдун карындашы болот. Кызыбыз Айбийке жана уулубуз Эрназар биздин эркетайыбыз.
- Ар бир моданын жаңысын кастарлап, эскисин чанат экенбиз. Кийимге болгон табитиңиз?
- Эл көзүндө болгон соң, тыкан жана стилдүү кийингенге аракет кылам. Атайын стилистке деле кайрылбайм. Менин жеке стилистим келинчегим Венера. Табитти мыкты тандай билген жыты менен сезет деп коёт го, анын сыңарындай, өмүрлүк жарымдын кийимге болгон табити абдан зор. Кийимдин түсү менин өңүмө шайкеш болгудай кылып тандайт.
- Француз жазуучусу Жермена де Сталдын: "Сүйүү аялдар үчүн өмүр баян, эркектер үчүн жашоонун бир үзүмү",-деп айтканы бар. Ушул сөзгө кошуласызбы?
- Үйлөнгөнүбүзгө аз эле убакыт болду да. Ысыгыбыз тарай элек, азырынча жашоомдун бир үзүмү деп аташка эрте. Андай нерседен мен алысыраак эле болгонум оң го.
- Мырзанын кара торусу, кыздардын жүрөк оорусу дейт. Канчалаган сулуулардын ичинен жубайыңыз кайсы сапаты менен сизди арбап алды экен?
- Негизи, илгертен бери адат болуп келе жатат, "мырзалар көзү менен сүйөт" деген кеп. Мен ошо салтты бузуп, сырткы келбетинен алгач анын акыл көрөңгөсүнө өзгөчө көңүл бурдум. Манасты Манас кылган Каныкей энебиз эмеспи. Аялзаттын акылмандыгы мен үчүн негизги ролду ойнойт. Түгөйүңдүн жан дүйнөсү тоо булагындай мөлтүр, таза болсо, анда сенин бактың ошо.
- Жүрөк кургур бир элирип кетсе, ооздукташ кыйынга турат мырзаларда. Ажарлуу кумар көздөргө оңой азгырыласызбы, же эркиңиз күчтүүбү?
- Кашымда жылдыздуу жарым, алмончоктой балдарым турганда, башкага көз кырымды салып не пайда табам? Мен андай азгырыктардан өзүмдү кармап, эрким менен жеңип кетериме ишенем.
Динара
Асылбекова







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??